СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Түндүк Европа

Нажмите, чтобы узнать подробности

15.ТҮНДҮК ЕВРОПА Түндүк Европага-Швеция,Норвегия,Финляндия,Исландия,Дания жана Прибалтика өлкөлөрү кирет. «Европанын чет жакасы» деп эсептегени менен ыңгайлуу географиялык орунду ээлейт. Жалпы аянты 1,3 млн.км2,калкынын саны 23 млн.киши,Батыш Европа өлкөлөрүндө өнөр жай үлүшүнүн үлүшү 21 % түзөт. Түндүк Европа өлкөлөрүнүн бардыгы (дАниядан башкасы) гидроресурстрга өтө бай,электроэнергиянын негизги бөлүгүн ГЭСтер өндүрөт. Түндүк деңизден нефть жана газ өндүрүлөт.Минералдык отун импорттолот. Арзан электрэнергиясынын базасында Швецияда,Норвегияда электрохимиялык жана металлургиялык өндүрүштөр өнүккөн. Швецияда толук циклдагы кара металлургия жана көп тармактуу машина куруу өнөр жайы бар.Норвегияда импорттук бокситтен алюминий эритилет.Бардык өлкөлөрундө кеме куруу өнөр жайы бар.Кубаттуу токой-химия комплекстери түзүлгөн.

Дүйнөгө салыштырмалуу Европа анча чоң эмес болсо да ичинен ар түрдүү.Субрегиондорго бөлүүнүн бир канча түрлөрү бар. БУУ уюмунун классификациясы 4 субрегионго 1.Түндук Европа, 2. Түштүк Европа, 3. Батыш Европа, 4.Чыгыш Европага бөлүнөт. Түндук Европа Скандинавия жарым аралын жана ага жанаша жаткан аймактарды Балтика жээгин, Исландия,Британия аралдарын камтыйт. Чет өлкөлүк Европанын аянтынын 20%ин ээлейт. БУУ уюмунун бөлүштүргөнү боюнча :Улуу Британия жана аралдар Гернси,Джерси,Мэн аралдары, Дания жана Фарер аралдары,Ирландия,Исландия, Латвия, Литва, Норвегия Шпицберген аралдары менен Ян-Майен, Финляндия жана Аланд аралдары, Швеция жана Эстония. Башкаруу формасы : Улуу Британия,Норвегия, Дания,Швеция монархиялык. Административдик-территориялык формасы боюнча региондун бардык өлкөлөрү унитардык. Түндүк Европа 500 түн кендиктен 810 түндук кеңдикке чейин жайгашкан. Климатына Түндүк Атлантика агымы таасир этип,жумшартат. Климаты деңиздик жана деңиздик субарктикалык климат.Бардык өлкөлөрүндө Улуу Британия менен Ирландия өлкөлөрүнөн башка ызгаардуу кыш -500с чейин төмөндөйт. Өсумдүктөрү ар түрдүү түндугүнөн тундра, Борбордук жана Түндүк Чыгыш региондорунда тайга, Түштүк Батышы жана Чыгышында аралаш токойлор тараган. Региондун калкы Чет өлкөлүк Европанын 4%ин тузөт. Калкынын саны боюнча, млн киши: Улуу Британия-62 Швеция-9,3 Дания-5,5 Финляндия-5,3 Норвегия-4,0 Ирландия-4,6 Тил түркүмү боюнча калкы индоевропалык тобуна : Герман Балтика Славян Урал, фин-угор тилдеринде сүйлөшөт. Ирландиядан башка бардык өлкөлөрүндө демографиялык кризис мүнөздүү. Швеция дүйнөдө эмгек жашынан өткөндөрдүн саны боюнча айырмаланат. Өмүрүнүн орточо узактыгы 73-75 жашка чейин,Швеция менен Норвегияда 79 жашка чейин жашашат. Региондун бардык өлкөлөрү жогорку урбанизацияда 65-80% ке чейин түзөт. Швецияда 85%. Эң жогорку урбанизация Исландияда 94% түзөт Ири агломерациялары Лондон,Копенгаген,Стокгольм, Хельсинки,Рига. Калктын жыштыгы Улуу Британияда -246 киши\км2 дан Исландияда -2,7 киши\км2 түзөт.Лидерлери Гернси аралында-836 киши\км2, Джерси ар. -797киши\км2. Дини боюнча евангелия лютерандык церковьдор. ИДП деңгээли,млн: Улуу Британия-2 256 830 долл Швеция-341 868долл Норвегия-256 523долл Дания-204 060 долл Финляндия-190 862долл. Ирландия-188 112долл. Киши башына бөлүштүргөндө Норвегия алдыда -52 229долл. Жашоо деңгээли боюнча биринчи орунда,калгандары Балтика жээгиндеги өлкөлөрдөн тышкары алдыңкы 20 өлкөнүн катарында. Улуу Британия Шериктештиктеги падышачылыктын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия аралдагы өлкө.Чет өлкөлүк Европанын ири өлкөлөрүнүн бири. Ядролук державадагы, БУУ уюмунун мүчөсү. Башкаруу формасы парламенттик монархия. Мамлекет өзу 4 тарыхый провинциялардан турат. -Англия -Шотландия -Түндук Ирландия -Уэльс Административдик-территориялык тузүлушу боюнча Улуу Британия унитардык мамлекет-4 провинциянын 3ү автономиялык болсо да. Борбору-Лондон ш. Европанын ири шаарларынын жана финансы борборлорунун бири. Мамлекет Британия аралдарында жайгашкан. Улуу Британия аралы, Ирландия аралынын түндүк чыгышы, Норман,Оркней жана Шотландия аралдары.Атлантика океаны, Түндүк деңиз,Ирландия деңиздери менен чулганат. Түштүк жээги Европа континенти менен Евротуннель аркылуу байланышат.Түндүк Ирландия Ирландия менен кургактык аркылуу 360 км чектешет( бул Улуу Британиянын жалгыз кургактык аркылуу чек арасы.) Гринвич обсерваториясы 0меридиан болуп эсептелет. Улуу Британиянын эл каттоосу ар бир 10 жылда жүргүзүлөт. 2011-ж-62 698 362 -Англияда-51.44млн -Шотландияда -5,17млн. -Уэльс-2,99 млн -Түндүк Ирландияда-1,78 млн киши. Ири шаарлары: Лондон,Бирмингем, Глазго, Белфаст, Манчестер, Эдинбург, Ливерпуль Улуу Британияда рыноктук экономика 6 орунда дүйнө боюнча, Европа боюнча ГФРден кийинки 2 орунда турат.Фунт стерлинг дүйнөдө үчүнчү резервдик валюта АКШ доллары жана евродон кийинки орунда. Британиялык тейлөө сферасы-73% ИДП түзөт. Лондон дүйнөлүк экономиканын башкаруу борборлорунун бири Нью-Йорк, Токиодон кийинки орунда.Финансы борбору Нью-Йорк менен барабар, шаардык ИДП продукциясы боюнча Европада эң ирилери болуп саналат о.э. Европанын ири финансылык борбору. Туризм 30 млн турист (2011-ж) менен Улуу Британия дүйнөдө 6-орунда, Лондон эң туристтер каттаган шаарлардын бири. Өнөр жай революциясы Улуу Британияда текстиль ө.ж., кеме куруу, көмүр казып алуу, металлургия иштетет. Британия империясы чет өлкөлүк рынокто өзүнүн продукциясын чыгарат, ошондуктан Эл аралык сооданы көзөмөлгө алган азыр да өнөр жай Улуу Британиянын экономикасында маанилүү орунда.Бирок ИДП 1\6 бөлүгүн гана түзөт. Өлкөнүн ири монополиялык корпорациясы “Юнилевер” жана “Женерал –электрик”. Негизги өнөр жайы калк жыш отурукташкан Лондон графствосунан-Ланкаширге чейин, батышындагы Йоркширден-Глосторширге чейин. Ири өнөр жай райондору: Түштүк Уэльс Түндүк-чыгыш Англия Шотландиянын борбордук бөлүгү. Эски өнөр жай райондору депрессивдүү райондорго айланган: Шотландиянын көп бөлүгү Түндүк Ирландия Уэльс толугу менен Эн четки түндүк-чыгыш жана түштүк-батыш Англия Автомобиль өнөр жайы негизги тармактарынын бири. Бул тармакта 800 000 киши эмгектенет.Обороту 50 млрд фунт стерлингди түзөт. Авиация өнөр жайы дүйнөдө экинчи орунда. Обороту 20 млрд фунт.стерлинг. Фармацептика өнөр жайы дүйнөдө үчүнчү орунда, изилдөө иштери боюнча чыгымы АКШ,Япониядан кийинки орунда. Айыл чарбасында эмгек жарамдуу калктын 2% гана эмгектенет. Улуу Британия калктын керектөөсүнүн 75% айыл чарба продукцияларын чыгарат. Толугу менен ячмень,сулу,картофель, үй канаттууларын, чочко этин, жумуртка жана сүттү камсыз кылат. Импорттолот: 80%-каймак 65%-кант 50%-дан жана бекон 25% -уй этин жана торпок этин. Улуу Британия 2007-2008-ж 22% (13,5 млн.киши) калкы жакырчылыкта жашаган.Евросоюздагы эң жогорку көрсөткүч. Жумушсуздук жаштар арасында 18жаштан 24 жашка чейин 20,3% 1992-жылдан берки көрсөткүчтөрдүн ичинен жогору. Мамлекеттин карызы ИДП 76,1%ин түзгөн. Сырткы карызы боюнча дүйнөдө экинчи орунда АКШ дан кийинки орунда.

Түндүк Европа

Түндүк Европа Аталышы (Расмий аталышы) Желек Борбор шаары Тили Валюта Аянты (км²) Дүйнөдөгү орду Калкы Жыштыгы Карта Дания (Дания Падышалыгы)

Копенгаген Даниялыктарча Даниялык крона 43,094

130 5,447,084

126.4

Исландия (Исландия)

Рейкьявик Исландия тили Исландиялык крона 103,125

104 316,252

3.1

Норвегия (Норвегия Падышалыгы)

Осло Норвегия тили Норвегиялык крона 385,199

66 4,681,134

12

Латвия (Латвия Республикасы)

Рига Латышча Евро 64,589

121 2,266,822

35

Литва (Литва Республикасы)

Вильнюс Литва тили Лит 65,200

120 3,483,972

55

Финляндия (Финляндия Республикасы)

Хельсинки Финче; шведче Евро 338,145

63 5,219,732

15.4

Швеция (Швеция Падышалыгы)

Стокгольм Шведче (де-факто) Швейцариялык крона 449,964

55 9,196,227

20

Эстония (Эстония Республикасы)

Таллин Эстончо Евро 46,227

132 1,340,602

29

07.08.2020 22:00


Рекомендуем курсы ПК и ПП