СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

ЖРТга керектүү тесттер

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул да ЖРТга керектүү тесттер

Просмотр содержимого документа
«ЖРТга керектүү тесттер»

Тарых


1. Дүйнө тарыхында орто кылымдардын тарыхый окуялары ............................... башталат.

а) христиан дининин пайда болушунан; б) мусулман дининин пайда болушунан;

в) Рим империясынын түзүлүшүнөн; г) Рим империясынын кулашынан.

2. Кокон хандыгына баш ийген кыргыздар салык төлөөдөн тышкары кандай жумуштарды аткарууга милдеттүү болушкан?

а) жоокердик милдет аткарган, чептерди курушкан, жолдорду салышкан;

б) соода иштерин жүргүзгөн, жол салган;
в) жайында жайлоого, кышында кыштоого көчүүгө милдеттүү болушкан;
г) чептерди курушкан жана өзүлөрү үчүн жашашкан.

3. XIX к. биринчи жарымында түндүк Кыргызстанда кандай кырдаал түзүлгөн?

а) уруулардын ортосунда тынчтык жана макулдашуу түзүлгөн;

б) Кокон хандыгына каршы жортуулга даярданышкан;

в) уруулар арасында кастык чатакташуулар күчөгөн;

г) Россиянын курамына киришкен.

4. Заманизм-тарыхый адабий агым. Ал элдерди эмнеге үйрөткөн?

а) жашоонун жыргалын, бүгүнкү күн менен ыракаттанууну;

б) дүйнө жалгандыгын, анын сөзсүз кайгылуу бүтүшүн, өткөнгө кусалыкты;

в) адамдын күч-кубаттуулугун, анын жаңыланууга, прогресске умтулуусун;

г) ислам нормалары койгон талаптарды так аткарууга.

5. Кыргызстанга Улуу Жибек жолу кандай пайда алып келген?

а) Кыргызстандын аймагындагы элдер кербендерди талап-тоноп, байышкан;

б) Тянь-Шандын бардык элдери жибек кийим кийип баштаган;

в) жаңы шаарлар, чептер пайда болуп, соода өнүккөн;

г) Кыргызстандын аймагындагы элдер биринчи жолу кытайлыктарды көрүшкөн.

6. XIV к. экинчи жарымында Моголстандын уделдерге бөлүнүшүнүн негизги себеби эмне болгон?

а) Амир Темирдин агрессиясына каршы тынымсыз күрөштөр;

б) мамлекеттин ичиндеги феодалдык согуштар жана талаш-тартыштар;

в) феодалдык Мавераннахрга чагатайлардын бийлигин орнотууга Ильяс кожонун умтулушу;

г) Ак-Ордону бириктирүүгө моголстандык хандардын ийгиликсиз аракеттери.

7. Кыргыз элинин оң канатын чогулткан Сарыбагыш бийи-Атаке баатырдын өткөргөн курултайдын максаты эмне болгон?

а) бирдиктүү Кыргыз мамлекетин түзүү; б) кокондуктарга каршы күрөшүүгө аскер топтоо;

в) Кытайга элчи жөнөтүү; г) Орусияга элчи жөнөтүү.

8. “Анда Караханий кагандыгында жашаган түрк элдери, алардын аскерлери, жерлери, шаарлары менен айылдары жөнүндө тарыхый жана географиялык маалыматтар камтылган”. Бул кайсы китеп?

а) Сыма Цяндын “Тарыхый жазуулары” б) Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгү”

в) Жусуп Баласагындын Кут алчу билими” г) Дашид ад-Диндин “Жылнаамалар жыйнагы”

9. Токмок шаарынын түштүк-батышынан 13 км. аралыкта, Кегети капчыгайына бара жаткан жерде, Чүй дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Жогоруда кайсы архитектуралык эстелик жөнүндө сөз болду?

а) Кошой-Коргон б) Манастын күмбөзү

в) Шах Фазил мавзолейи г) Бурана мунарасы.

10. Александр Македонский өлгөндөн кийин анын державасы ыдыраган. Анын себебин белгилегиле.

а) жеңилген элдер гректерге каршылык көрсөткөн жана өз алдынча жашагысы келишкен;

б) жеңип алган жерлер менен Македониянын байланышы солгундаган;

в) Александрдын бойго жеткен балдары болгон эмес;

г) кол башчылары чарчаган жана жеңип алгандарын сактагысы келген эмес.

11. Феодалдык тепкич-бул:

а) феодалдын сепилине кире бериштеги тепкич;

б) дыйкандар майда феодалдарга, майда феодалдар ири феодалдарга ж.б. төлөгөн салык жыйноо тартиби;

в) төмөнкү феодалдардын жогорку феодалдарга баш ийиши;

г) элдик чогулуштун, аксакалдар кеңешинин жана уруу башчысынын ортосундагы мамилелер.

12. XVI к. Осмон империясы начарлай баштаган. Буга эмне себеп болгон?

а) Жер Ортолук деңизинин өлкөлөрү түбөлүк тынчтык келишимин түзүшкөн;

б) Түркиянын европалык коңшулары жана багынган элдердин түрктөргө каршылыгы күч алган;

в) империянын башында тынчтыкты жактаган султандар турган;

г) түрк феодалдары жаңы жерлерди басып алгандан көрө, мурдагы жерлерине көбүрөөк камкордук көрө баштаган.

13. Улуу географиялык ачылыштардын башкы натыйжасы ................... болгон.

а) таттуу даамдар кескин арзандаган;

б) европанын өнөр жайынын өнүгүшүнө түрткү берилип, дүйнөлүк соода калыптана баштаган;

в) ар кайсы өлкөлөрдө кемелердин саны кескин көбөйгөн;

г) генералдар Европада гана эмес, Америкада да согушууга болот деп сүйүнүшкөн.

14. Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы 1945-ж. СССРдин Японияга каршы согушка киришинин себеби эмес.

а) Крым конференциясында батыштагы союздаштарына берген СССРдин милдеттенмеси;

б) 1905-ж. Портсмут тынчтыгы боюнча жоготкон жерлерин кайтарып алуу аракети;
в) Ыраакы Чыгыштагы япондук Квантун армиясынын согуштук коркунучун жоюу зарылдыгы;

г) Япония басып алган Маньчжуриянын аймагын СССР өзүнө кошуп алуу аракети.

15. 711-ж. кыш айларындагы Суңга салгылашуусунда кыргыздардын жеңилишинин натыйжасын көрсөткүлө.

а) тез арада курал, аскер топтоп кийинки салгылашууга даярдана башташкан;

б) кырк жылдан ашуун убакыт Борбордук Азиядагы согуш аракеттерине катышкан эмес;

в) кыргыз элчиси Тан династиясына келип, аскердик союз түзүлгөн;

г) Түргөш кагандыгы, Тан империясы менен биргеликте түрктөргө каршы согуштук аракеттерди башташкан.

16. VI-XII кк. өлүк коюу салтында таш балбалдарды колдонуу кеңири тараган. Ал эми XIII к. бул салт токтогон. Буга эмне себеп болгон?

а) Кыргызстандын аймагында ислам дининин таралышы;

б) балбал жасалуучу таштар тартыш болуп, аны жасоо кымбатка турган;

в) балбалдарды жасоочу таш усталар жок болуп кеткен;

г) баскынчылык жортуулдарда аскерлер көп курман болуп, бардыгына балбал таштарды коюу мүмкүн эмес болуп калган.

17. «Имарат чополуу сланец жалпак плита таштардан курулган, узундугу 12, туурасы 7 саржанча келет. Узун коридордон улай тегерек зал, үстү айдөш тоголок болуп кетет. Коридордун капталдарында кичине-кей жапыз эшиктери бар, ...... алардын чарчы жана сүйрү чакан бөлмөлөргө өтөт. Бул имарат бир кезде сыртынан да, ичинен да шыбалса керек.» Жогоруда кайсы архитектуралык эстелик жөнүндө сөз болду?

а) Кошой коргон б) Өзгөн мунарасы в) Бурана мунарасы г) Таш-Рабат

18. 1876-ж. М. Д. Скобелев «Алай илимий-согуштук экспедициясын» уюштурган. Бул экспедициянын негизги максаты эмне болгон?

а) Кокон көтөрүлүшүн басуу; б) Кокон хандыгын толугу менен басып алуу;

в) алай кыргыздарын биротоло каратуу;

г) Кокон көтөрүлүшүнө катышкан алайлык кыргыздарды аёосуз жазалоо.

19. Кокон көтөрүлүшүн эки чоң мезгилге бөлүүгө болот. Биринчи мезгил экинчи мезгилден эмнеси менен айырмаланат?

а) көтөрүлүшчүлөрдүн саны аз болгону менен курал-жарагы күчтүү болгон;

б) көтөрүлүшчүлөр түздөн-түз Кокон хандыгына каршы күрөшкөн;

в) көтөрүлүшчүлөргө Орус падышалыгы жардам берген;

г) көтөрүлүштүн аймагы аз болгон.

20. 6. XIX к. 50-жж. башында Кокон хандыгынын саясий абалы өтө начарлаган. Төмөндөгүлөрдүн ичинен буга себеп болгон белгилерди тапкыла.

I) ордодогу ич ара чыр чатактар; II) хандыктын тез-тез сырткы жортуулдары;

III) кайра-кайра кайталанган козголоңдор; IV) хандардын тез-тез алмашуусу.

а) I, III, IV б) I, II, III в) II, III, IV г) I, II, IV

21. Кыргыздардын мал чарбачылыгы экстенсивдүү болгон. Муну кандайча түшүндүрө алабыз?

а) мал чарбачылыгы көчмөн турмушка ылайыкташкан;

б) дыйканчылык менен айкалыштырып жүргүзүшкөн;

в) малдын продуктуулугу жогорулатылбастан, санына көңүл бурушкан;

г) бир айылга таандык жайытка бөлөк айылдын малы жолой алган эмес.

22. Кокон хандыгы басып алгандан кийин Кокон башкаруучуларынын саясатынын бир бөлүгү болуп төмөндөгүлөрдүн кайсынысы эсептелет?

а) кыргыз айылдарын талап-тоноо; б) кыргыз маданиятын тереңирээк изилдөө;

в) кыргыз айылдарын чептер менен курчоо; г) ислам динин кыргыздарга кеңири таратуу.

23. VII-XII кк. колдонулган Орхон жана Енисей жазуулары кайсыл аймактарда жайылтылган.

а) Чыгыш Түркстан, Жети-Суу, Монголия; б) Монголия, Түштүк Сибирь, Орто Азия;

в) Түштүк Сибирь, Чыгыш Түркстан, Теңир-Тоо; г) Орто Азия, Түштүк Сибирь, Жети-Суу.

24. 1269-жылы Орто Азияда Хайду көз каранды эмес өз алдынча мамлекетти негиздеген. Хайду хан баскынчылык согуштардан алыс болууга аракеттенген. Мунун себебин белгилегиле?

а) өлкөнүн экономикалык ийгиликтерин сакташ үчүн;

б) Хайду мамлекетинин аскерлери аз болуп, курал-жарагы начар болгон;

в) мамлекет экономикалык жактан начар болгондугу үчүн;

г) Хайдунун экономикалык реформалардан колу бошогон эмес.

25. Франктардын христиан динин кабыл алышы аларга кандай натыйжа берген?

а) басып алуучулук саясаттын натыйжасында аймагы тездик менен кеңейген;

б) франктар күнөө кылуудан коркуп, башка элдерди эзүүсү азайган;

в) башка элдер менен алакасы жакшырган;

г) жамааттык байланышы бекемделген.

26. Дыйканчылык кылуу Скандинавиянын бардык аймактарында өнүккөн эмес. Буга эмне себеп болгон?

а) Рим менен байланышы начар болгондуктан, дыйканчылык маданияты жеткен эмес;

б) эмгек куралдарын жасоону билишкен эмес;

в) дыйканчылыкка керектүү жерлер өтө аз болгон;

г) дыйканчылыкка караганда деңизде сүзүүнү пайдалуу деп эсептешкен.

27. Византиянын маданиятын бир нече этаптарга бөлүп кароого болот. Бул бөлүп кароолор эмнеге жараша жүргүзүлөт?

а) кайсы социалдык топ артыкча жигердүүлүк көрсөткөндүгүнө жараша;

б) жашаган аймагынын жаратылыш шартына жараша;

в) кайсы династия артыкчылык кылгандыгына байланыштуу;

г) жашаган элдердин кылган кесиби, диний ишенимдери ж.б. жараша.

28. Киев Русунун христиан динин кабыл алышы эмненин натыйжасында болгон?

а) элдердин диний маданиятынын жогорулашынын;

б) Византия менен саясий алакасынын жакшырышынын;

в) Киев Русундагы саясий бытырандылыктын;

г) Европанын маданиятынын жайылышынын.

29. Византия менен Персиянын ортосундагы көп жылдык согуш арабдардын жеңишине өбөлгө болгон. Мунун себебин аныктагыла?

а) Византия арабдар менен келишим түзүп, арабдарга кошулган;

б) Персиянын башкаруучусу Византияны талкалоо үчүн арабдардан жардам сураган;

в) бул согуш эки мамлекетти тең начарлаткан;

г) бул өлкөлөрдүн калкы арабдарды боштондукка чыгаруучулар катары кабыл алышып, аларды колдогон.

30. Батый хандын чапкынынан кийин Киев Русунда моңгол-татар үстөмдүгү орногон. Русь Алтын Ордого кандай мүнөздө баш ийген?

а) түздөн-түз Алтын Ордонун курамына кирген;

б) вассалдык түрдө гана баш ийип, алым төлөп турушкан;

в) формалдуу түрдө гана баш ийип, чындыгында аларга көз каранды болгон эмес;
г) салык төлөө менен гана чектелген.

31. Алгачкы түрк мамлекеттери узакка өкүм сүрө алган эмес. Буга эмне себеп болгон?

а) түрктөр кайсы бир аймакка биротоло отурукташып калууга умтулушкан эмес;

б) түрктөр урууларга бөлүнүшүп, алардын ортосунда чыр-чатактар көп болгон;

в) алардын коңшулары күчтүүболуп, дайыма үстөмдүк кылган.

г) алгачкы мезгилдерде түрк мамлекеттери алсыз болгон.

32. Жүз жылдык согуштун (1337-1453-жж.) натыйжасын белгилегиле.

а) Англия Францияга үстөмдүгүн орноткон;

б) Англия француздук тактыга доомат коюудан баш тарткан;

в) Англия менен Франциянын мамилеси начарлап, элдер жабыр тарткан;

г) Франция Англияга үстөмдүк кылып калган.

33. Грек-перси согуштарынын тарыхый маанисин белгилегиле.

I) Грециянын өнүгушүнө кеңири жол ачкан;

II) грек экономикасы менен маданиятынын гүлдөп өнүгүшүнө шарт түзгөн

III) персиялыктардын маданиятын гректер кабыл алган;

IV) гректер эркиндиги менен көз карандысыздыгын камсыз кылган.

а) I, II,III б) I, II, III в) I, III, IV г) I, II, IV

34. Франциядагы (Жакерия) жана Англиядагы (Уот Тайлер) дыйкандардын көтөрүлүшү кандай окшош натыйжа алып келген?

а) дыйкандар парламентке депутаттарын шайлоо укугун алышкан;

б) феодалдар дыйкандарга эркиндик бере баштаган;

в) эки көтөрүлүш тең дыйкандардын жеңиши менен аяктаган;

г) феодалдык бытырандылык кескин күчөгөн.

35. XV к. аягы XVI к. башында Россия мамлекетинин түзүлүшүнүн натыйжасын белгилегиле.

а) Россия Европадагы өнүккөн мамлекеттердин катарына кирди;

б) Орус православ чиркөөсү күч ала баштаган;

в) эл чарбасы, маданият тез өнүгө баштады, тышкы душмандардын кол салуусу токтоду;

г) феодалдардын бийлиги бекемделген.

36. Кыргызстандын аймагында андрон маданиятынын эстеликтери кайсы жерлерде кездешет?

а) Чүй жана Фергана өрөөндөрүндө, Борбордук Тянь-Шанда, Ысык-Көлдө;

б) Борбордук Тянь-Шанда жана Ысык-Көлдө, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө;

в) Фергана жана Талас өрөөндөрүндө, Нарында жана Ысык-Көлдө;

г) Борбордук Тянь-Шанда, Таласта жана Фергана өрөөнүндө.

37. Римдин “бөлүп алып, бийлик жүргүзө бер” деген эрежеси кандай маанини билдирет?

а) римдиктерди сиңирген эмгегине жараша бөлүштүрүп, адилет башкар;

б) шайлоо алдында топторго бөлүнүп консулдукка талапкерди колдо;

в) салгылашууда ээлеп алган кемелерди римдиктердин ортосунда бөлүштүр жана деңизде бийлик жүргүз;

г) каратып алган элдерди бири-бири менен чатакташтыр жана алардын Римге каршы биригишине жол бербе.

38. Жакынкы Чыгышта крестүүлөргө каршы согуш кимдер үчүн адилеттүү болгон?

а) кресттүүлөр үчүн, алар христиан чиркөөсүнүн эркин кыңк этпестен аткарышкан;

б) Иисус Христос жөнүндө эскерүүнү коргогон чиркөө үчүн;

в) кудайдын аты менен бөтөн жерлерди жана байлыктарды басып алган рыцарлар жана чиркөө үчүн;

г) баскынчылардан өз мекенин коргогон Сирия менен Палестинанын мусулмандары үчүн.

39. Байыркы Кытайда Цин Шихуанди падышалык кылып турган мезгилде белгилүү Улуу Кытай дубалы курулган. Бул дубалдын негизги функциясы эмне болгон?

а) кыйноодон качкан кулдарды башка өлкөлөргө өткөрбөө;

б) түндүктөгү көчмөн уруулардын тез-тез кол салууларынан коргонуу;

в) Кытайдын күч-кубаттуу мамлекет экендигин башкаларга далилдөө;

г) башкаруучу династиянын өкүлдөрүнүн жашоочу жери катары.

40. Кокондуктар Узун-Агачтагы орус аскерлери менен салгылашууда өтө чоң жоготууга учураган. Анда эмне үчүн бул окуяны Кокон бийлиги жеңиш катары кабыл алган?

а) орус аскерлери артка чегинген кокондуктарды куугунтуктабай, артка кайткан;

б) орус аскерлеринин жоготуусу кокондуктарга караганда көп болгон;

в) орус аскерлери тынчтык келишимин түзүүнү суранган;

г) орустардын аскер башчысы колго түшүрүлгөн.