СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Звездное небо открытая книга природы" "Жылдыздуу асман – жаратылыштын ачык китеби"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Звездное небо открытая книга природы" "Жылдыздуу асман – жаратылыштын ачык китеби"»

Жылдыздуу асман – жаратылыштын ачык китеби §27/97-100 5-класс Абдыкаимова Тамара

Жылдыздуу асман – жаратылыштын ачык китеби

§27/97-100

5-класс

Абдыкаимова Тамара

Аалам бизге эки бөлүккө бөлүнүп тургандай сезилет. Жер Асман Жерди аба катмары менен курчап турган  мейкиндикти Асман деп атайбыз Күндүн Жерге келген нурларын атмосфера көк жана көгүлтүр нурларга чагылткандыктан, асман көгүш болуп көрүнөт.
  • Аалам бизге эки бөлүккө бөлүнүп тургандай сезилет.

Жер

Асман

Жерди аба катмары менен курчап турган

мейкиндикти Асман деп атайбыз

Күндүн Жерге келген нурларын атмосфера көк жана көгүлтүр нурларга чагылткандыктан,

асман көгүш болуп көрүнөт.

Асман телолорун изилдөөчү илимди – астрономия деп атайбыз. Демек асманда болуучу кубулуштарды – астрономиялык кубулуштар деп атайбыз. Астрономиялык кубулуштар: – Күндүн жана айдын кыймылы, – Планеталардын кыймылы, – Түнкү асманда көрүнүчү миңдеген жылдыздыр ж.б кубулуштар болуп турат.
  • Асман телолорун изилдөөчү илимди – астрономия деп атайбыз.
  • Демек асманда болуучу кубулуштарды – астрономиялык кубулуштар деп атайбыз.
  • Астрономиялык кубулуштар:

– Күндүн жана айдын кыймылы,

– Планеталардын кыймылы,

– Түнкү асманда көрүнүчү миңдеген жылдыздыр ж.б кубулуштар болуп турат.

Жылдыздар  Асмандагы жылдыздар Жерден өтө алыстыкта жайгашкандыктан, алар бизге жылт-жулт эткен кичинекей от сыяктуу болуп сезилет. Ал эми чынында ал жылдыздардын ар бири Күн сыяктуу көлөмү чоң ысык шар болуп саналат. Күн да тигилер сыяктуу эле жылдыз, айырмасы – көп жылдыздарга караганда ал Жерге жакын жайгашкан. Ошондуктан ал бизге бардыгынан чоң жана жарык болуп сезилет. Күндүн жарыгынан улам күндүзү асмандан башка жылдыздар көрүнбөйт. Караңгы түнү же асман бүркөктө жылдыздар булуттардын далдоосунда калат. Жылдыздыр түзүлүшү, көлөмү боюнча бир биринен айырмаланышат.

Жылдыздар

  • Асмандагы жылдыздар Жерден өтө алыстыкта жайгашкандыктан, алар бизге жылт-жулт эткен кичинекей от сыяктуу болуп сезилет. Ал эми чынында ал жылдыздардын ар бири Күн сыяктуу көлөмү чоң ысык шар болуп саналат. Күн да тигилер сыяктуу эле жылдыз, айырмасы – көп жылдыздарга караганда ал Жерге жакын жайгашкан. Ошондуктан ал бизге бардыгынан чоң жана жарык болуп сезилет. Күндүн жарыгынан улам күндүзү асмандан башка жылдыздар көрүнбөйт. Караңгы түнү же асман бүркөктө жылдыздар булуттардын далдоосунда калат.
  • Жылдыздыр түзүлүшү, көлөмү боюнча бир биринен айырмаланышат.
Өзүнчө бир топ болуп чогулуп жайгашкан жылдыздар – Топ жылдыздар деп аталат. Азыркы учурда 88 – топ жылдыз белгилүү. Топ жылдыздарды Асман жылдыздарынын картасынан (--) үзүк сызык түрүндө көрө алабыз. Алардын көбү илимде байыркы уламыштардын жана мифтердин ысымдары менен аталган: Андромеда, Кассиопея, Персей...
  • Өзүнчө бир топ болуп чогулуп жайгашкан жылдыздар – Топ жылдыздар деп аталат.
  • Азыркы учурда 88 – топ жылдыз белгилүү. Топ жылдыздарды Асман жылдыздарынын картасынан (--) үзүк сызык түрүндө көрө алабыз. Алардын көбү илимде байыркы уламыштардын жана мифтердин ысымдары менен аталган: Андромеда, Кассиопея, Персей...
Ар бир топ жылдыздардагы жарык жылдыздар грек тамгасы менен белгиленип, өтө жарык жылдыздар ‘‘a’’, андан кийинкилер жарыгынын начарлашына жараша ᵝ, ᵞ,ᵟ ж.б тамгалар менен белгиленишет. 275 жылдыздын өзүнчө аты бар.
  • Ар бир топ жылдыздардагы жарык жылдыздар грек тамгасы менен белгиленип, өтө жарык жылдыздар ‘‘a’’, андан кийинкилер жарыгынын начарлашына жараша ᵝ, ᵞ,ᵟ ж.б тамгалар менен белгиленишет. 275 жылдыздын өзүнчө аты бар.
Чоң дөбөт (Сириус)

Чоң дөбөт (Сириус)

Дүйнө элдеринде топ жылдыздардын пайда болуш тарыхы жөнүндө ар кандай уламыштар айтылат. Кыргыз элинин бир уламышында үч аркар мергенчиден качып, асманга үч жаркырак жылдыз болуп калганы айтылат. Ал эми илимде бул үч жылдыз Орион болуп аталып, байыркы дүйнөдөгү гректердин мифи боюнча аңчынын аты ыйгарылгын. Ошол миф боюнча аңчы Орион өлгөндөн кийин кудай аны асманга жакшы көргөн Чоң жана Кичине ити менен кошо калтырып койгондугу айтылат. Асмандагы топ жылдыздардын эң белгилүсү– Чоң Жетиген болуп эсептелет. Бул чөмүчкө окшоп жайгашкан 7 жылдыз. Эгерде бул жылдыздарды көз алдыга элестетип, сызык менен туташтырсак, анда сүрөттөгүдөй аюунун сөлөкөтүн көрөбүз. Ар кандай эл бул топ жылдызды өзүнчө аташат: Соко, Бугу, Чоң Араба. Кыргыздар аны казыкка байланган атка окшоштурат. Анын катарында Кичи Жетиген жайгашкан. Ал да чөмүчкө окшош, бирок тигинден кичине. Чөмүчтүн туткасынын уч жагында Алтын Казык жылдызы жайгашкан. Ал ар дайым түндүктү көрсөтүп, саякатчыларга багыт берип турат.

Дүйнө элдеринде топ жылдыздардын пайда болуш тарыхы жөнүндө ар кандай уламыштар айтылат. Кыргыз элинин бир уламышында үч аркар мергенчиден качып, асманга үч жаркырак жылдыз болуп калганы айтылат. Ал эми илимде бул үч жылдыз Орион болуп аталып, байыркы дүйнөдөгү гректердин мифи боюнча аңчынын аты ыйгарылгын. Ошол миф боюнча аңчы Орион өлгөндөн кийин кудай аны асманга жакшы көргөн Чоң жана Кичине ити менен кошо калтырып койгондугу айтылат.

Асмандагы топ жылдыздардын эң белгилүсү– Чоң Жетиген болуп эсептелет. Бул чөмүчкө окшоп жайгашкан 7 жылдыз. Эгерде бул жылдыздарды көз алдыга элестетип, сызык менен туташтырсак, анда сүрөттөгүдөй аюунун сөлөкөтүн көрөбүз. Ар кандай эл бул топ жылдызды өзүнчө аташат: Соко, Бугу, Чоң Араба. Кыргыздар аны казыкка байланган атка окшоштурат. Анын катарында Кичи Жетиген жайгашкан. Ал да чөмүчкө окшош, бирок тигинден кичине. Чөмүчтүн туткасынын уч жагында Алтын Казык жылдызы жайгашкан. Ал ар дайым түндүктү көрсөтүп, саякатчыларга багыт берип турат.

тапшырма  1. Жылдыздуу асман картасын карагыла. Картадагы топ жылдыздарды асмандан тапкыла.  2. Дептериңерге бир нече топ жылдыздарды тарткыла. Алдына жазгыла. 3. Кыргыз элинин «Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулуу» деген уламышын окугула. https:// www.youtube.com/watch?v=wxbPlsz21Ss сылка аркылу видеону көргүлө.

тапшырма

1. Жылдыздуу асман картасын карагыла. Картадагы топ жылдыздарды асмандан тапкыла.

2. Дептериңерге бир нече топ жылдыздарды тарткыла. Алдына жазгыла. 3. Кыргыз элинин «Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулуу» деген уламышын окугула. https:// www.youtube.com/watch?v=wxbPlsz21Ss сылка аркылу видеону көргүлө.