Бала деген гүл сыяктуу ачылган,
Ар бир сандык миң табышмак катылган.
Аруу таза,кирсиз ошол баланын,
Дүйнөсүндө бүткүл аалам катылган.
Кайталангыс бир келүүчү дүйнөдө,
Жүрөгүмдү балдарыма арнагам.
Саламатсыздарбы “Жыл мугалими-2023” кароо-сынагынын кадырлуу коноктору!
Мен Маманазарова Райма Абдыкааровна
“Жаңы-Жер” орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими.
Педагогикалык стажым 16 жыл
Мугалим........
Бизге көнүмүш болуп калган.....бул сөздүн артында эмне камтылган?
Мугалим-тажрыйбалуу психолог,кереметтүү акын,даңазалуу актер,теңдеши жок жардамчы жана эң башкысы чыныгы дос.
Ар бирибиз билим берген мугалимибизди унутпай,анын элесин дайыма эстеп жүрөбүз.
“Педагогика”деген сөз грек тилинен которгондо “Балдарды алып баруучу” дегенди түшүндүрөт эмеспи
Андыктан мен кыргыз тили жана адабияты мугалими катары ар бир баланы туура жаздырып,туура окууга багыт берип, өзүмдүн сабагымды жана окуучумду сүйүүгө милдеттенгенмин.Бул менин мугалимдик негизги жумушум деп билемин.
Кеп анда эмесе менин педагогикалык ишмердүүлүгүмдө болсун;
Окуучунун өсүп-өнүгүүсүнө,татыктуу кесиптин ээси болуусуна албетте, бүгүнкү күндөгү мугалимдин
Сабаттуулугу
Компетенттүүлүгү жана инсандык сапаттары башкаларга караганда чоң таасир берет.
Демек,мугалим-мектептеги башкы каарман болуп эсептелет.
Сабаттуу мугалим –бул жөн гана кат сабаты ачылган,окуганды жазганды билген мугалим эмес....
Сабаттуу мугалим –бул ар тараптуу өнүккөн,билимдүү,маалыматтуу,кругозору кең мугалим.
Заманыбыз жыл эмес саат, минута,ал тургай секунд сайын өнүгүп жатканын эч кимибиз тан албайбыз.Андыктан мен өзүмдүн сабаттуулугумду дайыма жүрүүчү сааттын жебесине салыштырам.Ал эми убакытты токтотуп болбойт. Ошол сыяктуу эле мыкты мугалимдин сабаттуулугу,ишмердүүлүгү да дайыма токтобостон өсүп-өнүгүп туруусу зарыл.
Ал эми мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан уюштурулуп жаткан ар кандай конкурстар,курстар менин сабаттуулугумдагы негизги ажырагыс бөлүктөр болуп саналат.
Ошондуктан “Эне билимдүү болсо,бала билимдүү болот” дегендей Гапыр Мадаминов агайдын демилгесин колдоп,көп жылдан бери” Энелер мектебин” байма-бай өткөрүп , анда BaalooApp-программасы аркылуу окуучулардан мониторинг алып , анын жыйынтыктарын ата-энелер чогулушунда жана энелер мектебинде талкуулап турабыз.
Ааламдашуу доорунда адаптацияланган окуучуларга заманбап билим берүү, өз коомунун келечек муундарына татыктуу тарбия берүү 21-кылымдын мугалиминин башкы маселелеринин бири болуп калды.Андыктан мен сабактарымда жаңы техналогияларды пайдаланып,Медия сабак,окума кж, фиоко сайтттарынан ар түрдүү маалыматтарды алып,интерактивдуу ыкмаларды колдонуп , түрдүү сабактарды өткөнгө аракет кыламын.
Ал эми окуучунун билимин текшерүү жана кызыктыруу максатында кахут,мултьурок,гугл формадан ар түрдүү тесттерди алып турамын.
“Мугалим-көп кырдуу эмгектин ээси” демекчи мен ар дайым жогорку класстын окуучулары менен тыгыз байланышта болуп, жыл сайын кыргыз тили жана адабияты сабагынан олимпиадага даярдап келем.Жыйынтыгында эки окуучум райондук турдун катышуучусу болуп, бир окуучум райондук турда 3-орунга ээ болгон.
Жана да окуучуларды Жалпы Республикалык тестке даярдап Нова, Секом,Глокал окуу борборлору менен тыгыз байланышта иш алып барып,жыйынтыгында 2021-2022-окуу жылында окуучуларымдын алды 168 упайды алганга жетиштик.
Ошону менен бирге иш тажрыйба жайылтууда мугалимдин компетенттүүлүгү- бул мугалимдин иш билги сапаттары.Мындай сапаттарга мен педагогикалык кесиптик,уюштуруучулук,комуникабелдүүлүк,инсандык психология жана квалификацияны жогорулатуу,баалоо,мыйзамдуулукту билүүну киргизет элем.
21-кылымдын көркөм сөз өнөрүн өз ичине камтыган,”ҮЗҮЛГӨНДҮ УЛАГАН,ЧАЧЫЛГАНДЫ ЖЫЙНАГАН”улуу манас эпосунун алкагында уюштурулган “Манас таануу” интелектуалдык таймашына катышып , “Каныкей” тобу райондук турда 3-орундун ээси болушту.Ал эми “Жаш манасчы” таймашына бир окуучум катышып , 2-орунга жетишип атайын уюштуруучулар тарабынан сыйлыктарды алышты.Бул да болсо биздин талыбаган аракетибиз деп билемин.
Ар учурдун заман талабына ылайык мугалим- өз кесибинин мыктысы болуусуна аракеттенүүсү керек болгон-агартуучу.
Андыктан мен немец жазуучусу философ Геттонун философиялык сөзүн дайыма акылымда тутамын “Биз өзүбүздү ар дайым өнүктүрүп,жашартып туруубуз керек,антпесек мокой түшөбүз”
Андыктан методика, кыргыз тилинин грамматикасы,педагогика,психология багыттагы курстарга катышып,өз билимимди өркүндөтүп бир канча сертификаттарга ээ болдум.
“Мугалим -бул сыйкырдуу бир дарактай,
Жайдыр-кыштыр бышып турган мөмөсү “демекчи мен өзүмдү жыл боюу мезгил менен жарыша, мезгилден артта калбай,дайыма педагогикалык ишмердуулуктун устундө иштеп өнуктуруп турамын.
Менин келечектеги максатым: Ааламдашуу заманындагы жаш муундарга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берип,заман талабына ылайык мыкты мугалим болуу......
Көңүл бурганыңыздар учун чоң рахмат!