СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жөнөкөй сүйлөмдун түрлөрү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жөнөкөй сүйлөмдун түрлөрү»

Сабактын темасы: Жөнөкөй сүйлөмдүн синтаксиси

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк:Окуучулар жөнөкөй сүйлөмдүн баш жана айкындооч мучөлөрдүн катышуусуна карай бир тутумдуу жана эки тутумдуу, жалаң жана жайылма, толук кемтик ж.б. болуп бөлүнөөрү тууралуу түшүнүк алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: жалан жана жайылма сүйлөмдөрдү ажырата алышат, өз алдынча жөнөкөй сүйлөмдөрдү баш жана айкындооч мучөлөргө карата талдай алышат.

Тарбия берүүчү: топ менен иштөөдө бири-биринин сөзүн угуп маданияттуу болууга тарбияланышат.

сабак максаттарына жетти деп эсептейбиз, эгер...

А) Окуучулар жөнөкөй сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрдүн катышуусуна карай бир тутумдуу жана эки тутумдуу, жалаң жана жайылма, толук кемтик ж.б. болуп бөлүнөрү тууралуу түшүнүк алышса;

Б) Окуучуларга жөнөкөй сүйлөмдүн баш жана айкындооч мучөлрдүн катышуусуна карай бир тутумдуу жана эки тутумдуу, жалаң жана жайылма, толук кемтик ж.б. тууралуу түшүнүк алышса;

В) топ менен иштөөдө бири-биринин сөзүн угуп, маданияттуу болууга тарбияланышса.

Сабактын тиби: жаңы билимди берүү

Сабакта колдонулуучу ыкма: интерактивдүү ыкма, топ менен иштөө

Сабакка керектелүүчү каражаттар: интернет, тв, ноутбук

Сабакты уюштуруу

Жагымдуу маанай тартуулоо

Өтүлгөндү кайталоо

Конверт усулу аркылуу өтүлгөндөр боюнча суроолор берилет.

Суроолор:

Сүйлөм түзүлүшүнө карай канчага бөлүнөт? Жөнөкөй сүйлөмдүн кандай түрлөрүн билесинер? Бир тутумдуу, эки тутумдуу сүйлөм деп кандай сүйлөмдөрдү айтабыз? Жалан жана жайылма сүйлөм деген эмне? Мисал келтиргиле

Жаңы тема : Жөнөкөй сүйлөмдүн синтаксиси.

Сүйлөм адамдардын ортосунда өз ара пикир алышуу кызматын аткарат. Ал аркылуу бир нерсе жөнүндө кабар берилет, же суроолор менен бирөөгө кайрылабыз, же ички сезимдер билдирилет.

Сүйлөмдүн айтылыш максаты жана грамматикалык түзүлүшү

ар түрдүү. Алсак, айтылыш максаты боюнча жай, суроолуу, илептүү,

буйрук сүйлөмдөргө бөлүнөт.

Грамматикалык түзүлүшү боюнча сүйлөмдөр экиге бөлүнөт.

1) Жөнөкөй сүйлөмдөр; 2) Татаал сүйлөмдөр.

Жөнөкөй сүйлөмдөр бир гана сүйлөмдөн турат.

Жөнөкөй сүйлөм деп – бир гана сүйлөмдөн, же болбосо бир

гана грамматикалык негизге ээ болгон сүйлөмдөрдү айтабыз.

Жөнөкөй сүйлөмдө бир эле грамматикалык негиз (баш мүчө)

болот, ал эми татаал сүйлөм эки же андан көп грамматикалык

негиздерден турат. Мисалы: 1. Күн ачылат. 2. Күн жылып, кар эрийт,

жер жылыйт. 1-сүйлөм – жөнөкөй, мында бир эле баш мүчө бар. 2-

сүйлөм – татаал, ал үч сүйлөмдөн түзүлдү, анда үч баш мүчө бар.

Жөнөкөй сүйлөмдөрдүн грамматикалык түзүлүшүнүн эң

зарыл негизин баш мүчөлөр – ээ жана баяндооч түзөт. Мына ушул баш

мүчөлөрдүн сүйлөмдө толук же толук эмес катышкандыгына

байланыштуу жөнөкөй сүйлөмдөр экиге бөлүнөт:



Баш жана айкындооч мучөлөрдүн катышына карай

Суйлөм









Эки тутумдуу

Бир тутумдуу







1. Эки тутумдуу сүйлөмдөр.

2. Бир тутумдуу сүйлөмдөр.

2.Тутумунда эки баш мүчөсү тең (ээ, баяндоочу) бар

сүйлөм эки тутумдуу сүйлөм деп аталат. Эки тутумдуу сүйлөмдөр

тилде кеңири колдонулат. Мисалы: Той бүттү. Журт тарады (К.Б.).

Асия уктай албай жатты (Ч.А.). Түн ортосу ооп кетти (Ч.А.).

Көпчүлүк учурларда бул сыяктуу ээ менен баяндоочтун гана

айкашынан түзүлгөн жөнөкөй сүйлөмдөрдүн ар бир мүчөсүнө

тиешелүү айкындооч мүчөлөрү да болот: Амангелдинин чабандык

иши Тоң районунда даңазаланып келатат. Кыргызстандын жумушчу

табы жылдык планды ашыра орундатуу үчүн бардык күчүн жумшоодо.

Эки тутумдуу сүйлөмдөрдүн баш мүчөлөрү сүйлөм ичинде

дайым эле толук катыша бербейт. Кээде стилдик талапка жараша жана

контекстке карай сүйлөмдүн ээси айтылбай да калат. Бирок мындай

кырдаал ал сүйлөмдүн түзүлүшүнө (структурасына), мазмунуна таасир

этпейт. Тактап айтканда, ал эки тутумдуу сүйлөм боюнча эле калат.

Анткени андай структурадагы сүйлөмдүн ээси кайсы экендиги

баяндоочунун аягындагы жак мүчөдөн же андан мурун айтылган

сүйлөмдөрдүн мазмунунан ачык билинип турат. Мисалы: Ал

шордууну кечээ жөнөттүм (Т.С.). Лагерге эртең саат ондо

жөнөйсүңөр. Сөзмөр киши экен, Торгой чал. Түнү менен билген

акылын айтып чыкты (Ч.А.). Мында акыркы сүйлөмдүн ээси

экендиги өзүнөн мурунку сүйлөм аркылуу белгилүү болуп турат.

Жалаң жана жайылма сүйлөм.

Жөнөкөй сүйлөмдөр тутумунда айкындооч мүчөлөрдүн бар

экендигине же жок экендигине карай жалаң сүйлөм жана жайылма

сүйлөм болуп бөлүнөт.

Баш мүчөлөрдөн гана, башкача айтканда, ээ менен

баяндоочтон гана түзүлгөн сүйлөмдөр жалаң сүйлөм деп аталат.

Мисалы: Кыш да түшүп келе жатат (К.Б.). Биз даярданып калдык

(К.Б.). Эч ким жок (Ч.А.). Ажар чочуп кетти. Жүрөгү туйлай баштады

(К.Б.). Бул сүйлөмдөр жалаң ээ менен баяндоочтун катышы менен гана

түзүлдү.

Баш мүчөлөр менен айкындооч мүчөлөрдүн

байланышынан түзүлгөн сүйлөмдөр жайылма сүйлөм деп аталат.

Мисалы: Амангелди былтыр ирилештирилген чабандык бригада

түзгөн. Көпчүлүк райондордо чарбалык ички эсеп түзүк

өздөштүрүлгөн. «Красная заря» чарбасынын чабандары мелдештин

жыйынтыгын чыгарды. Түндүн биринчи жарымы күндөгүдөй

капкараңгы (Ч.А.). Бул сүйлөмдөрдө баш мүчөлөрдөн тышкары

айкындооч мүчөлөрү да катышты.

3.Бир тутумдуу сүйлөмдөр.

Бир тутумдуу сүйлөмдө баш мүчөлөрдөн бирөө эле катышат, тактап айтканда, же ээ же баяндооч.

Мисалы: 1.Жер шаары. 2.Түнүчүндө учуп баратабыз.

1-сүйлөмдө заттын аты жөнүндө кабар берилди, бирок баш

мүчөлөрү белгисиз. 2-де баш мүчөлөрдөн баяндооч гана катышты

(Эмне кылып баратабыз? – учуп баратабыз – баяндооч. Качан? –

түнүчүндө – бышыктооч), ээ катышкан жок.

Бир гана баш мүчөнүн негизинде уюшулуп, бүткөн бир

ойду туюндурган, экинчи баш мүчөнүн болушун талап кылбаган

сүйлөм бир тутумдуу сүйлөм деп аталат.

Бир тутумдуу сүйлөмдөрдүн бардык түрлөрү үчүн мүнөздүү болгон жалпы структуралык өзгөчөлүк, жогоруда көрсөтүлгөндөй, аларда грамматикалык ээ болбойт жана анын сүйлөмдө катышышынын зарылчылыгы да жок болот. Жөнөкөй сүйлөмдүн бул түрү бир гана баш мүчөнүн (көбүнчө баяндоочтун) базасында уюшулуп, кандайдыр бир кыймыл-аракет, көрүнүш, бир нерсенин абалы, белгиси тууралуу кабар берет. Бирок бир тутумдуу сүйлөмдөрдүн семантикасы (мааниси), тутумундагы сөздөрдүн синтаксиситик жактан жиктелүү мүмкүнчүлүгү, баш мүчөсүнүн (баяндоочтун) уюшулуу жолу, кыймыл-аракетти аткаруучу жактын мүнөзү ар түрдүү болот. Мисалы, кээ бир сүйлөмдөр кыймыл-аракет белгисиз бирөө тарабынан аткарылгандыгын билдирет, экинчисинде кыймыл-аракетти аткаруучу субъект жалпыланган мүнөздө болуп, үч жакты тең ичине камтыйт, айрымдарында аракет кылуучу жак таптакыр эле белгисиз болот ж.б. Ошондуктан кыргыз тилиндеги бир тутумдуу сүйлөмдөр семантикалык жана грамматикалык өзгөчөлүктөрүнө карай белгилүү жактуу сүйлөм, белгисиз жактуу сүйлөм, жалпылама жактуу сүйлөм, жаксыз сүйлөм, атама сүйлөм, кемтик сүйлөм, баяндоочу кыскарылган сүйлөм болуп бөлүнөт.



Тема түшунуктүү болдубу

Суроолор жаралдыбы?

-Анда азыр китебинерди ачып андагы 117-көнүгүүнү иштейбиз.

Ага чейин класс 3 топко бөлүнөбүз.

1-топ Жалаң сүйлөмдөрдү таап көчүрүп жазып, эмне үчун жалан сүйлөм экенин далилдейсиңер.

2-топ Жайылма сүйлөмдөрдү таап көчүрүп жазып, эмне үчүн жайылма сүйлөм экенин далилдейсиңер

3-топ Жайылма сүйлөмдү таап , баш жана айкындооч мучөлөрдү таап, айкындоочтор баш мучөнун кайсынысына баш ийгенин түшүндүрөбүз.

Кайтарым байланыш

-Азаматсынар балдар! Азыр “бүгүнкү темадан мен эмне түшүндум” деген темада кичине баяндама жазгыла.( баяндама аркылуу ким канчалык деңгээлде теманы өздөштүрө алганын байкайбыз)

Баалоо Окуучунун эмгегине жараша бааланат.

Үй тапшырмасы 118-көнүгүү




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!