СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жумуш ордунда окутуу боюнча жобо

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы №383 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүү уюмдарында жумуш ордунда окутуу жөнүндө жобонун негизинде түзүлдү. Ал башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим беруу уюмдарында жумуш ордунда окутуу программаларын ишке ашыруу тартибин аныктайт.

Просмотр содержимого документа
«Жумуш ордунда окутуу боюнча жобо»

Бекитемин

директор, ф.и.к., доцент

____________ А.Т.Акматалиев

202___-ж. ___________

Окyy-ycyлдук кеңеште каралып,

бекитүүгө сунушталды

№____ прот., 202___-ж. _________









ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү институтунда “Жумуш ордунда окутуу” боюнча

ЖОБО

I. Жалпы жоболор

1. Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы №383 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүү уюмдарында жумуш ордунда окутуу жөнүндө жобонун негизинде түзүлдү. Ал башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим беруу уюмдарында жумуш ордунда окутуу программаларын ишке ашыруу тартибин аныктайт.

2. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

жумуш ордунда окутуу жөнүндө келишим - практикалык окуудан өтүү үчүн жумуш ордун берген иш берүүчү (уюм/ишкана) менен ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү институтунун (мындан ары институт) ортосундагы жумуш ордунда окутууну ишке ашыруу шарттарын жана тартибин регламентгеген жазуу жүзүндөrү макулдашуу;

насаатчы - жогорку кесиптик сапаттарга, практикалык билимге жана тажрыйбага, кынтыксыз беделге ээ болгон жана уюмдун/ишкананын жетекчисинин буйругу менен студентке (студенттерге) насаатчы катары жумyш ордунда окутуунун жалпы мөөнөтүнө бекитилген ишкананын/уюмдун квалификациялуу кызматкери;

насаатчылык - билим алуучунун кесиптик калыптанышын, өнүгүүсүн жана кызматтык милдеттерин өз алдынча жана кесипкөй аткарууга адаптациялануусун камсыздоо боюнча башкаруучулук жана кадрдык технология;

квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык чакан системаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытгалган жана квалификациянын ылайыктуулугун тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөштүрүлгөн сыпаттамасы;

жумуш ордунда окутуу программасы - билим алуучуларга жумуш ордунда теориялык билимди практикалык бекитүүгө багытталган компетенттүүлүк мамиленин негизинде иштелип чыккан билим берүү программасынын компоненти;

жумуш орду - билим алуучуга өзүнүн адистиги жана/же кесиби жана кесиптик компетенциялардын тиешелүү топтому менен түздөн-түз байланышкан практикалык тажрыйбага ээ болууга мүмкүнчүлүк берилген жер;

иш берүүчү - келишимдин негизинде жумуш ордунда окутуунун билим берүү программасын ишке ашырууга катышкан ишкана/уюм же жеке ишкер;

практикалык окутуунун жетекчиси - институттун билим алуучуга методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүүгө жооптуу жана жумуш ордунда окутуудан өтүүнү контролдоочу кызматкери.

3. Жумуш ордунда окутуу (мындан ары - ЖOО) милдеттүү практикалык окутуу жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөө менен институтта студенттердин жалпы жана кесиптик билимдерге жана көндүмдөргө ээ болуусуна багытталган кадрларды даярдоо системасын билдирет.

ЖОО окуу-өндүрүштүк комплекстердин, өндүрүштүк устаканалардын, бизнес-инкубаторлордун, стартаптардын, технопарктардын базасында, ошондой эле институт менен тиешелүү келишим түзгөн иш берүүчүнүн базасында да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

4. ЖОО билим берүү процессинин төмөнкү элементтерин өзүнө камтууга тийиш:

- кадрларды даярдоодо иш берүүчүлөрдүн сандык жана сапаттык керектөөлөрүн аныктоо;

- иш берүүчүлөрдүн билим берүү программаларын, анын ичинде ЖОО программаларын жана окуу-методикалык документтерди иштеп чыryуга катышуусу;

- иш берүүчүлөрдүн жетектөөчү адистерин теориялык жана практикалык блоктун сабактарын өткөрүүгө тартуу;

- ЖООдон өтүүнү пландоо жана ишке ашыруу;

- иш берүүчүлөрдүн базасында педагогикалык кызматкерлердин стажировкаларын уюштуруу;

- иш берүүчүлөрдүн студенттерди жана/же адистерди даярдоонун сапатын баалоо жол-жобосуна катышуусу (орто аралык, жыйынтыктоочу мамлекеттик атгестация);

- бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу жана жумуш ордуна адаптациялоо;

- тарбия иштерин уюцrгуруу.

II. ЖООнун максаты жана милдеттери

5. ЖООнун максаты болуп институтта студенттерди милдеттүү түрдө практикалык окутуу жана кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн бекемдөө, ошондой эле иш тажрыйбасына ээ кылуу менен жaлпы жана кесиптик билимдерге жана көндүмдөргө ээ кылууга багытталган кадрларды даярдоо саналат.

6. ЖООнун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- иш тажрыйбасына ээ кылуу;

- институттун бүтүрүүчүсүнүн эмгек рыногyнда социалдык мобилдүүлүгүн жана кесиптик атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;

- бүтүрүүчүлөрдүн билиминин сапатын иш берүүчүлөрдүн күтүүлөрүно ылайык келтирүүнү камсыз кылуу;

- институттун студенттерин, бүтүрүүчүлөрүн жана окутуучуларын продукцияны (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүдө колдонулуучу илимдин жана техниканын жетишкендиктери, иш өндүрүүнүн инновациялык методдору, технологиялар ж.б. менен тааныштыруу;

- иш берүүчүлөрдү эмгек рыногунун талаптарына жооп берген кесиптик билим берүүгө кадрларды (даярдоого) тартуу;

- билим берүү программаларын өркүндөтүү аркылуу кесиптик билим берүү системасында кадрларды даярдоонун сапаты менен эмгек рыноryнун керектөөлөрүнүн ортосундагы дисбалансты азайтуу.

III. Кесиптик билим берүү уюмдарында ЖОО процесси

7. ЖОО өзүнүн адистиги менен таанышууну, жумуш ордун, иш чөйрөсүн изилдөөнү, адистикке тартууну, зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүнү, жумуш орду, иш чөйрөсү, жамаат менен өз ара аракеттенүүнү жана практикалык иш тажрыйбасына түздөн-түз ээ болууну камтыган үзrүлтүксүз процессти билдирет.

8. ЖООнун билим берүү процесси Кыргыз Республикасынын мамлекетгик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык институт тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген компетенттүүлүк-модулдук мүнөздөrү билим берүү программаларынын негизинде ишке ашырылат.

9. Институтта ЖОО процесси төмөнкү этаптардан турат:

9.1. ЖООго даярдоо өзүнүн адистиги менен таанышууну, адистиктин өзгөчөлүrүн түшүнүүнү, өзү тандаган адистик боюнча адис кандай экенин көpcөтүүнү өзүнө камтуу менен төмөнкү формаларда ишке ашырылат: иш берүүчүлөрдүн конок лекциялары, кесиптер жарманкелери, фестивалдар, параддар жана башка иш-чаралар, анда туденттер өз кесиби жана карьералык өсүшү жөнүндө көбүрөөк билишет.

9.2. Түздөн-түз ЖОО төмөнкүлөрдү камтыйт:

- адистикти жана тиешелүү жумуш ордун өздөштүрүү - тармак, адистик жана жумуш орду жөнүндө кириш маалыматтарды чогyлтуу максатында кыска мезгилге жумуш орду менен өз ара apaкeттeнүү, ал төмөнкү формаларда ишке ашырылат: жумуш ордуна экскурсиялар, мастер-класстар, волонтёрдук, окуу-таанышуу практикасы ж.б.;

- адистикке тартуу жана жумуш орду менен өз ара аракеттенүү - адистикти, жумуш ордун кыйла терең түшүнүү жана кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, ал төмөнкү формаларла ишке ашырылат: жумуш ордунда көчмө практикалык сабактар, окуу-өндүрүштүк комплекстерде, жабдылган лабораторияларда, окуу полигондорунда, устаканаларда окутуу, кесиптик конкурстарга, көргөзмөлөргө катышуу (калыстар тобу - иш берүүчүлөр), адистик боюнча окуу долбоорлору ж.б.;

- иш тажрыйбасына ээ болуу - жумуш орду менен узак убакыт аралыгында үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү, ал төмөнкүдөй формаларда ишке ашырылат: дуалдык окутуу, практика, стажировка, окуучулук ж.б.

10. Институт конкреттүү адистик боюнча ЖООну өткөрүүнүн формаларын өз алдынча аныктайт.

11. ЖООдо институтта жана иш берүүчүнүн базасында теориялык жана практикалык окутуунун катышы кесиптик билимдин деңгээлине жана ЖОО жөнүндө келишимде бекитилген, макулдашылган окутуу программасы боюнча иш берүүчүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша болот.

12. ЖООну уюштурууга жалпы жетекчиликти практикалык окутуунун жетекчиси - институттун директорунун буйругу менен дайындалган жооптуу адам жүзөгө ашырат.

ЖООго түздөн-түз жетекчилик ишкананын/уюмдун жетекчисинин буйругу менен же институттун директорунун тиешелүү орун басарынын буйругу менен дайындалган жооптуу адам - насаатчы тарабынан жүзөгө ашырылат.

1З. ЖООдон өтүү мезгилинде билим алуучуларга Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери жайылтылат.

14. ЖОО программасын ишке ашыруу үчүн ЖООнун формасына жараша студенттердин, институттун жана иш берүүчүлөрдүн ортосунда эки тараптуу же үч тараптуу келишимдер түзүлөт.

15. ЖООдон өтүү убагында ишканалар/уюмдар Кыргьтз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык каникул мезгилинле жана окуудан бош убактысында студенттерди толук эмес жумуш күнүндө жумушка орноштура алат.

Иш берүүчү студенттер үчүн жумуш ордунда окуп жаткан мезгилде материалдык дем берүү чараларын караштыра алат.

16. ЖОО мезгилинде студенттер күндөлүк жүргүзөт, анда тапшырмалардын аткарылышы жана аткарылган тапшырмаларга насаатчынын берген баасы чагылдырылат. ЖООнун жыйынтыгы боюнча насаатчы ЖООдон өтүү жөнүндө пикир даярдайт жана студенттерге мүнөздөмө берет.

IV. ЖООнун формалары

17. ЖОО дуалдык окутуу, практика, стажировка жана окуучулук аркылуу, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн катышуусу менен практикалык жана тарбиялык мүнөздөrү башка иш-чаралар (конок лекциялар, экскурсиялар, кесиптер фестивалдары, мастер-класстар, көчмө практикалык сабактар ж.б.) аркылуу ишке ашырылат.

IV1. Дуалдык окутуу

18. Дуалдык окутуу системасында иш берүүчүнүн ролу күчөтүлөт жана сапаттык жактан өзгөрөт. Иш берүүчү адистерди даярдоо боюнча заказчы катары чыгат. Ишкананын/уюмдун аймагында студентгер үчүн окуу жумyш орундары түзүлүүгө тийиш, алар виртуалдык симуляция жабдууларынын болушу менен кадимки жумуш ордунан айырмаланышы мүмкүн. Дуалдык окутууда теориялык жактан даярдоо студенттин жумуш ордунда практикасы менен айкалышат.

19. Дуалдык окутуу проrраммаларын ишке ашыруунун максаты болуп студенттерди конкреттүү ишканада/уюмда конкреттүү кесиптик ишке даярдоо caналат.

20. Дуалдык окутуу процессинде окутуунун практикалык формалары баштапкы болуп саналат. Дуалдык окутуу боюнча билим берүү программаларында негизги көңүл иш берүүчүнүн адистештирүү менен шартталган студенттердин конкреттүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, практикалык окутуунун тең салмактуулугуна, иш тажрыйбасына ээ болууга бурулган, бул эмгек рыноryнун суроо-талаптарына ылайык дуалдык окутуу программаларынын бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик даярдыгынын жогорку деңгээлин камсыз кылат.

21. Окутуунун дуалдык системасын колдонуу менен окутуу жекече окутуу графигин ишке ашыруу аркылуу ишкана/уюм менен түзүлгөн келишимдин жана андан ары бүтүрүүчүнү адистиги боюнча ишке орноштуруунун негизинде жүрrүзүлөт.

22. Дуалдык окутууну уюштуруу үчүн институт менен иш берүүчү биргелешип:

- адистик боюнча жумушчу окуу планын, календардык окуу графигин иштеп чыгат жана макулдашат;

- дуалдык окутуу билим берүү программасын ишке ашырууну камсыз кылат жана дуалдык окутууну өткөрүү үчүн шарттарды түзөт;

- дуалдык окутууну өткөрүү мөөнөттөрүн жана студенттердин тизмелик курамын макулдашат;

- конкреттүү ишкана/уюм үчүн дуалдык окутуу боюнча окуу сабактарынын жекече расписаниесин түзөт;

- мамлекеттик билим берүү стандарттарына, кесиптик стандарттарга, окуу дисциплиналарынын жана дуалдык окутуу процессинде студенттер өздөштүргөн кесиптик модулдардын жумушчу программаларына ылайык студенттердин адистиги боюнча жалпы жана кесиптик компетенцияларды өздөштүрүүсүнө баалоо жүрrүзөт жана жол-жобосун уюштурат.

23. Педагогикалык адистиктер боюнча окугандар алган адистиги боюнча окууну жана эмгек ишин айкалыштырууга, ошондой эле эгерде, алар жүзөгө ашырып жаткан кесиптик иш дуалдык окутуунун билим берүү программасынын талаптарына ылайык келген учурларда эмгектенген иш жери боюнча дуалдык окутуудан өтүүгө укуктуу.

IV2. Практика

24. Практика - ЖООнун формасы, ал теориялык окутуу процессинде студенттер алган билимдерди бекемдөөгө жана тереңдетүүгө, ошондой эле келечектеги кесиптик иш менен байланышкан иштердин белгилүү бир түрлөрүн аткаруу процессинде практикалык көндүмдөрдү жана компетенцияларды калыптандырууга, өнүктүрүүгө багытталган.

Практика кесиптик билим берүү уюмдарынын билим берүү программасынын курамдык бөлүгү, билим берүү процессинин жана окуу планынын ажыратылгыс компоненти болуп саналат жана алган билимдерин, көндүмдөрүн бекемдөө жана адистик боюнча иш тажрыйбасына ээ болуу үчүн кызмат кылат.

25. Практиканын максаттары жана көлөмдөрү, ошондой эле калыптандырылуучу компетенцияларга жана окутуунун натыйжаларына (билимдерге, көндүмдөргө, иш тажрыйбасына) карата талаптар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына, кесиптик стандарттарга, компетенттүүлүк негизде билим берүү программасына ылайык аныкталат.

26. Практиканын негизги түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

- окуу - баштапкы кесиптик жөндөмдөргө жана көндүмдөргө ээ болуу үчүн;

- өндүрүштүк/педагогикалык - кесиптик жөндөмдөргө жана кесиптик иш тажрыйбасына ээ болуу үчүн;

- диплом алдындагы - кесиптик компетенцияларды калыптандыруу, бүтүрүүчүнүн өз алдынча эмгек ишине даярдыгын текшерүү жана бүтүрүүчү квалификациялык ишти аткаруу үчүн;

27. Кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүүдө бир же бир нече түрдөrү практика өткөрүлөт.

28. Практика төмөнкүдөй өткөрүлүшү мүмкүн:

- үзrүлтүксүз - календардык окуу графигинде билим берүү программасында каралган практикалардын бардык түрлөрүн өткөрүү үчүн окуу убактысынын үзrүлтүксүз мезгилин бөлүү жолу менен;

- дискреттик

а) практиканын түрлөрү боюнча - календардык окуу графигинде практиканын ар бир түрүн (түрлөрдүн жыйындысын) өткөpүү үчүн окуу убактысынын үзгүлтүксүз мезгилин бөлүү жолу менен;

б) практикаларды өткөрүү мезгилдери боюнча - календардык окуу графигинде практикаларды өткөрүү үчүн окуу убактысынын мезгилдерин теориялык сабактарды өткөрүүнүн окуу убактысынын мезгилдери менен кезектештирүү жолy менен.

29. Практиканы өткөpүү мөөнөттөpү бекитилген окуу планына жана календардык окуу графигине ылайык белгиленет.

30. Практиканы жетектөө үчүн институттан практикалык окутуунун жетекчиси жана/же иш берүүчүдөн насаатчы дайындалат.

31. Практикага жолдомо институттун директорунун буйругу менен ар бир студентти иш берүүчүгө бекитүү менен, ошондой эле практиканын түрүн жана өтүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен таризделет.

З2. Окууну эмгек иши менен айкалыштырган студенттер эгерде, аталган ишкацаларда/уюмдарла алар жүзөгө ашыруучу кесиптик иши практиканын мазмунуна карата талаптарга ылайык келген учурларда эмгектенген иш жери боюнча уюмдарда практикадан өтүүгө укуктуу.

33. Эгерле студент 40 сааттан кем эмес иштеп берсе жана институттун волонтердук уюм менен кызматташуу жөнүндө макулдашуусу (меморандум) бар болсо, студент көндүмдөрдү калыптандыруу жана кесиптик тажрыйбага ээ болуу максатында жүзөгө ашырып жаткан, волонтердун өздyк китепчеси жана волонтердук келишими менен ырасталган волонтердук окуу же өндүрүштүк (диплом алдындагы) практика деп таанылат.

IV3. Стажировка

34. Стажировка - адистик боюнча иш тажрыйбасына ээ болууга же квалификацияны жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген ЖООнун формасы же квалификацияны жогорулатуу, ошондой эле белгилүү бир сыноо мөөнөтүнүн ичинде адистик боюнча иштөө.

Стажировка кесиптик иш жана болгон квалификациянын алкагында кесиптик деңгээлди жогорулатуу үчүн зарыл болгон компетенцияны өркүндөтүүгө багытталган. Стажировка эмгек иши процессинде окутууну божомолдойт.

З5. Институттун билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган студенттер, институттун бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле институттун окутуучулук курамынын квалификацияны жогорулатууга жиберилген кызматкерлери стажер боло алат.

З6. Стажировка программасын уюштуруу жана ишке ашыруу максаттуу кыска мөөнөттүү стажировка формасында да, квалификацияны жогорулатуунун жеке модулдук программасынын долбоору боюнча да жүрrүзүлүшү мүмкүн.

37. Стажировка ишинин профили институтта даярдоо жүрrүзүлгөн адистикке шайкеш келген ар түрдүү ицканалардын/уюмдардын бир нече стажердук аянтчаларында өткөрүлүшү мүмкүн.

38. Стажировканын негизги түрлөрү төмөнкүлөр болуп саналат:

- өндүрүштүк – ишканаларда/уюмдарда өткөрүлөт, анын жүрүшүндө стажер квалификациялык категорияга ээ болот же аны жогорулатат, инновациялык техника жана технологиялар, эмгекти уюштуруунун заманбап принциптери жана ыкмалары ж.б. менен таанышат;

- педагогикалык - билим берүү уюмдарында өткөрүлөт, анын жүрүшүндө стажер окуу жана тарбия иштерин уюштуруу тажрыйбасына ээ болот, окуу процессин уюштуруунун заманбап формалары жана методдору менен таанышат, инновациялык педагогикалык технологияларды үйрөнөт.

З9. Стажировкалардын пландары жана программалары институт тарабынан иштелип чыгат жана ишканалар/уюмдар менен макулдашылат.

40. Стажировкалардын узактыгы кесиптик билимдин деңгээлине, максаттарына, иш тажрыйбасына, стажёрдун кызмат ордуна жараша жеке белгиленет.

Ар бир угуучу үчүн стажировканын натыйжаларына стажердун кесиптик багытын жана стажировкадан мурдагы теориялык жана практикалык сабактардын мазмунун эске алып, тапшырмаларды толук баяндоо менен стажировканын өзүнчө программасы түзүлөт.

41. Институттун билим берүү программалары боюнча окугандардын, окууну аяктап жаткандардын жана кесиптик циклдин дисциплиналарынын окутуучуларынын стажировкадан өтүүсү үчүн жолдомо институттун директорунун буйругу менен таризделет.

Стажировкага кабыл алуу жөнүндө чечим ишкананын/уюмдун буйругу менен таризделет.

42. Стажировканын программасы стажёр үчүн негизги регламенттөөчү документ болуп саналат.

43. Стажировкадан ийгиликтуу өткөн стажерлорго ишкананын/уюмдун же институттун расмий бланкында стажировкадан өткөндүrү жөнүндө маалымкат берилет.

V. Жумуш ордуцда окутуу программалары

44. ЖОО программасы өзүнө теориянын жана практиканын бирдейлигин, кесиптик иште жөндөмдөрдү жана билимдерди колдонууга басымды камтыган компетенттүүлүк ыкмасынын негизинде иштелип чыккан адистик боюнча билим берүү программаларынын компоненти бoлуп саналат.

51. ЖОО программаларын иштеп чыryу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттары;

- кесиптик стандарттар (болсо);

- комrrетенттүүлүк негиздеги билим берүү программалары.

52. ЖООнун формалары адистик боюнча билим берүү программаларында, атайын дисциплиналар боюнча окуу-методикалык материалдарда, ЖОО программаларында баяндалат.

53. ЖОО программасы 8 (сегиз) негизги бөлүмдөн турат, алар жалпы түрдө окутуунун натыйжаларын, ЖООдон өтүү боюнча билим алуучулардын аларга жетүү каражаттарын билдирет.

ЖОО программасынын бөлүмдөрү

Бөлүмдүн мазмуну

1. Киришүү

Адистиктин шифрин, аталышын берүү жана ЖОО программасынын ченемдик базасын (кесиптик стандарт, билим берүү программасы, окуу планы) аныктоо

2. ЖООнун максаты

Билим берүү rrрограммасында жазылган максаттарга ылайык ЖООдон өтүү максаттарын аныктоо

3. ЖООнун формасы

ЖОО өтүүчү форманы (дуалдык окутуу, практика, стажировка, окуучулук) көрсөтүү

4. ЖООдон өтүү тартиби

ЖОО программаларын ишке ашырууга кызыкдар тараrrтардын жоопкерчилик зоналарын белгилөө жана ишканадагы насаатчылардын милдеттерин аныктоо

5. ЖОО формалары боюнча окуу жүктөмүнүн көлөмү жана аларды өткөрүү графиги

Кредиттердин көлөмүн аныктоо менен, семестрлер/жарым жылдыктар боюнча окуу планына ылайык практиканы кошкондо, ЖООнун формаларын өткөpүү графигин берүү. Бул адистик боюнча ар бир семестрде ЖООнун кайсы формалары колдонула тургандыгы жөнүндө маалымат таблица түрүндө берилет. Практиадан тышкары бардык формалар белгилүү бир дисциплиналарга бекитилген. ЖООнун ар бир формасы боюнча сааттардын болжолдуу саны берилет, андан кийин бардык сааттар кошулат жана окуу планы боюнча жалпы аудиториялык сааттардын (практиканын) жалпы санынан алардын үлүшү эсептелет. Ошентип ЖООнун пайыздары эсептелет.

Бул таблицада окуу мезгилинин ичинде жумуш ордунда окугандардын бардык практикалык даярдыгына кыскача сереп берилет. ЖООну баяндоодо, өзгөчө өтүү мезгилин (сезондуулугун) аныктоодо адистиктин өзгөчөлүrүн эске алуу зарыл.

6. ЖОО црограммасын өздөштүрүү натыйжалары

Тигил же башка компетенцияларга жетүү түрүндө ЖООдон өтүүнүн натыйжаларын берүү

7. Практикалык окутуунун мазмуну

Тематикалык мазмунду сааттарга жана зарыл болгон иш чөйрөгө бөлүү менен, практикалык окутуунун ар бир түрү боюнча такталган компетенцияларды берүү. Бул бөлүм билим алуучу практикада конкреттүү түрдө эмнени жана эмне үчүн үйрөнө тургандыгы, бул үчүн кайсы жабдуу жана кандай иш чөйрөсү зарыл экендиги жөнүндө түшүнүк берүүгө тийиш.

8. Коопсуздук ченемдери жана эмгекти коргоо

ЖООго жиберүүдө билим алуучу таанышууга тийиш болгон негизги маалыматты берүү

9. Студенттердин натыйжаларын баалоо жана таануу эрежелери

Бааны сыпаттоо менен баалоо методдорун берүү:

- экзаменде практикалык тапшырманы аткаруу, анын ичинде долбоорду (моделдерди, мамилени, чечимдерди ж.б.) иштеп чыгуу жана жактоо (коргоо);

- экзамендеги кырдаалды (кейс-стади) талдоо;

- иштерди (иштин фрагменттерин) аткаруунун видео жазуусун талдоо жана/же иштер боюнча аңгемелешүү, долбоорду жактоо (коргоо). Баанын сыпаттамасы 5-бөлүмдө берилген компетенцияларга байланышryу болууга тийиш.

54. Зарыл болгон учурда билим берүү программасында алардын психофизикалык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн, жеке мүмкүнчүлүктөрүн жана ден соолугунун абалын эске алуу менен, майыптар жана ден соолуryнун мүмкүнчүлүrү чектелген адамдар үчүн практиканы жүргүзүү формалары белгиленет.

VI. ЖОО программасын ишке ашырууга катышкан тараптардын жоопкерчилиги жана функциялары

55. ЖОО программасын ишке ашырууга: студенттер, институт жана институт менен ЖООну уюштуруу жөнүндө келишимдерди түзгөн иш берүүчүллөр катышат.

56. Институт төмөнкү функцияларды аткарат:

- иш берүүчү менен бирге ЖОО программасын, адистик боюнча жумушчу окуу планын, окуу процессинин жылдык календардык графигин, билим бepүү процессин камсыздоо боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгат жана бекитет;

- студенттерге (алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө) ЖОО программалары боюнча окутуунун зарылдыгы жөнүндө маалымдайт;

- иш берүүчүлөр менен келишимдерди түзөт;

- студенттер үчүн ЖООдон өтүү жана иш берүүчүлөр, насаатчылар үчүн ЖООну өткөpүү боюнча нускоо ишин (инструктаж) өткөрөт;

- ЖОО программалары боюнча студенттер (студенттер/алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен макулдашуу боюнча) тизмесин түзөт;

- иш берүүчү менен ЖООну өткөрүү мөөнөттөрүн жана жиберилүүчү студенттердин тизмелик курамын макулдашат;

- ЖООну уюштуруу, иш берүүчүнүн базасында ЖООдон өткөpүү үчүн студенттерди жиберүү, студенттердин ар бир тобуна практикалык окутуу жетекчилерин бекитүү жөнүндө буйруктарды чыгарат;

- билим берүү программаларына ылайык студенттердин билим алуусу үчүн жоопкерчилик тартат;

- студенттер тарабынан практикалык окутуу жетекчисинин көрсөтмөлөрүнүн аткарылышын камсыздайт;

- практикалык окутуу жетекчиси тарабынан ЖОО программасынын, кызматтык нускамалардын (анын ичинде студенттин күндөлүктү жазуусун контролдоо, практикалык сабактар журналына жана күндөлүккө студенттин жетишүүсү жөнүндө маалыматтарды системалуу түрдө киргизүү боюнча) аткарылышын камсыздайт;

- иш берүүчү менен бирге кесиптик стандартгарга ылайык адистик боюнча жалпы жана кесиптик компетенцияларды баалоо жол-жобосун уюштурат;

- ЖООдон өтүү процессин өркүндөтүү, ЖОО программасын жакшыртуу боюнча сунуштамалар менен, иш берүүчү менен макулдашылган өткөн окуу жылы үчүн ЖООну өткөрүү жөнүндө ар жылдык отчетту даярдайт;

- ЖОО программалары боюнча окуудан өткөн бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштурууга көмөктөшөт;

- окутууга болгон муктаждыктарды талдоонун негизинде окутуучулар жана насаатчылар үчүн квалификацияны жогорулатуу программаларын иштеп чыгат;

- ЖООну жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө кызыкдар тараптарга маалымдайт.

57. Иш берүүчү төмөнкү функцияларды аткарат:

- кесиптик билим берүү уюму менен келишим түзөт;

- компетенттүүлүк негиздеги билим берүү программасын жана ЖОО программасын иштеп чыryу процессине катышат;

- институт жана ЖООго жиберилүүчү студенттердин тизмелик курамын макулдашат;

- ЖОО үчүн бөлүнүүчү жумуш орундарынын санын аныктайт;

- ЖОО үчүн студенттерди институт менен макулдашылган санда жана мөөнөттө жогоруда аталган формаларда кабыл алат;

- студенттерди устав, ички тартип эрежелери, санитардык, өрткө каршы, башка жалпыга милдеттүү ченемдер жана жүрүм-турум эрежелери менен тааныштырат;

- аны/аларды ЖОО программасынын ар бир багыты боюнча иштеги практикалык билимдерге жана ыкмаларга үйрөтүү үчүн ар студент (студенттер тобу) үчүн насаатчыны бекитет;

- ЖООну өткөрүү үчүн шарттарды түзөт, иш берүүчүнүн базасында ЖОО программасын ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү камсыздайт;

- ЖООнун максаттарына жана милдеттерине ылайык студенттер үчүн практикалык материалдардын жана процесстердин жеткиликтүү болушун камсыздайт;

- иш берүүчүнүн базасында санитардык эрежелерге, эмгекти коргоо, жашоо тиричилик коопсуздуryнун талаптарына жана өрт коопсуздугунун ченемдерине жооп берген ЖООдон өтүүнүн коопсуз шарттарын камсыздайт;

- Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук боюнча мыйзамдарында каралган инструктаждардын бардык түрлөрүн өткөрүүнү жана иш берүүчүнүн локалдык документтери менен таанышууну камсыздайт;

- институт менен бирге кесиптик стандарттарга ылайык адистиги боюнча студенттердин ЖООдон өтүү процессинде алар өздөштүргөн жалпы жана кесиптик компетенцияларын баалоо жол-жобосуна катышат;

- студенттерди орто аралыктагы жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоого катышат;

- ЖООну уюштурууда кесиптер боюнча гендердик стереотиптердин көрүнүшүн жоюу менен, эки жыныстагы студенттер үчүн тең гендердик жагымдуу чөйрөнү түзүүнү камсыздайт;

- мүмкүнчүлүккө жараша ЖООго жиберилген студенттер жана насаатчыларды моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын карайт;

- ЖООдон өтүү процессин өркүндөтүү боюнча сунуштамалар менен институттун өткөн окуу жылы үчүн ЖООну өткөрүү жөнүндө ар жылдагы отчетун макулдашат.

58. Насаатчы төмөнкү функцияларды аткарат:

- студенттин өндүрүштүк иш, корпоративдик маданият менен таанышуусуна жана кийин анын кесиптик жактан өнүгүүсүнө көмөктөшөт;

- билим берүү программасына жана окуу планына ылайык окутууну жүргүзөт;

- студентке кызматтык милдеттерди жана тапшырмаларды сапаттуу аткаруунун практикалык ыкмаларын үйрөтөт;

- студенттин тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуy аткаруусун контролдойт;

- студент кетирген каталарды табат жана бирге жоёт, болгон кемчиликтерди жоюуга жардам берет;

- студенттин күндөлүгүнө жазууларды өз убагында киргизет;

- студентте өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарууда жоопкерчиликтүү мамилени, ошондой эле кесиптештерине карата сый мамилени калыптандырат;

- студентти эмгекчилерди, алардын эмгегин жана эмгегинин натыйжаларын сыйлоого, ошондой эле өз эмгегине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга тарбиялайт;

- зарыл болгон учурда иш берүүчүнүн жетекчиси менен макулдашуу боюнча студенттин ЖОО программасын бир кыйла толук жана сапаттуу өздоштүрүүсү үчүн иш берүүчүнүн башка адистерин тартат;

- иш берүүчүнүн жетекчилигинен студенттердин толук эмгектенүүсү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү жөнүндө өтүнөт;

- иш берүүчүнүн жетекчисине студентке карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизет.

59. Студент төмөнкү функцияларды аткарат:

- иштин шарттары, бул чөйрөнү жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар, коопсуздук жана эмгекти коргоо шарттары менен таанышат;

- окуу жана өндүрүштүк тартипти, ички эмгек тартибинин эрежелерин, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча талаптарды сактайт, иш берүүчүнүн мүлкүнө аяр мамиле кылат;

- билим берүү программасына жана окуу планына ылайык толук окуу курсунан өтөт;

- жетекчинин практикалык окутууга жана насаатчынын ЖООго байланышкан көрсөтмөлөрүн аткарат;

- ЖООдон өтүү мезгилинде институттун талаптарына ылайык күндөлүктү жазат;

- окууну аяктагандан кийин орто аралыктагы жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоодон өтөт.

60. ЖООну уюштурууда мамлекетгик билим берүү стандарттарынын жана кесиптик стандарттардын (болсо) талаптарынын толук көлөмдө аткарылышын контролдоо билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана институттун билим берүү программаларын аккредитациялоонун алкагында жүргүзүлөт.

Раманкулов М.