Кыргыз тилинин практикалык грамматикасы
Термечикова Нарынкан Мамытовна
Орфография (Кыргыз тилинин жазуу эрежелери )
- Орфография адабий тилдеги сөздөрдү туура,катасыз, сабаттуу жазуу дегенди билдирет. Туура жазуу үчүн атайын орфографиялык эржелер иштелип чыккан.
Сөздөрдү туура жазуу принциптери
Фонетикалык принцип
Морфологиялык принцип
Тарыхый же салттуу принцип
Жазууда э тамгасы төмөнкүчө колдонулат: 1. Кабыл алынган сөздөрдө жана энчилүү аттарда сөз башында, үндүүлөрдөн кийин жана үнсүздөрдөн кийин да э жазылышына жол берилет. Сөз башында – экватор, экономика, экран, экскурсия, экзамен, энергия, экспедиция; Үндүүлөрдөн кийин – аэродром, аэропорт, поэзия, статуэтка, фаэтон, алоэ, Үнсүздөрдөн кийин – мэр, сэр, Чжу Дэ, Улан-Удэ.
Тесттин үлгүсү
- Төмөнкү катардан туура жызылган сөздү тап:
- А) егзамен, аэродром, мер
- Б) статуэтка, ешик, мэр
- В) Улан –Удэ, силуэт, ээн
- Г) аэропорт, статуетка, мэр
- Кайсы варианттагы сөз жазуу эрежесине ылайык жазылган эмес?
- А) сэр
- Б) мэр
- В) Экзамен
- Г) силует
Үндүү тыбыштардын жазылышы 1 . Үндүү тыбыштар менен аяктаган сөздөргө үндүү тыбыш менен башталган мүчө уланганда үндүүлөрдүн бири түшүп калат: бала-ым- балам, эне-ым-энем, тара-ын-таран, укта-ып-уктап, апа- ым =апам, уйку + ым = уйкум, ойно + ып = ойноп ж.б 2. Уңгу сөздөрдө болсун, же сөзгө мүчө уланганда болсун, оо, уу созулма үндүүлөрү йоттошкон тыбыштардан же й тыбышынан кийин катарлаш келген учурларда алардын айкалышы ёо, юу түрүндө жазылат : аюу, коюу, боё+оо - боёо, ая+оо - аёо, сой + уу = союу, жай+уу - жаюу, кой+уу – коюу, уйу + уу = уюу, ой +уу =оюу ж.б.
Б В Д Ж Г тыбыштары Т өл сөздөрдүн аягында б, в, д, ж, г тыбыштары колдо- нулбайт, бирок өздөштүрүлгөн герб, клуб, араб, гараж, парад, эпилог сыяктуу сөздөрдө сакталат. Бул сыяктуу сөздөргө уланган мүчөнүн башкы үнсүзү каткалаңдашып айтылганы менен, жазууда ага жол берилбейт : педагогко эмес, педагогго; Калининградта эмес, Калининградда; Гамбургка эмес, Гамбургга; Алиевтин эмес, Алиевдин, гербке эмес –гербге, клубту эмес клубду, парадтан эмес параддан ж.б.
Р тыбышынын жазылышы Төл сөздөрдө р тыбышы сөз башына келбейт, ошондуктан раазы, рас, раак сөздөрү ыраазы, ырас, ыраак түрүндө жазылат. Эскертүү: араб, фарс, орус ж.б. тилдерден кирген кээ бир сөздөр төмөнкүчө жазылат: рамазан, раис, рубаи, рабат, расмий, райкан, рухий Б тамгасынын жазылышы Б тыбышы эки үндүүнүн ортосунда в тыбышына окшош айтылса да, жазууда Б тамгасы менен жазылат: ооба, аба, собол , өбөлгө, обон, үбөлүк, кубаныч, убал, добуш,набат
Араб, иран тилдеринен кирип, айрым тектеш тилдерде х аркылуу айтылып жана жазылып жүргөн рахмат, рахат, хурма, хурсант, хуштар сыяктуу сөздөрдүн кыргызча к аркылуу айтылышына жана жазылышына да жол берилет: ыракмат, ыракат, курма, курсант, куштар.
Тесттин үлгүсү
- Бош орундарга туура келген тамгаларды кой. На ... ат, ...урсант, нало...
- А) б, к, г
- Б) в, х, г
- В) б, к, к
- Г) в , х, г
- Кайсы варианттагы сөздөрдүн экөө тең туура жазылган?
- А) парадка, раазы
- Б) клуптан, хуштар
- В) багажта, рубаи
- Г) каталогдун, ыраак
Алфавиттен орун алган ф, х, ц, щ тамгалары дээрлик орус тили аркылуу кирген сөздөрдө колдонулат: фабрика, фамилия, ферма, фляга, цемент, цех, патефон, плащ, художник, цензура, футбол, химия, экскаваторщик, цирк, циркуль, щетка. 2. Кыргыз тилинде ф тамгасы айрым тууранды жана сырдык сөздөрдө, ошондой эле кээ бир энчилүү аттарда гана колдонулат: Уф! Күндүн ысыгын карачы. Бөф! Жыты жаман экен. Фатима, Фарида (кишинин аттары). 3. Кыргыз тилинде х тамгасы хан, пахта деген сөздөрдө, ха-ха, ах, бах, эх сыяктуу сырдык же тууранды сөздөрдө гана колдонулат.
Жөнөкөй сөздөрдүн жазылышы Үндүү тыбыш менен аяктаган этиш сөзгө атоочтуктун - ар//- ыр мүчөсү жалганса, бул мүчө уланган муундагы үндүүнүн созулуп айтылыш формасына жазууда жол берилет:
иште+ар=иштээр башта+ар=баштаар ойло+ар=ойлоор кара+ар=караар чыда + ар =чыдаар сакта +ар =сактаар токто + ар =токтоор акта +ар = актаар жакта +ар =жактаар ж.б.
Эскертүү: -ы, -и үндүүлөрү менен аяктаган сөздөргө -ар//-ыр мүчөлөрү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуңку айтылат, бирок жазууда буга жол берилбейт: ири+ир=ирир, чири+ир=чирир, байы+ыр=байыр, жиби+ир=жибир, ысы+ыр=ысыр, ээрчи+ир=ээрчир
Үнсүз менен аяктаган этишке -ар мүчөсү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуңку айтылат, бирок буга жазууда жол берилбейт: бар+ар=барар, кел+ар=келер, сат+ар=сатар, жүр+ар= жүрөр Аягы м, п тыбыштары менен бүткөн этиш сөздөргө чакчыл -ып мүчөсү жалганганда, уңгу да, мүчө да тыбыштык жактан өзгөрүп, созулуп айтылгандыктан, андай сөздөр угулушу боюнча жазылат: эм+ып=ээмп, сеп+ып=сээп, өп+ып=өөп, чап+ып=чаап
Көңүл бурганыңызга чоң рахмат!