СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Зомбулук балдарды таш боор кылат.

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Зордук - зомбулуктун алдын алуу.

Просмотр содержимого документа
«Зомбулук балдарды таш боор кылат.»

Сабактын темасы: Зомбулук балдарды ташбоор кылат.

Сабактын максаты :

А)Билим беруу: Окуучуларга зордук зомбулуктун турлорун, кордук корсотуудун мааниси жана анын кылмышка алып баруусун тушундуруу. Рекетчилик жонундо толук маалымат беруу .

Б) Онуктуруу: Зомбулук балдарга кандай таасир тийгизет жана эмнеге алып барат. Зордук зомбулукту жоюу жонундогу ойлорун угуу .

В) Окуучуларды ынтымактуулукка, бирин – бири сыйлоого, толеранттуулукка, жаман адаттардан алыс болууга тарбиялоо .

Корсоткучтор:

Жогорудагы максаттарга жеттик дейбиз эгерде:

1.Окуучулар зордук зомбулук эмне экендигин жана ал кылмышка алып баруусун тушунсо, рекетчилик жонундо толук маалымат алышса .

2. Окуучулар зордук зомбулуктун алдын алуу жана жоюу жонундогу башкалардын да ойлорун угуу менен туура жыйынтык чыгарышса.

3. Окуучулар ынтымактуулукка, бирин бири сыйлоого,толеранттуулукка, жаман адаттардан алыс болууга тарбияланышса .

Сабактын тиби: Жаны теманы оздоштуруу сабагы .

Сабактын формасы: Топ менен иштоо, ангемелешуу .

Сабактын жабдылышы: Видео тасмадан узунду, ватман, маркер ,суроттор , буклет ж. б .

Сабактын журушу:

1.Уюштуруу иши.

Зордук-зомбулук --- буроонун устунон башка бироолордун устомдук жургузуусу.

ЭМОЦИОНАЛДЫК ЖЕ ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЗОМБУЛУК

Бул зомбулуктукту аныктоо кыйын болот. Бирок бул зомбулук куч колдонгон зомбулуктан айырмаланып озундо козго корунгон когоргон тактарды, издерди калтырбайт. Эмоционалдык зомбулукта балдарды маскаралоо , кемсинтуу ,болуп койуу ,коркутуу , опузалоо балдарды катуу сабагандан да коп жабыркатат. Зордук- зомбулуктун мындай туруно кабылган оспурумдор чон психологиялык соккуга дуушар болушат. Мындай сокку балдардын кийинки жашоосунда терс таасирин тийгизет. Ошондуктан бул психологиялык зомбулукту оз убагында баамдай билуу ото маанилуу . Мындай учурда психологдорго кайрылуу керек .

БЕЛГИЛЕРИ: ден соолуктан даттануу, жалпы жетилуудо курдаштарынан артта калуу ,башка балдар менен мамиле куруудагы кыйын чылыктар ,коркоктук , элендоо , эмоционалдык туруксуздук .

КУЧ КОЛДОНУЛГАН ЗОМБУЛУК

Бул зомбулук башка турлоруно караганда тез байкалат . Себеби денеде кок ала тактар корунуп турат. Куч колдонулган зомбулук баланын жетилуусуно жана ден соолугуна зыян келтирет.

БЕЛГИЛЕРИ: денесинде калтырылган жаракаттар , тытыктар , кансыроо , ички органдарынын жабыркашы, ички органдардын узулуп кетиши , баш мээнин чайкалуусу , этинин жанчылып калуусу ,балага ичимдикти манзатты же даарыны кучтоп бергенден кийинки козго оон учураган белгиси.

Зомбулук балдарды ташбоор кылат.

Зордук – зомбулукка туш болгон балдар омур бою ичинде нааразычылык сезимдерин топтой берет . Аракка берилип , кылмыштуу дуйного аралашып кеткен учурлар коп кездешет . Анткени алар мындай журум- туруму менен коомдон оч алгысы келет. Аларда «эмнеге башкалардын балалыгы жакшы болгон , эмнеге меники зомбулукта откон?»- деген сезим бар. Ошентип алар коомдон оч алгысы келет, кылмышкерлер, аракечтер , бангилер чонойот . Эгерде турмуш курса ажырашуулар болушу мумкун . Анткени балдар бири- бири менен туура суйлошконду, мамиле тузгонду билбей , алар учун уруп –сабоо , кыйкыруу , жаман соз айтуу конумуш адат болуп, тынч жошоону элестете албай калышат. Ата- энесинин жаман адаттарынын баары кийин баланын жашоосунда кайталанып, чынжыр сыяктуу айланып турат. Коомдогу коп бактысыз адамдардын катмарын балалык кезде зомбулук коргондор тузот. Озуно – ОЗУ ишенбеген , бактысыз , нааразы адамдар кобойуп , психологиялык гана эмес , физиологиялык да оорулар пайда болот. Ал тургай онкологиялык оорулардын таржымалы да кээде зомбулукка барып такалат.

МИСАЛЫ: Канададан тышкары АКШда да 4598 кишинин катышуусу менен бул жаатта атайын илимий тажрыйба болгон. АКШнын Федералдык саламаттыкты сактоо борбору узак мооноттуу атайын программа менен зомбулукка учураган кишилердин шилекейинен ДНК анализ алышып , алар чалдыккан ооруларды иликтеген. Бала кезде зомбулукка учурагандар кобунчо журок, опко, диабет жана Альцгеймер же карыганда акылдан адашууга чалдыгары аныкталган .

Окуучулар торт топко болунот.

1-топ Ынтымак

2-топ Достук

3-топ Биримдик

4-топ адептуулук

Топторго ватман маркер таркатылат. Кластер тузушот.

1-топ Зордук-зомбулуктун турлору.

2-топ Зордук –зомбулуктун белгилери.

3-топ Балдарга тийгизген терс таасири.

4-топ Алдын алуу жолдору.

Ар бир топ оздорунун иштерин жактап тушундуруп беришет.

Топторго жалпы суроолор берилет.

Зомбулук балдарды ташбоор кылабы?

Зомбулук эмнеге алып барат?

Зордук зомбулук эмне учун куч алууда ?

Зомбулукту кантип жоюуга болот?

Окуучулар оз ойлорун айтып талкуу жургузушот. Бири биринин ойлорун угуп бир жыйынтыкка келишет.

-Адептуу болуу

-Сабырдуу болуу

-Тарбиялуу болуу

-Улууну урматтоо

-Кичууну сыйлоо

-Ата-эненин созун угуу, сыйлоо

-Мугалимди сыйлоо

-Тамашаны которо билуу

-Калыс болуу

-Боорукер болуу

Жаман адаттардан арылуу

-Билимдуу болуу сыяктуу жакшы сапаттарга ээ болуу керектигин билет.

Окуучулар макал –лакаптарды айтышат.



Жакшы болгон баланын атасы жаман болсо да ,

Тордо отуруп сый табаар.

Жаман болгон баланын атасы жакшы болсо да,

Тоо устунон ит кабаар.



Осорубуз да , очорубуз да тарбиядан.



Балдарга мээримибиз , бактылуу келечегибиз.



Майда кылмышты жазаласан, чон кылмыштын алдын аласын.



Жакшы киши ачык суйлойт,

Соз тамырын казып суйлойт.

Жаман киши сасык суйлойт,

Озголорду басып суйлойт.

Амалкой былык суйлойт,

Адептуу сылык суйлойт.



Улама менен бир журсон,

Соз кадырын билесин.

Жакшы менен бир журсон,

Эл кадырын билесин.



Жакшылыкка жакшылык,

Ар кишинин ишидир.

Жакшылыкка жамандык,

Кор кишинин ишидир.

Жамандыкка жакшылык,

ЭР кишинин ишидир.



Жалтанат адам эмнеден?

Жаман соз айткан пендеден.

Тартынат адам эмнеден?

Табалап кулгон пендеден.

Талантка таамай сын берер,

Тараза болот эл деген.

МУГАЛИМ: Зордук – зомбулук кылмыштуулукка кирет. Кыргыз Республикасынын мыйзамында мындай кылмыштуулукка баргандар 166, 167, 168, 169, 170,171 –статиялардын негизинде жоопко тартылышат. Эгерде зомбулук жоюлса, анда биз кылмыштуулуктун алдын алган болор элек.

Силер билесинер, азыр биз илим менен техника онуккон , баардыгы автоматташтырылган, электрониканын доорунда жашап жатабыз. Дуйнону дунгуротуп, элди тан калтырган ачылыштар , окуялар болууда. Ушундай заманда билим алгыла, ар кандай жаман адаттардан оолак болгула. Эгерде «Бир жакадан баш, бир женден кол чыгарган» - биримдикке келип, ынтымактуулук менен жапа тырмак киришсек, кандай гана койгойлуу маселелер болбосун женсек болот.

Ошондой эле зордук –зомбулукка каршы курошуудо ар биринер оз салымынарды кошосунар деген ойдомун. Мен сабагымды томонку ыр саптары менен аяктагым келип турат.

КАЙРЫМДУУ БОЛ, КАЛЫС БОЛ.

КАРА ОЗГОЙДОН АЛЫС БОЛ.

АТА- МЕКЕН, ЭЛ УЧУН,

АР НАМЫСТУУ АТУУЛ БОЛ.

Уйго тапшырма: «Зордук зомбулук балдарды ташбоор кылат» -деген темада дил баян жазуу. Ушул темада сурот тартуу.