СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Лекция №11. Кыргыздар Кокон хандыгынын курамында. План: 1. Кокон хандыгынын түзүлүшү жана анын Кыргызстанды басып алуунун этаптары. 2. Административдик башкаруу жана социалдык-экономикалык абал. 3. Кокон хандыгындагы көтөрүлүштөр . 1. Кокон хандыгынын түзүлүшү жана анын Кыргызстанды басып алуунун этаптары. XVIII кылымдын башында Бухара эмирлигинен Фергана өрөөнүндө өз алдынча ээлик - Кокон бөлүнүп чык-кан. 1709-ж. Миң өзбек кокон династиясынын негиздөөчүсү Шахрух бий «падышалык» ак кийизге шааншөкөт менен көтөрүлгөн. Жаңы мамлекет түздөн-түз Кокон, Исфара жана Маргалаңдын аймактарын камтыган, бирок бат эле алар басып алган Кожент, Анжиян, Наманган жана Фергананын тоо-этектериндеги жерлеринин эсебинен кеңейген. Хандыктын (адегенде ал бек ээлиги деп аталган) калкын көчмөн жана отурукташкан дыйкан өзбек, тажик, кыпчак жана кыргыз уруулары түзүшкөн. Уруулар өз ара ыркы жок болгондуктан, хандыкта башкаруучулар тез-тез алмашып турган. Дайыма болуп турган ич ара жаатташуу жана