СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназия
Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында математика мугалими болуп 2003-жылдан бери эмгектенип келем. 2009-жылы ушул эле мектепте соц педагогдук кызматты 2017-жылга чейин кошо аркалап иштеп келдим. Азыркы учурда математика сабагынан окуучуларга билим берип, окуучуларым областтык, республикалык олимпиадада жакшы жыйынтыктарга ээ болуп келишет.
СЫЙЛЫГЫМ -МЕНИН СЫЙМЫГЫМ.
- Областтык профкомдун. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык-экономикалык укуктук кызыкчылыктарын коргоого салылымы, активдүү аракети үчүн ардак грамота менен сыйланат. Жалал-Абад 2010-жыл.
- “Жылдын мыкты мугалими-2010” шаардык конкурсунда активдүү катышып 1-орунду алгандыгы үчүн ШБББнүн громатасы.
- “Аял үйдүн куту-2009” конкурсунда 1-орунду ээлегендиги үчүн Кара-Көл шаардык мэриясы тарабынан ардак грамота.
- Жаш жеткинчектерге билим берүүгө кошкон зор салымы үчүн ШБББнүн =ардак грамотасы
- Кабинетин илимий мазмундуу жана эстетикалык жактан оригиналдуу жасалгандыгы үчүн ШБББнүн ардак грамотасы. 2009ж.
- Мугалимдер арасындагы спортакиадада кыздар арасында “тогуз коргоол” оюнунда 2-орундуу алгандыгы үчүн ШБББнүн ардак грамотасы 2013-жыл.
- Кара-Көл шаардык окуу жайларынын кызматкерлеринин арасындагы “Шерине-2014” мамлекетти чыңдоо жылына карата өткүлгөн тогуз коргоол боюнча 3-орундуу элегендиги үчүн 3-баскычтагы диплом.
- Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алууда зор салым кошкондугу үчүн жана Кыргыз Республикасынын ИИМнин 1-ноябрь кыргыз милициясынын 91-жылдык кесиптик майрамына күнүнө карата грамота.
- 2016-жыл “Тарых жана маданият” жылына, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн-25жылдыгына карата өткөрүлгөн Жалал-Абад областынын мугалимдер арасында “Ден соолук-2016” мелдеши боюнча 3-орундуу ээлегендиги 3-даражадагы диплом
- Окуучуларга сапаттуу билим берүүдөгү, тарбиялоодо жана областтык олимпиадада жетишкен ийгиликтери үчүн шардык мэриянын ардак грамотасы. 2018-жыл
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан математика сабагынан 6-класстын окуучусуна эң жакшы деңгээлде билим берип, 2-орунга ээ болгондугу үчүн 2018ж.
Ар бир мугалим өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө иштегенде гана ийгиликке жетишип, окуучуларга эң жакшы тарбия-билим бере алат деп ойлойм. Ошондуктан ар кандай семинарларга, курстарга, тренингдерге катышып келем.
СЕРТИФИКАТТАР
А) Өзгөчө кырдаалдарда психологиялык жагымдуу жагдай түзүү. 2012-жыл. Юнисеф тарабынан
Б) Куррикулум. 2009-жыл. Жалал-Абад
В) Балдарды толлеранттуулукка тарбиялоо. 2011-жыл
Г) Педагогикалык кадрлардын билимин жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо борборунда математика сабагын окутуунун теориясы жана методикасы. Кыргыз билим берүү академиясы. 2009-жыл.
Д) “Зордук-зомбулук” деген темадагы семинар. Жалал-Абад шаары. 2016-жыл
Е) “Жалпы билим берүү мекемелеринде жогорку класстын окуучуларын кесипке даярдоо мотивациясы” семинар. 16. 04. 19ж
Ж) 7-11-класстар үчүн билим берүүдөгү математика жана табигый илимдер тармагында предметтик стандарттары” 6. 11. 19ж
ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТТАР
1. 2017-2018-окуу жылында Республикалык олимпиадада 2-орунду багындырып алгылыктуу ийгиликтерди жараткандыгы үчүн шаардык билим берүү бөлүмүнүн атынан ыраазычылык кат.
2. 2018-2019-окуу жылында республикалык АКМОсына активдүү катышып, “Алтын түйүн” республикалык олимпиадасында окуучулары менен ийгилик жараткандыгы үчүн Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын администрациясы ыраазычылык билдирет
Иш-тажрыйбамда ушундай ийгиликтерге жеткирген, колдоп коштоп дайыма жакшы сөзүн айта билген, жана шыктандырган мектеп администрациясына, насаатчы эжекелерге, окуучуларымдын ата- энелерине мен дагы ыраазычылык билдиргим келет.
ЖАМУнин КИФдеги математика адистигинен билип алып, 2005-жылы окуумду ийгиликтүү аяктадым.