СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кыргыз адабиятын дүйнө элдерине тааныткан залкар жазуучу, ойчул Ч. Айтматов өзүнүн чыгармаларында жалпы адамзаттык көйгөй болгон жаратылышты коргоо маселесине кеңири кайрылган. Ар бир чыгармасында бул маселеге көңүл буруу менен окурманга көйгөйдү өз алдына чечүүнү, бул маселе боюнча өз көз карашын айта билүүгө багыт берет. Жаратылышты коргоо маселесине жаш балдарды тартуу, көйгөйдү чече билүүгө үндөөсү "Ак кеме" повестинде ачык чагылдырылат. Баланын Орозкул бугулардын мүйүзүн чаап жаткан кезин көрүп калгандагы жан дүйнөсү жана сай сөөгү сыздап жаткан учурун кеңири сүрөттөгөн. Ал повесттеги Момун чалдын "Бүгу эне" жомогун айтып берүүсү эле жаратылыш темасынын маанилүү экендигин айгинелейт.
"Кыямат" повестинде адам баласынын жаратылышка аёсуз мамиле кылышы, Моюнкумдагы жейрен, сайгактарды кыруу, Ташчайнар менен Акбаранын тукумун кыруу үчүн Бостондун баласын атып алуусу жаратылыш тарабынан адамды жазалоосу сүрөттөлгөн. Бул маселе кыргыз элдик оозеки чыгармаларында да, "Кожожаш" эпосунда, элдик жомоктордо да кездешет.
Элдик чыгармаларда жана Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы жаратылышты коргоо маселесине жалпы кыргыз элинин жаратылышка болгон мамилесин, көз карашын чагылдырган сыяктанат. Келечектеги жаш муундарга жаратылышка, табиятка аяр мамиле кылуу менен жашообузду жакшы нукка буруу ар бир инсанга маанилүү экендигин үйрөтүшүбүз абзел.
© 2024, Исаев Мырзабек Аманкожоевич 100