СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жумалык декада 2019-2020

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жумалык декада 2019-2020»

 2019-2020-окуу жылы Мамлекеттик тил боюнча усулдук бирикменин жумалыгы

2019-2020-окуу жылы

Мамлекеттик тил боюнча усулдук бирикменин

жумалыгы

42 орто мектебинин кыргыз тили жана кыргыз адабияты усулдук бирикмесинин 2019-2020-окуу жылынын ноябрь айында өткөрүлүүчү декадасынын планы.

Мугалимдин аты-жөнү

Декаданын ачылышы

1

Классы

Башталгыч класстардын кыргыз тил мугалимдери

2

Окутуу тили

Башталгыч орус класстары

Абдымомунова Мээлкан Джапаровна

Алияскарова Бактыкан Каттообековна

Сабактын темасы

4-а класс

3

Орус класс

4

11-е класс

Абдразакова Назгүл Абдынасировна

Өтүлүү күнү

Мамлекеттик тилдин жумалыгы

Бейшеналиева Рида Токтобековна

Кыргыз класс

21.11.19

Бөбөк сенин жомогуӊ

5

Орду

5-г класс

Бектемирова Назгүл Абдыкеримовна

6

9-а класс

Орус класс

Кыямат” романы

Сааты

Жыйын зал

27.11.19

Орус класс

Касымбекова Бегай

03.12.19

12:00

Кесиптер

5-а класс

7

Жыйын зал

Орус класс

10-кабинет

10-е класс

Ж.Баласагын “Кут алчуу билим

12:00

Жантаева Жазгүл Шаршенбековна

02.12.19

8

Кыргыз класс

10:30

Ниязалиева Эсен Шайлообековна

02.11.19

Ч.Айтматов “Бугу эне жомогу”

9

3-г класс

11-кабинет

28.11.19

8-ж класс

Осмоналиева Айнура Асановна

Орус класс

14:50

10

Жаңыл мырза” драмасы

11-кабинет

Тагаева Жаңыл Жамаловна

29.11.19

Кыргыз класс

8:00

6-ж класс

11

5-кабинет

Азык түлүк

Эрмырзаева Салтанат

Семетей эпосу

05.12.19

Кыргыз класс

13:00

17-кабинет

6-в класс

Орус класс

28.11.19

10:30

4-д класс

10-кабинет

А.Осмонов “Толуйбай сынчы”

Абдымомунова Мээлкан

Т.Сатылганов кайталоо

11:00

Орус класс

Ниязалиева Эсен

5-кабинет

03.12.19

29.11.19

11:20

Кимдин? Эмненин ?

17-кабинет

3-кабинет

14:45

26.11.19

Декаданын аягы

14:45

10-кабинет

05. 12.19

14:40

Жыйын зал

12:00

42 орто мектебинин кыргыз тили жана кыргыз адабияты усулдук бирикмесинин 2019-2020-окуу жылынын ноябрь айында өткөрүлгөн декадасынын аткарылышы

2019-2020-окуу жылына карата №42 ЖББО мектебинде ноябрь айында кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин жумалыгы өттү.

Жумалыктын негизги максаты: улуу мугалимдерден жаш мугалимдерге усулдук жардам, жакшы сабак өткөн мугалимдердин иш тажырыйбаларын мектеп ичинде жайылтуу. Кыргыз тили сабагынын өтүлүшүн өнүктүрүү, жаңы ыкмаларды жайылтуу. Мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, окуучулардын таанып-билүү активдүүлүгүн, чыгармачылыгын өстүрүү.

Окуучуларга кыргыздын улуу муундардан келе жаткан каада-салтын терең жайылтуу. Кыргыз ырларын , бийлерин , кол өнөрлөрүн, тамак аштарын окуучуларга кеңири түшүндүрүү.

Кыргыз тили усулдук бирикмесинде жалпысынан 15 мугалим. Жумалыкты өткөрүү ар бир мугалимге милдеттендирилди. Өтүлөн ачык сабактарга окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстар жана окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар катышты.

Жумалыктын негизги маселелери :

-ачык сабактарды, класстык сааттарды уюштуруу, даярдоо, өткөрүү аркылуу мугалимдердин кесиптик чеберчиликтерин өнүктүрүү

-окуучуларды өз алдынча чыгармачылык ишке чакыруу, предметке кызыктыруу

-сабакка жана чыгармачылыкка жөндөмдүү окуучулардын өнүгүүсүнө шарт түзүү

Пландын негизинде ар бир мугалим иш-чарага милдеттендирилди.

Жумалык ичинде төмөнкү иштер өткөрүлдү:

-традициялуу эмес сабактар өтүлдү

-класстан тышкаркы иштер өткөрүлдү

-райондук иш-чараларга катышуу болду

-окуучулар арасында чыгармачылык иштер жүргүзулдү( мыкты дубал-гезит, сахналаштыруу конкурстары жана слайддар жасалды)

Жалпы декаданын жыйынтыгы боюнча эң мыкты өтүлгөн сабактар, жакшы иштелмелер өзгөчө бааланды. Санариптешүү жылында жаңы заманбап техникаларды колдонууга аракет кылып, жаңы стандарт менен сабак өткөн мугалимдер да бар. Жогорку класстын окуучулары дээрлик көпчүлүгү өздөрү изденүү менен слайддарды жасап, чыгармаларды салыштыруу менен талаш тартыштарды жаратып кызыктуу сабактар өтүлдү. Өспүрүмдөр арасында кыргыздын салт-санаасын, тамак-аштарын, атадан калган мурастарын ыйык сактоого балдарга багыт берген сахналаштырылган сабактар уюштурулду. Мугалимдер өтүлгөн сабактардан тажырыйба алышты, сунуштар айтылды.

Абдымомунова М.Д. Райондук иш-чарага байланышкан “Бөбөк сенин жомогуң” деген темада райондук деңгээлде 4-класстар жана алардын ата-энелери менен чогу сахналаштырылган сабак өттү.Сабак орус класстары менен өтүлдү. Сабакта мугалим тарабынан эң сонун жомокко байланышкан сүрөттөр, кол өнөрчүлүктөр , көптөгөн жомок китептер көргөзмөгө коюлду. Окуучулардын да актердук чеберчилигин айтпай коюга болбойт. Окуучулар карышкырдын, түлкүнүн жана короздун кийимдерин кийип кыргызча так жана туура сүйлөп аткарышты.

Эрмырзаева С.Ш. 4-д класс менен “Кимдин? Эмненин? деген темада ачык сабак өттү. Сабак тиби жаңы билимди берүү, формасы стандарттык сабак. Сабакта мугалим окуучулар менен тыгыз байланышта болду. Сабак максатына жетти.

Жантаева Ж.Ш. 3-г класс менен “Азык Түлүк” деген темада ачык сабак өттү. Сабак топко бөлүп өтүлдү, окуучулар азык түлүктүн пайдалуу жактарын билишти, кыргыздын улуттук тамактарын да өзгөчөлүктөрүн белгилеп кетишти.

Бектемирова Н.А. 5-а класс менен “Бугу эне” жомогун сахналаштырып өттү.

Сабактын тиби: алган билимин бышыктоо системалаштыруу

Пайдаланылган ыкма: проблемалуу сабак салттуу эмес стангдартта өтүлдү.

Берилген тапшырмалар окуучулардын ойлоо жөндөмдүүлүгүн өнүктүрөт, сүйлөө кебин өстүрөт.

Тагаева Ж.Ж. 6-в класс менен Т.Сатылганов кайталоо сабагы. Мугалим окуучуларга Т.Сатылганов боюнча кеңири тапшырма берген. Токтогулдун ырлары боюнча көркөм окушту. Салыштыруу, сахналаштыруу жана мелдеш түрүндө ар тараптуу ыкмаларды колдонду.

Абдразакова Н.А. 5-г класс. Кесиптер деген темада ачык сабак өттү. Сабакта мугалим ар бир кесиптин ардактиуу экенин окуучуларга кенен түшүндүрдү. Окуучулар кесип жөнүндө маалымат беришти жана кесиптерге тиешелүү кесиптик формаларын кийишти.

Бейшеналиева Р.Т. 9-а класс менен Жусуп Баласагын “Кут алчуу билим” деген темада өттү. Сабак максатына жетти. Окуучулар кут билимдеги каармандарга токтолуп, окуучуларга Кут билимдин мазмаунун кенен ачып берди.

Осмоналиева А.А. 6-ж класс менен А.Осмоновдун “Толубай сынчы” чыгармасы боюнча жаңы техникалык заманбап слайддарды көрсөтүп, жаратылышты байланыштырып кызыктуу сабак өттү. Сабакта окуучулар чыгарманы толук боюнча проектордон окуй алышты. Мугалим сабакты мукам үнү менен жеткиликтүү түшүндүрдү. Экрандан чыгармага байланышкан сүрөттөр, суроолор, макалдар көрсөтүлдү.

Касымбекова Б.Б . 10-е класс менен Жаңыл мырса драмасын Булумдун таксангомиясын колдонуп системага салып проектор менен өттү.

Алияскарова Б.К. 1-е класс менен Ч.Айтматов “Кыямат” темасы боюнча өзүн өзү башкаруу ыкмасын колдонуп өттү. Окуучулар Кыямат боюнча слайддарды иштеп чыгышкан. Кинолордон да үзүндүлөрдү алып талаш тартыш менен өтүлдү.

Ниязалиева Э.Ш. Жалпы жумалыкты жана мамлекеттик тилдин 30 жылдыгын жыйынтыктап 8-класстар менен кыргыздын ыр күүлөрүн, кыргыз тили жөнүндө жазылган акын-жазуучулардын ырларынан көркөм айттырып жыйын залында жалпы мугалимдерге сабак өттү

Мамлекеттик тил боюнча жумалыктын алгачкы сабагын Эрмырзаева С.Ш. 4-класс менен “Кимдин? Эмненин?” деген темада ачык сабак өттү

Мамлекеттик тил боюнча жумалыктын алгачкы сабагын Эрмырзаева С.Ш. 4-класс менен “Кимдин? Эмненин?” деген темада ачык сабак өттү

Адабий тилдин нормасын сактап , маданияттуу сүйлөшүүнү үйрөнөлү

Адабий тилдин нормасын сактап , маданияттуу сүйлөшүүнү үйрөнөлү


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!