СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
“Бала ойноп өсөт”,-деп чоңдордон ар дайым эле угуп келебиз. Чындыгында оюн баланын интелектуалдык деңгээлин жогорулатууда маанилүү роль ойнойт. А бирок биз баланын тили бат чыгууда ата-эненин баарлашуусу чоң роль жарата тургандыгын унутпашыбыз керек.
Баланын тили эрте чыгыш үчүн оюн арасында балаңыз менен сөзсүз баарлашуу жаратыңыз. Адистер көпчүлүк учурда ролдорду жараткан оюндарды ойноону сунуш кылат.
Эгерде сиздин балаңыз суроолоруңузга жооп бербей жана тили чыга элек болсо дагы, ал менен сүйлөшүүнү уланта берүү керек.
Жаш бала чоңдордун сүйлөгөнү аркылуу үйрөнөт. Өзгөчө эне бала менен үйдө олтуруп, буюмдардын өңдөрүн айтып, ар бир нерсенин аталыштарын оюн арасында эскертип өтүп, мисалга жаныбарлардын топтомунан оюн уюштуруп дегендей кызыктуу нерселерди уюштурушганы жакшы.
Көпчүлүк ата-энелер “Ням-ням”, “Му-му” деп эркелетип олтуруп, баланын тилинин кеч чыгуусуна түрткү болот. Ошондуктан баланын кичинесинен эле аларга чоңдордой мамиле кылган жакшы.
Эң кызыгы бала сиз кандай сүйлөсөңүз, кичинесинен эле ошондой кабыл алат экен.
© 2020, Самакова Наргиза Байышовна 529