СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жылдыз эсептегич жана жылдызча

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жылдыз эсептегич жана жылдызча

Просмотр содержимого документа
«Жылдыз эсептегич жана жылдызча»

Жылдыз эсептегич менен жылдызча



Дүйнөдө бир жылдыз эсептегич жашаган экен. Анын негизги иши аты айтып тургандай эле жылдыздарды саноо эле. Ал жылдыздарды абдан аракет кылып саначу. Бир жолу санап жатып, кокустан, бир жылдызды санабай өткөрүп жиберет. Байкабай калгандыктанбы же жөн эле чарчагандыктанбы белгисиз, бирок эмнегедир ал аны байкабай калат.

Бул эмне деген жорук! — деп жылдыз кыйкырат. — Ал өзүнүн иши менен бардык аракеттеримди жокко чыгарды! Эми мендей эч кимге белгисиздин кимге кереги бар? Мындан ары кантип жашайм? Эмнеге жаркырайм?

Ошентип жылдыздын көңүлү катуу чөгүп, араң эле үлпүлдөп жанып, өчө баштайт. Жадагалса анын кыймылы да жай болуп калат. Бул учурда анын жанында жаңы жылдызча туулат. Бул жапжаңы жылдызчанын кайдагы бир жылдыз эсептегич жана кабатыр ала бергендер менен эч кандай иши жок эле. Жаңы жылдызча өтө аракетчил жана энергиясы ашып-ташып турар эле. Анын алдына койгон бийик максаттары бар эле! Башкаларга бул максаттар кол жеткистей көрүнгөнү менен жылдызчага таптакыр андай сезилчү эмес. Ал өзүнүн дараметине ишенип, ага өзүнүн жаш жанынын бардык күчү менен умтулат. Жылдызча ушунчалык көздү уялтып жаркырачу жана да өтө тез болгондуктан, аны жылдыз эсептегич дароо байкап, өзүнүн жылдыз каталогуна жазып киргизет. Баарынан таң калыштуусу, жылдызча, жылдыз эсептегичтин жанынан учуп өтүп баратса да аны түк байкаган жок.