СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Зип грейд платформасы

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Зип грейд платформасы

Просмотр содержимого документа
«Зип грейд платформасы»

Жашырылган сөздү тап


1.Желге жел кошулса- .., элге эл кошулса-кут

А. жут В. ут С. сүт D кут E туз

2. Баланы жакшылыкка жетелеп жанаштыр, жамандыктан ... адаштыр.

А. кубалап В. алдап С. айтып D тарбиялап E сабап

3.Эне көргөн тон бычат, ата көргөн...

А. айылчылайт В. камчы үйүрөт С. ок жонот D айбаттуу E намыстуу

4. Ата сыйлаган абийир табат, эне сыйлаган...

А. элге жагат В.эрке болот С.ажыга барат D бактылуу E Депутаттыкка барат

5. Бычакты курч кылган бүлөө, сөздү курч кылган...

А. жүйөө В. күйөө С. күрөө D сүйлөө E сүрөө

6. Жалкоонун жан жолдошу-...

А.facebook B шылтоо С ушак D телефон E уйку

7. Эринчээктин ... бүтпөйт.

А оюну В. шылтоосу С эртеңи D сөзү E оорусу

8. Көл чайпалса көбүгү бетине чыгат, эл чайпалса тентеги... чыгат.

А аянтка В митинг С четине D бетине E атына

9. Бүлүнгөндөн ... алба.

А убада В бүлдүргү С чычала D отун E от

10. Жолду ... арбытат.

А качкан В баскан С жаткан D сүйлөгөн E ырдаган

11. Абийириңди ... сакта.

А уруша электе В жашыңдан С кете электе D бүгүнтөн E балалык кезиңден

12. Азаматты ... бузат, тоону-ташты сел бузат.

А шайлоо В шек С ушак D мүнөзү E сөз

13. Арык уйга ... кереги жок.

А ашыкча балээнин В арам кожоюндун С жоон мүйүздүн D чөптүн E жемдин

14. Атты көрсө жөө баскандын ...

А буту талыйт В депрессия болот С күлкүсү келет D баскысы келбейт E мингиси келет

15. Бай билгенди кул билет, айтайын десе ...

А эринет В эрки жок С аптыгат D айбыгат E уялат

Катасыз жазалы

16. А сапаттуусунан алалычы В сапатуусунан алалычы С сапаттуусунан алалчы

D сапаттусунан алалычы E сапатуусунан алалчы

17. А кудирети күчтүү В кудурети күчтүү С кудурети күштүү

D кудурети күчтү E кудрети күчтү

18. А каанаттануу В канаттануу С канааттануу

D канаттану E канаатану

19. А түшүнктүү сөз В түшүнүктүү сөз С түшүүнүктүү сөз

D түшүнүктү сөз E түүшүнүктүү сөз

20. А кывыраган кыр ашат В кыбраган кыр ашат С кыбыраган кыр ашат

D кывраган кыр ашат E кбыраган кыр ашат