СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жусуп мамай манасчы

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жусуп мамай манасчы»

Жусуп Мамай (1918)

Жусуп Мамай

(1918)

Жусуп Мамай уулу - кытайлык кыргыздардын 20-кылымдын экинчи жарымы - 21-кылымдын башындагы чыгаан манасчысы, дастанчы, коомдук ишмер.
  • Жусуп Мамай уулу - кытайлык кыргыздардын 20-кылымдын экинчи жарымы - 21-кылымдын башындагы чыгаан манасчысы, дастанчы, коомдук ишмер.
Кыскача өмүр баяны 1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында туулган. Жети жашынан кат тааныган. Анын агасы Балбай

Кыскача өмүр баяны

  • 1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында туулган.
  • Жети жашынан кат тааныган.
  • Анын агасы Балбай "Манас" эпосуна кызыгып, аны чогултуп кагазга түшүрүп жүргөн. Жусуп Мамай "Манас" эпосунун сегиз урпагына чейин айтат. Анын айтымында бул эпос 500 миң сап ырды түзөт.
  • "Манас" дастанын Жусуп Мамай айткан варианты КЭРде араб тамгасы менен басмадан чыккан. Мындан тышкары "Төштүк", "Мамаке Шопок", "Көбөөн", "Толтой" сыяктуу чакан дастандары да басмадан чыгартылган.
  • Кыргызстанга бир нече ирет келген.
  • 1989-жылы Теке айынын 3 Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын уюштуруу жыйынына жазуучу Түгөлбай Сыдыкбек уулу экөө сый конок катары катышкан.
  • 1995-жылы Кыргызстандагы "Манас" дастанынын шарттуу миң жылдык мааракесине катышкан.
  • Кыргызстандык бедизчи Тургунбай Садыков анын айкелин жасаган.

Өмүр таржымакалы тууралуу толугураак маалымат

Кыргыз Республикасынын эл артисти, биринчи даражадагы «Манас» орденинин ээси Жусуп Мамай Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылынын Ат-Жайлоо конушунда 1918-жылы 4-майда туулган.

Башка манасчылардай эле Жусуп Мамай да «Манас» айтып калышына аян берүү себеп болгондугун белгилейт.

Эң алгачкы ирет ал он жашында Ырамандын Ырчы уулунан аян алат. Түшүндө жайдак буурул атка тердик салып минген кара чаар, оозу өтө эле чоң киши алдында пайда болот.

Жусуп атчан кишинин жанына барып, анын атынын суулугунан кармайт.

Ошондо кара чаар киши: «Эй бала, жакшы билип ал, тээтигилерди көрдүңбү?» - дейт.

Жусуп ал көрсөткөн жакты \ , эки боз атчан киши жанаша турган экен, экөө тең кутпа жакты карап, ак чапанчан болуп турган, алардын артында дагы жанаша эки атчан киши турган экен.

Бирөөнүн мингени кара көк ат, бирөөнүн мингени сары ат экен. Алардын белдери курчалуу экен, эң арка жагында бир ачык кызыл ат минген киши турган имиш.

Ошондо баштапкы кара чаар чоң киши Жусупка кайрылып, атчан адамдарды тааныштырат: «Тээтиги эң алдында турган эки киши – Манас менен Бакай. Алардын аркасындагылар - Алмамбет менен Чубак. Ал эми тиги эң артында турган атчан – Сыргак болот. Мен Ырчы уул болом. Ажыбай аркада калды».

Артына кылчайып карайын дегенчекти болбой, Жусуп ойгонуп кетсе, түш экен.

Баатырлар Жусупка аян бергендигин билгенден кийин атасы Мамай айылдагыларды чакырып, бир козу союп, элдин батасын алат.

Ошондо атасы уулуна: «Манас деген тирүү олуя, жаш адам жакшы-жаман иштерге жолугат. Кырк жаштан өтмөйүнчө «Манас» айтпа» - деп, акыл-насаатын айтат.

Атасынын сөзүнөн чыкпай, «Манасты» эл алдында айтпай жүргөнү менен, уктап жатканда түнү бою айтып чыккан учурлары көп болот.

Бирок 1932-жылы көктөм мезгили келип, ууз кымыз чыкканда, чогулган элдин өтүнүчү боюнча Жусуп өмүрүндө биринчи жолу «Манас» айтып берет. Ал эми Жусуп 16 жашка келгенде, атасы Мамай дүйнөдөн кайтат.

Эки жылдан кийин 18 жаш курагында, кайсы бир отурушта Жумакун Мамбетакун манасчынын айтып жаткан «Алмамбеттин арманын» угуп, анын токтогон жеринен Жусуп чыдай албай улап айтып кирет да, «Алмамбеттин Көкчөгө баргандыгы» аттуу окуяны кошуп айтып бүтүрөт. Мына ошондон кийин гана Жусуп «манасчы» деген атка конот.

1961-жылы Шинжаң Уйгур автономиялык районунун борборунда адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмеси уюштурулуп, Жусуп Мамайдын айткан «Манас» вариантын жаздыруу үчүн атайын топ түзүлүп, жарым жыл аралыгында 110 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт.

1964-1966-жылдар аралыгында толуктоо максаты менен Жусуп Мамайдын вариантын жазып алуу үчүн экинчи ирет илимий экспедиция жиберилет.

Бул сапар манасчыдан 196 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт. Ал эми 1966-жылы Кытайда «Маданий революция» саясаты башталгандыктан, 1966-жылдан 1978-жылдын ноябрь айына чейин Жусуп Мамай саясый куугунтукка туш болот.

Манасчы үй-жайынан ажыратылып, борбордон алысыраак болгон “Ак-Булуң” деген айылга көчүрүлөт. Манасчынын оозунан жазылып алынган Манастын 8 урпагынан турган материал Бээжинге жиберилет.

Бул каардуу жылдары Ак-Булуңда жатып тим болбостон, 1937-жылы атылып кеткен агасы Балбай учурунда айтып берген “Манастын урпактары тууралуу баянды” Жусуп Мамай өз алдынча кагазга түшүрө баштайт.

1978-жылы декабрь айында Жусуп Мамай Бээжин шаарына чакыртылып, ушуну менен үчүнчү сапар манасчынын вариантын кагазга түшүрүү иши колго алынат.

Ал эми 1964-жылы жазылып алынган материалдардын ичинен Жусуп Мамайдын «Семетей» гана бөлүгүнүн кол жазмасы калып, калганы дайынсыз табылбай калат. Кайрадан башталган ишти Сакен Өмүр баштап, Асанбай Матим, Мамбетасан Эрги, Оргалча Кыдырбай, Толкун Турду, Токтобүбү Ызак тарабынан ишке ашырылып, манасчынын варианты боюнча Манастын 8 урпагы кагазга түшөт, алар: Манас – 50 миң сап ыр, Семетей – 37 миң сап ыр, Сейтек – 25 миң сап ыр, Кененим – 34 миң сап ыр, Сейит – 11 миң сап ыр, Асылбача-Бекбача – 30 миң сап ыр, Сомбилек – 11 миң сап ыр, Чигитей – 12 миң сап ыр.

Кагазга түшүрүү иши 1983-жылга чейин жүргүзүлүп, аягына чыгат.

Бул мезгил аралыгында Жусуп Мамайдын 18 томдон жана 200 миң ашуун сап ырдан турган варианты толугу менен кагаз бетине жазылып алынат.

1984-жылы манасчынын варианты боюнча «Манас» бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт.

Мындан сырткары Жусуп Мамайдын варианты боюнча: «Курманбек», «Эр Төштүк», «Багыш», «Толтой», «Тутан», «Жаңыл Мырза», «Мамаке Шопок», «Көбөк» сыяктуу дастандар да кагазга түшүрүлүп, жарыкка чыгат. 2005-жылы Жусуп Мамайдын айтуусундагы «Манас» эпосунун толук варианты бир китеп болуп кириллица арибинде Кытайдан чыгат. Жусуп Мамай 1990-жылы Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн «Манас» эпосу боюнча Эл аралык илимий конференциянын катышуучусу болот. Кыргызстанга манасчы биринчи ирет 1992-жылы манасчы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, экинчи жолу 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине ардактуу конок катары чакыртылат.

Мындан сырткары Жусуп Мамайдын варианты боюнча: «Курманбек», «Эр Төштүк», «Багыш», «Толтой», «Тутан», «Жаңыл Мырза», «Мамаке Шопок», «Көбөк» сыяктуу дастандар да кагазга түшүрүлүп, жарыкка чыгат. 2005-жылы Жусуп Мамайдын айтуусундагы «Манас» эпосунун толук варианты бир китеп болуп кириллица арибинде Кытайдан чыгат.

Жусуп Мамай 1990-жылы Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн «Манас» эпосу боюнча Эл аралык илимий конференциянын катышуучусу болот.

Кыргызстанга манасчы биринчи ирет 1992-жылы манасчы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, экинчи жолу 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине ардактуу конок катары чакыртылат.

Устаттары  Жусуп Мамайдын манасчы катары калыптанышына учурунда бир тууган агасы Балбай: Жусупакун, Ыбырайым (Ыбырайым Абдыракман уулу эмес), Чоюке, Акылбек, Тыныбек, Сагымбай, Шапак, Дыйканбай аттуу манасчылардын оозунан жазып алган варианттарынын кол жазмаларын да пайдалангандыгы талашсыз.

Устаттары

Жусуп Мамайдын манасчы катары калыптанышына учурунда бир тууган агасы Балбай: Жусупакун, Ыбырайым (Ыбырайым Абдыракман уулу эмес), Чоюке, Акылбек, Тыныбек, Сагымбай, Шапак, Дыйканбай аттуу манасчылардын оозунан жазып алган варианттарынын кол жазмаларын да пайдалангандыгы талашсыз.

Ал тууралуу жыйындар  2013-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атныдагы Кыргыз улуттук университетинде Жусуп Мамайдын 95 жылдыгына арналган жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү.

Ал тууралуу жыйындар

2013-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атныдагы Кыргыз улуттук университетинде Жусуп Мамайдын 95 жылдыгына арналган жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү.

Ал тууралуу иликтөөлөр  Кыргызстанда Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын жана ал айткан «Манас» эпосун изилдеп келгендер: С.Алиев, Т.Кулматов, К.Жусупов, К.Жумалиев, М.Жумалиев, К.Кырбашев, К.Артыкбаев, Р.Кыдырбаева, Ж.Орозобекова ж.б. адистер.  Ал эми Кытай жергесиндегилерди алсак: Толкун Турду, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтобүбү Ысак, Лаңйиң ж.б.

Ал тууралуу иликтөөлөр

Кыргызстанда Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын жана ал айткан «Манас» эпосун изилдеп келгендер: С.Алиев, Т.Кулматов, К.Жусупов, К.Жумалиев, М.Жумалиев, К.Кырбашев, К.Артыкбаев, Р.Кыдырбаева, Ж.Орозобекова ж.б. адистер.

Ал эми Кытай жергесиндегилерди алсак: Толкун Турду, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтобүбү Ысак, Лаңйиң ж.б.

Пайдаланылган адабият  Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2  Кыргыз элинин манасчылары: Маалымдама китеп. – 1-чыг., Түз.: Т.Бакчиев, Р.Исаков. – Б.: Кыргызпатент, 2010. – 96 б.

Пайдаланылган адабият

Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2

Кыргыз элинин манасчылары: Маалымдама китеп. – 1-чыг., Түз.: Т.Бакчиев, Р.Исаков. – Б.: Кыргызпатент, 2010. – 96 б.

Аткарган:

Аткарган: