СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Эл арасында кеңири айтылып келген уламыштын маани-маңызы төмөнкүчө: "Илгери бул Карабулак аймагында бир бай жашайт экен. Анын ай чырайлуу Айгул аттуу кызы болуп өзүнүн наздыгы, сулуулугу менен башкалардан айырмаланып, адептүүлүгү жана эмгекчилдиги менен ата-энесин кубанычка бөлөп келет. Айгул бой тартып эрежеге жеткенде ай жамалы ачылып сулуу кызга айланып, ошол эле айылдагы Козулан деген баатыр, эмгекчил жигитти сүйүп калат. Эки жаштын ата-энеси да балдарынын купул сезимдерин байкап калышып билдирбестен той камын коро башташат.
Бирок, какаганга муштаган болуп бир ирет баскынчы душмандар менен болгон катуу кармашта Козулан тарап жеңилип, баатыр Козулан багынып бергиси келбестен кашык каны калганча салгылашып жатып каза болот. Жолдоштору анын жүрөгүн айылга алып келишет. Бул кайгылуу кабарды укканда чыдабай ыйлаган бойдон дарыянын жээгине келип отурат да сүйгөнү менен ушул дарыянын жээгинен таанышканын эске түшүрөт. Ал жерден үйүнө келип курбу кыздарын ээрчитип тоону көздөй жөнөйт. Тоого жетип курбу кыздар менен коштошот да, өзүн бийик аскадан төмөн карай таштап жан берет. Ал аскадан таштын борчугунан кыздын канына боёлгондой кочкул кызыл, саргыч түстөгү өтө кооз гүл өсүп чыгат. Ал гүлдү "Айгул гүлү" деп кыз боюн таштаган асканы "Айгул таш" деп, ал эми Айгул таштын бет маңдайындагы тоону "Козулан тоосу" деп аташат. Баатыр жигит козуландын жүрөгү кыз менен кошо жерге жашырылат. Ошентип тирүүсүндө тагдырдын буйругу насип этпеген бул эки жаштын тилеги тигил дүйнөдө биригип, алардын каны жанынан Айгул гүлү жаралып калган экен.
© 2020, Абдилазизова Нурзат Абдижалиловна 195