СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Зомбулуксуз жаркын келечек

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Зомбулуксуз жаркын келечек»

Зордук –зомбулуксуз жаркын келечек. Даярдаган: № 37 Үч- Терек жалпы орто билим берүүчү мектебинин 10- классынын класс жетекчиси  Акбаралы кызы Айзада

Зордук –зомбулуксуз жаркын келечек.

Даярдаган: № 37 Үч- Терек жалпы орто билим берүүчү мектебинин 10- классынын класс жетекчиси

Акбаралы кызы Айзада

Сабактын максаты:   1)Зордук-зомбулук түшүнүгүнө ээ болушат жана өз ойлорун айтып беришет. 2)Зомбулуктун түрлөрүн жана формаларын ажырата билишет. 3) Теманын үстүнөн кичи топтордо чыгармачылык менен иштешет.

Сабактын максаты:

  • 1)Зордук-зомбулук түшүнүгүнө ээ болушат жана өз ойлорун айтып беришет.
  • 2)Зомбулуктун түрлөрүн жана формаларын ажырата билишет.
  • 3) Теманын үстүнөн кичи топтордо чыгармачылык менен иштешет.
Зордук-зомбулук деген эмне?

Зордук-зомбулук деген эмне?

Зордук -зомбулук деген эмне?   Зомбулук –бул адамдардын эркин чектөө,анын үстүндө бийликке ээ болуу жана башкаруу максатында көздөгөн, системалык түрдө кайра кайталанып туруучу адам эркине каршы физикалык, психологиялык, экономикалык жана сексуалдык мүнөздөгү таасир этүүчү актылар.  Статистика боюнча үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыктарынын 80 % аялдар түзөт. Башкача айтканда гендердик көйгөй. Мындай мамилелерден көптөгөн адамдар, балдар күн кечиришет дагы, зомбулук болуп жатканын билишпейт. Мамилелерде ишеним, өнөктөштүк жок болуп, алардын ордуна бийлик ,башкаруу , зомбулук жашоодо. Бул мамилелер бир адамдын экинчисине болгон кемсинтүүсү, тарбиялоосу,чектөөсү менен мүнөздөлөт.

Зордук -зомбулук деген эмне?

  • Зомбулук –бул адамдардын эркин чектөө,анын үстүндө бийликке ээ болуу жана башкаруу максатында көздөгөн, системалык түрдө кайра кайталанып туруучу адам эркине каршы физикалык, психологиялык, экономикалык жана сексуалдык мүнөздөгү таасир этүүчү актылар.
  • Статистика боюнча үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыктарынын 80 % аялдар түзөт. Башкача айтканда гендердик көйгөй. Мындай мамилелерден көптөгөн адамдар, балдар күн кечиришет дагы, зомбулук болуп жатканын билишпейт. Мамилелерде ишеним, өнөктөштүк жок болуп, алардын ордуна бийлик ,башкаруу , зомбулук жашоодо. Бул мамилелер бир адамдын экинчисине болгон кемсинтүүсү, тарбиялоосу,чектөөсү менен мүнөздөлөт.
Зордук-зомбулуктун балдарга тийгизген залалдары. Зомбулук балдардын тагдырына балта чабат. Алардын жашоосуна жана саламаттыгына терс таасирин тийгизгенден тышкары ,зомбулук балдардын эмоционалдык абалына жана келечегине чоң коркунуч жаратат. Зомбулук муундан муунга да өтүшү мүмкүн. Себеби зомбулукту көргөн балдар муну кадыресе көрүнүш катары кабылдашы ыктымал. Кыргызстанда балдарга карата катаал мамиле жана зомбулук кеңири жайылган көрүнүш жана түздөн түз балдардын укуктарын бузууда. Балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор жана тоготпогон мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот. Эмгек мигранттарынын балдары адатта чоң ата-чоң энелеринин, туугандарынын үйүндө жашайт. Бул болсо балдарга карата ташбоор мамиле жасалат жана муктаждыктары көңүл сыртында кала берет деген тобокелдикти күчөтүүдө.

Зордук-зомбулуктун балдарга тийгизген залалдары.

  • Зомбулук балдардын тагдырына балта чабат. Алардын жашоосуна жана саламаттыгына терс таасирин тийгизгенден тышкары ,зомбулук балдардын эмоционалдык абалына жана келечегине чоң коркунуч жаратат. Зомбулук муундан муунга да өтүшү мүмкүн. Себеби зомбулукту көргөн балдар муну кадыресе көрүнүш катары кабылдашы ыктымал. Кыргызстанда балдарга карата катаал мамиле жана зомбулук кеңири жайылган көрүнүш жана түздөн түз балдардын укуктарын бузууда.
  • Балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор жана тоготпогон мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот.
  • Эмгек мигранттарынын балдары адатта чоң ата-чоң энелеринин, туугандарынын үйүндө жашайт. Бул болсо балдарга карата ташбоор мамиле жасалат жана муктаждыктары көңүл сыртында кала берет деген тобокелдикти күчөтүүдө.
Зордук-зомбулук деген эмне?

Зордук-зомбулук деген эмне?

Зордук- зомбулуктун түрлөрү: 1) Физикалык 2) Психологиялык 3) Экономикалык 4) Сексуалдык

Зордук- зомбулуктун түрлөрү:

  • 1) Физикалык
  • 2) Психологиялык
  • 3) Экономикалык
  • 4) Сексуалдык
Физикалык зордук- зомбулук?

Физикалык зордук- зомбулук?

Физикалык зордук- зомбулуктун залалдары. Зомбулуктун бул түрүнө, баланын өмүрүнө, ден соолугуна терс таасирин тийгизген коркунучтуу жагдайлар кирет. Мисалга , уруп соккулар ( жаактан ары чабуу, чымчып алуу, тиштөө) күйгүзүү (ысык буюмдар, суюктуктар, тамеки). Балага алкаголдук ичимдиктерди,наркотиктерди, дарыгердин сунуштамасы жок уйку дарыларын берүү, муунтуу жана сууга чөктүрүү зомбулуктун ушул түрүн толуктайт.

Физикалык зордук- зомбулуктун залалдары.

  • Зомбулуктун бул түрүнө, баланын өмүрүнө, ден соолугуна терс таасирин тийгизген коркунучтуу жагдайлар кирет. Мисалга , уруп соккулар ( жаактан ары чабуу, чымчып алуу, тиштөө) күйгүзүү (ысык буюмдар, суюктуктар, тамеки). Балага алкаголдук ичимдиктерди,наркотиктерди, дарыгердин сунуштамасы жок уйку дарыларын берүү, муунтуу жана сууга чөктүрүү зомбулуктун ушул түрүн толуктайт.
Физикалык зордук- зомбулука дуушар болгон балдардын журүм турумунун өзгөчөлүктөрү Ата-энесинен же чоңдордон коркот Кубанган учурлары аз болот  Пассивдүү, түнт жана өтө агрессивдүү Селдейип туруп калуу, корккон көз караш  Жетишүүсү начар,көңүл топтоого жөндөмсүз Жүрүм турумундагы агрессиядан кайдыгерликке чейинки аша чабуулар

Физикалык зордук- зомбулука дуушар болгон балдардын журүм турумунун өзгөчөлүктөрү

  • Ата-энесинен же чоңдордон коркот
  • Кубанган учурлары аз болот
  • Пассивдүү, түнт жана өтө агрессивдүү
  • Селдейип туруп калуу, корккон көз караш
  • Жетишүүсү начар,көңүл топтоого жөндөмсүз
  • Жүрүм турумундагы агрессиядан кайдыгерликке чейинки аша чабуулар
Эмоционалдык (психологиялык) зомбулук

Эмоционалдык (психологиялык) зомбулук

Эмоционалдык (психологиялык) зомбулук Эмоционалдык (психологиялык) зомбулук, бул физикалык күч колдонулбаган , бирок баланын беделин түшүрүүгө багытталган мазактоо, кемсинтүү, намысына шек келтирүү ,жаман аттарды коюу , адилетсиз мамиле жасоо, шылдындоо, бир тараптуу мамиле жасоо , коркутуу, коомдон сыртка бөлүү жана балага карата нормативдик лексикага жооп бербеген тилди колдонуулар кирет.

Эмоционалдык (психологиялык) зомбулук

  • Эмоционалдык (психологиялык) зомбулук, бул физикалык күч колдонулбаган , бирок баланын беделин түшүрүүгө багытталган мазактоо, кемсинтүү, намысына шек келтирүү ,жаман аттарды коюу , адилетсиз мамиле жасоо, шылдындоо, бир тараптуу мамиле жасоо , коркутуу, коомдон сыртка бөлүү жана балага карата нормативдик лексикага жооп бербеген тилди колдонуулар кирет.
Экономикалык зордук -зомбулук

Экономикалык зордук -зомбулук

Экономикалык зордук -зомбулук Экономикалык зомбулук катары төмөнкүлөр эсептелет: Турак жайдан, кийим- кечеден, башка мүлктөрдөн же акчадан атайлап ажыратуу Акчага жетүү мүмкүнчүлүгүн чектөө Кайырчылык –тилемчилик кылууга мажбур кылуу Иштегенге же окуганга уруксат бербөө Акча же мүлк менен опузалоо

Экономикалык зордук -зомбулук

  • Экономикалык зомбулук катары төмөнкүлөр эсептелет:
  • Турак жайдан, кийим- кечеден, башка мүлктөрдөн же акчадан атайлап ажыратуу
  • Акчага жетүү мүмкүнчүлүгүн чектөө
  • Кайырчылык –тилемчилик кылууга мажбур кылуу
  • Иштегенге же окуганга уруксат бербөө
  • Акча же мүлк менен опузалоо
Сексуалдык зордук -зомбулук

Сексуалдык зордук -зомбулук

Сексуалдык зордук -зомбулук Сексуалдык зордук -зомбулук теңтуштар же чоң адамдар тарабынан болушу ыктымал. Буга жыныстык катнаштар гана эмес, эркине каршы кыймыл аракеттер да кирет. Мындай зомбулуктун кесепеттери бала үчүн абдан оор болот. Балада уялуу , өзүн айыптоо , кемсинүү жана башка эң жаман сезимдер пайда болот. Ата-эне урушат , айыптайт, сабайт же башка себептерди чыгарат деп бала абалын жашырып коюшу мүмкүн.

Сексуалдык зордук -зомбулук

  • Сексуалдык зордук -зомбулук теңтуштар же чоң адамдар тарабынан болушу ыктымал. Буга жыныстык катнаштар гана эмес, эркине каршы кыймыл аракеттер да кирет. Мындай зомбулуктун кесепеттери бала үчүн абдан оор болот. Балада уялуу , өзүн айыптоо , кемсинүү жана башка эң жаман сезимдер пайда болот. Ата-эне урушат , айыптайт, сабайт же башка себептерди чыгарат деп бала абалын жашырып коюшу мүмкүн.
 Ушундай зомбулуктун түрлөрүнөн жабыркаган балдар кандай жаракат алышат деп ойлойсуздар?

Ушундай зомбулуктун түрлөрүнөн жабыркаган балдар кандай жаракат алышат деп ойлойсуздар?

Эмне себептен зомбулук күч алууда? -Ата-энелер балдарына жакшы сөз айтпай калгандыктан; -Ата-энелер тарбиянын баалуулугун билбегендиктен; -Ата-энелер балдарга мээрим төкпөй калгандыктан; -Ата-энелер балдарга убакыт таппай,материалдык байлыкка умтулуп кеткендиктен; -Ата-энелер китеп окубай калгандыктан; -Ата-энелер мектеп менен байланышты үзгөндүктөн; -Ата-энелер өздөрүн биринчи тарбиялабагандыктан;

Эмне себептен зомбулук күч алууда?

  • -Ата-энелер балдарына жакшы сөз айтпай калгандыктан;
  • -Ата-энелер тарбиянын баалуулугун билбегендиктен;
  • -Ата-энелер балдарга мээрим төкпөй калгандыктан;
  • -Ата-энелер балдарга убакыт таппай,материалдык байлыкка умтулуп кеткендиктен;
  • -Ата-энелер китеп окубай калгандыктан;
  • -Ата-энелер мектеп менен байланышты үзгөндүктөн;
  • -Ата-энелер өздөрүн биринчи тарбиялабагандыктан;
Анда эмесе, бөлүнгөн чакан топтордо кырдаалдарды аныктап иштеп көрөлү  Бул кырдаалдар зомбулуктун кайсы түрүнө кирерин аныктайбыз  Эркин ар дайым атасына чуркап келип, өзүнүн мектептеги көргөн-билгени менен бөлүшчү. Бүгүн да мектептен келип:  -Ата, Марат бүгүн күрөштөн биринчи орунду алды - деп сүйүнчүлөдү.  - Сенчи? -деп сурады атасы  - Мен экинчини алдым-деди Эркин.  - Акмак! Мараттан эмнең кем? Сенден эч нерсе чыкпаарын билгем! Бар апаңа жардамдаш!-деп кыйкырды. Ошондон бери Эркин күрөшкө барбай турган болду. Үйдөн күрөшкө деп чыгат да, башка жакта жүрүп келет. Атасынын ачуусу андан да күчөдү. Эркин үйдөн кача турган адат тапты.

Анда эмесе, бөлүнгөн чакан топтордо кырдаалдарды аныктап иштеп көрөлү Бул кырдаалдар зомбулуктун кайсы түрүнө кирерин аныктайбыз

Эркин ар дайым атасына чуркап келип, өзүнүн мектептеги көргөн-билгени менен бөлүшчү. Бүгүн да мектептен келип: -Ата, Марат бүгүн күрөштөн биринчи орунду алды - деп сүйүнчүлөдү. - Сенчи? -деп сурады атасы - Мен экинчини алдым-деди Эркин. - Акмак! Мараттан эмнең кем? Сенден эч нерсе чыкпаарын билгем! Бар апаңа жардамдаш!-деп кыйкырды. Ошондон бери Эркин күрөшкө барбай турган болду. Үйдөн күрөшкө деп чыгат да, башка жакта жүрүп келет. Атасынын ачуусу андан да күчөдү. Эркин үйдөн кача турган адат тапты.

Зомбулуктун кайсыл түрү жөнүндө сөз болуп жатат?  Канымжан өзү мүнөзү түнт кыз. Жүрүш-турушу үлгүлүү, үйдөн эч чыкпайт. Сабакты орто окуса да эч калтырбайт. Быйыл 8-класска келип, бой жете калды. Анын мүнөзүндө өзгөрүү болду. Чоң энесинин тарбиясынанбы, айтоор такыр эле эч кимдин жүзүнө карабайт. Айрыкча, Надыр таекеси кирип келгенде, андан аябай сүрдөгөндөй, турарга жер таппай калат. Чоң энеси небересин нысаптуу деп коёт.

Зомбулуктун кайсыл түрү жөнүндө сөз болуп жатат?

  • Канымжан өзү мүнөзү түнт кыз. Жүрүш-турушу үлгүлүү, үйдөн эч чыкпайт. Сабакты орто окуса да эч калтырбайт. Быйыл 8-класска келип, бой жете калды. Анын мүнөзүндө өзгөрүү болду. Чоң энесинин тарбиясынанбы, айтоор такыр эле эч кимдин жүзүнө карабайт. Айрыкча, Надыр таекеси кирип келгенде, андан аябай сүрдөгөндөй, турарга жер таппай калат. Чоң энеси небересин нысаптуу деп коёт.
Зомбулуктун кайсыл түрү жөнүндө сөз болуп жатат? Айнура менен Марат Бишкек шаарынын Дордой конушунда батирде турушат. Өздөрү керели –кечке базарда соода кылышат. 3 эркек баласы бар. Улуусу 15 жашта, ортончусу Эсен 12 жашта, кичүүсү 5 жашар. Эмнегедир Эсен азып кетти, кийинки учурда бөйрөк тушу ооругандай болуп ыңкыйып басат. Улуу агасынын айткан сөзүн мыйзамдай көрүп, так аткарат. Айнура менен Марат улуу баласынын алардын жогун билдирбей инилерин карап жаткандыгына ыраазы болушат. Бирок Эсендин азып баратканын көп деле капарына алышпайт.

Зомбулуктун кайсыл түрү жөнүндө сөз болуп жатат?

  • Айнура менен Марат Бишкек шаарынын Дордой конушунда батирде турушат. Өздөрү керели –кечке базарда соода кылышат. 3 эркек баласы бар. Улуусу 15 жашта, ортончусу Эсен 12 жашта, кичүүсү 5 жашар. Эмнегедир Эсен азып кетти, кийинки учурда бөйрөк тушу ооругандай болуп ыңкыйып басат. Улуу агасынын айткан сөзүн мыйзамдай көрүп, так аткарат. Айнура менен Марат улуу баласынын алардын жогун билдирбей инилерин карап жаткандыгына ыраазы болушат. Бирок Эсендин азып баратканын көп деле капарына алышпайт.
Зомбулуктун кайсыл түрү жөнүндө сөз болуп жатат? Жоодар акылы тетик эле бала. Бирок сабакты көп калтырат. 4-класска келип калганына карабай шар окуй албайт, үй тапшырмаларын аткарбай келет. Кийимдери кир, бети-башы шакмар болгондуктан аны балдар да бөлүп, кошушпайт. Кичинерек кезинде жактырбаганды билбей эле аралаша берчү, анын үстүнө балдар да бөлгөндү анча билчү эмес. Эми өзү аябай тартына турган болду. Ата-энесине мугалимдин кайрылуусунан эч натыйжа чыккан жок.

Зомбулуктун кайсыл түрү жөнүндө сөз болуп жатат?

  • Жоодар акылы тетик эле бала. Бирок сабакты көп калтырат. 4-класска келип калганына карабай шар окуй албайт, үй тапшырмаларын аткарбай келет. Кийимдери кир, бети-башы шакмар болгондуктан аны балдар да бөлүп, кошушпайт. Кичинерек кезинде жактырбаганды билбей эле аралаша берчү, анын үстүнө балдар да бөлгөндү анча билчү эмес. Эми өзү аябай тартына турган болду. Ата-энесине мугалимдин кайрылуусунан эч натыйжа чыккан жок.
Г.Мадаминовдун уникалдуу эрежелери : . Мен, бүгүндөн баштап, баламдын каталарын, кемчилигин такыр көрбөймүн! (көздү жумабыз) 2. Мен, бүгүндөн баштап, балдарымды жаман сөздөр менен урушпаймын! (оозду жабабыз) 3.Мен, бүгүндөн баштап, чын дилимден балдарыма сүйүү, мээрим төгөмүн! (жүрөктү кармайбыз) 4. Мен, бүгүндөн баштап, өзүмдү тарбиялаймын! (ант беребиз) 5. Мен бүгүндөн баштап, балдарымдын жакшы иштерин гана байкаймын, көрөмүн! (дүрбү салабыз)

Г.Мадаминовдун уникалдуу эрежелери :

  • . Мен, бүгүндөн баштап, баламдын каталарын, кемчилигин такыр көрбөймүн! (көздү жумабыз)
  • 2. Мен, бүгүндөн баштап, балдарымды жаман сөздөр менен урушпаймын! (оозду жабабыз)
  • 3.Мен, бүгүндөн баштап, чын дилимден балдарыма сүйүү, мээрим төгөмүн! (жүрөктү кармайбыз)
  • 4. Мен, бүгүндөн баштап, өзүмдү тарбиялаймын! (ант беребиз)
  • 5. Мен бүгүндөн баштап, балдарымдын жакшы иштерин гана байкаймын, көрөмүн! (дүрбү салабыз)
  Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ыракмат!

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ыракмат!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!