СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жыгач иштетүүнун негиздери

Категория: Технология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жыгач иштетүүнун негиздери»

№ 44 А Сматов атындагы  орто мектеби  6-класс   Технология сабагы Маатова Гулжамал Максатовна

№ 44 А Сматов атындагы орто мектеби 6-класс

Технология сабагы

Маатова Гулжамал Максатовна

  Сабактын темасы:  Жыгач  иштетүүнүн негиздери

Сабактын темасы:

Жыгач

иштетүүнүн

негиздери

Сабактын максаты: Жыгачтын турлөрү, касиеттери,  иштетүүнүн негиздери жана коопсуздук эрежелери жөнүндө  түшунүк аласыңар

Сабактын максаты:

Жыгачтын турлөрү, касиеттери,

иштетүүнүн негиздери жана

коопсуздук эрежелери жөнүндө

түшунүк аласыңар

 Жыгачтын физикалык касиеттери Материалдардын бүтүндүгүнө таасир этпей турган жана анын химиялык курамын өзгөртпөй турган касиеттер жыгачтын физикалык касиеттери деп аталат. Бул касиеттер жыгачтын түсү, кулпуруусу, кургап буралуусу, табигый гүлү (текстурасы), жыты, нымдуулугу, нымдын таасиринде көбүүсү, кургагычтыгы, тыгыздыгы, нымды, жылуулукту, үндү жана электр өткөрүмдүүлүгүнөн турат.

Жыгачтын физикалык касиеттери

Материалдардын бүтүндүгүнө таасир этпей турган жана анын химиялык курамын өзгөртпөй турган касиеттер жыгачтын физикалык касиеттери деп аталат. Бул касиеттер жыгачтын түсү, кулпуруусу, кургап буралуусу, табигый гүлү (текстурасы), жыты, нымдуулугу, нымдын таасиринде көбүүсү, кургагычтыгы, тыгыздыгы, нымды, жылуулукту, үндү жана электр өткөрүмдүүлүгүнөн турат.

Жыгачтын түсү Жыгачтын түсү жыгач материалдарынын түрлөрүн жана алардын сапаттарын аныктоого мүмкүндүк берүүчү маанилүү касиеттеринен бири саналат. Жыгачтын түсү, оболу, анын түрүнө жана өсүү шартына байланыштуу болот. Кайың, тал, аргуван, терек, арчанын жыгачы агыш түстүү, нурсуз издери болот. Эмен, шумтал – күрөң ; кара кайың, акация – ак кызгылт; жаңгак, кайрагач – карараак болот .

Жыгачтын түсү

Жыгачтын түсү жыгач материалдарынын түрлөрүн жана алардын сапаттарын аныктоого мүмкүндүк берүүчү маанилүү касиеттеринен бири саналат. Жыгачтын түсү, оболу, анын түрүнө жана өсүү шартына байланыштуу болот. Кайың, тал, аргуван, терек, арчанын жыгачы агыш түстүү, нурсуз издери болот. Эмен, шумтал – күрөң ; кара кайың, акация – ак кызгылт; жаңгак, кайрагач – карараак болот .

Жыгачтын кулпуруусу. Жыгач өзөк нурлары себеп, алардын багыты жана тыгыздыгына карай кулпурат. Жыгачтын кулпуруусун жасалма түрдө арттыруу үчүн лак менен сырдоо жана момдоо иштери аткарылат. Жыгачтын табигый гүлү (текстурасы). Тааруу учурунда жыгач тын булалары, өзөк нурлары жана жылдык шакекечелеринин кесилиши натыйжасында жыгачтын табигый гүлү көрүнөт .

Жыгачтын кулпуруусу.

Жыгач өзөк нурлары себеп, алардын багыты жана тыгыздыгына карай кулпурат. Жыгачтын кулпуруусун жасалма түрдө арттыруу үчүн лак менен сырдоо жана момдоо иштери аткарылат.

Жыгачтын табигый гүлү (текстурасы). Тааруу учурунда жыгач тын булалары, өзөк нурлары жана жылдык шакекечелеринин кесилиши натыйжасында жыгачтын табигый гүлү көрүнөт .

Жыгачтын жыты Жыгачтын жыты андагы чайырлар, эфир майлары, аштоо кислоталарынан кайсы биринин бар экенине жана өлчөмүнө карай түрдүү жыттуу болот. Жаңы кесилген жыгачтын өзөк бөлүгү өткүр жыттуу болот. Жыгач кургаган сайын жытсыздашып, кээде жыты өзгөрүп кетет. Жыттын өзгөрүшү жыгачтын бузулушуна да байланыштуу. Жыгачтын нымдуулугу. Нымдуулук дарактын жашоосу жана анын өсүшү үчүн керек болгон негизги факторлордон бири. Нымдуулук – дарактын өсүү шартына жана түрүнө, жаңы же мурда кесилгенине, кургатылган же кургатылбаганына карап аз же көп болот.

Жыгачтын жыты

Жыгачтын жыты андагы чайырлар, эфир майлары, аштоо кислоталарынан кайсы биринин бар экенине жана өлчөмүнө карай түрдүү жыттуу болот. Жаңы кесилген жыгачтын өзөк бөлүгү өткүр жыттуу болот. Жыгач кургаган сайын жытсыздашып, кээде жыты өзгөрүп кетет. Жыттын өзгөрүшү жыгачтын бузулушуна да байланыштуу.

Жыгачтын нымдуулугу. Нымдуулук дарактын жашоосу жана анын өсүшү үчүн керек болгон негизги факторлордон бири. Нымдуулук – дарактын өсүү шартына жана түрүнө, жаңы же мурда кесилгенине, кургатылган же кургатылбаганына карап аз же көп болот.

ПРАКТИКАЛЫК САБАК Рамканын схемасын сызуу жана даярдоо. . 1. Рамканы даярдоодо формалуу рейкадан пайдаланылат. 10x15 см өлчөмдөгү рамканы даярдоо үчүн 50-60 см лүү рейка кыркып алынат. 2. Порси усулунда 10 см лүү рейкадан 2 даана, 15 см лүү рейкадан 2 даана кыркылат. 3. Кыркылган рейканлардын түздүгү порси гуниясы жардамындатекшерилет. Рейкалардын бурчтары 45° ту түзүшү керек. Катага жол коюлса рамканын формасы түз эмес болуп калат жана формалуу рейканын оймолору бири-бирине туура келбей калышы мүмкүн

ПРАКТИКАЛЫК САБАК Рамканын схемасын сызуу жана даярдоо. .

1. Рамканы даярдоодо формалуу рейкадан пайдаланылат. 10x15 см өлчөмдөгү рамканы даярдоо үчүн 50-60 см лүү рейка кыркып алынат.

2. Порси усулунда 10 см лүү рейкадан 2 даана, 15 см лүү рейкадан 2 даана кыркылат.

3. Кыркылган рейканлардын түздүгү порси гуниясы жардамындатекшерилет. Рейкалардын бурчтары 45° ту түзүшү керек. Катага жол коюлса рамканын формасы түз эмес болуп калат жана формалуу рейканын оймолору бири-бирине туура келбей калышы мүмкүн

Жыгачка иштөө берүү аспаптарынан туура пайдалануу. Калем куту жасоо. Жыгачтан үй-тиричилик буюмдары жасоо ыңгайлуу болуп эсептелет. Үй-тиричилик буюмдарынан ар бирин даярдоодо анын аткара турган милдетине карап кандай жыгачтын түрүнөн пайдалануу максатка ылайык болоору аныктап алынат. Анда, негизинен, иштетиле турган жыгач материалынын катуулугу жана андан даярдала турган буюмдан пайдалануу жараянында ага тийүүчү таасирлерге чыдамдуулук даражасы эсепке алынат.

Жыгачка иштөө берүү аспаптарынан туура пайдалануу. Калем куту жасоо.

Жыгачтан үй-тиричилик буюмдары жасоо ыңгайлуу болуп эсептелет. Үй-тиричилик буюмдарынан ар бирин даярдоодо анын аткара турган милдетине карап кандай жыгачтын түрүнөн пайдалануу максатка ылайык болоору аныктап алынат. Анда, негизинен, иштетиле турган жыгач материалынын катуулугу жана андан даярдала турган буюмдан пайдалануу жараянында ага тийүүчү таасирлерге чыдамдуулук даражасы эсепке алынат.

Калем куту жасоонун тартиби:

1. Калем куту даярдоо үчүн эни 50 мм, калыңдыгы 50 мм, узундугу 200 мм болгон жыгач бөлүгү тандап алынат. 2. Жыгач үлгүсүнүн үстүңкү бөлүгүнө белгиленген чекиттердин негизинде сызыктар сызылат. 3. Жыгачтын капталынан 7 см калтырып, сызык сызылат. 4. Бул сызыктын ортосунан тең экиге ажыратылып, туурасынан сызып алынат. Сызыктар жыгачтын бардык жактарына бирдей сызылат. 5. Сызыктын башкы чекити калган чекиттер менен бириктирилип, үч бурчтук сызып алынат.6. Жыгачтын бөлүгү столярдык станокка бекемделет. Сүргүнүн жардамында бурч бөлүктөрү сүрүлөт. Иш удаалаштыгы жыгачтын төрт жагын тең сүргүлөө менен улантылат. 7. Жыгачтын борборунан өткөрүлгөн сызыкка чекиттер сызып алынат. Чекиттерди сызуу бардык бөлүктөрдө ишке ашырылат. 8. Жыгачка тешик ачуу көзөө станогунда аткарылат. Тешик ачууда атайын бурчтук курулмасынан пайдаланылат. Бурчтук курулмасына заготовка орнотулат. Даяр заготовкага көзөө станогунда тешиктер ачылат. Заготовканын үстүнөн көзөөч түшүрүлүп, акырындык менен тешиктер ачылат. 9. Калем кутунун ылдыйкы бөлүгүнө кооздоо иштерин аткаруу үчүн сызыктар сызылат. Сызыктар өгөөнүн жардамында өгөөлөнөт. Оюкча пайда кылынат. 10. Иштин аягында калем куту кум кагаздын жардамында жылма -ланат.

Көйгөйлүү тапшырма Бизге рамка жасоо үчүн 2 даана 15 см лүү 1 даана 10 см лүү 1 даана 5 см лүү рейкалар жана бириктирүү үчүн мык берилди. Рамканы мыктын жардамында бириктирүү жараянында рамканын бурчу бир аз жарылды. Рамканы берилген жыгач рейканын өлчөмдөрүн өзгөртпөстөн кандай түрдө жасайсың жана жасоо маалындагы жарылган жерди кантип жоготсо болот?

Көйгөйлүү тапшырма

Бизге рамка жасоо үчүн 2 даана 15 см лүү 1 даана 10 см лүү 1 даана 5 см лүү рейкалар жана бириктирүү үчүн мык берилди. Рамканы мыктын жардамында бириктирүү жараянында рамканын бурчу бир аз жарылды. Рамканы берилген жыгач рейканын өлчөмдөрүн өзгөртпөстөн кандай түрдө жасайсың жана жасоо маалындагы жарылган жерди кантип жоготсо болот?

 Бышыктоо үчүн суроо жана тапшырмалар  1. Жыгачтан жасала турган үй-тиричилик буюмдарын ата 2. Жыгачтан үй-тиричилик буюмдарын даярдоодо эмнелерге көңүл буруш керек? 3. Сүрөт салынуучу рамканы даярдоонун удаалаштыгын түшүндүр .

Бышыктоо үчүн суроо жана тапшырмалар

1. Жыгачтан жасала турган үй-тиричилик буюмдарын ата

2. Жыгачтан үй-тиричилик буюмдарын даярдоодо эмнелерге көңүл буруш керек?

3. Сүрөт салынуучу рамканы даярдоонун удаалаштыгын түшүндүр .

Көңүл бурганыңарга чоң рахмат Кийинки онлайн сабакка чейин

Көңүл бурганыңарга

чоң рахмат

Кийинки онлайн

сабакка чейин


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!