СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Баткен областы.Лейлек району.Исфана шаары
Самат атындагы орто мектеби
“Үй-бүлөдө 12-13 жаштагы балдар үчүн адабий китептер жана аларды чогуу окуу”
(5-класс Энелер мектеби)
Математика мугалими: Койчубаева Тазагул Назаровна
Сабактын темасы: 12-13 жаштагы балдар учун адабий китептер жана аларды чогуу окуу
Максаты:1.Үй-бүлөдө балдар менен чогуу окуу бийик ойлорду жазган китептерди ар убакта, бирок системалуу окуу, талкуулоо өзүнүн эң жакшы жемишин берет.
2.Үй-бүлөдө балдар китепти сүйүүгө тарбияланат, жан дүйнөсү бай, адамгерчиликтүү адам болот.
3.Адабий китептери чогултуп, аларды окуп, билим алып, көз карашы өзгөрөт.
Көрсөткүчү: Максатка жетти дейбиз:
-Эгер үй-бүлөдө адабий китептер болсо, аларды ата-энелер менен чогуу окушса;
-Системалуу окуп, талкуу жүргүзүшсө;
-Ата-эне ӨЗҮ да көңүл буруп, кызыгып, колдосо;
-Адабий китептерди сатып берсе, чогултса;
-Үй-бүлөлүк китепканасы болсо, аларды пайдаланса, көз карашы өзгөрсө;
Сабактын жабдылышы: батман, флипчарт, бор, проект доска
Сабактын формасы: сабак-жарыш
Сабактын жүрүшү:1.Уюштуруу
Саламдашуу.Жоктоо.Билимдерин текшерүү
Уй-тапшырмасын текшерүү
Өтүлгөн темаларды кайталоо
Жаңы тема
Окуучулар эки топко бөлүнөт:
1-топ Билимдүүлөр (Сайкал, Батма,, Айзирек,Азиза,Адинай Бекболсун, Орозбек, Жоробек,Аскар
2-топ Акылдуулар(Перизат, Самира, Мунира,Зейнеп,Кудаш, Актилек,Тима,Ильяз,Адилет)
Калыстар тобу: 1.Арыстанова А
2.Эрматова М
3.Исраилова К
Урматтуу энелер, сиздер менен 12-13 жаштагы балдар учун адабий китептер жана аларды чогуу окуу боюнча талкуу жана жарыш сабак түрүндө өтмөкчүбүз.1-бөлүгүбүз сабак-жарыш түрүндө,2-3-бөлүк ата-энелер менен талкуу ар турдуу маселелер менен маек курабыз.
Сабакты баштаардан мурда улуу ойчулдардын ойлору менен ой бөлүшүп кетсек:
Ой гүлдөрү китебинен «Акылман собол-жооптор»
Кадимки Иран даанышманы Бузуржмехр индустун бир даанышманы менен адеп-ахлак тууралуу маектешип олтурду:
-Кайсы сапат адамды пас мартабадан бийик даражага көтөрөт?
-Акыл менен тарбиялуулук.
-Адам эмне менен адам боло алат?
-Адамгерчилик менен.Эгерде адамда ушул сапат болбосо, анда анын айбандан кенедей да айырмачылыгы жок болот.
-Адеп, тарбия адамдарга кандай пайдаларды берет?
-Адептуу, тарбиялуу адам башкаларга муктаж болбойт, балким башка адамдар буга муктаж болот.
-Баарынан ачуу нерсе эмне?
-Пас, акылсыз адамдарга муктаждык, алардан маанисиз сөздөрдү угуу
-Кайсы нерсе адамдарга кайгы жана бушаймандык алып келет?
-Орунсуз ачуулануу, ыксыз текеберлик жана жуйоосуз аракет.
Уч нерсе акылга куч кошот.
1.Илимдүүлөр менен маектешүү
2.Тажрыйба жыйындысы
3.Туруктуу мүнөз
Уч нерсе акылга зыян келтирет.
1.Ойлонбостук,
2.Демилгесиздик
3.Шашмалык
Бир даанышмандан сурап калышты:
-Кандай кылып сен Илимдин эн бийик чокусуна чыктың?
-Даанышман мындайча жооп берди
-Билбеген, түшүнбөгөн нерсемди илимдүүдөн да, катардагы пендеден да, улуудан да, кичүүдөн да сурадым.Бул кылыгым учун эч нерседен уялбадым, намыс да кылбадым,өзүмдү өйдө санап, текеберлик да кылбадым.
Анда Бейт: Уялба илим жолун үйрөнүүдөн
Ийгилигин-иликтеп, ийгерүүдөн.
Жусуп Баласагун «Кут алчу билим» китебинен
Айткым келди оо акылман, сөз жайы,
Окуу, билим пайдасынан баштайын.
Окуу түндө алдындагы шам чырак,
Билим алсан, мандай ачык жаркырап.
Окуу билим көп нерсеге жеткирет,
Бул экөөнөн урмат сыйды көп көрөт.
Сокур дешет билимсизди –жөн дебе,
Окуу гана жарык чачат дүйнөгө.
Китепсиз билим жок, билимсиз өмүр жок.
Китеп мулк, оокат нан, Китеп окубаган ал адам-наадан.
Китептеги аңгеме, жомок аркылуу балдарды акыл дүйнөсүнө жетелеп аруулукка, тазалыкка, сергек жашоого жана адамгерчиликтуу мамилени жасоого үндөйт.Ички дүйнөнүн сулуулугун, баалай билип, жалпы адамзат тууралуу ой жүгүртүүгө, улутун, мекенди сүйүүгө чакырат.
Китеп менин тунук таза булагым,
Китеп менин өчпөс жарык чырагым.
Көптү окуп, көптү билип китептен,
Мекениме талбай кызмат кыламын.
Кимде-ким окуй алса олжо табар,
Кимде-ким билим алса-олжо алар.
Илимдуу асыл адам чындыгында,
Билимдуу өкумдарга керек тура.
Адамдар ар нерсеге жетиш учун,
Жумшаган колдун кучун, илим күчүн.
Акылдуу илимдүүлөр, улуу асылдар,
Билим менен бек күчү ишке ашар.
Жеткирди миң-миңдеген ачылышка,
Сага даңк илим күчү-урмат сага!
Өнөргө ээ болосуң окуу менен,
Аз болсо да билимде пайда кенен. - дегендей
Конкурстун шарттары менен тааныштыра кетсем:
- Конкурстун шарттары:
1.Баланызды билесизби? (ар кандай суроолорго жооп берүү) ата-энелерге тапшырма(ошол мезгилде берилет)
2.Окуган китеби боюнча суроолорго жооп берүү.(китеп окуу тапшырмасы 1 ай мурда берилген)
3.Окуган китебиндеги чыгармалардан ролдоштуруп берүү (ата-энеси менен чогуу)
4.Ким алдында оюну (балдарга тапшырма берилет, энеси жардам берет)
Анда 1- тапшырма боюнча баштасак: *(Энелер анкета толтурат.Балдар «Китеп окуудагы биздин кемчиликтер», «Китеп окуунун пайдасы» « Китеп менен болгон мамиле» ролик корсотуу
Баланызды билесизби? (анкета тотурушат, кийин балдары өздөрү толтурган анкетаны окуп беришет)
Билим кени –китеп, Тарбия кени-мектеп.
Ким китепти көп окуса, Ал көптү билет.
2-тапшырма Окуган китеби боюнча суроолорго жооп берүү
1.Сагынбек к Перизат «Күмүш китептер» Арстан кармаган ат жомогунан
А)Арстан кармаган аттын аты? Жооп: Торкашка
Б) Торкашка акырында кимдин үйүндө калды? Жооп: дыйкандын
2.Буркутбек к Батма «Күмүш булак» жомогу Рысбаев К
А) Момун адам кайда барат? Жооп: токойго
Б)Акырында абышка эмне болот?жооп: ач көздүктөн улам, нысабы бузулуп, абышка таштын алдында түбөлүккө көмүлүп калат
3.Назарова Айзирек Жомоктор китеби «Уч кыз» жомогу
А) Улуусу эмнени жакшы корот.?жооп: күзгүгө каранып олтурганды
Б) ортончусу менен кичүүсү эмнени жакшы көрөт?жооп: таранганды, кийим тигүүнү
4.Кошонова С Кыска жомоктор китеби «Баатыр Фимбо» жомогу
А) Фимбо деп эмнени айтат? Жооп: киттин баласы
Б) Балыктар эмнеге суйунду? Жооп: Фимбо балыктарды башына олтургузуп, фонтан кылып атты эле,ал балыктар асманга учуп күндү, асманды, кемени көрүп сүйүнүштү.
5.Жумабек к Зейнеп «Каз ойлоп тапкан достук» жомогу
А)Кой эчкинин улактарына карап эчкиге эмне деп айтты? Жооп Сенин балдарын кандай сүйкүмдүү деди суктана карап.
Б)Эчки эмне деди?жооп: А сенин козуларындын мамык жуунучу
6.Курбаналиев Аскар «Эки аяз» беларус эл жомогу
А)Эки аяздын аттары? Жооп: көк мурун, кызыл мурун
Б) Аяздар мужукту жеңе алдыбы? Жооп: жок, эмгек куралы бар мужукту жене албасына көзү жетип, жалкоолорду издеп жөнөдү
7.Мурзабаева Сайкал «Көрө элек сый» жомогу
А) хан кедейге эмне деп айтат?жооп: Эч нерсе эмес кедейим! Сен да мага өмүрүмдө көрө элек сый көрсөтүп, коноктоп кой! -дейт
Б) Кедей ханды кантип сый кылат? Жооп: жалгыз көмөч нанын коюп,сый кылат.
8.Данияр уу Акылбек «Өтүкчү мышык» жомогу Шарл Перро
А)Тегирменчинин канча уулу болгон? Жооп: 3
Б)Кандай дүйнөсүн балдарга бөлүштүрүп берет?жооп:Улуу баласына-тегирмен, ортончусуна-эшек, кичүүсүнө-мышык.
9.Асанова Адинай «Ав жана Мяу» Николай Шульгин
А)Күчүк жана мышыктын аты?жооп: Барбос жана Муся
Б)Алар жайында, кузундо, кышында эмне ойношчу? Жооп: Жай-жашынмак, күз-кубалашмак, кыш -кар ойнойт.
10. Бекботоев Актилек «Акылдуу дыйкан жомогу
А)Жигиттер экинчи жолу эмне кылып жаткан катынга жолугат? Жооп: Ормок соккон катынга жолугат.
Б) Дыйкан ханды эмне деп атайт? Жооп: Акмакты таап кел деген хандын өзү акмак же акмакты издеп жургон экөөн акмак деп айтат.
11. Жумабаева Мунира «Ак куулар менен ДОС болгон бала жомогу
А) Абышка менен кемпирдин канча баласы болгон? Жооп: жалгыз баласы
Б) Бала бүркүттү таш менен урганда бүркүт жерге кулап эмне болот?
Жооп:Бүркүттүн канаты сынып, көзү көрбөй уча албай калганда аны курсагы ачкан түлкү келип жеп кетет.
12.Ахматов Бекболсун Кыргыз эл жомоктору китебинен
3-тапшырма Окуган китептеринен ролдоштуруп берүү же китепти окуп берүү
4-тапшырма Ким алдында оюну (Командага тапшырма берилет. Адептуу, адепсиз баланын сапаттары)Кайсы топ көп сөз табат.Энелер жардам берсе болот?
Рекордсмен китептер ролик көрсөтүү
Жыйынтыктоо:Калыстар тобу менен жеңүүчү топту аныктоо
Баалоо: Ар үй-бүлөнүн активдүүлүгү, китепти пайдалануусу, үйлөрүндө “Үй-бүлөлүк китепкананын” болуусу, үй-бүлөдө китепти чогуу окуусу эске алынат жана конкурстун шарттарына ылайык калыстар тарабынан баа берилет.Баалуу белек-адабий китептер катышуучулардын баарына берилет.
Үйгө тапшырма: “Китеп-менин жан досум” эссе жазып келүү.
2-болук Балдардын жаш курагын эске алып сунуш кылынуучу айрым көркөм адабий китептердин тизмеси:
Сюжети композициясы татаал эмес, кармандары азыраак «Акыл Карачач», «Акылдуу дыйкан», Орус эл жомогунан «Золушка»
Казак эл жомогунан «Каракушбай», окуялары татаалдана баштаган фантастикалык чыгармалар: М: К.Эсенкожоев «Учунчу шар», Б.Сартов «Роботтун туулган куну» ал эми ата-энелер учун «Ата-энелер сиздер учун» Г.Мадаминовдун китеби 90-95-бет
3-бөлүк (сабак бүткөн соң)
«Балага байкатбай багыт корсотуунун айрым жолдору» ролик көрсөтүү
«Баланы кантип акылдуурак кылабыз?» ролик көрсөтүү
Жыйынтыктоо: Урматтуу энелер, мына аз да болсо маалымат берип кеттим, эми жыйынтыкты ар кимибиз өзүбүз чыгарсак.
Лейлек району.Самат атындагы орто мектебинин математика мугалими Т.Койчубаева
© 2019, Койчубаева Тазагул Назаровна 472