ТЕМА :«Өспүрүмдөрдүн укук бузуусун алдын алуу профилактикасы»
Көп жаман нерселерге алып барган сөздөрдүн бири бул «элдин баары ошентет» Л. Толстой
1. Укук бузуу деген эмне?
Укук бузуу – укуктун кандайдыр бир ченемдерин бузган жосун. Төмөндөгүчө бөлүнөт: жарандык (инсанга, жарандын же уюмдун мүлкүнө зыян келтирүү), административдик (м.: жолдо жүрүү эрежелерин бузуу), дисциплинардык тартип бузуу (ишке келбей коюу). Кылмыш жасоо бир кыйла кооптуу түрү болуп саналат. Укук бузуу үчүн мыйзамда жарандык, административдик, дисциплинардык жана кылмыш-жаза жоопкерчиликтери каралган.
Жорук деген эмне ?
- Жорук-проступок – жоопкерчилик тагылган жеке же юридикалык жактардын укук бузуулары менен күнөөлөрү (атайылап же байкабастыктан улам жасалган). Жоруктун 3 түрү бөлүп көрсөтүлөт: админстративдик, жарандык-укуктук жана тартиптик.
Кылмыш деген эмне?
- Кылмыш-преступлениние — коомго коркунуч келтире турган аракет (же аракетсиздик). Анын белгилери: 1) коомдук коркунуч; 2) тыюу салынган коркунучтуу иштерди жасоо; 3) күнөөлүүлүк, кылмыштын коомдук коркунучтуулугу кылмыштын Жаза кодексинде көрсөтүлөт. Коомго коркунуч келтирген, укукка каршы күнөөлүү жосундар жазаланууга тийиш. Ал үчүн кодексте жазанын түрү жана ар бир кылмыштын мүнөзү, коомдук коркунучтуулугуна жараша атайы жаза чаралары каралган.
Жоруктун түрлөрү:
- Сабакка кечигип келүү;
- Сабакты себепсиз калтыруу;
- Адепсиз сөздөрдү колдонуу;
- Мектептин мыйзамдарын бузуу;
- Автобуста же маршруткада бекер жүрүү;
- коомдук жайларда алкоголдук суусундуктарды колдонуу;
Жоопкерчиликтин түрлөрү:
Жарандык жоопкерчилик;
Жазык жоопкерчилик;
Административдүү жоопкерчилик
Тартиптик жоопкерчилик
1-К ; 2-Ж; 3-К; 4Ж; 5-К; 6-Ж; 7-Ж.
ЖООПТОР:
Юридикалык жоопкерчиликтердин түрүн тапкыла
- Жарандык жоопкерчилик;
- Жазык жоопкерчилик;
- Административдүү жоопкерчилик
- Тартиптик жоопкерчилик
- Дүкөндөн кийим уурдап алды;
- Классташынын китебин айрып салды;
- Арак ичип алып көчөдө жүрдү;
- Классташ кызын сабап салды;
- отургучту бузуп салды;
- Телефон уурдады;
- Сабакка себепсиз келбеди;
- жолду туура эмес жерден өттү;
- Топ менен айнекти сындырды;
- Адепсиз сөздөрдү коомдук жерде колдонду
- Жазык
- Жарандык
- Административдүү
- Жазык
- Жарандык
- Жазык
- Тартиптик
- Административдик
- Жарандык
- административдик
Ой-пикир дарагы
Кызыл алма- мен мыйзам чегиндеги тартибин тандаймын
Жашыл жалбырак- мен ойлонуп көрөм
Көк гүл- мен өзүмдүн пикиримде калам