СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жугуштуу оорулар тууралуу маалымат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жугуштуу оорулар тууралуу маалымат»

Сасык тумоо

Сасык тумоо - вирустар жана бактериялардын айрым түрлөрүн пайда кылуучу жогорку дем алуу органдарынын ( мурун, кекиртек, трахея, бронхтордун) кээде коздун былжыр челинин сезгениши менен өтүүчү, клиникалык белгилери окшош жугуштуу оору.

Аны менен көбүнчө жаш балдар ооруйт. Себеби, алардын организминде анын козгогучтарына каршы коргоочу заттардын (иммунитеттин) жоктугуна байланыштуу болот.

Оору булагы - оорулуу киши. Вирустар дени соо кишинин дем алуу органына аба аркылуу кирип , алардын былжыр кабыкчалардын клеткаларына өтүп, ошол клеткаларда өсүп көбөйөт да, алардын бузулушуна жана сыйрылып тушушунө алып келет. Бул учурда козгогучтардын айрымдары өлүп, ошону менен катар уу заттарды (эндотоксинди) бөлуп чыгарат. Вирустардын аралашмасы бар клеткалар бөлүнүп сүйлөгөндө жөтөлгөндө, чүчкүргөндө карырык менен шилекей тамчылары, мурун суюктугу менен абага бөлүнүп чыгып абаны булгайт.

Таратуучу булактар: идиш – аяк, сулгу, оюнчук жана башкалар.

Кызамык

Кызамык - виручтар козгоочу катуу кармама жугуштуу оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө, бөлүнүп абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер, айрыкча 2-10 жаштагы балдар ооруйт. Инкубациялык мезгили 16-21 күн

Оору көбүнчө билинбей башталат: мурдунан бир аз суу куюлуп, жөтөлөт, тамагы кызарат, кээде бир аз эти ысыйт. Моюн, желке, лимфа, туйундөрү шишип ооруйт. 1 – 2 кундөн кийин бул белги күчөп, бүт денесине чыбырчыктар чыга баштайт, температурасы 38-39 градуска чейин жогорулайт. Чыбырчыктар 2-3 кундон кийин так калбай жоголот. Кээде эти ысыбайт, жалпы абалы начарлабайт. Көп учурда белгиси билинбей өтөт. Адатта оору кабылдабайт. Ооруп айыккан адамда туруктуу иммунитет пайда болот.








Сарык оорусу

Жугуштуу сарык ооруусу (виручный гепатит) жугуштуу оорулардын бири. Айрыкча жаш балдардын арасында бул оору кенири жайылган.

Сарык оорусу - бул боордун вирустар жана организмдеги уулу заттар, ошондой эле иммунитеттин төмондошу менен пайда болгон сезгенүүсү.

“А сарык” оорусу жу жугуштуу сарык оорусу деп аталат. Бул жөнөкөй түрүнө кирет. Анын жугуу механизми ичеги жугуштуу ооруларына окшош болот. Кирдеген кол аркылуу жана ооздон жугат. Вирустан улам боордун сезгенуусу жугуштуу сарык оорусу деп аталат. Бул оору жугуштуу оору деп саналгандыктан,негизинен боордун ткандарын бузуп, өзүнүн функциясын аткарууга зыянын тийгизет. Азыркы учурда 1 жаштан 14 жашка чейинки балдарда ушул оору коп кездешет.

Ошондой эле айлана – чөйрөгө оорулуунун заны менен бөлүнүп чыгат жана ага конгон чымын – чиркейлер сарыктын таралышына жол ачып берет. Андыктан ден соолукка кам көрүү маанилуу. Азыркы учурда базарлардын четинде тамак – аш саткандар көбөйгөн. Алардын биринде да санитардык талапка жооп берген кагазы жок. Демек, кайсы бир оору жугузуп албоого кепилдик жок.





Ич өткөк

Ич өткөк – тез- тез суюк зандоо. Ич өткөк өз алдынча оору болбостон, ал көптөгөн патологиялык процесстердин белгиси катары пайда болот. Анын пайда болушуна катуу кармаган жугуштуу оорулар мисалы: дизентерия , тамак – аштан уулануу, ич келте, холера, ичегинин өнөкөт сезгенүү оорулары, ошондой эле карындын, уйку безинин манызы, өт жетишсиз болгондугу, тамак синирунун бузулушу, ичегинин начар иштеши болот. Айрым кишилер катуу кайгыргандан, коркуудан, кээ бир тамак – ашты (сүт, жумуртка, жашылча – жемиш) синире албоодон да болот. Ич өткөк организмден уулуу заттарды, оору пайда кылуучу микроорганизмдерди, чирик продуктыларды жана башка бөлуп чыгарып, организмден коргонуу реакциясы болуп саналат.

Ич өткөктүн алдын алууда тамактануу режимин туура сактоо, тамакты жакшы бышырып, шашпай, майда чайнап жеш талапка ылайык. Өздүк гигиенаны, идиш – аякты таза кармоо, тишти таза сактоо, ичеги – карындын оорусун алдын алуу жана дарылоо зарыл.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!