СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
2018-жыл, Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры, классик, гуманист, коомдук жана мамлекеттик ишмер, керемет чыгармаларды жараткан залкар жазуучубуз, биздин сыймыгыбыз- Ч. Айтматовдун 90-жылдык юбилейлик иш-чаралары Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнөдө эл аралык мааниде белгиленип өттү.
Белгилей кетсек, “Түрксой уюму”, 2018-жылды -“ Айтматов жылы” деп жарыялады. Улуу жазуучунун мааракесине арналган иш-чаралар Бирикккен Улуттар Уюмунда, жалпы Орто Азиядан тартып, Европа жана Америка мамлекеттеринде өтүүсү, Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгын байытып, бүт кыргыз элинин даңкын, духун, рухун дүйнөгө даңазалады.
Ч. Айтматовдун чыгармалары кечээ эле же, бүгүн эле айтылбастан кылымдап жашап, ар бир муунга тарбия-таалимин берип жашай бермекчи.
Биздин мектепте да б.а. Республикалык М. Абдраев атындагы атайын музыкалык орто мектеп-интернатында Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган " Чыңгыз Айтматов жана Музыка" деген темада сахна сабагы өткөрүлдү. Даярдаганадар: тарых мугалими Ажыбаева Нурила Эргешбаевна, кыргыз тил жана адабият мугалими Джумалиева Айгул Ойозбеквна жана уюштуруу иштери боюнча директордун орун басары Кожомбердиев Канат Жайлоевич болду.
Ч. Айтматов жана Музыка
Программа
12. Хор “ Кыргызстаным”
2. Саламдашуу:
Баяман: Саламатсыздарбы кымбаттуу коноктор жана мугалимдер!
Айдана: Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер жана окуучулар!
Баяман: Саламдашуу салт экен саламдашып алалы,
Балдай тилди какшатып, тилди алкап алалы!
Агарып таңдын атышы, кызарып күндүн батышы,
Эзелтен калган салт экен кыргызымдын салам айтышы!
Айдана: Саламдашуу салтыбыз адатыбыз,
Бакыт менен көкөлөп канатыбыз!
Алик алып коюңуз бул саламды,
Кыргызымдын салты ушул адатыбыз!
Баяман: Салам менен башталат биздин кече,
Саламсыз өтпөйт ко эч бир нерсе!
Жагымдуу салам айтабыз,
Мына олтурган урматтуу агай-эжелерге!
Айдана: Сыймыгы кыргыз Чыңгызым.
Дүйнөгө жанган жылдызым!
Жылдызы кыргыз өчпөсүн,
Жаштары өсүп гүлдөсүн!
Өтүп жатат сизди эскерүү күнүбүз
Чексиз эле өзүңүзгө сүйүүбүз
Кыйкырсак да бүт ааламга жар салып
Аттиң арман жетпейт сизге үнүбүз
Ушул жылы 90 жашка толмоксуз
Жакындардын сый-төрүндө болмоксуз
Аткарам деп көздөп койгон иштерди
Бир нечесин бүтүрүп да коймоксуз
Эмгек менен көтөрүлгөн баркыңыз
Дүңгүрөгөн жазуучулук даңкыңыз
Окуганда сиз жараткан
Жүрөк эргип, жазылчу эле жарпыбыз
Туу чокуну багандыры алдыңыз
Кыргыз Туусун желбиретип салдыңыз
Кыргыз үчүн абийир, атак жаратып,
Кылымдарга өспөс болуп калдыңыз
Аалам менен тең жарышып канаттуу
Чыгармалар –Чыңгыз агам жаратчу
Улуу жолдо сапар тартып баратар
Кылым өтсө, кылымдарды каратчу
Кең дүйнөдө түндү сүрүп таң атчу
Бир Чыңгыз жок ишке шашып баратчу
Эмгектери түңүлө албай томсорот
Чыңгыз аны, ал Чыңгызды жаратчу.
Кыш мезгили. Бештин айы-12.
Кантели эми, омүр кыска, жол эки:
Өмүр жолу, өлүм жолу-айрылуу
Башка келет, келбейт десек бул чеки
Кар күттүрүп, жылдагыдай кыш-жаңы,
Ойго салат жакындаган жыл-жаңы.
Ала-Тоодой бир кулунун жоготуп,
Кыргызымдын күйбөй калды бир шамы
Улуу жолдун Чыгыздын.
Улантып бара жатабыз.
Ак эмгек менен элимдин,
Кубантып бара жатабыз.
Чыгаандар өсүп кыргыздан
Атагын кыргыз чыгарсын
Уул-кызды өстүрүп
Улуу эл кыргыз кубансын
“Кыргыз элим”
Сөзү: К. Качкынбаеваныкы
Обону: Мирбек Атабековдуку
Улуу тарыхты канатына алган,
Улут болуп сакталган.
Урпактарынын мурасына калган,
Уңгу сөздөн кеп салган.
Байыртан мекен үчүн күйгөн,
Эр Манастын уулубуз.
Байырлап Ата Журтун сүйгөн,
Жоголбогонт уңгубуз.
Кан майданга да төшүн тосуп барган,
Кайра тартпай душмандан.
Калкым үчүн деп чагылгандай жанган,
Кайратына жанбаган.
Аий, кыргызстаным менин,
Ачык болсун асманың.
Элим деп сактаган мекенин,
Азаматым аскарың
Кайырма:
Кыргыз эли кең пейил элден,
Кереметтүү жерден, ырыс береке берген.
Мекеним өркүндөй бер кылымдарга,
Ак калпагы асманга тийип,
Ала-Тоодой бийик,
Өркүндөй бер кылымдарга.
Ынтымагы болсо, биз жеңебиз баарын.
Ыйманыңды сактаган.
Биригели биз биримдикке баргын
Бир бооруңду сатпагын.
Жараткан бейпил жашоо берсин,
Тынчтык болуп элимде.
Жаңы аткан таң нурунан берсин,
Береке кут жериме.
Кайырма:
Кыргыз эли кең пейил элден,
Кереметүү жерденырыс береке берсин.
Мекеним өркүндөй бер кылымдарга,
Ак калпагы асманга тийип.
Ала-Тоодой бийик,
Өркүндөй бер кылымдарга.
4. Баяман: Дүйнөлүк 2-көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде сап-сапка тизилген миң комузчу бир дем менен Атай Огонбаевдин “Маш ботойду” аткарып, дүйнө элин таң калтырды. Үч кыл комуздан чыккан күү кыргыз элин толкундатып, рухун көтөрүп, сыймыгын арттырды. Ч. Айтматовдун элесине арналат. Атай Огонбаев. “ Маш ботой”. Комузчулар ансабли. Мугалими Керимова Сагынай.
(Аткаруучулар: Кенчинбаев Дастан, Аскарали кызы Ш. Акирова А. Сапарбекова А.
5. Айдана:. “Ысык-Көлдү сагынуу”. Сөзү Чыңгыз Айтматов, обону Муратбек Бегалиевдики.
Бул ырды Ч. Айтматов Люксембург шаарында элчи болуп жүргөндө Муратбек Бегалиевдин сунушу менен чыгарган. Ата-Мекен, туулган жер, Ысык-Көлгө болгон кусалыктан, сагынычынан бул ыр жаралган.
Аткаруучулар: Санжыбаев Нурислам, Сапарбекова Нуркыз.
Кыялымда ак куу болуп,
Учуп жүрөм көл үстундө.
Көк асмандын мейкининде,
Балык сымал эркин сүзөм.
Кайырма:
Алыс кетсем куса болуп
Сагынам салкын төрүм.
Алтын көлүм, Ысык-Көлүм,
Сагындым мен толкун көркүн!
Байыркынын, бабалардын,
Сөзү калды көл бетинде.
Балалыгым эстен чыкпайт,
Изим калды көл четинде.
Кыялымда учуп барам,
Бийик чокунун үстүнөн.
Кылым карып, кырлар ашкан,
Кыргыз көлү чөкпөсө дейм.
4. Каармандар сүйлөйт.
Баяман: “Майсалбектин каты”. Калыс уулу Каниет.
5. Айдана: “Алтынайдын монологу”. Аткаруучу Дюшенбекова Малиика
6. Баяман: “Ильяздын ыры”.
Сөзү: Ж. Бузурманкулов,
Обону: Ж. Тагаев
Аткаруучу Мелисбеков Санжар.
Мен көлгө жалгыз келип, байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым
Кумдан көп биздин күндөр, өткөн-өткөн,
Келээрмин аман болсом да бир көксөө.
Азыр мен жалгыз учкан, ак куу болуп,
Баратам бакыт издеп памир көздөй.
Сен эзсең кусалыкка сезимимдм,
Жаздагы салкын желден, кабар улай.
Мен жокто сылай жүр деп саамайыңан,
Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамалына.
7. Улуу Кыргыз-Чыңгызга.
Сөзү: Сооронбай Жусуев. Обону: Роза Амановна
Аткаруучулар: ( Акирова А, Абдиева А, Сапарбекова Н.)
Залкар элең ажайып ыр жараткан,
Салмактуулук, сымбаттуулук жарашкан.
Анык асыл, анык айкөл мүнөздүү,
Алган элең эээй баатыр балбан Манастан
Ээй, Чыңгыз, оой Чыңгыз. ( 2жолу)
Эр жеткенде эмгегиңди баштадың,
Элге жакты сенин ар бир жазганың.
Бир тепкичтен, бир тепкичке өйдөлөп,
Бүт ээледиң, оой адабият басманы.
Ээй, Чыңгыз, оой Чыңгыз ( 1жолу)
Сансыз жандар улуулугуң байкалып,
Суктанышты чын жүрөктөн алкашып.
Кыргыз- Чыңгыз, Чыңгыз-Кыргыз эки сөз,
Жуурулушуп, ээй уйкашып, бир айкашып.
Ээй, Чыңгыз, оой Чыңгыз( 1 жолу)
8. “Таласым” Сөзү: Ш. Шеркулов
Аткаруучулар: Кубанова Нургиза, Алымжан уулу Алимбек.
Токоюн бойлоп баратсам
Суктантып көздү караткан
Алыстан келген адамдар
Кеткиси да келбейт да таластан
Береке нурун сепкен жер
Каныкей жашын төккөн жер
Кан Бакай, Кошой баш болуп
Кабылан Манас өткөн жер
Ак шумкар сызып учкан жер
Атагын дүйнө уккан жер
Чокусу бийик Таластан
Чолпонбай, Чынгыз чыккан жер
Ак чөлмөк ойноп таң аткан
Айлуу тун бизге жарашкан
Канчалык ойноп күлсөм да эй
Кумарым канбай Таластан
9. Вивальди. “Шторм”.
9. Кыргыз бийи.
10. Хор. “Кыргызстаным”
Тарыхы бар нечен,
Ынтымагы дайым бекем
Ала-Тоо бешигим,
Башым ийип, таазим этем.
Керемет аймагы,
Желбиреп турсун байрагы.
Булагың таш жарып,
Булбулдай сайрагын.
Кайырма
Кыргызстаным, Кыргызстаным!
Билем мен, бир өзуңдө ырыс-бакыт.
Өзүңсүз атпайт таңым.
Кыргызстаным, Кыргызстаным!
Керекпи? Бир өзүңө арнайм жаным.
Аябай тамчы каным!
Мекеним, медерим,
Ыйыксың, аны сеземин.
Түбөлүк сактайбыз,
Түшүрбөй бийик желегиң,
Баарыбыз бул тапта,
Баркыңды сезбей турсак да.
Кемитпей беребиз.
Келечек урпакка.
Кайырма:
Менин алтын уям.
Бакытымдай туям.
Уча бер оболоп.
Бардыгы оңолот!
Айдана: Мына ошентип, Ч. Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналган тарбиялык сабагабызды аяктайбыз.
Түзгөн: Ажыбаева Нурила Эргешбаевна
© 2020, Ажыбаева Нурила Эргешбаевна 4552