Просмотр содержимого документа
«ЖРТ орус класстар үчүн»
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаменти
2023-2024-окуу жылында окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 9,11-класстарынын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясында кыргыз тили жана адабиятынан жазуу иштерин тариздөө боюнча түшүндүрмө
Экзамендик иш сол тарабына штамп басылып, алдын ала даярдалган баракка жазылат. Штампка датаны окуучу жазган күнүн, айын, жылын толтурат. Ичине дата жазылбайт. Штамптан кийин бир сызык калтырылып титулдук дарек толтурулат.
Титулдук дарек абзацтан башталбайт.
Бишкек шаарынын Ленин районундагы
№ 25 жалпы билим берүү орто мектебинин
11-А классынын окуучусу Асанов Акылбектин
2023-2024-окуу жылындагы жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясында кыргыз тилинен жазган жат жазуусу
Аягына чекит коюлбайт.
Класстан кийин жана жылдан
кийин тире коюлат.
Баалоо: Баа жазуу ишинин аягына коюлат. Катанын түрлөрү
жазылып (орф, пунк, стилд.) саналат.
Баа коюуда 5(эң жакшы)
4(жакшы)
3(канааттандырарлык) деп жазылат
Эң жакшы жана канааттандырарлык эмес деген баалар коюлган ишке, баадан кийин пикир жазылат.
Иштин сыртына титулдук даректен кийин:
Экзамендик комиссиянын төрайымы: аты-жөнү, колу
Экзамен алуучу: аты-жөнү, колу
Экзамендик комиссиянын мүчөлөрү: аты-жөнү, колу
(экиден кем эмес)
Колдор толук коюлуп мектептин мөөрү басылат.
Отчет жазуу менен иштер окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарына тапшырылат.
2023-2024-окуу жылында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 9,11-класстарынын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясында кыргыз тили жана адабиятынан жазуу иштерин тариздөө боюнча түшүндүрмө
Экзамендик иш сол тарабына штамп басылып, алдын ала даярдалган баракка жазылат. Штампка датаны окуучу жазган күнүн, айын, жылын толтурат. Ичине дата жазылбайт. Штамптан кийин бир сызык калтырылып титулдук дарек толтурулат.
Титулдук дарек абзацтан башталбайт.
Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы
№ 28 жалпы билим берүү орто мектебинин
11-А классынын окуучусу Асанов Акылбектин
2023-2024-окуу жылындагы жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясында кыргыз тилинен дилбаяндын элементтерин камтыган баяндамасы
Аягына чекит коюлбайт.
Класстан кийин жана жылдан
кийин тире коюлат.
Экзамендерди ийгиликтүү жыйынтыктап алыңыздар!