СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жрт22 суроо жооптору

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жрт22 суроо жооптору»

ЖРТ кыргыз тили №22

1. Күн тийген жердин күкүгү – бул

А)бапестелип багылгын бала б)башчыга кошомат кылган адам

В)бардар үй-бүлөдө өскөн киши г) бай боло албай калган адам

2. _______________ , өтүгүңдү төрүңө илип ал!

Сүйлөмдүн кайсы туюнтма менен толуктасак, мааниси туура болот?

А) Мага десең б) Ишенбесең в)Мээң жетпесе Г)Ыңгайы келсе

3. Кайсы варианттагы асты сызылган сөз калган варианттардагы асты сызылган сөздөргө салыштырмалуу башкачараак максатта колдонулган?

А) Каныкей - биздин сыймыгыбыз. Б)Каныкей, мектеп окуучусу, баарын таң калтырды.

В)Каныкей, бизди да таң калтырдың. Г)Каныкей мектебин абдан жакшы көрөт.

4. Сүйүнү... , үтүр...үү, алы...сынуу, эзел...и

Кайсыл катардагы тамгаларды ирети менен койсок, жогорудагы сөздөр туура жазылган болот?

А)ш, л, н, к б)ч, д, н, г в)ш, д, м, к г)ч, л, м, г

5.Кайсы сүйлөмдөгү асты сызылган сөз кыймыл-аракеттин аткарылышына себеп болуп турат?

А) Бул кептин эски болгону анын баасын көтөрүп койду.

Б)Биздин үйдө эски китептер текчеде тизилип турат, окуган киши жок.

В) Китеп эски болсо да анда камтылган сабактар баа жеткис.

Г) Эски китептерден кутулгуң келсе, аларды жөн гана китепканага берип койсоң болот.

6. ______ ачык, ачык ________

______ кара, кара _________

Бош орундарга кайсы варианттагы сөздөрдү ырааты менен жайгаштырсак, жаңы маанидеги сөздөр жасалган болот?

А) көзү, эшик, боёгу, суук б)колу, бөлмө, ак, сөз

В)жолу, талкуу, ниети, торпок г)мүнөзү, ооз, жүзү, таман

7. Кайсы варианттагы сөздөр жазуу эрежелерине ылайык жазылган?

А)бозүй, ден-соолук, уйгй-туйгу б)карагат, бала-чака, кемпир-чал

В)таяне, үй-бүлө, өнөр-жай г)бүгүн, тай-ата, соода-сатык

8. Кайсы варианттагы сөздөрдүн бардыгы туура ташымалданган?

А)саб-ак, аа-лам, өсү-мдүк б)тер-езе, жо-мок, оо-дар

В)калыс-тык, ки-теп, са-га г)жазм-ыш, кам-ыш, буйр-ук

9. “Жаман” деген сөз төмөндөгү сүйлөмдөрдүн кайсынысында күчөтмө маанини туюнтат?

А) Эртең жаман кийим ала келгиле, анткени сабактан кийин көчө шыпырабыз!

Б)Улуулардан сөз талашканың абдан эле жаман көрүндү.

В)Биздин “жаман” балабыз деле чоңоюп калды.

Г)Ушундай кылганың адамдын жаман ачуусун келтирет да.

10. Балким, сиз деле бизге жардам бересиз

Сүйлөмдүн аягына кандай тыныш белгиси коюлса, сүйлөмдү уккан адамдан жооп күтүлүп жаткан болот?

А)чекит б)көп чекит

в)суроо жана илеп белгилери г)суроо желгиси жана көп чекит

11. 2018-жылдын 20-апрелинде мекемебиздин жумушчуларына кесипкөйлүктү жогорулатуу боюнча эки сааттык лекция болот.

Жогорудагы текст иш кагаздарынын кайсы үлгүсүндө жазылган?

А)жарыя б)кулактандыруу в)тил кат г)маалым кат

12. Кайсы варианттагы сөз ойдун тууралыгын бекемдөө үчүн колдонулат?

А)Ырас б)Айтор в)Макул г)чындыгында

13. Кайсы сүйлөмдөгү асты сызылган сөз суроого жооп иретинде айтылды?

А)Мүмкүн, анын мындай кадамга баруусу толук мүмкүн.

Б)Мүмкүн, ал деле бир күнү оңолор

В)Биз, мүмкүн, жолго чыга беребиз, туугандар?..

Г)Сиз менен, мүмкүн болсо, сүйлөшүп алайын дедим эле.

14. иш..., мансап..., аракет...

Берилген сөздөргө кайсы варианттагы мүчөлөрдү катарынан уласак, жаңы сөз жасаган болобуз?

А) –ла, -луу, -да б) -да, -ныкы, -лан

В)-кер, -кор, -чыл г)-чы, -дан, -лар

15. Асты сызылган сөздөрдүн кайсылары сүйлөмдө бирдей мааниде колдонулду?

А) Сен издеп жүргөн китептер ошондо. Б)Ошондо сен китеп издеп жүрбөдүң беле

В)Ошондо көп эле китеп бар. Г)китеп окуу, ошондо, жакшыбы?

А)I, III гана б)II, IVгана в)I, II гана г) II, IV гана

16. Кайсыл сүйлөмдө асты сызылган сөз адабий тилдин нормасына ылайык келбейт?

А)Жумушуңду батыр-бутур бүтүрө сал!

Б)Атам бүгүн үйдө иштебатыр.

В)Алдагы баштыкка баарын батыр!

Г)Үйгө кир, баатыр!

17. Кайсы варианттагы кыймыл-аракетти билдирген сөз сын-сыпатты билдирген сөздөн жасалган?

А) тарсылдоо б)жаркыроо в)саргаюу г)күрсүлдөө

18. Былтыр олимпиадагы барган орто азиялыктардын ичинен эң эле жашы Алымжан болчу. Анткени менен ал элинин баатыры экен.

Сүйлөмдөгү асты сызылган сөздөр кайсы катардагыдай жазылышы керек?

А)Олимпиадага, Орто Азиялыктардын, элинин баатыры

Б)Олимпиадага, орто Азиялыктардын, Элинин баатыры

В)олимпиадага, Орто Азиялыктардын, Элинин Баатыры

Г)олимпиадага, орто азиялыктардын, элинин баатыры

19. Төмөнкү сүйлөмдүн ичинен кайсы сөз сүйлөм мүчөсү боло албайт?

Каныкей, Аксана бүгүн сабакка эмне үчүн келбеди?

А)Каныкей б)Аксана в)бүгүн г)эмне үчүн

20. Кайсы сүйлөмдөгү асты сызылган сөз чектөө маанисин туюнтат?

А)Негизи эле, быйыл жакшы жыл болду.

Б)Бул сырымды сага эле айтып жатам.

В)Ал эле, бул эле дебей, жакшы иште

Г)Өткөндөгү айткан сөзүң кандай эле?

21. Күн да батарына көзү жетип, нурлары алсызданып, терең кайгыга баткан жигит менен кош айтышып жатты.

Жогорудагы берилген үзүндү кайсы стилдин үлгүсүндө жазылды?

А)көркөм стиль б)илимий стил

В)сүйлөшүү стили г)публицистикалык стиль

22. Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы туура жазылган?

А)Ыраакы чыгыш, Арал деңизи

Б)Ысык-Көл, Жалалабад шаары

В)Ала Мүдүн, Дордой базары

Г)Түштүк америка, Нооруз майрамы

23. Кайсы варианттагы асты сызылган сөз түз маанисинде деле адамды билдире алат?

А)Кашаңга камчы таасир этпейт Б)Жакшысы болсо, кичине ала кел.

В)Калгандарын чыгарып сал! Г)Кесектерин майдалап сал!

24.Китеп, ...

Көп чекиттин ордуна кайсы варианттагы сүйлөм бөлүгү коюлганда, сүйлөмдүн тыныш белгилери туура коюлган болот?

А) дептер, калем: мунун баарына акча керек.

Б)бул билимдин булагы, жан дүйнөнүн азыгы.

В)сен болбогондо, кимден насаат укмакмын?

Г)билим булагы; түркөйлүктөн куткарат.

25. Кайсы варианттагы сүйлөмдүн асты сызылган бөлүгү себепти билдирди?

А)Дүкөнгө барып келгиче, сууктан кулактарым тоңуп калды.

Б)Кечээ ал жерде катуу шамал болуптур, андан соң кар калың жааптыр.

В)Үйүнө эмерек батпай калгандыктан, айрымдарын элге беришиптир.

Г)Себептерди аныктоо үчүн мага убакыт керек.

26. Кайсы сүйлөмдөгү асты сызылган сөздүн жазылышы жазуу эрежелерине туура келбейт?

А)Мындан кийин эми дайыма туура иш жасаармын.

Б)Мен деле бир күнү өнүккөн өлкөлөргө бараармын.

В)Бир күнү мен да сени аяармын.

Г)Буюрса, жүзгө чыкканча жашаармын.

27. Кайсы варианттагы сөздөрдүн бардыгы туура жазылган?

А)таярдык, сыгыр майы, пешене

Б)дүйшөмбү, ден-соолук, устакан

В)желмогуз, карама-каршы, пейил

Г)пакта, тогуз-коргоол, ыракмат

28. малын

Жогорудагы затты билдирген сөзгө уланган мүчө(лөр) кайсы?

А) – ын б) –ы, - н в)-ы, -ны г) –ин

29. Кайсы катардагы сүйлөмдө тыныш белгилери туура коюлган?

А) “Ийгиликке жетиш үчүн алгач адам өзүнө ишенүүсү керек”,-деди Каныбек агай. “Ошондуктан иштээрден мурда ишенип кел!”

Б) - Ийгиликке жетиш үчүн алгач адам өзүнө ишенүүсү керек, - деди Каныбек агай.

-Ошондуктан иштээрден мурда ишенип кел!

В) “ - Ийгиликке жетиш үчүн алгач адам өзүнө ишенүүсү керек,-деди Каныбек агай, Ошондуктан иштээрден мурда ишенип кел!”

Г) “Ийгиликке жетиш үчүн алгач адам өзүнө ишенүүсү керек,-деди Каныбек агай.

-Ошондуктан иштээрден мурда ишенип кел!”

30. Берилген мисалдардын ичинен кайсынысы татаал сөз болуп саналат?

А)бал муздак б)балдай таттуу в)балдын даамы г)бал мекени











1-б, 2-а, 3-в, 4-в, 5-а, 6-г,7-б, 8-в, 9-г, 10-г, 11-б, 12-а, 13- а, 14-в, 15-а, 16-б, 17-в, 18-г, 19-а, 20-б, 21-а, 22-г, 23-в, 24-в, 25-в, 26-б, 27-в, 28-в, 29-б, 30-а,
















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!