СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кыргыз Эл жазуучусу, классик, залкар калемгер Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата жыл сайын эскерүү кечелери өткөрүлөт. Эскерүүлөр эл аралык уюмдардын алкагындада белгиленип, Айтматов боюнча бир топ форумдар, конференциялар өткөрүлүп турат.. Өз элине, өз жерине, өз мамлекетине мынчалык абройду, кадыр-баркты алып келген ааламда саналуу гана адамдар бар экендигин адамзат жакшы билет. Ошондуктан, кыргыз эли ар дайым Ч. Айтматов менен сыймыктанып келебиз. "Чыңгыз Айтматовду эскерүү" темасында Республикалык М. Абдраев атындагы атайын музыкалык орто мектеп-интернаты да 5-класстардын катышуусу менен сахна сабагы өткөрүлгөн. Мен бул сахна сабактын материалдарын сиздерге сунуштайм.
Ч. Айтматовду эскерүү
Программа
1. Саламдашуу (Ч. Айтматов жөнүндө ыр саптар, хор).
2. Комузчулар. “Таласым”.
3. Бий.
4. Көркөм окуу.
5.. Ч. Айтматовдун чыгармаларын сахналаштыруу. “ Ак кеме” повестинен үзүндү.
6. Жеке номер. “ Таласым”.
7. Окуучулардын өздөрү жана ата-энелердин жазуучуга арналган ырлары.
8. Дубал гезити ( Эмблеманы жактоо).
Элгиза: Саламатсыздарбы урматтуу эже-агайлар!
Нурсултан: Кымбаттуу ата-энелер жана окуучулар1
Элиза: Бүгүнкү Ч. Айтматовду эскерүү кечесин ачык деп жарыялайбыз!
Нурсултан: Байыртадан бери салт болуп келе жаткан саламдашууга кезек берели!
1. Саламдашуу
Элгиза: Саламдашуу салт экен да кыргызымда.
Салам айтам “Ак кемеден” “Саманчынын жолуна”.
Кел жарышалы жоро-жолдош курдаштар,
Бүгүнкү Чыңгызды эскерүүдө.
Нурсултан: Чыңгызым алыскы Таласымда ойноп өскөн,
Бүгүн аны тааныйт дүйнө жүзү.
Чыңгыздын окудук эмгектерин,
Кел досум жарышалы мына бүгүн.
Элгиза: Ук жер жүзү, ук бүт аалам,
Урмат-сыйдын күусүн чалам.
Бүгүнкү “Ак кеме” командасынан,
“Саманчынын” командасына ысык салам.
Нурсултан: Салам, салам саламбы?
Салам айткан жаманбы.
Кыргызымдын салты бар,
Саламдашкан жагы бар.
Салам айткан жагынан
Сиздерге жагымдуу ысык салам.
Элгиза: Ч. Айтматовго арналган ырлар.
1. Альбина: Өтүп жатат сизди эскерүү күнубүз,
Чексиз эле өзүгүзгө сүүйүбүз.
Кыйкырсак да бүт ааламга жар салып,
Аттиң арман жетпейт сизге үнүбүз.
2. Аэлина: Ушу жылы 88ге толмоксуз,
Жакындардын сый-төрундө болмоксуз.
Аткарам деп көздөп койгон иштерди,
Бир нечесин бүтүрүп да коймоксуз.
3. Айжан: Эмгек менен көтөрүлгөн баркыңыз,
Дүңгүрөгөн жазуучулук даңкыңыз.
Окуганда сиз жараткан китепти,
Жүрөк эргип жазылчу эле жарпыбыз.
4. Эмирлан: Туу чокуну багындырып алдыңыз,
Кыргыз туусун желбиретип салдыңыз.
Кыргыз үчүн абийир, атак жаратып,
Кылымдарга өчпөс болуп калдыңыз.
5. Алтынай: Кыял жетпес кең Ааламдын чегинде,
Ким тең келет, айткылачы бул Генийге.
Не болсо да Айтматовдой талантты,
Ыраазымын бизге берген Теңирге.
6. Дастан: Байкалбай акырындап кадамыбыз,
Сыйлаган, урматтаган адамыбыз.
Чыгат эле Чыңгыз да 88жашка,
Булут түс аралашып аппак чачка.
7. Айсезим: Сыртыңдан ички дүйнөң таза эле сенин,
Күбө болот буга иштеген иштериң.
Байкадың, сыймыктанат сени менен,
Үй-бүлөң, туулуп өскөн элиң жериң.
8. Ислам: Ар кайсы милдет тапшырылды,
Баары тең, биз билебиз, аткарылды.
Чын дил менен берилип иштегенден,
Элчилик наам да ыйгарылды.
9. Алымбек: Өткөрбөй иштөө керек иштээр маалдан,
Алп жумуш кайда качмак иштермандан.
Арийне, Айтматовдун обонуна,
Ауэзов Мухтар ага куштарланган.
3. Хор. Кумар Асанов.
“ Кыргызстан”.
Кыргызстан тоолордун мекени,
Тунук суулар токойлор кендери.
Кылымдарга түбөлүк жашай бер,
Өсө бергин, гүлдөгөн мекеним.
Кайырма:
Кыргызстан ыйык мекен,
Кыргызстан койнуң кенен.
Кыргызстан, Кыргызстан,
Коргойбуз сени бек туруп.
Ала-Тоону тиреген тоолорум,
Ак булутту жандагын зоолорум.
Жаратканым сулуулук бериптир,
Айтып бүткүс эң бир кооз мекеним.
Кайырма:
Кыргызстан ыйык мекен,
Кыргызстан койнуң кенен.
Кыргызстан, Кыргызстан,
Коргойбуз сени бек туруп.
1.Алина: Бир күндүн бир кылымга тетелигин,
Айтматов ачып берди бизге бүгүн.
Айткан ал жөн кишинин адамзатка,
Ак дилден албан иш экендигин.
2. Каниет: Мына ушундай өлбөстүктү өнөрдү,
Айткан болсо бизге чейин Гомер да.
Бул жөнүндө чоң ачылыш жасады,
Бизде Айтматов Чыңгыз да деген чебер да.
3. Насипа: Гүлсарат кырга типтик атырылат,
Жайыкта жер кулачтап сапырылат.
Шор суудай аскалардан агып түшкөн,
Шамалга жал куйругу сапырылат.
4. Эрбол: Келбеген калк намысын кетиргиси,
Кыргызга ат келген негизгиси.
Манастын Ак Куласы мурункусу,
Чыңгыздын Гүлсарасы эмкиси.
5. Нуркыз: Түшүнгөнгө дыйканчылык турмушу.
Түбөлүктүү Саманчынын жолу ушу.
Түбү келип дыйканчылык дегениң,
Бул турмуштун жүрөгүнүн согушу.
6.Ыйман: Жаралган жер соорусу улуу тоодо,
“Махабат ыры” деген бул обонго.
Жүрөгү миң-миллион адамдардын.
Жамийланын жүрөгү жалындоодо,
7. Сайкал: Айтылбайт эч жеринде Дүйшөн деген,
Көрүнбөйт азыр бизге бир таң менен.
Бар болсо абышка жүргөн чыгар,
Айылдын бир жеринде өпшөңдөгөн
8. Бегимай: Жок болуп орду-дүбү сакталбаган,
“Дүйшөндүн мектеби” деп аты калган.
Анда өткөң албан түрдүү окуяны,
Алтынайдан башка эч ким айталбаган.
9.Нурбол: Дүйнөнү дүңгүрөтө жарып учту,
Дүбүртүн аалам укту жер-суу укту.
Чыкчу мал тайында эле чыгат тура,
Чарп үзүп чалма менен укурукту.
Хор. Кыргызстан.
Асманга жөлөк болгон тоолор менен,
Ааламда бейиш жери биздин мекен.
Ак пейил ар намыстуу элибиз да
Ала-Тоо алтын бешик алдейлеген.
Элибиз эң байыркы улуу элден,
Эркиндиктин асабасын желбиреткен.
Эр Манас баатыр баштап далай эрлер,
Эзелтен Ата-Журтту сактап келген.
Кайырма: Кыргызстаным менин мекеним,
Кыргызстаным сенин мекениң.
Кыргызстаным өркүндөй бергин,
Кыргызстан деп жашап келемин.
Эл журтка дем күч берген Ата-Мекен,
Эң сулуу кайталангыс койну кенен.
Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Баткен,
Жалал –Абад, Таластай жер барбы экен.
Асманга жөлөк болгон тоолор менен,
Ааламда бейиш жерибиздин мекен.
Ар дайым кыргыз жери, коногу мен,
Ак пейил кыргыз эми антка бекен.
2. Элгиза: Комузчулар ансамбли. “Таласым”. Автору: Шекербек Шеркулов Аткаруучулар: Сапарбекова Аелита.
Акирова Альбина. Аскарали кызы Ширин.
3. Нурсултан: Бий. “Сынма бий”. Асель Касмакунова, Элмурат Майрамбеков. Аткаруучулар: Алманова Элгиза, Сапарбекова Аэлита, Сапарбекова Нуркыз, Шарыпбекова Алина, Турарбекова Нуржанай, Кенжебекова Сайкал.
4. Нурсултан: Көркөм окуу. Чыңгыз Айтматов биздин арабыздан өтүп кетсе да, анын чыгармалары биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Алманова Элгиза, Шарыпбекова Алина, Кубанычбек кызы Бегимай, Шайдылдаева Шакира.
Алманова Элгиза: “Бул жашоодо сапары эч карыбай, Жашай берчү-Чыңгыз салган чыйыр жол.”
Аалам менен тең жарышып канаттуу
Чыгармалар – Чыңгыз агам жаратчу-
Улуу жолдо сапар тартып баратат,
Кылым өтсө, кылымдарды каратчу.
Кең дүйнөдө түндү сүрүп таң атчу,
Бир Чыңгыз жок ишке шашып баратчу.
Эмгектери түңүлө албай томсорот,
Чыңгыз аны, ал Чыңгызды жаратчу.
Кыш мезгили. Бештин айы-12.
Кантели эми, өмүр кыска, жол эки:
Өмүр жолу, өлүм жолу-айрылуу
Башка келет, келбейт десек бул чеки.
Кар күттүрүп, жылдагыдай кыш-жаңы,
Ойго салат жакындаган жыл-жаңы.
Ала-Тоодой бир кулунун жоголтуп.
Кыргызымдын күйбөй турат бир шамы.-
Шайдылдаева Шакира:
“Танабай”
Тушунда эл оозунда Гүлсары эле
Күлүгүм куюн жетпес тулпар элең.
Жоргонун даңкынан кем калышпаган,
Сүйүүгө кумарлуу жан, шумкар элем.
Жаштыкты аманатка алды жылдар,
Жашымды убайымга салды жылдар.
Жаштыгым, Гүлсарымдын махабаты,
Гүл бойдон кучагыңда калды жылдар.
Кыйкырык сүрөөн чыкса шашкан дүйнө,
Жорго тай кашканы издеп качкан дүйнө.
Умсунтуп жол каратып койду кантем,
Жомоктой Бүбүжанды тапкан дүйнө.
Жаңылбай арыш кере чапкан заман,
Чайпалбай ыракатка баткан заман,
Өмүргө тете жанга эркти берип,
Бактысын бул дүйнөдөн тапкан заман.
Шарыпбекова Алина:
Аттанса “кылымдарды карытуу” үчүн,
“Гүлсарат” жоргосуна минип алып.
Толгонай кол булгалап Чыңгызына,
Жер-Эне турат жаңы жолго салып.
Эдигей жолдош болуп узун жолдо,
Кылымдын добушуна кулак салса.
Космостон кораблдер коштоп кетет,
Огунан жердин чыгып узап барса.
Кубанычбек кызы Бегимай:
Дүйшөнү Алтынайды колдон алып,
Кылымдын чокусуна чыгып ашып,
Күтүшөт, Жамийласы чайын демдеп.
Ааламдын деми менен тең дем алып,
Табият, жерге жанын түптөй алган.
Чыңгыздын бут алдында дүйнө карып.
Каарман болду жазылып бүтпөй калган.
5. Элгиза: Ч. Айтматовдун чыгармаларын сахналаштыруу. “Ак кеме” повестинен үзүндү. Аткаруучулар: Нургазы: Жапаров Жанат,
Момун ата: Калыс уулу Каниет
Таенеси: Сапарбекова Аэлита
Таежеси Бекей: Кенжебекова Сайкал
Гүлжамал: Акматбекова Алтынай
Сейдакмат: Сагынбеков Нурсултан
Дүкөнчү: Рамис уулу Дастан
Сахнада үч аял(таенеси, таеже Бекей, Гүлжамал) өз ара сүйлөшүп турат. Бала чуркап чыгып: -Келатат! Машине-дүкөн келатат. Апталап! Апталап келатат!-деди. Таенеси: -Баланын көрөгөчтүгүн айт!-деп мактады. Дүкөнчү келип товарларын көрсөтөт. Аялдар аларды көрүп бул канча, тиги канча деп сурап эч нерсе деле албайт. Аны сезген дүкөнчүнүн кабагы бүркөлдү. Гүлжамал: Жакында Сейдакмат шаарга барганы жатат, аерде акча керек-деп басып кетет. Аны көрүп аялдар да басып кетишет.Дүкөнчүнүн жини келип –Силерди эл деп келген мен да акмак-деп товарларын сала баштайт. Анан баланы көрүп:
-Ой, шалпаң кулак, кимдин баласычың? Бирдеме аласыңбы? Айт, аларыңды, болбосо жабам. Акчаң барбы?
-Акчам жок эле, аба-деди бала башын чайкап.
-Жок, болуш керек. Алдагы чөнтөгүңдөгү акча эмей эмне?
-Жок, аба-деди бала чөнтөгүн аңтарып сууруп чыкты, анысынын да түбү тешик экен.
-Акчаны түшүрүп алган турбайсыңбы? Ойноп жүргөн жериңен изде. Таап аларсың. Бала үндөбөдү. –Кимдин баласы болом дедиң? Алиги Момун чалдын баласы болуп жүрбө? Бала башын ийкеди. Дүкөнчү:-Келе чөнтөгүндү тос.-деп конфет уучтап сунду. Бала тартынды. –Ал, ала гой. Мени жолдон кармаба. Эми кайтайын дегенде таятасы Момунду көрүп сүйүнүп кетти. –Ассолейкум-алейкум, чоң көпөс!-деди Момун чал. –Жакшы. Бирок көпөс келатканда тоо-токойго качып кеткениңер эмнеси? –Капа болбо, кагылайын. Келериңди билгенде тарап кетпейт элек. Акча азыр элде жок, куда кааласа күзүндө картөшкө сатып, капчыкты акчага толтуралы, ошондо кел. –Ээ бекер келген экемин –деп дүкөнчү кейип, буюмдарын салыштыра баштайт да, портфелди көрүп калат. –Ме мобу китеп капты, балаңа сатып бер, муну окутасыыңбы, канчага чыкты? –Баса, ырас айтпадыңбы айланайын. Окууга барат, балам, жетиден сегизге кетти.-деп Момун чал чөнтөгүнөн 5сомду алып чыгып берди.
Момун портфелди алып балага берди. –Мына эми жакшы болбодубу, эми күзүндө мектепке барасың. Өзүм алып барып турам. Бала портфелди алып сүйүндү. Дүкөнчү коштошуп кетти.
Бала сүйүнгөнүнөн таянесине мактанды эле, таенеси урушуп берди. Анан Бекей таежесине сүйүнчүлөдү эле, ал кабагын бүркөп жакшы экен деп койду. Андан ары Гүлжамал эжесине сүйүнчүлөдү эле, эжеси колу бошобой жатканын айтат. Бала андан ары Сейдакматка кетти. Ал чөп чабып жүргөн. Ал терин колу менен аарчып, балага карап,
-Эмне, чакырып жатышабы?
-Жок. Менин китеп кабым бар! Карачы! Таятам сатып берди. Мен окууга барам.
-Эй, энтеңдеп жүгүрүп келгениң ушубу?-Сейдакмат кулүп жиберди-Сен да таятаңды тартып айный баштадыңбы? Кана, кандай китеп кап экен?-портфелди карап, башын чайкады.-Эй, коё турчу, кайсы мектепке барасың? Кайсы тиги Желесайдагы мектепкеби, алыс да 5км ага сени ким алып барат?
-Ат менен жеткирип турам деди таятам.
-Күн сайынбы?. Күндө барып келип турат бекен? Алжыган чал экен. Өзүң кошо оку де. Экөөңөр бир партада отуруп, сабак бүткөндө атка учкашып жүрөтбересиңер.-Сейдакмат каткырып күлдү. Бала унчукпады. -Тамаша кылам,-деди Сейдакмат. Анан баланын мурдун чертип койду эле бала таарынып калды. –Таарынба портфелиң сонун тура!-деди далыга чаап.-Эми бара гой. Менин чөбүм калды.
Бала андан ары чуркап кетти да, китеп кабына сүйлөп баштады:” Сен ага ишенбе, менин таятам андай эмес. Таятам булардай куу эмес, ошол үчүн баары күлө берет. Ал экөөбүздү мектепке жеткирип турат.Мектеп каерде экенин сен али билбейсиң? Алыс эмес бир күнү көрсөтөм.Экөөбүз Кароол дөбөгө чыгып, мектепти дүрбү салып көрөбүз. Анан дагы дүрбү салып, Ак кемени көрөбүз. Сен али билбейсиң дүрбү экөөбүз ушинтип сүйлөшөбүз Эми бүгүндөн баштап мен, сен, дүрбү үчөөбүз болобуз.” деп үйүн көздөй чуркады.
6.Элгиза: Жеке номер. “Таласым”.
Аткаруучулар: Шарыпбекова Алина, Сапарбекова Нуркыз,
Калыс уулу Каниет,Рамис уулу Дастан,Турарбекова Нуржанай, Нурислам.
Токоюн бойлоп баратсам,
Суктанып көздү караткан.
Алыстан келген адамдар,
Кеткиси да келбейт Таластан.
Береке нурун сепкен жер,
Каныкей жашын төккөн жер.
Кан Бакай, Кошой баш болуп,
Кабылан Манас өткөн жер.
Ак шумкар сызып учкан жер,
Атагын дүйнө уккан жер.
Чокусу бийик Таластан,
Чолпонбай, Чыңгыз чыккан жер.
Ак чөлмөк ойноп тан аткан,
Айлуу түн бизге жарашкан.
Канчалык ойноп күлсөм да,
Кумарым канбайт Таластан.
8.Нурсултан: Ч. Айтматов жөнүндө окуучулардын жана ата-энелердин чыгарган ыр саптары:
Шайдылдаева Шакира: “Ким кетти?” Сөзү Айза.
Аскарали кызы Ширин: “Айтматовдун эли” (Атасы чыгарган ыр)
Калыс уулу Каниет: “Чыңгыз атам эң улук”
Акматбекова Алтынай: “Улуу адам чыккан Чыңгыздай”.
Шайдылдаева Шакира. “Ким кетти?”.
Өңгөгө катардагы кыргыз кетти,
Кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз кетти.
Асманда кыргыз деп нурун чачкан,
Асмандын орду толгус жылдыз кетти.
Кыргыздын маңдайынан жарык кетти,
Жазылбай дагы далай тарых кетти.
Жазганга үлгүрө албай жанган жылдыз,
Көп нерсе жарык көрбөй карып кетти.
Көп чыгарма жетишпей жазылганга,
Көп кендери жетишпей казылганга.
Адабият кампасы жабык калды,
Кампачы жок чыгарып сапар гана.
Көп чыгарма жетишпей ыйлап калды,
Жазуучунун жүрөгү туйлап калды.
Учурап орду толгус жоготууга,
Кыргыздын боору ачышып сыздап калды.
Суктанып талантынын таңгагына,
Капамын шум ажалдын алганына.
Көзүнүн тирүүсүндө кол кармашып,
Өкүнөм көрүшпөй калганыма.
Чындыгында кыргыз үчүн жанган жылдыз,
Алп жазычуу Төрөкулдун уулу Чыңгыз.
Орду болду бул жашоодо кайталангыс.
Аскарали кызы Ширин. “Айтматовдун эли”.
Чыңгыз атам кыргызды,
Бүт ааламга таанытты.
Алпы болуп ааламдын,
Албан эмгек калтырды.
Жамиласын кыргыздын,
Жан адам жок билбеген.
Жаркылдаган жамалы,
Жан дүйнөнү бийлеген.
Толгонайдын кошогу
Кимди гана толкутпайт.
Майсалбектин баянын,
Кимдер гана окушпайт.
Чыңгыз десе кыргыз деп,
Кыргыз десе Чыңгыз деп.
Аалам журту тааныды,
Айтматовдун эли деп.
Калыс уулу Каниет. “Чыңгыз атам эң улук”.
Чыгаан кыргыз калкымдан,
Чыккан алга суурулуп.
Чыгармасы жер кезген,
Чыңгыз атам эң улук.
“Бетме-бет” көрчү киносу
“Бугу эне” оку жомогун.
Баяндап далай тарыхты
Байкагын жазып койгонуң.
Акматбекова Алтынай: “Улуу адам чыккан Чыңгыздай:
Айтматов айткан чындык деп,
Айтылып жаткан чындык кеп.
Адамга кыйын болот ко,
Ар дайым адам болуш деш.
Акыны болду Кыргыздын
Ак кеме болду Чыңгыздын.
Нургазы жапжаш бала эле
Баласы болду кыргыздын.
Улутуң барбы кыргыздай,
Улуу адам чыккан Чыңгыздай.
Урпагы болуп келебиз.
Улуусун сыйлайт кыргыздар.
9. Эмблеманы жактоо.
Жактоочулар: Алманова Элгиза.
Кыргыздын белгилүү жазуучусу Ч. Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган. Анын балалык чагы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туура келген. 14 жашында кат сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы болуп иштеген. Анын чыгармалары 170-өлконүн тилдерине которулган. Төмөнкү чыгармалары эл арасында кеңири тараган:
“Ак кеме”, “Жамийла”, “Гүлсарат”, “Кыямат”ж. б.
“Ак кеме” повести 1970-жылы жарык көргөн. Чыгарманын негизинде “Ак кеме” аттуу көркөм фильм 1975-жылы тартылган. Режиссору Болот Шамшиев. 1977-жылы “Ак кеме” повести жана “Ак кеме” фильми СССР Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.
Даярдаган: Ажыбаева Нурила Эргешбаевна ( тарых мугалими)
© 2020, Ажыбаева Нурила Эргешбаевна 7861