| слайдтын № | Слайдтын мазмуну | |
| 1 | Өткөн сабакта биз силер менен маалымат деген эмне, массалык маалымат каражаттарына эмнелер кирээрин талдаганбыз. Ошондой эле, ММКлар коомдо кандай роль ойноорун, соз эркиндиги менен демократия кандай тыгыз байланышта экенин билгенбиз.Андан сырткары, ар бир адам, эгер ал маалымат мамлекеттик жашыруун сыр болбосо же конфиденциалдуу мүнөзгө ээ болбосо, маалымат алууга укуктуу экенин билдик. | |
| 2 | Бүгүн болсо курсту улантуу менен, силер менен журналисттердин иши туурасында, биз кандай кандай маалымат алууга укуктуубуз жана журналисттер кандай маалыматты жеткирүүгө милдеттүү экени боюнча сөз. Журналистика кандай болушу керек, биздин колубузда сапаттуу журналисттик продукт турганын аныктоо үчүн кандай критерийлерге жооп бериши керек?Бул суроого жооп издейбиз. Сабактын аягында медиа жана маалыматтык сабаттуулук өз ичине кандай түшүнүктөрдү камтый турганан талкуулайбыз. | |
| 3 | Журналист деген ким? Адабият сабагынан силер алып жаткан билим жана жөндөмдөр көптөгөн кесипти аркалагандарга керек. Азыр болсо журналистик кесипке токтололу. Журналистиканын тарыхы Орто кылымдардын башталат, анда саясий маалыматты глашатаи, герольд, курьер жана чабармандар ташып, указдарды окушкан. Кайсы бир деңгээлде заманбап журналистикадагы айрым гезиттердин аталышы ошол кездеги чабармандардан кабар берет: мисалы, форум, трибуна, вестник, курьер ж.б. Журналистика ( француз тилинен journal – дневник, газета) – бул актуалдуу маалыматты жыйноо, иштеп чыгуу жана массалык коммуникация каналдары (пресса, радио, телевидение, кино ж.б.). аркылуу аны таратуу боюнча коомдук ишмердүүлүктүн түрү. Мындан улам, журналист –массалык маалымат каражаттары системасында эмгектенген адам. | |
| 4 | Журналисттин негизги милдети – адамдарга жаңы, такталган фактыларды кабарлоо. Журналистин милдетине макала, жаңылык, реклама, репортаж, обзор, очерк ж.б. табуу жана жазуу кирет. Журнали́ст — негизги кесиби катары журналистика менен алектенген, маанилүү фактылар, окуялар, көрүнүштөр жана адамдар туурасындагы маалыматты чогултуу, талдоо, аудитория үчүн баяндоо жолу менен ММКларды маалыматтык жактан толтурууга көмөктөш болгон адам.Престиждүү саналаган адистиктегижурналисттер белгилүү бир коомдук пикирди калыптандыруу максатындагы публицистикалык эмгектерге багыт алышат. Мамлекет ММК ишине кийлигишүүгө укукгу жок. Өз ишмердүүлүктөрүндө журналисттер этикалык кодекске таянышат. Журналисттердин этикалык нормалары – кесиптик коомчулуктун өзүн өзү тескөө системасында маанилүү элемент. важный элемент системы саморегулирования профессионального сообщества. Бейтараптуулук жана көз карандысыздык – журналисттердин этикалык принциптери, алар дээрлик бардык этикалык кодекстерде бекитилген. Алар журналистти маалыматты бир нече булактан текшерүүгө, кандай маселе болбосун бир нече тараптын көз карашын чагылдырууга милдеттендирет. | |
| | №1-көнүгүү. Журналисттик маалымат кандай болушу керек? (кандай маалымат ММКга кызыктуу болот? - варианттар) (сунушталган убакыт 10 мин.) 1-КАДАМ. Окуучуларга суроо. Маалымат кандай болушу керек? 2-КАДАМ.Окуучулардын жообун угуу. Маалымат кандай болушу керек? (окуучулардын болжолдуу жооптору) 1 . Чынчыл. 2. Актуалдуу 3. Ыкчам 5. Түшүнүктүү. 6. Толук. 7. Өз убагында 8. Так… 9. 10. 3-КАДАМ. Мугалимдин толуктоосу | |
| 5 | ММК маалыматы кандай болушу керек? | |
| 6 | 1. Объективдүү маалымат Маалымат эч кимдин пикиринен, коз карашынан көз каранды болбосо, ал объективдүү болот. Мисал: “Эшикте күн жылуу” деген билдирүүсубъективдүү маалымат берет(пикир) , Ал эми “Эшикте 22°С» деген билдирүү бул – объективдүү маалымат– бул факт, эгер термометр туура иштесе. Объективдүү маалыматты туура иштеген датчиктерден, ченегич приборлордон алууга болот. Конкреттүү адамдын аң-сезимине чагылуу менен малымат информация объективдүү болбой калат, анткени кайсы бир деңгээлде конкреттүү субъекттин пикирине, ой жүгүртүүсүнө, тажрыйбасына, билимине жараша өзгөрөт. | |
| 7 | Мугалим үчүн: Маалымат качан калыс болот– эгер журналисттин материалга карата алдын ала пикири болбосо, эгер ал өз пикирине далилдерди эмес, чындыкты издесе. Бул журналист өз пикирине ээ болууга укуктуу эмес дегенди түшүндүрбөйт, бул ал өзүнүн материалдарында жалаң гана өз пикирине далил издебеши керек дегенди түшүндүрөт. Мисалы, эгер журналистке пациенттер кайрылып, райондук ооруканадагы саламаттыкты сактоо кызматтарын алуудагы начар абалды чагылдурууну суранса, журналист оорукананын жетекчисинин оюн угууга, зарыл болсо саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө же анын алдындагы ведомстволордун өкүлдөрүнө сөз берүүгө милдеттүү, бул калысталган тең салмактуу маалымат болуп саналат. ММК материалдарындагы тең салмактуулук – окуянын, процесстин, конфликттин бардык тараптарына сөз берүү. Бул алтын эреже болуп саналат! Эки талашкан тараптан тышкары, адатта үчүнчү тарап болушу мүмкүн, калыс, эксперттик көз карашы, окуяга сырттан көз салып турган талдоочунун пикири. | |
| 8 | 2. Маалыматтын толуктугу. Маалымат кабыл алууга түшүнүктүү жана чечим кабыл алууга жетиштүү болсо, аны толук деп айтууга болот. Мисалы: Тарыхчынын кыялы – өткөн доорлор туурасында толук маалыматка ээ болуу. Бирок, тарыхый маалыматтар эч качан толук болбойт жана маалыматтын толуктугу тарыхый доордон узаган сайын азая баштайт. Ал тургай биздин көз алдыбызда өткөн окуялар толугу менен документтештирилбейт, көп нерселер унутулат, эскерүүлөр өзгөрө баштайт. Толук эмес маалымат туура эмес бүтүмгө же чечимге алып келиши мүмкүн. | |
| | 2-Көнүгүү. «Сокурлар жана пил» (сунушталган убакыт 15 мин.) 1-Кадам. Окуучулардын арасында 3-4 катышуучуну тандап алып, алардын көзүн таңуу керек 2-Кадам.Окуучуларга ар кайсы бөлүктөрү ар түрдүү предмет берүү керек (бул жумшак оюнчук болушу мүмкүн, химия кабинетинен кандайдыр бир предмет ж.б.), ар бирине алар предметтин бир гана бөлүгүн кармашы керектигин айткыла (вариант катары бул бөлүктөргө бөлүнө предмет болушу мүмкүн, ал бөлүктөрү бири-биринен абдан айырмаланышы абзел, көнүгүүнүн ар бир катышуучусуна бирден бөлүгүн карматкыла). Ар бир катышуучу колунда эмне кармап турганын түшүндүрүүсү керек. Мугалим, алдын ала бул эмне предмет болоорун ойлонуп коюңуз. 3-Кадам.Сокурлар жана пил жөнүндөгү притчаны окуу. Мындай байыркы притча бар. Бир кыштакта качандыр бир кезде алты сокур жашаптыр. Бир жолу алар “Бизге пил келди”” дегенди угуп калышат. Сокурлар пил деген эмне экени туурасында эч бир түшүнүктөрү жок эле. Алар “биз аны көрө албасак да, барып кармап көрөлү” деп чечишет. «Пил - бул колонна», – дейт пилдин бутун кармаган биринчи сокур. «Пил бул - аркан», – дейт пилдин куйругун кармаган сокур. “Ой жооок, булбутак” – дейт пилдин узун мурдун кармаган сокур. “Ал чоң желдеткичке окшош экен” дейт жаныбардын кулагын кармап көргөн сокур. “Пил бул – чооң челек” дейт пилдин курсагын кармаганы. “Ал чылым тартчу түтүккө көбүрөөк окшош ко” - , дейт пилдин оозунан чыгып турган учтуу сөөгүн сыйпалаган сокур. Алар абдан кызуу талашып, ар бири өзүнүкүн бербейт. Алардын талкуусуна жолдо өтүп бара жаткан акылман адам аралашпаганда эмне болмок эле ким билсин. Анын “эмне болду?” деген суроосуна сокурлар пилдин эмнеге окшош экенин таппай жатканын айтышат. Ар бири өз пикирин айтып чыгышат. Ошондо акылман айткан экен: “Баарыңардыкы туура. Эмне үчүн силер ар бириңер ар башкача айтып жатканыңардын себеби, силер пилдин ар кайсы бөлүгүн кармадыңар. Чынында пилде силер айткан нерселердин баары бар”. Класска суроо: бул притчанын кандайча толук маалымат алуу менен байланышы бар? Эгер кыйынчылык жаралса, мугалим үчүн текст: бул притчадан ала турган сабак төмөндөгүдөй, ар түрдүү адамдардын бир эле нерсе туурасындагы пикирлеринде чындыктын бир бөлүгү гана бар. Биз притчанын идеясын, бир предмет, окуя, көрүнүш жөнүндөгү толук маалымат жок болгон кырдаалга салып көрөлү. Кандайдыр бир бөлүгүн гана кармап көрүү менен, биз анын көрүнүшү чынындакандай экенин биле албайбыз. | |
| 9 | 3. Маалыматтын актуалдуулугу – ушул учур үчүн маанилүүлүгү, күнүмдүк.Өз убагында алынган малымат гана пайдалуу болушу мүмкүн. Малыматтын актуалдуу эмес болушуна эки себеп бар: Ал эскирип калышы мүмкүн (өткөн жылкы гезит) же керексиз, өтө маанилүү эместиги (мисалы, Италияда бардык товарларга баа 5% төмөндөдү деген билдирүү). Маалыматтын эскириши – убакыттын өтүшү менен анын баалуулугунун жоголушу. Маалыматты убакыт эскиртпейт, тактаган, толуктаган же толук четке каккан жаңы маалыматтын чыгышы эскиртет. Илимий-техникалык маалыматтар тезирээк эскирет, эстетикалык (искусство) маалыматтар жайыраак. Логикалуулук, чакандык, берүүнүн ыңгайлуу формасы маалыматты кабылдоону жана сиңирүүнү жеңилдетет. | |
| 10 | Маалымат аудиторияга түшүнүктүү болушу керек. Журналисттер биринчи кезекте өз окурманына же көрөрманына кызмат кылат. Журналисттин чеберчилиги - эң татаал нерселерди жөнөкөй тил менен түшүндүргөнүндө. Ошентип, биз силер менен малымат деген эмне экенин, анын түрлөрүн, ММКга эмне кирээрин, алардын функцияларын жана журналист деген ким экени туурасында билдик. ММКлар демократиянын өнүгүшүнө, жарандардын экономикалык, саясий жашоого аң-сезимдүү катышуусуна көмөкчү болот, бирок манипуляциянын куралы да болушу ыктымал. Манипуляция тууралуу кийинки сабакта сүйлөшөбүз. | |
| | 3-көнүгүү. Менин убактым(сунушталган убакыт 10 мин.) | № | Иш-аракет | Сутка (24 саат) | Жума *7= | Ай *4= | | 1 | Тамактануу | | | | | 2 | Уйку | | | | | 3 | Жаңылыктарды жана фильмдерди көрүү | | | | | 4 | Үй тапшырманы аткаруу | | | | | 5 | Социалдык тармактарга кирүү (WhatsApp, Одноклассники, Facebook, ВК, ж.б.) | | | | | 6 | Интернетте достор менен баарлашуу | | | | | 7 | Үй- бүлөдөгү баарлашуу (ата-эне, эже-карындаш, ага-ини менен) | | | | | 8 | Үй жумуштарына жардам берүү | | | | | 9 | Эс алуу, хобби ( өзүнө өзү ырахат тартуулоо) | | | | | 10 | Спорт | | | | | 11 | Башка | | | | | | Бардыгы ( саат менен) | 24 саат | 168 саат | 672 саат | Окумуштуулар аныкташты: 14 - 18 жашка чейинки курактагылар 8-9 саат укташы керек. Уйку учурунда балдардын денеси, мээси эс алып, акыл күчу жана дене күчү калыбына келет. Эгер өспүрүмдүн уйкусу канбаса, аз өтпөй ал чабал, бат кыжырданып, алаңгазар боло баштайт. Анын иш жөндөмдүүлүгү 30% кыскарат. Өспүрүмдөр канча убакыт компьютер алдында өткөрсө болот: 10-12 жаштагы өспүрүмдөр 0,5 – 1 саат, 13-16 жашка 1,5 – 2 сааттан ашпаш керек. КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Эгер көрсөткүчтөр төмөн же жогору болсо, күн тартибин өзгөртүү сунушталат!!! | |
| | № 4-Көнүгүү Медиасабаттуулук. Медиабилим. (сунушталган убакыт 10 мин.) Адамдын дүйнө кабылдоосунун калыптанышында массалык маалымат каражаттарынын ролу чоң. ММК пайда менен бирге зыян де алып келиши мүмкүн. ММКдан алып жаткан маалыматтан баш тартуу керекпи, бул дээрлик мүмкүн эмес. Маалымат агымында кантип багыт табуу керек? Алынган маалыматты сын коз менен талдоо. 1-КАДАМ.Окуучуларга суроо: Силер “медиасабаттуулук” жана “медибабилим” дегенди кандай түшүнөсүңөр? (оозеки, дароо, тез) 2-КАДАМ.Окуучулардын болжолдуу жообун угуу. | |
| 11 | Биринчи кезекте терминдин өзүн талдоо керек. В первую очередь, следует разобраться с терминологией. Эгерде сабаттуулукту кеңири маанисинде алсак, сунушталган тилде окуй жана жаза билүү гана эмес, аны менен бирге грамматика жана туура жазуу нормаларында бекитилген эрежелер боюнча жаза билүү. Ал эми медиасабаттуулук – медиатексттерди түшүнө, анализдөө дана жарата билүү жөндөмү. 3-КАДАМ. Медиа жана маалыматтык сабаттулук өз ичине эмнелерди камтыйт: 4-Кадам.Талкуу – окуучулар ар бир пунктту кандай түшүнөт | |
| 12 | Медиасабаттуулук– бул адамдын: ММК ролун жана функциясын түшүнүү; Медиа-контентти сын өз менен анализдеп, баалоо; ММКны демократиялык максаттарга, маданияттар аралык диалогко, билим алууга пайдалана билүү; Жеке өзүнүн медиа контентин өндүрө билүү жөндөмдүүлүгү (өз алдынча медиапродукт жасай билүү) жөндөмдүүлүгү. Мугалим үчүн: азыр жаңы медиа болуп эсептелген соцтармактар ар бир адамга өзүнүн контентин түзүүгө мүмкүнчүлүк берээрин түшүндүрүү керек: фейсбукка пост жазуу, инстаграмга сүрөт жайгаштыруу, ютубка видео жүктөө ж.б.); Маалыматтык-коммуникативдик технологиялар менен колдоно билүү жана башка медиа жөндөмдүүлүктөргө ээ болуу. (Медиабилим боюнча Грюнвальд декларациясы, 1982-ж.) | |
| 13 | Медиабилим– ар бир өлкөнүн жаранынын эркин пикирин билдирүү, маалымат алуу укугунун бир бөлүгү, ал демократияны колдоого өбөлгө түзөт. (ЮНЕСКО Рекомендациялары, 2002) | |
| 14 | Жыйынтыктоо.Бүтүмдөр: Журналистин негизги милдети – адамдарга жаңы туура фактыларды кабарлоо. ММК маалыматы калыс, толук, тең салмактуу, актуалдуу, түшүнүктүү болушу керек. Маалыматты аз-аздан кабыл алуу керек. Медиасабаттуулук - заманбап шартта зарыл болгон жөндөм. | |