СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Отчет студента практиканта квалификационной практики

Создан: 05.04.2022 17:16

Бул жобо “ОКББ НКББПны өздөштүргөн студенттердин практикасы жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” КР ББИМдин буйругунун жана КР Эмгек кодексинин негизинде иштелип чыккан. практиканын жобосу

1.2. Бул жобо коллежде ОКББнын НКББПсын өздөштүргөн студенттердин практикасын уюштуруу тартибин жана өткөрүлүүсүн аныктайт.

1.3. Практика кесиптик ищмердиктин түрлөрү боюнча кесиптик модулдарды өздөштүрүүнүн жыйынтыктоочу этабы болуп эсептелет.

2. Практиканын түрлөрү жана максаттары

2.1. Практиканын түрлөрү төмөнкүлөр болуп эсептелет:

  • окуу практикасы;

  • өндүрүштүк практика

2.2. Практиканын максаты: студенттердин ОКББнын тиешелүү адистиги боюнча кесиптик ишмердиктин бардык түрлөрүн өздөштүрүүсү, жалпы жана кесиптик компетенцияларды калыптандыруусу, ошондой эле адистикке зарыл болгон билгичтиктерди жана практикалык иштин тажрыйбасын алуусу.

2.3. Окуу практикасы студенттердин билгичтиктерин калыптандырууга, алгачкы практикалык тажрыйбаларды алууга багытталган жана кесиптик ишмердиктин негизги түрлөрү боюнча ОКББнын НКББПсынын кесиптик модулдарынын чегинде ишке ашырылат. Андан ары тандаган адистиги боюнча жалпы жана кесиптик компетенцияларды өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.

2.4. Өндүрүштүк практика өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:

  • адистик профили боюнча практика;

  • диплом алдындагы (квалификациялык) практика.

Адистик профили боюнча практика студенттерде жалпы жана кесиптик компетенцияларды калыптандырууга, практикалык жактан тажрыйба алууга багытталган жана ОКББ МББСинде каралган кесиптик ишмердиктин түрлөрү боюнча ОКББ НКББПнын кесиптик модулдарынын чегинде ишке ашырылат.

Диплом алдындагы (квалификациялык) практика студенттердин алгачкы практикалык тажрыйбаларын тереңдетүүгө, жалпы жана кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө, өз алдынча эмгек ишмердүүлүгүнө даярдыгын текшерүүгө, ошондой эле мекемелерде (ишканаларда) бүтүрүүчү квалификациялык иштерди (дипломдук иштерди) аткарууга даярдык көрүүсүнө багытталган.