СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
"Ажал ордуна" аттуу драма. Бул китеп 10 класстар үчүн.
АЖАЛ ОРДУНА
Автор: Жусуп Турусбеков
(Эр жигит эл четинде, жоо бетинде)
7 сүрөттүү драма
КАТЫШУУЧУЛАР
Искендер, кайраттуу, толмоч, кедей жигит, 25 жаштарда .
Бектур, 80 жаштарда. Көптү көргөн, кайраттуу, жашы көпкө кеткен болсо дагы, сөөгү мыкты, жайкалган ак сакалдуу карыя.
Кабыл, кайраттуу, 20 жаш чамасындагы жигит.
Зулайка, 17-18 жаш чамасындагы келбеттүү, сезгич кыз.
Зулайканын атасы, карып калган киши
Зулайканын энеси
Карымшак, кедей чал.
Максүт, болуш. Куу, 40 жаштар чамасындагы киши .
Насип, жесир аял, 35 40 жаш чамасында.
Алымбай, 30-35 жаштардагы манап. Өкүмчүл.
Учей-Фу, Кулжадагы сүткор соодагер .
Гуан-Сиуа , Учей-Фунун жигити
Литун-чан, Учей-Фунун мурунку малайларынан
Си-Тай-хао , Учей-Фунун аялы
Башка дагы көтөрүлүшчүлөр, солдаттар, кызыл партизандар катышат .
I СҮРӨТ
Күзгө таянып калган учур. Карагай, арчалуу капчыгай. Өрдөп барган жери дөңсөө, бир жагы кокту сымалдуу. Жогортон коктуну көздөй агып жаткан кашка суу. Көшөгө ачылганда ыраактан ырдап, сууга келе жаткан кыз-келиндердин үнү угулат.
Биринчи кыз
Аркар, кулжа төрдө ойноп,
Өрдөк, чүрөк көлдө ойноп;
Жатакчылар конушат,
Ташылышып көл бойлоп.
(Киришет)
Жалпы
Багы болсо жигиттин,
Ары болсун жигиттин.
Бизге окшогон жайдары,
Жары болсун жигиттин...
Зулайка
Мүнөзү бар салмактуу,
Жатакчыда ардактуу;
Бозойлор бар мүлүшкөр,
Кыз, келиндер, биз ак куу.
Жалпы
Багы болсо жигиттин,
Ары болсун жигиттин.
Бизге окшогон жайдары,
Жары болсун жигиттин...
Насип. А, айланайындар, ырас айтасыңар. Ошол асыл балдардан айрылып, эмне оокат кылар экенбиз, кырчындай болуп тегиз өсүп келе жатышты эле.
(Искендерлер кирет)
Искендер. Амансыздарбы?
Насип. Аман-эсен, айланайындар. Деги эмне болуп жатасыңар?..
Искендер. Эмне болмок эле, жеңе... Баарыбызды тең зордук менен аскерге алып жатат.
Зулайка. Зордукка жигит чыдайт бекен?
Искендер. Зордук күч болсо, чыдабай кантсин?
Зулайка. Анда жигиттин кайратынын жоктугу. (Маанилүү карайт) Жүргүлө!
(сууларын бакандашып алып баса түшүп барып токтоп калышат).
Искендер. Ырас... анда жигиттин кайратынын жоктугу!
(Оор тынчтык. Эл чогулуп күңүрт ойго кеткен).
Искендер
Кедей шордуу кайда барып батасың.
Жөндүү турмуш даамын качан татасың?..
Бай сүйлөсө бүжүрөбөй эркиңче,
Бойду жазып качан эркин басасың?
Жалдыратып оокат кылган жерди алды,
Жерди албады, казып жаткан кенди алды.
Эртеңки өмүр кайгы болуп жүктөлүп,
Кедей саган какыраган бел калды...
Бектур
Күндө келип старчындар камады,
Жалаа кылды, шумдуктарды жамады.
Алым, чыгым буйрук бар деп жогортон,
Кедей сени туш-туш жактан талады.
Жалпы
Үйүңдөгү катын-балаң самтырап,
Турмушуңдун жөнү кеткен алдырап.
Үстүндө бир үйрүп салар кийми жок,
Атакелеп балаң турат жалдырап.
Кедей сага ушул турмуш караңгы,
Сабырың суз санга бөлдүң санааңды.
Күндөн-күнгө бата берип жокчулук,
Ырбаттың сен жүрөктөгү жараңды.
Кедей жашы качан акпай токтолот,
Кедей жогу качан эми жоктолот?
Көкүрөктө калың кайгы чер болду,
Шордуу журт ай качан эми козголот.
Искендер. Бектур карыя, көптү көрдүң эле. Журт камакта калды. Айла эмне болот?
Бектур. Ырас, балам Искендер, журттан айла кетти. Мындай учурда элди камактан өзүң өңдүү азаматтар алып чыгуучу.
Искендер. Журт! Эмне кылабыз?..
Үндөр. Ушул жерде өлөбүз. Барбайбыз!
Бектур. Балдар! Силер өңдүү кырчындай азаматтарыбыздан айрылып, биз кимге тукум болмок элек. Солдат бербейбиз. Өлсөк ушул жерде чогуу өлөбүз.
Үн. Беке, туура айтасың. Балдардан айрылып кайда бармак элек.
Мамбет. Акылыңардан адашпагыла, журт! Ак падышанын буйругун орундабай турган чарабыз жок. Алчуу солдатын берип тыналык.
Кабыл. Берип тыналыкпы?!. Дагы эмне кылалык?!
Искендер. Мамбет минтип турбаса Мамбет болмок беле?!
(Алымбай, Максүт кирет)
Мамбет. Салоом алейкум!
(Алик алышат).
Максүт. Бектур аксакал, жакшысыңбы? Элиңдин түрү кандай?
(Искендер акырая карайт да отурат).
Бектур. Элдин түрү кандай болмок эле, өзүңүзгө дале белгилүүдүр деп ойлойм.
Алымбай. Бу кандай баарыңар эле кергиштеп калгансыңар.
Максүт. Эл болгондон кийин ошондой боло берет. Мында өөн көрө турган эч нерсе жок, Алымбай.
Бектур. Өзүңөр көрүп отурбайсыңарбы, эл бөөдө өлүмгө ичинен чыккан балдарын жибергиси келбей отурат. Мына эл десеңер, жыйылып келди.
Максүт. Журт, жакшылап ойлонгула, ак падышанын каарына калбагандай бололу. Силердин камалып отурганыңарды билип эле отурабыз, билгенде айла канча. Ушундай эмеспи, Алымбай?
(Алымбай мурчуюп ары-бери басат).
Искендер. Ал буйрук кандай экен?
Максүт. Буйругу керек болсо окуп берейин. Падышанын буйругу кудайдын буйругу, болбосо биз эле кантип силерди өлүмгө айдайлы.
Искендер. Жакшы кеп!
Максүт. Искендер балам, эмнеге кекеткидейсиң, мына ак падышанын буйругу боюнча болуш, старчындар, ыймам, молдолор, ардактуу бай, манаптар алынбайт. Ошону менен бирге, колунан келгендер өзүнүн ордуна башкаларды жалдап жиберүүгө акылуу!
Кабыл. Демек, жалаң кедейлер барат экен да!
Искендер. Анан ким бармак эле!
Максүт. Журт! Кудайдын салганы ушул. Ажалыбыз болсо өлөрбүз, азабыбыз болсо көрөрбүз. Ана, мына деп акылдан адашпайлы. Бир кудай өзү паана бүгүн үйөздөн киши келет. 18 ден 42 ге чейин эр бүлөбүз солдатына барып берели.
Искендер. Журт, эмне тунжурайсыңар... Берер жообуңар барбы?
Үндөр ( иретсиз ). Барбайбыз.
(Кабыл, Бектур кайраттанып тура калат).
Жалгыз үн. Өлсөк ушул жерде жатып өлөбүз.
Искендер. Туура. Бай-манаптардын балдары үчүн барып өлгүчө ушул жерде өлүшөлү. Камданалы, курдаштар. Жетет эми!
Алымбай. Бас жаагыңды, журт бузар акмак!
Искендер. Ким акмак, ким акылман экенин кандуу казат 1 көрсөтөр, мырзам!
Алымбай. Эмне?!
Искендер. Ызырынба! Камчынын тагы жедеп өткөнү эсиңде болсун? Бара турган эл болсо алып бар. Мына эл!
Насип. Бул Максүттөр турганда бизге күн жок, айланайындар... Өзүңөр билесиңер, менин жалгыз баламды старчынга каяша айтты деп, айыптап айып кесип, жигиттерине тепкилетип жүрүп, аягында таяктын уусу өтүп өлдү... Буларга салган күн курусун. Ошол эле Максүт ушул!
Кабыл. Алымбай менен Максүт өзү барсын.
Үндөр. Туура! Өздөрү барышсын!
Максүт. Журт, адашып жатасыңар. Жалгыз аттуу, жайдак тондуу бир селсаяктын тилин ээрчигениңер эмне? Ата наркы кана? Ызаат деген болчу эле, ал кайда кеткен?
Кабыл. Ошол ата наркы, ызаат деген түбүбүзгө жетти.
Максүт. Кече күнү эле бири-бирибизди сыйлашчу элекко. Улуубуздукун кичүүбүз көтөрүп, ак падышанын айтканын орундап бейкут жаткан эл элек. Бүгүн бизге эмне болду? Элден, журттан чыккан терс аяктарды ээрчийсиңерби... Уюткусу бар эл элек. Бузулбайлы... Ак падышанын амырына бой суналы. Берүүчү солдатты берип тыналы.
Кабыл. Максүт, албарстыдай жалынбай, бул жерден кетсеңчи.
Ү н. Баса десең...
Бектур. Максүт, сен ак падыша, ак падыша дейсиң, ак падышаң биз үчүн эмне кылып берди? Бал тилиңди салып бизди алдап эмне кыласың. Солдат бербейбиз, деп жатат деп ак падышаңа барып айтсаңчы. Көп кептин эмне кереги бар.
Максүт. Бектур карыя, чын айтып жатасыңбы?
Бектур. Чын эле айтып жатам. Бизди өз жолубузга тынч койсоңчу, Максүт!
Алымбай. Карыганда муну кудай урган тура.
Бектур. Мени ушинтип кудай урду. Ак падыша, ак падыша, эмне ак падыша! Падышанын бергени: жер, сууну алганын мындай эле коё туралы, күнүгө ырамат, күнүгө салык салганыбы? Жадаганда кийиз, тон, байпак, жип-шуубуздан өйдө жыйнап алды.
Искендер. Ал болуш бийлердин чыгымычы.
Бектур. Журтчулдук, чыгым дагы алда немелерди айтып старчының камчысын үйрүп күнүгө келип калат. Ак падышаңды ары алып барчы, Максүт. Мынакей элдин өзүңдү сүйбөй отурганын көрүп отурасың.
Максүт. Бектур, ойлонуп иш кылган жакшы. Ойлонгула.
Бектур. Ойлонуп эле ушуну кылып отурабыз. Ичтен чыккан балдарыбызды өлүмгө жибере турган алыбыз жок. Балдар, өз билгениңерди кылгыла. Мына Максүт деген Максүтүңөр ушул.
Кабыл. Максүт баягы эле Максүт эмеспи?
(бурулуп элдин арасын көздөй басып кетет).
Искендер. Максүттүн чечендигин билбейсиңерби, ал бир сүйлөсө күн-түн да сүйлөп коёт. Ага карабай камданалы. Кандуу майданга чыгуу оңой иш эмес. Бүгүн түндөн калбай усталарды узантып...
Алымбай. Искендер!
Искендер. Эмне дейсиң?.. Аттарды такалатып, найза, шалк этме, чоюн баш жасаткыла. Мылтыктууңар ок, дарыңарды камдагыла. Туулдук — өлдүк. Азамат эл четинде, жоо бетинде деген кары сөзү эсиңерде болсун...
Алымбай. Эселек, неге мынча көптүң!
Искендер. Аны кийин угарсың.
Максүт. Жүр, Алымбай. Бектур, Искендер мырза, тилиңерге тишиңер күбө болсун.
(чыгып кетишет).
Искендер. Макул. Оёзуңа айтып бар. (Тынчтык) Кап, ушуларды жайлап салбай...
Көптү көргөн карыя,
Эл камалып калды да!
Бектур
Азаматтар, майышпай,
Жоого каршы баргыла!
Искендер
Кармашкан жоого түшө элек,
Чынжырын толгоп үзө элек.
Баралына жетпеген,
Биз балапан күч элек,
Кандай болот карыя?..
Бектур
Кайышпагын, Искендер,
Камалып турса калың эл,
Чабуулду баштан киремин,
Карысам да мына мен,
Чабыттап учсаң алуучу,
Сен бир кыраан таш түлөк,
Белсенип жоого киргенде
Сестенбесин жаш жүрөк, балам.
Искендер
Аба! Ажыдаар менен арбаштык мында,
Адыр-жыбыт белдерге
Аябай кан чачууга.
Мен даярмын, жан аба,
Беттешкен жоону качырсам мына,
Кээ жерде белден ашырсам мына,
Канакей жоо кайда деп
Кабыландай ачынсам мына,
Кабалтең менде жарак жок, аба.
Кабыл жана бир тобу
Бел кылабыз биз сени, курдаш,
Жоону карат милтени, курдаш,
Ылайык эмес, карыя,
Азыртан минтип турганы.
Кана, Искендер, жүрөлүк,
Бүгүнчө ойноп, күлөлүк.
Ат такалап минели, курдаш,
Карууга найза илели, курдаш.
Касташкан жоону качырып, курдаш,
Эртеңден калбай кирели.
Кана баатыр, баш көтөр.
Камынбай жатсак күн өтөр!
Искендер
Анда усталар узансын, аба,
Жарактуу кол куралсын, аба,
Куралсын колуң куралсын,
Майданга, достор, майданга!
Жигиттер
Куралсын колуң, куралсын,
Майданга, достор, майданга!
К Ө Ш Ө Г Ө
II СҮРӨТ
Ары-ары жакта карагай, арчалуу тоо. Бери жакта дөң. Дөңдүн туурасы Ысык-Көл, дөңдө Бектур жана Карымшак. Мылтык үндөрү.
Бектур
Ай, канкорлор кан чеңгелин салды бейм,
Калың кыргыз канга батып калды бейм,
Дүрдүгүшүп кайра качты биздин кол,
Калдайган журт чоң мертинип калды бейм.
Качып калган калың кыргыз журтуна,
Бир жараткан өзү медет этсе экен.
Учурабай катын-бала кыргынга,
Алдыңкы көч ашууну ашып кетсе экен!..
Карымшак
Катын жесир, бала жетим калабы,
Элдин каны суудай болуп агабы.
Тарсылдатып камап келди солдаттар,
Баш калкалап, кылсак боло паананы!
Бектур
(Дүрбү салып отуруп)
Кең-Суу жактан чаң чыкты,
Чубаган кыйла жан чыкты.
Катуу жүрүп келе атат,
Көрсөтөр булар укмушту.
(Карымшак чыгып кетет)
Карууга найза илиптир,
Атты тандап миниптир.
Көч жөнөтүп келаткан,
Те кабылан сындуу жигит ким?
Жүрөгүндө түгү бар,
Кадимки Манас түрү бар.
Искендерим турбайбы,
Те кырк чородой сүрү бар...
(Дүрбү салып найзасын таянып отуруп калат. Кээ биринде бардеңке, бешатар, бараң, найза. Искендер баштаган жигиттер калың элди алып кирет)
Жоо этектен алды го,
Кан чеңгелин салды го.
Эми айла не болот,
Эл эсинен танды го, балдар.
Жигиттер
Камыкпа, Бектур карыя,
Каскактуу найза аларбыз.
Камап турган бул жоого,
Качырып кол саларбыз!
Атыша келсе атышып,
Сайыша келсе сайышып,
Эл үчүн курман болорбуз,
Чабыша келсе чабышып!
Искендер. Ушундай, Бектур карыя! Ак падыша, болуш-бийлер бизден бардык өнөрүн аяган жери жок. Туш-туштан түмөндөгөн солдаттарын жиберип жатат. Жигиттер, баш канжыгада, кан көөкөрдө. Өлгөндөн калган элди Кытай чек арасынан өткөрүп таштайлы...
(Тыштан Карымшак кирет).
Карымшак. Максүт менен Алымбай көчтүн алдын тосуп, өткөрбөй жатат. Бир бешик өңөргөн аялды Алымбай атып таштаптыр. Көч ийрилип эле өтө албай турат.
Искендер
Баргын, Кабыл, атка мин,
Камалган көчтү жолго сал.
Каяша айтса доңуздар,
Жонунан тилип кайыш ал, курбум!
Бай, манаптын жаны жан,
Кайда барсын кедей ал.
Кандай кордук бул өзү,
Бир беш-алтооң бирге бар.
(Кабылдар чыгып кетет)
(Бул учурда кемпир, абышка кызын жетелеп
кирет)
Абышка. Айланайын Искендер балам, бизди эмне кыласың? Түптөн калың солдат чыгып элди кырып жиберди. Ун-талкан жүктөп келе жаткан жалгыз уюбузду таштап, мына бул чычкандай балабызды жетелеп ушул жерге араң жеттик. Бир минер мингичибиз жок, өлө турганбыз.
Искендер. Иттер! Карыя, кам жебеңиз!
(Максүт, Алымбай, Мамбет жана Кабылдар кирет)
Максүт. Искендер балам, эл бузулуп турганда мындай чоңдуктун эмне кереги бар.
Искендер. Баса андай чоңдуктун эмне кереги бар?
Максүт. Кандай чоңдук, ботом?
Искендер. Максүт, сени менен бул жерде кежилдешип олтура турган алыбыз жок. Камалган элди мөндүрдөй жааган окту көздөй кайта айдаганыңа журт чыдабайт.
Максүт. Мына кызык!
Бектур. Кызык деп коёт. Түв, бетиң жок экен Максүт!
Алымбай. Бектур!
(Бектур акырая карайт да, басып кетет).
Искендер. Алымбай, мына бул киши сенин эшигиңде жүрүп карыды эле, бир мингич берүүгө жарабаптырсың: бар Кабыл, Алымбайдын жылкысынан бирден мингич кармап бер!
Кабыл. Жүргүлө
(Эрчип барышат).
Кемпир. Учуң узарсын, кагылайын!
Алымбай (Кабылга). Токтогун, мурдунан көпкөн акмак!
Кабыл. Эмне?
Искендер. Бар, бара бер, Кабыл.
(Алымбай Искендерди тикирее карайт. Бул учурда Зулайка Искендерди көз токтотуп карайт. Искендер муну байкап калат. Кабыл, абышка, кемпирди ээрчитип чыгып кетет).
Алымбай. Ит үйүр болсо жолборско үрөт. Эл бузар ит, тизгиниңди тарт!
Искендер (Унчукпай акырая карайт да, бардеңкесинин замогун тартып, Алымбайды атып таштайт). Жолборс имиш!..
Мамбет. Акмак (Демитет. Бирөө Мамбетти тороп жакалай түшөт).
Максүт. Кой Мамбет балам, жүр! Жүргүн, көч эмне болду?
Искендер. Баргыла көчүңөргө, калганын кезегинде сүйлөшөрбүз!
Максүт. Ачууңду тый, Искендер балам, биз кетелик.
(чыгып кетишет).
Үндөр. Жойпу түлкү, бал тилин салат.
Бектур (Дүрбүсүн көзүнөн алып). Искендер, кагылайын балдарым, кара баткактан берки кара жолдун бою чаң тополоң түшүп калды. Эл кара таандай болуп төш таяна берди, бул эмне деген шумдук.
(Бул учурда Кабыл кайта келет).
Кабыл, жүргүлө курдаштар, биз барып жоону тороп туралык, көч узап кетсин!
(Искендер жигиттери менен чыгып кетет. Бектур баштап эл калышат).
Карымшак
Качып калган калың кыргыз журтуна,
Бир жараткан өзү медет этсе экен.
Учурабай катын, бала кыргынга,
Алдыңкы кеч ашууну ашып кетсе экен!
Бектур
Жүргүн эми аттар жакка кетелик,
Жүргүн эми көчтү кууп жетелик.
Кырылбасын катын, бала — калың журт,
Жүргүн эми көчтү узатып кетелик!
(Чыгып кетишет)
Бардыгы
(Жашып, Ысык-Көлдү бет алып)
Туулуп өскөн кең Ысык-Көл, калдыңбы?
Заман чиркин, каарыңа сен алдыңбы.
Кең Ала-Тоо, мынча неге томсордуң,
Бооруңдагы элиңди сен тандыңбы?
Кордук-зордук зомбулукка көнө албай,
Топурак буйруп өз бооруңда өлө албай,
Окко учуп өлгөндөрдү жашырып,
Жай-баракат урмат кылып көмө албай.
Биз жөнөдүк түп көтөрө Кытайга,
Кош, Ысык-Көл, кош, Ала-Тоо, өскөн жер!
Алдыдагы өмүр жолу караңгы,
Кандай күнгө учурашат калың эл.
Кош, өскөн жер, касиеттүү Ысык-Көл!
Кош, капчыгай, кошкун, жайык сары төр!
Кош, чайкалган берекелүү Ала-Тоо!
Кош, бардыгың, качкындардын алын көр!
(Искендерлер атышып кирет. Бир топко чейин атышып турат. Искендер жарадар болот).
Кабыл. Искендер, дарманың кандай?
Искендер. Бар, бара бер, Кабыл. Эптеп артыңардан барармын.
Кабыл. Сени өрттүн ортосуна таштап кантип кетемин, Искендер!
Искендер. Бар, бара бер. Экөөбүз бирдей майып болбойлу, эл кантет!
Кабыл. Кош, Искендер! Аман калсак...
(Өбүшүп жөнөй берерде Искендер шалак этип жыгылат).
Кудай ай, кайран азамат!
(Чыгып жөнөп кетет. Офицер, ротмистр, Касымбай кирет).
Офицер. Эркиндик! Эркиндик алмакчы болушкан. Эркиндиктин элеси. Көрдүңөрбү, Касымбай, журтуңа кандай эркиндик бердик.
Касымбай. Да!.. Буларга ушул керек болучу, Кимге карап үрөрүн билбеген ит ушул биздин кыргыздар да. Анан кыргыздын биз өңдөнгөн ак падышага жан-дили менен берилип иштеген азаматтары да бар эмеспи!
Офицер (Анткорсуп). Касымбай!.. (Кырылган элди аралап басып, кылычын сууруп сайгылап, бараң мылтыкты алып көрүп, шылдыңдап күлүп барып томсоро түшүп) Эркиндикти дагы колуңарга карматам, иттин балдары! Господин ротмистр! Солдаттарыңды алып, алдыңкы качкындардын артынан жөнөгүн. Катын, бала дебей, бир дагы тирүү жан калтырбай кырып, эркиндик талашуунун маанисин түшүндүргүн. Малдарын кайта айдап биздин үстүбүзгө келгин. Биз Балыкчыда болобуз. Анан бизге бир отделения аскер таштаңыз.
Ротмистр. Сиздин улуу урматыңызга бардыгы да орундалат!
(Бул учурда 9 солдат тизилип турат)
Эскадрон, мени ээрчип таскак менен качкындардын артынан арш!
Офицер. Мына жигит, Россиянын мындай кыраан бүркүтүнөн кара кыргыз эмес, Европанын мен-менсинген полковниктери корголобойбу!..
(Григорий кирет)
Ой, ит! Сен эмне тизилбейсиң?
Григорий. Тизилбейм. Эрк талашкан элди мээлеп ок атууну каалабайм.
Офицер. Эмне, адил жигит! Дагы айтчы, эмне дедиң!..
Григорий. Эрк талашкан элди мээлеп ок ата албайм дедим.
Офицер. Ошондойбу!.. (Солдаттарга) Смирно! Ата журтун, такты сатып, анын императорлук буйругун орундабаган итти мээлегиле. Аткыла!
Григорий. Аткыла, атып таштагыла. Чиркин эркиндик, кымбатка турмак болдуң го!
(Солдаттар атпай мылтыктарын калыбына келтирет).
Офицер. Окшошкон иттер, көрсөтөм силерге!
(өзү тапанчасын сууруп атмакчы болуп жатканда солдаттардын ичинен бирөө офицерди атып таштайт).
Григорий. Курдаштар!.. Жолдоштор, ырас, качанга чейин офицерлердин жетелегенине көнөбүз, жүргүлө, өз жолубузду табабыз!..
Искендер. Түшүмбү, эмне жөөлүдүмбү? Азыр гана бир топ адам жанымда чын адилдиктин кебин айтып турушту. Мына бул шордуу Ашым тура? Шордуунун карыган ата, энеси, сүйгөн жары, жапжаш эркек баласынын күнү эмне болду экен? Бул Керим го! Мына бул жаткан Султанбы? (Барып башын көтөрүп отуруп калат) . Чиркин жаш өмүр, бул кандай жорук болуп кетти, жазыксыз кырылган эл (тура келип). Эл, бул кырылган элдин ичинде байлардан барбы? Бири да жок. Кедей, кедей, алсыз кедей! Күчсүз кедей! (Отуруп калат да, бир аздан кийин салмак менен туруп тегерегин жана ыраакка карап, салмак менен):
«Азууларын аркайтып,
Ат өлүгү тоо болду,
Муруттарын сербейтип,
Эр өлүгү тоо болду», —деп
“Чоң казатта” 2 манасчылар ырдоочу эле.
К Ө Ш Ө Г Ө
III СҮРӨТ
Учей-Фунун короосу. Катын, бала аралаш калың кыргыз. Алдыңкы планда Искендер, Бектур, Кабылдар. Бардыгын оор жүк баскандай.
Бектур
Долу Музарт кузгундап,
Күзгү кирген чагы экен,
Эмгектен качсаң дөңгөккө,
Шордуу элдин багы экен!
Кууп келген солдаттар
Жаадырып окту камады.
Жүрөгү бар азамат
Ошондо ишке жарады.
Искендер
Акылдан эл шаштыбы,
Музартта агып жаттыбы?
Алдыдан тороп чериктер
Ажалдын отун чачтыбы?
Менин карган ата-энем,
Ошондо каза таптыбы, аба?!
Бектур
Бешиги менен бала акты,
Унаасы менен дан акты,
Ошондой болуп ал күнү,
Музартта кочкул кан акты,
Сенин карган ата-энең,
Элге аралаш келаткан,
Эмне болду – билбедим,
Чыкпай калды Музарттан.
Насип
Бул кандай мээрими жок супсур заман?
Бул кандай муңда жүрүп жетеби ажал?
Бири кул, бирибиз күң болуп жүрүп,
Жаш акпай көзүбүздөн агабы кан?!.
Жалпы
Кайран эл белчесинен батып канга,
Ит, кушка жем болобу ашууларда,
Текесте, Аксуу, Турпан, Акыязда,
Тилемчи болобузбу кайгы-зарда.
Бу кандай маңдайдан шор арылбады,
Бу кандай дапдаана жол табылбады?
Бу кандай мээримсиздик токтободу,
Муңканган шордуу элдин зарылганы?..
Искендер
Зордукка мынча чыдадык,
Дагы кайрат кылалык.
Кайраттан журтум, кайраттан,
Дагы кайрат кылалык!
Көөдөндөн жан чыкканча,
Суук көр алып кысканча;
Бой тирешип туралык,
Кайраттан журт, кайрат кыл!
(Максүттөр кирет)
Максүт. И, балдар, жакшы турасыңарбы?
Искендер (Кекээрлеп). Кеп барбы, сонун!
Максүт. Ал эмне деген кебиң? Жакында бул жерге келген кыргыздарга мени болуш кылып шайлашты.
Искендер.Жакшы кылыптыр!
Максүт (Искендерди акырая карайт). Бизге жер, суу бергиле дедик эле, Кулжанын шаңыясы ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп, бул тууралу руксат сурап Үрүмчүгө киши жиберди.
Искендер. Жок кеп. Максүт, болуш болсоң болгондурсуң, анан бул жерден жер, суу алып берем деп башты айландырбачы!
Ү н. Болуш ыгын тапса, алса алып берер!
Кабыл. Бул жердегилер тим эле жер-суусун бере коймок беле.
Насип. Жер, суу бергенде эле тынч оокат кылдыруучу Максүттөрбү?
Максүт. Болду!
Насип. Зекибе! Сенден корко турган жерим жок, алар жалгыз баламды эчак алып жуткансың!
Максүт (Акырая карайт). Азыр жооп келгенче эптеп оокат кылганыңар оң, мен ошону ойлонуп бул жердеги бир кур байбачалар менен сүйлөштүм.
Үндөр. И...
Максүт. Силер күндүккө кызмат кылып тура тургула.
Искендер. Ал кызмат акы кандай болот экен?
Максүт. Кандай болмок эле, эптеп турсаңар болбодубу!
Искендер. Жакшы адилдик экен!
Максүт. Искендер!
(Искендер тескери басып кетет)
Бектур, Искендер баш болуп алтооң бул жерде калгыла, калганыңар Мамбетти ээрчип баргыла, бөлүштүрүп баарыңарды орундатат. Баргыла эми, урушта туруш жок.
(Эл дүрбөп козголо баштайт).
Кабыл. Эч кандай кызмат акысыз, бир сындырым нан үчүн эртеден кара кечке кызмат кылып бергиле дегениң эч кандай адилдикке жатпайтко дейм.
Максүт. Балам, сен абайлап сүйлөгүн!
Искендер. Жарайт, журт, айла барбы, азырынча иштеп туралык, кийинкисин көрүшөрбүз!..
Мамбет. Кара баткактагы Алымбайдын өлүмүн унутуп койгонбу?
Искендер. Унута элекмин, курдаш Мамбет, сырттаның экөөңүн кек ала турган күнүңөр жетти.
Максүт. Болду эми, бар, Мамбет, буларды орундаштыр.
Мамбет. Жүргүлө.
(Эл чубуруп чыгат. Бектур, Искендер, Кабыл дагы бирөө жана эки аял калат).
Максүт. Силерди бул жерге бөлүп калгандагы максатым, атаңды өлтүргөнгө энеңди бер деген ылакап бар, канчалык мага жамандык кылсаңар да мен силерге жакшылык кылайын дедим. Бул Учей-Фу аке болсо көздөй киши. Силер ушул кишиникинде иштегиле.
Искендер. Кызмат акыбыз эмне болот экен?
Учей-Фу. Ырас, азыртан ачып сүйлөшүп коюш керек. Мага бир-эки гана киши керек эле, Максүт акем айтып калгандан кийин баарыңарды алайын деп убада кылып койдум. Азыр жөн гана иштей бергиле, кийинчерээк кызматыңарга жараша акы төлөйм.
Бектур. Арты кайырлуу болсо болуптур.
(Искендер катуу үшкүрөт, тыштан кытай, уйгурлар кирип келет).
Литун-чан. Учей-Фу аке, бул эмне кордук! Биз кайсы жерибизден жаздык.
Э к и н ч и с и. Бизди кызматтан чындап эле бошоттуңузбу?
Учей-Фу. Олураңдабагын, аны бер, муну бер, жумуш оор, акымды көбөйт деп адамдын башын айландырасыңар да отурасыңар. Баргыла эми. Тилеген жерден акыңарды көбөйттүрүп алгыла. Силер чапкан кетменди мына булар да чабат. Силерге бергенди буларга берсем, сообу тиет. Кишинин башын көп оорутпай кете бергиле. Колу-жолуңар бош. Эмесе силер тыяк-быяктан кам санабай иштей бергиле. Жүрүңүз, Максүт аке.
Литун-чан. Чыгарганга жараша акыбызды төлө!
Учей-Фу. Кандай акы?
Литун-чан. Билбей калдыңбы? Нечен жылдан бери кетмениңди чаптык, кыл деген жумушуңду кылдык. Убалдан корксоң боло, төлөгүн акыбызды!
Учей-Фу. Бербедим, колуңар жеткен жерден баарын алгыла!
Максүт. Ошондой болсун эми, балдар. Учей-Фу аке болсо эми силердин акыңарды жебес.
(басышат).
Литун-чан. Мындан жардам болбойт. Мындан кылган үмүт куру убара. (Искендерлерге) Мынакей, биздин көргөн күнүбүз...
Искендер. Ырас, курдаш, кайда болсо кедейлердин көргөн күнү ушул.
Литун-чан. Силерди бул оң кылбайт.
Учей-Фу. Тарт, эшек.
(Малайлар чыгып кетишет. Эшиктен кыңкыстаган үн, жетелешип абышка, кемпир, жанында бойго жеткен кызы бар, киришет. Искендерлер мунун Зулайкалар экенин тааныйт).
Абышка. Айланайын байбача, улагаңда жүрүп кызматыңды кылып, жуундуңду ичип жан сактайлы. Сооп үчүн бизди дагы кызматка алыңыз.
Учей-Фу. Албаймын, абышка. Сизсиз эле ашык кызматкер алып койдум. Жана сиздин колуңуздан эмне келет! Башка бирөөгө барыңыз.
(Искендер үшкүрүп басып кетет).
Абышка. Айланайын байбача, андай кылбаңыз, өлүп бара жатабыз. (Максүткө) Айланайын балам, сооп үчүн бир жардам кыл.
Бектур. Шордуу журт, эмне болуп кеткенсиң!
(Бектур үшкүрөт).
Учей-Фу. Жок, абышка, мага аяк бошотоор эмес, иштей турган киши керек. Карылыгың жетип, жедеп бүтүпсүң, сенин колуңан эмне келет.
Максүт. Кайсы уруктансың?
Абышка. Салмакемин, айланайын.
Максүт. Бу киши Баатыркан таздын элинен экен го. (Учей-Фуга жандап кызын көрсөтөт).
Учей-Фу. Жарайт! Абышка, мен сага жардам кылайын. Сен балаңды бир чейрек жүгөрү унга сат.
Максүт. Карыя, ошондой кылгын! Болбосо өзүң кантип кызматка жарайсың.
Абышка. Баламдын көргөн күнү эмне болор экен!
Максүт. Эмне болмок эле, абышка! Өз үйү — өлөң төшөгү болуп жүрө берет да.
Искендер. Максүт, ушул кылыгыңар адамгерчиликке жаттыбы? Бул кандай жорук!
(Максүт олурая карайт).
Учей-Фу. Эмесе мейлиң, балаңды сатпасаң сатпа, өзүңдү кызматка ала албайм (Басат).
Абышка. Макул эми, айланайын.
(Кемпир ыйлап жиберет).
Учей-Фу. Бар, Гуан-Сиуа, барып ун тартып бер! Анан бул жигиттердин кыла турга ишин көрсөтүп кой! (Зулайканы көрсөтүп) Тиги болсо бүгүнчө булардын жанында турсун. Бирөөнө мыктап тапшырып кой. Жүрүңүз, Максүт аке.(Чыгып кетишет).
Гуан-Сиуа. Жүр, абышка!
(Алар да чыгып кетишет).
Кемпир. Айланайын кулунум, кантип сенден айрылам. (Кучактап ыйлайт. Зулайка жулунуп чыгат.)
Зулайка. Энекебай!..
(Кучакташып, уңшуп ыйлап калышат).
Бектур. Ай заман ай!
Зулайканын энеси
Куйкалаган жүрөктү,
Мына кайгы, мына муң,
Бүткөн бойду бошоткон,
Кандай абал мына бул!
Кабыл
Мына бул турган карындаш,
Өмүрдүн гүлү эмеспи.
Сабагына дарт түштү,
Эми гүл соолуйт эмеспи.
Кыздарын сатты ушундай,
Кандай айла кылабыз,
Кордук өтүп баратат,
Канткенде эми чыдайбыз?!
Жалпы
Буркураган шордуулар,
Буркуроодон не пайда,
Силер менен жеке эле,
Дарты ашынган эл кайда?
Тилегине жете албай,
Жаш көңүл мокойт экен го.
Бүткөн бойду дарт чырмап,
Жаш өмүр өтөт экен го.
Кемпир. Айланайын журт, балама көз сала жүрө көргүлө!
Искендер. Шордуулар, ыйлаганда эмне чыгат, бел байлагыла!
Зулайка
Кагылайын энеке,
Кантип мени саттыңар,
Кагылайын энеке,
Кантип мени саттыңар!..
Же мен байкуш силерге
Өгөй белем, айтчы, энем?
Чейрек унга бааланып,
Сатылуучу мен белем?
Ак мамаңды аймалап,
Эмдим эле, энеке,
Жалгызым сен деп ар убак,
Келдиң эле, энеке!
Жок болобу ушинтип
Шордуу кыргыз тукуму?
(Атасы баштыгын көтөрүп кирет).
Айланайын атаке
Менин күнүм ушубу?..
Айланайын атаке,
Эркелетип бакканың,
Айланайын энеке,
Түрдүүлөп шуру такканың!
Аягы келип ушундай,
Болмок беле убайым,
Айтсаңарчы калайык,
Айтсаңарчы угайын!
Кемпир
Ботосунан айрылып, кокуй,
Боздогон инген мына мен, кокуй,
Айланайын кулунум, кокуй,
Боздоп калган ботом сен кокуй!
Эми кантем кулунум, кокуй,
Менде кандай айла бар, кокуй,
Тирүүлөй сенден айрылып, кокуй,
Мендей шордуу кайда бар, кокуй!..
Абышка. Каралдым Зулайка.
(Кучактап ыйлап калат. Гуан-Сиуа кирет).
Гуан-Сиуа. Абышка! Ой кыз, сен дале кечке өксөй бересиңби, соода бүттү. Бар жолуңа! Унуңду алып кет.
Кемпир (Зулайканы кучактап уңшуп ыйлап). Карегим, тирүүлөй айрылдымбы...
Гуан-Сиуа. Болду эми, кызыңдын өлгөн жери жок.
(Булкуп ажыратат, абышка, кемпир салмак басып чыга баштайт. Зулайка эси оогон түрдө. Энеси кайрылат. Демитип кайта кучактайын дегенде, Гуан-Сиуа экөөнүн ортосуна тура калат да, кемпирди түртүп чыгарып жиберет).
Зулайка. Өлтүрүп кет атаке, өлтүрүп кет энеке!
(Артынан чуркайт).
Гуан-Сиуа. Токто, бас үнүңдү!
(Тартып таштайт, Зулайка жыгыла турган болуп келе жатканда Кабыл кучактап калат).
К Ө Ш Ө Г Ө
IV СҮРӨТ
Учей-Фунун эки кабат үйү. Үйдүн бурч жагында дүкүйгөн көлөкөлүү тал. Мунун түбүндө Учей-Фу, Гуан-Сиуа, Максүт, Мамбеттер чоң канжадан апийим тартып жатышат. Мас 3 . Артыкча Мамбет мас.
Учей-Фу. Ушундай болуп Искендер чекеге чыккан чыйкан деңиз!
Максүт. Аны эми бир айтасызбы, эки айтасызбы, Учей-Фу аке, менин сизден сураганым, ал итти кандай да болсо жок кылыш керек!
Учей-Фу. Кандай кылып?
Максүт. Кандай кылып деп отурабызбы, эптеп-септеп ары-бери кылабыз да!
Учей-Фу. Жок, анда бул кылганыбыз бардык кедейлердин жанына батып каршылык көбөйөт. Көргөн билгендер өзүнүн кылганы өз башына жетти дегендей болсун. Мына ушундай кылып жок кылыш керек.
Максүт. Туура кеп. Анан кандай кылып жок кылабыз?
Учей-Фу (Маанилүү). Анан кандай кылып деген экен дейт...
Максүт. Баса, биз бери качып жөнөрдө Алымбай деген мени менен дос, эл ээси, журт ээси болуп калган бир кишини атып өлтүрүп салган, ушуга шылтоолоп эсебин табабыз да!
Учей-Фу. Жөнү бар иш.
Максүт. Андан бери эл тополоң болуп бул тууралу сөз козгобой эле жүргөн элем, мына, эми санаа тынчыгандан кийин айтып отурам. Искендер — Искендер эле бойдон болсо бир тополоңду баштабай койбойт. Камынтпай жилигин чагыш керек!
Учей-Фу. Деги өзү тың жигит экен, эптеп ыкка көнсө...
Максүт. Жок кокуй, Искендер ыкка көнөт деп ойлобоңуз. Көлдө эл бейпил жаткан учурда, күндө чатак чыгарып тынчытпай койгондон өз айлыңа старчын кылып коёлу десек да тескери карап басып кеткен. Кайсынын башын оорутасыз сиз...
Учей-Фу. Билбеймин.
Максүт (Наалып). Учей-Фу аке эл, жерден азгандан кийин канчалык туура иш кылып жатсаңыз да көзгө көрүнбөй, сөзүң өтпөй калат тура.
Учей-Фу. Ого... Максүт болуш таарына түштү белем. Биз дагы киши көргөн адамдардан болобуз. Сиз туура эскерттиңиз. Бекеринен башыма балээ үйө албайм. Жок кылуудан башка чара жок.
Максүт. Эмнеге таарынайын, баш көтөртпөй, толорсугун кыркалы деп отурам да.
(Си-тай-хао, Зулайка экөө кирет).
Келиңиз байбиче, келиңиз, күүлүү демдер, жүрөсүзбү?
Си-Тай-хао. Жакшы жүрөсүзбү, Максүт аке, бала чакаңыз жакшы жатабы. (Кайта чыгат, Зулайкага). Бирдемени айтмайынча билбейсиң. Итирейген каракчы, арыкта суу ылай болун калыптыр, дарыядан барып суу алып кел.(Кайра кирет. Зулайка апкеч, эки чаканы алып чыгып кетет).
Максүт. Айтмакчы, канткени жатасыз? Өзү оокатка чыйрак киши көрүнөт.
Учей-Фу. Чынын айтсам, нике кыйып башын байлап коёюн деп жатам.
Си-Тай-хао. Нике-мике кыйдырбай эле койдум. Бир тентиген кыргыздын кызын тең кылып отура турган алым жок.
Учей-Фу. И, дөөдүрөй түш!
Максүт. Учей-Фу акенин айтканынын жөнү бар, же сиз жаш немеге ооп кетет деп коркуп жатасызбы?
Си-Тай-хао. Ошонуң менен кара жерге кирсин, кайсы мен жалгыз киши элем, ансыз эле Үрүмчүдө бирөө, Күчарда бирөө, Үч-Турпанда бирөө бар. Эми бир күңдү тең кылып отура турган алым жок.
Учей-Фу. Эртеңки күнү эрге тийип кетпейби, башын байлап коюп күң урунуп жатууну билбейсиңби, эси жок эселек.
Максүт. Тамаша кылам, байбиче, күң менен сүйүп алган жардын айырмасын кантип түшүнбөйлүк. Эмесе мен бастырайын, Учей-Фу аке.
Учей-Фу. Байбиче, эми көп таарынбай сандыгыңан бир жамбы алып чыкчы, кереги тийип жатыптыр, Максүт акеге берип туралы.
Си-Тай-хао. Кайсы жамбы?
Учей-Фу. Кайсы жамбы болмок эле, колуңа тийгенин алып чык да.
(Ички үйгө кирип кетишет. Суу алып Зулайка кирет).
Зулайка
Чындап эле туткун болуп жаш өмүр,
Суу сепкендей жалп этеби жаш көңүл.
Бу мен байкуш мен таалайсыз эмне,
Кимдер үчүн кандай күндө өскөмүн?..
Чиркин дүйнө, мени муңга батырдың,
Чиркин мүдөө чейрек унга сатылдым.
Уялсаңчы, нысабы жок карышкыр,
Жаш өмүрдүн кайгы зарын ашырдың...
Мен карыпты издеп алчуу жок бекен,
Мени зардан куткаруучу жок бекен.
Жаш өмүрдүн түшөр жери чок бекен?..
(Тамтаңдап Мамбет Зулайканы көздөй басат. Зулайка чочуп эшикке чыгып кетет. Максүт, Учей - фу чыгат).
Максүт. Тоңдук Ысакаалы манапта бир үч-төрт пуд апийим бар дейт. Аны да эптеп көрөбүз. (Жамбыны алып). Он жың апийим дейсиз, оордугу ушунчалык апийим таап берсем эле болбодубу (күлөт).
Учей-Фу. Болуптур, болуптур. Ой, айтмакчы, сен Максүт акенин башын куттуктоого камын. Бул жерге келген кыргыздарга болуш болбодубу.
Си-Тай-хао. Болсун, болсун... Сый Максүт акеден качмак беле.
(Чыгып кетишет. Си-тай-хао жалгыз).
Берекелүү кудайымдын өзү берип турганын кара. Ушул кезде бирден кыргыз малай күтпөгөн Кулжанын байы, байбачасы бар болду бекен... (өзгөрүп) Сетирейген өлүгүңдү көрөйүн, бир жакка жумшаса кечке эле жатып алат. Зулайка, ээ Зулайка!
Зулайка. Ыя!
Си-Тай-хао. Ыя дейт...
(Зулайка кирет).
Арам сетер
Жүрөт бекер,
Улам кайда кетесиң?
Минте берсең,
Кете берсең,
Түбүмө сен жетесиң!
Зулайка
Ой ана жан,
Ой ана жан,
Кайсы сөзүң укпадым?
Дарыяга
Апкеч алып,
Сууга бар деп жумшадың!
Си-Тай-хао
Кыргыз деген
Акмак белем
Колунан иш келбеген,
(Урат).
Баргын бейбак,
Калды оокат,
Үйдүн ичин жыйыштыр!
(Чыгып кетет).
Зулайка
Өмүрүмдүн ай күнү
Батканбы деп коркомун,
Жүрөккө уусун ажыдаар
Чачканбы деп коркомун.
Эмгек менен көз ачкан
Кыргызда балдар болчу эле.
Көргөндө көөнүм кубанып
Купулума толчу эле.
Чиркин үмүт, неге сен
Ээрчитесиң көңүлдү?
Чиркин кайгы, неге сен
Кубартасың өңүмдү?
(бошоп кетет)
Турмуш неге катуусуң,
Неге мынча ачуусуң?
Чиркин жан, кандай таттуусуң...
(Эшиктен Искендер кирип келет)
Искендер. Жакшысыңбы?
Зулайка. Ыя!
Искендер
Кой, кейибе, Зулайка,
Жаш кезде жашык болчу эмес;
Ар бир иште анчалык,
Окустук болбой койчу эмес!
Калың шордон кутулбайт,
Эр жигит белин байлабай.
Толкун согуп кетпейби,
Кемени койсо айдабай.
Зулайка
Айтчы, Искендер, себебин,
Кайгыда дайым келемин.
Искендер
Бул жерден качып, Зулайка,
Ашсак дейм турмуш кезеңин?
Зулайка
Терең ордон чыгарсаң,
Кантип макул дебесмин.
Муз ашуулар ашсак да,
Чыдаймын, кыйын дебесмин.
Искендер. Зулайка, келчи бери, үмүт, үмүт чиркин күчтүү. Качып бара жаткан жолубузда көлгө түшсөк эмне болобуз!.. Минген кемебиз талкаланып, дарыянын терең түбүнө чөккөнүбүз! Эй, чиркин санаа жөөлүтпөчү! Зулайка, кайрат, жалгыз гана кайрат кылсаң кутула алабыз. Ыгы келе калса эле качабыз...
(Салмактуу түрдө, алыска, алыска карап, экөө кол кармашып, алдыга эки-үч кайраттуу кадам аттайт).
Зулайка, Искендер
Убада кылып бул жерден,
Чындап эле биз качсак,
Кандай жакшы эмеспи,
Турмуштун жолун биз тапсак!
К Ө Ш Ө Г Ө
V СҮРӨТ
Учей-Фунун үйүнүн бир жагында дубал куруп жаткан эл. Бири ылай ташып, бири дагы бирдемелерди куруп жатат. Искендер, Кабыл, Бектур биринчи планда.
Жалпы
Көл бетинде жүргөндө,
Суу сугарып, чөп чаптык.
Мал кайтардык, көң куйдук,
Же орок оруп жан бактык.
Кара жанды карч урдук,
Кана анда не таптык?
Күндө ылоо бергин деп,
Жасоол келип сабады,
Бүлөөдөй болуп жонубуз,
Жонубуз канталады,
Жүрөгүбүз зил болуп,
Жүрөгүбүз канады.
Көкүрөккө кек толду,
Чыдабадык заманга,
Чыдабадык, аттандык,
Жан күйгүзгөн абалга,
Каршы барып чалдырдык
Күчү толгон каманга.
Тең келе албай душманга,
Жерден качтык, каржалдык.
Өлүгүбүз көмүлбөй,
Тилемчи болуп сандалдык.
Бир сындырым нан үчүн
Мына минтип там салдык.
Искендер
Бул жерде дагы тынчтык жок,
Кайра көлгө кетели.
Эгер макул болсоңор,
Көл кайдасың дешели...
Чачылса да кайран эл,
Ал жер өсүп өнгөн жер.
Бектур. Көлгө кайта кетүүгө не жетсин балдар, “Ысык-Көл жер соорусу, буга жер жетеби, балдар Ысык-Көлдөн кетпегиле”, - деген эмеспи Калыгул 4 даанышман. Аттиң ай десеңчи...
(Максүт, Мамбет кирет)
Максүт. Иш илгери, балдар, эмне кылып жатасыңар?
Бектур. Таш тоо бузуп жатабыз!
Максүт. Оо, кайран көзөлүм, мыктылап туруп бир там салдырып алайын деп жаткан экен го.
Искендер. Көзөлүңүз ошентип, бекер малайларга мактап туруп, таштан ак сарай салдырып алайын деп жатат.
Максүт. Бекер малай деген эмнеси?
Искендер. Биз бекер малай эмегенде эмнебиз.
Мамбет. Айтып отурганын көрдүңбү? (Искендерге акырая карайт).
Максүт. Астапырылда! Менин силерге келгендеги максатым бул: араңарда кайта көлгө кетебиз деп жүргөнүңөр бар көрүнөт.
Мамбет. Болсо эле, аны Искендер баштаган болот да. Анын аягы сай таап турган күнү болмок беле.
Кабыл. Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы.
Максүт. Болду, мырза!
Кабыл. Болдум!
Максүт. Көлгө барганыңар менен этегиңер эки болбойт. Орустар эки жаат болуп урушуп жатат. Качпай калган кыргыздарды эки жагы тең эле кырып жатыптыр. Нарын, Ат-Башы, Анжиян, Алай, дагы көл боорундагы үркпөй калган кыргыздар түп көтөрө Кашкар, Турпанга качып кирип кетиптир. Ушинтип кан күйүп жаткан жерге кантип барсаңар болот?
Ү н. Капырай, заман чындап эле бузулган экен го.
Искендер. Ал кыргыздар бир жагына кирип албай жаны жок бекен.
Мамбет. Ооба, эки жагы тең эле Искендер качан келет деп күтүп турат дейт.
Искендер. Сөздү билгенге айт. Эмнени айтып кепшеп отурасың?
Бектур. А, орустар бай кедей болуп урушуп, кедейлер жеңип, падыша тактан түшүптүр деген эмне кеп?
Максүт. Жокту сүйлөп эмне кыласың, Бектур. Падыша эмне «ме» деп эле тагынан түшүп бермек беле. Искендер, сен ойду, тоону сүйлөп элдин башын айландырба. Элдин убалына калбагын. Жүрсөң өз жолуң менен жүргүн. Үрүмчүдөн кабар күтүп отурабыз. Кудай оң жагына алса жер, суу алып каларбыз. Кетемин деп убара болбой тынч оокатыңарды кылып тура бергиле.
Искендер. Тынч оокатыбыз кайсы? Элдин убалына калба дейсиң. Элдин жонунан сатып жүргөн сен калбаганда мен каламбы. Кетсек, койсок өзүбүз билебиз. Жаны ачынган элге көп сүйкөнө бербе!
Бектур. Эй, балам Искендер, ушуну менен дагы киши кажылдашын отурабы, баягы эле Максүт ушул эмеспи.
Максүт. Жүр, Мамбет.
(чыгып кетишет).
Кабыл. Кара баткакта эле Алымбай менен бирге жапшырып таштабай!
Искендер. Кап десеңчи...
(Гуан-Сиуа кирет)
Искендер
Төгүн жерден өрт чыкпайт,
Жакшылык каңшаар угулду,
Кетели, журтум, бел байлап,
Кайратсыз адам уулбу!
Х о р
Алп урушуп ар качан
Максүт менен жүрөбүз.
Тынчтык издеп келсек да,
Артылды кайра мүдөөбүз.
Таш уратып, таш чагып,
Жүрсөк дагы жан багып,
Кутулбадык Максүттөн,
Жүргүлө көлгө кайталык?
Гуан-Сиуа. Бул эмне деген туруш!
Искендер. Бул туруш деген туруш! Көрбөй турасыңбы?
Кабыл. Бир жагынан ушунуку өттү.
Гуан-Сиуа. Алганыңарды актап иштебейсиңерби, арам тамактар.
Искендер. Жөнү жок, опураңдаба, Гуан-Сиуа курдаш!
Гуан-Сиуа. Эмне! (демитип барат).
Искендер. Бар, жөнүң менен башкарсаң... (акырын түртөт).
Гуан-Сиуа. Мына сага жөнү менен башкарыш (чаап жиберет).
Искендер. Иштебесек мына бу кирпичти ким куйду, бул дубалды ким көтөрдү? Сенден келгенди бир жолу көрдүм. Бар, иштебей жатат деп айтып бар. (Түртүп чыгарат).
Гуан-Сиуа. Ой, сен кайдан чыккан олуясың?!
Искендер. Бар, бар дейм! (дагы түртүп чыгарат).
Гуан-Сиуа. Ушул сага бирди кыла албасам эле Гуан-Сиуа атым өчсүн (чыгып кетет).
Искендер. Бар, ошенткин. Бул эмне деген таалай, кайда бут шилтесең тузакка барып илинесиң, кайда бет алсаң алдыңда казылуу ор. Кайсыны айтайын, Бектур карыя!
Бектур. Убайым кылба, балам. Сабырдын түбү сары алтын. Келгиле эми!.. (иштей башташат).
Искендер. Бул жерден бизге тынчтык жок. Эки жактан биздин терибизди сыйрып жатат. Журт, кана эмне дейсиңер!
Үндөр.
— Кетебиз.
— Өлсөк да көлгө барып өлөлү!
— Заман кандай болор экен...
Кабыл. Заман кандай болмок эле.
Искендер. Заманды бара көрөбүз да...
(оозун жыйып алгыча эле тыштан Зулайканын үнү чыгат).
Зулайка. Искендер! Искендер!..
(өңү кумсарып кеткен. Искендер тосуп кармай калат).
Искендер. Эмне болду? Эмне өңүң бузулуп кеткен?
Зулайка. Максүт менен Учей-Фу сени өлтүрөбүз деп жатышат.
(Искендер өзгөрүлө түшөт).
Үндөр. Өлтүрөбүз деп?
Зулайка. Ооба, мен акырын тыңшасам, жонунан кайыш алыш керек, байлаш керек деп сүйлөшүп жатышыптыр. Азыр эле Гуан-Сиуа барды эле, дагы алда немелерди айтып жатышат.
Искендер. Кана, буга эмне дейсиңер?..
Бектур. Өлгөндөн калганыбызды Максүт чогуу кырып жиберсин. Бу кордугуна көнө албайбыз.
Искендер
Чабыттап учкан кыраан куш
Канаты менен учпайбы.
Канаты талып баратса,
Куйругу менен конбойбу,
Максүт ойлоп таптакыр
Канатсыз десе жок акыл.
Канатым силер турганда,
Талбасмын алыс учармын.
Билегим силер турганда,
Какшаалдын тоосун бузармын,
Ажалым жетсе өлөрмүн,
Азабым жетсе көрөрмүн!...
Бектур
Жарым жан болуп жүргөндө,
Элден, журттан ажырап.
Көкөй кести бул Максүт
Жүрсөк дагы алсырап!..
Кайда болсо бир өлүм,
Кайра көлгө кетебиз.
Искендерден айрылып,
Не муратка жетебиз!..
Жалпы
Кайда болсо бир өлүм,
Кайра көлгө кетебиз.
Искендерден айрылып,
Не муратка жетебиз!
(Жумушту таштап жабыла басышат. Алдыларынан Максүт, Учей-Фу, Гуан-Сиуа, Мамбет, дагы эки бакжайган уйгур жигиттер чыгат).
Учей-Фу. (Зулайканы байкап) Зулайка! Бас! Гуан-Сиуа (Зулайкага жаңсайт).
Зулайка. Искендер!
(Учей-Фу өзү кошо барып, Гуан-Сиуа ажыратып берет. Алып чыгып кетет).
Максүт. Искендер, чык бери!
Бектур. Эмне кыласың, Искендер чыкпайт!
Максүт. Искендер, чык дегенде чык, арты жаман болот.
Искендер. Тим эле коюңуз, карыя, эки өлүмдүн кереги жок, мен эле жеке өлөйүн (бөлүнүп чыгып). Кана, кыларың эмне, атаңдын куну бар беле менде?
Максүт. Элди азгыргандыгың, кара баткактагы Алымбайдын өлүмү, Учей-Фу акемдин жигитин ургандыгың, кала берсе ак малына сатып алган кызын бузгандыгың сага кичине гана айып экен да (жигиттерди жаңсайт).
Искендер. Ошондо Алымбай менен бирге сени кошо жайлабаган мен акмак. (Демитет).
Максүт. Кармагыла итти!
(Жигиттер тосуп кармашат. Искендер бир топ бой бербейт. Бирок көптөп байлап жиберет).
Искендер. Кедей жашы кандай ага берген жаш элең, кедей каны кандай ага берген кап элең! Бектур карыя, Кабыл,(чыгып бара жатканда) журт! (алып чыгып кетет).
Максүт. Бектур, сырттаның колго түштү! (шарт коюп чыгып кетет).
Бектур (Салмак менен). Ырас, сырттаныбыз колго түштү!..
К Ө Ш Ө Г Ө
VI СҮРӨТ
Боз тикендүү ачык талаа. Жолдун кошулган жери. Калын мүрзө, мамыга байлап койгон Искендер. Коюу тынчтык. Искендер чирээлеп жан талашып отурууга аракет кылып жатат.
Литун-чан (Кирип, таңыркап, абайлап карап туруп тааныйт). Эмне болуп калгансың?.. Мен сени таанып турам.
Искендер. Мен дагы сизди бир көрдүм эле.
Литун-чан. Ырас, көргөнсүң. Эмне үчүн мындай?..
Искендер. Эй, курдаш, кайсынын башын оорутасың...
Литун-чан. Деги айтчы.
Искендер. Мен өзүмдүн жана башкалардын эркиндигин талаштым. Аягы келип ушул азап мамысында турам.
Литун-чан. Учей-Фу шермендечилигин кылган экен, ээ.
Искендер. Учей-Фу, жок! Сиз Учей-Фуну кайдан тааныйсыз?
Литун-чан. Мен мурун Учей-Фунун малайы болучумун. Мени жолдошторум менен кууп жиберип силерди албады беле.
Искендер. И... и... Баягы акы доолайсыңар деп, кууп жиберген малайларынан экенсиң го?
Литун-чан. Ооба, ооба, ошолордонмун. Ошондон бери ар кайсы жерде күндүккө жумуш кылып, жан багып жүрөм. Мына бул жерде бир молдонун мечитин оңдоп, кирпичин куюп берсем, акымды толук бербей койду. Аксакалдын алдына арызданып бара жатканым.
Искендер. Эй, курдаш, шордуу кедейлер дагы далайды көрөөр.
Литун-чан. Деги эмне кылайын деп ойлойсуң?
Искендер. Эмне кылам. Эмнеге менин күчүм жеткени турат.
Литун-чан. Жакын кайрылышаарыңыз жок беле?
Искендер. Жалгыз бир тууганым бар, ал дагы көлдө калган. Өлүүбү, тирүүбү – дайын жок... (Жашып кетет).
Литун-чан. Алда бечара-аай ээ...
Искендер. Дагы өзүмө окшогон бир топ кедейлер бар. Болгону менен алардын колунан эмне келет!
Литун-чан. Эптеп бошонуп качпайсыңбы?
Искендер. Ошол оюмда бар, бирок кантип? (ойлонуп кетет).
Литун-чан. Кантип?! Кайтарабы?
Искендер. Кайтарат, бирок бошонууга болор эле (тынчтык). Жакшылыгыңызды унутпаймын, барып ушул алымды жолдошторума билгизбейсизби?
Литун-чан. Билгизейин, билгизейин, айта турган сөзүң болсо айт!
Искендер. Эмне айта турган сөз болсун. Ушул абалымды айтсаң өзүлөрү билишер. Курдаш, таңдайым кургап өлүп баратам, кочуштап болсо да бир суу жуткузуп кетиңиз?
(Литун-Чан чыгып кочуштап суу алып кирет. Жуп жетип, Искендер аңсап жутарында, черик чыгат).
Черик. Ой, боорукер !
(Литун-Чан үрөйү учуп, сууну төгүп, жалтактап чыга берет).
Сен эмне, айтканды укпайсыңбы?! (Урат. Чыгып кетет).
Искендер
(Коюу тынчтыктан кийин)
Не көрбөдү азиз баш,
Нелер келип кетпеди.
Көздөн агып мончок жаш,
Эмнелерди кечпеди...
Кабак, кашым дебестен
Бардыгына чыдадым.
Өччүдөй эмне бүлбүлдөйт,
Өччүдөй өмүр чырагың...
Жетчүдөй болуп тилекке,
Чарчабай таалай талаштым.
Баарына кайрат көрсөтүп,
Чаалыкпай алга бараттым.
Туягы бүтүн тулпар жок,
Канаты бүтүн шумкар жок,
Канаттан мен да айрылдым,
Карчытыма тийип ок...
(Калың кайгыга кетет). (Зулайка боз тикендерди аралап, андан бери мүрзөлөрдү аралап чыгат, чачы жайылган, жинди болуп кеткендей кебетеде).
Зулайка
Закым жүрүп тумчуктум,
Жүргөн салкын жел кайда?
Жүрөктү мыкчып уу чеңгел,
Мен карып жүрөм бейпайда...
Менсинген талаа бетинде
Жатайын ачык көр жокпу...
Түбүнө чөгүп өлөйүн,
Ысык-Көлдөй көл жокпу?..
Күн батарда күтүрөп
Бада келчү жер ушул,
Уй бөлүп алам деп келип
Качалы деген жер ушул!..
Искендер
Алыстан боздоп ыйлаган
Кулагыма үн келет.
Керимсел жүрүп сыдырым,
О, дүйнө ай,
Коюу кайгы үн берет...
Жүрөктүн түбүн куйкалайт,
Кайдан чыккан үн болду.
Жазыксыз дагы кимдерге
О, дүйнө ай,
Кандай каран күн болду!
Зулайка! Шордуу эмне болуп
кеткенсиң...
Зулайка
Өңүмбү, менин түшүмбү,
Чын эле сени көрдүмбү?!.
Искендер
Шордуу...
Зулайка
Искендер, чын сенсиңби?
Чын бошонуп келдиңби?
Искендер
Сабыр кыл, шордуум, токтогун,
Көрчү алымды, тордомун!..
Зулайка
Ай!..
Искендер
Кой, Зулайка, чочуба,
Койгун, жаным, камыкпа!
Зулайка
Кантип чыдап көрдүм мен,
Кантип чыдап көндүң сен!..
Искендер
Ырас, каруум кеткенсийт,
Бел мертинип калгандай.
Ырас, жүрөк ачышат,
Уу чеңгел мыкчып алгандай!..
Жок, Зулайка, чыдагын,
Чыдаш керек баарына.
Жалакайлык кыласың,
Аксап турмуш шарына...
Зулайка
Жаныңда бирге боломун,
Өлүмгө башты тосомун.
Искендер
Эй, Зулайка кантесиң,
Көрүп туруп алымды,
Ар кайсыны бир айтып,
Кызытасың канымды.
Өзүбүз кайрат кылбасак,
Кимдер бизди колдомок?
Өзүбүз айбат кылбасак,
Ким бизди, кимден коргомок?
Эй, Зулайка... Ыксыз жерден жабыгасың!.. Жалгыз гана алдыдагы күнгө ишен.
(Мүрзөлөрдү аралап, темтейген тилемчи кемпир келе жатат. Бул Зулайканын энеси).
Кемпир
Айланайын арбактар,
Жалгызым аман бар бекен?
Кагылайын каралдым,
Бар болсо кандай алда экен?!
Айланайын арбактар,
Жалгызды көрөр бекемин?
Кара көздөн жаш кетпей,
Бейиттер болду мекеним.
Бир ишараат болор деп,
Мазарга барып түнөдүм.
Баарынан бирдей айрылып,
Тилемчи болуп жүрөмүн!
(Зулайка эси оогандай. Энеси экенин тааныйт).
Зулайка. Энеке!..
Кемпир. Каралдым, тирүү барсыңбы!
Искендер. Шордуулар!
(Максүт, Мамбет камчыларын сүйрөп чыгат).
Максүт. Ой, сен кимсиң...
(Черик чыгат)
Мамбет. Зулайка!..
Максүт. Зулайка! (Чуркап барып, ажыратып) Болду.
(Түртүп жиберет. Кыздын энеси бакырып чуркайт, бул учурда Бектур, Кабыл, Литун-Чан, качкын кыргыздар кирип келет. Максүттөрдү тегеректейт. Бир тобу Искендерди бошотот. Максүттөрдү өлтүрөт)
Искендер. Кагылайын эл, жаным курман...
К Ө Ш Ө Г Ө
VII СҮРӨТ
Көл бети. Арчалуу боор. Жогору жагы бетке жармаша чыккан балаты, карагайлар. Келгин кыргыздар. Алдыңкы планда Искендерлер.
Бектур
Орок оруп, чөп чапкан,
Отун алып, мал баккан,
Балтыр эт толуп өскөнү,
Саргарып түйшүк көп тарткан,
Сорсо да бизди таш кене,
Бизге болгон ата-эне,
Киндик кан төгүп өскөн жер,
Балдар, көз алдыңда тигине!
Зулайканын энеси
Аман көрдүм көл бетин,
Көрдүм го өмүр чын четин.
Өтүп кеткен сур заман
Кайрылып эми келбесин.
Гүлдөп өмүр сүргүлө,
Эркин ойноп күлгүлө.
Ордуна жүрөк келиптир,
Жайдары балдар, жүргүлө.
Зулайка
Адашкандар табышкан,
Көрүшүп кумар канышкан.
Ушунчага жеткирген,
Бар экен биздин даанышман.
Айрылсаң да атамдан
Энеке кайта жашарсаң,
Өмүргө берген береке,
Жыргалдуу экен бул заман...
Литун-чан
Баштап чыккан Искендер,
Сайма килем жериңер...
Күрөшүп таалай алышкан
Баатыр экен элиңер...
Кабыл
Эмчекти бирге эмишкен,
Мүдөөсү бир от жүрөк
Муса тосуп келатат,
Бир уялаш таш түлөк...
(Муса, Григорийлер партизандар менен кирет)
Искендер
Уялашым, каралдым,
Таалайы бар агаңдын.
Муса
Амансыңбы, бир боорум,
Бирге көрдүк таң алдын.
Искендер
Толкуп жаткан Ысык-Көл
Көркүнө чыккан турбайбы.
Үстүндө сүзгөн өрдөк, каз
Эркиндеп учкан турбайбы.
Эмгекчи баатыр көл менен,
Ленин алп зор менен,
Өзүнүн темир сепилин.
Сепилин бузган турбайбы.
Б а а р ы
Көксөгөн эрик таңы аткан тура,
Көйкөлүп жарык нурун чачкан тура.
Шордуулар бөдөнөдөй корголобой,
Шордуулар бойду жазып баскан тура.
Күрөштө жедеп бышкан балбан колдор,
Турмуштун дарбазасын ачкан тура.
Ысык-Көл чар тарабы кең эмеспи,
Түйшүктө өсүп-өнгөн жер эмеспи.
Ысык-Көл, көшүлүңкү тосуп алдың,
Биз термелген бир бешик сен эмеспи.
Кылааңдан эрк талашып кан төгүшкөн
Биз өңдүү балбан билек эл эмеспи!
К Ө Ш Ө Г Ө