СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жалал- Абад областынын Кара – Көл шаарындагы Токтогул атындагы № 1 мектеп- гимназиясынын математика сабагынын мугалими Айбекова Акжибек Айбековнанын педагогикалык ишмердүүлүгү.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жаңычыл жаш мугалим - Акжибек

“Жаштар – биздин келечегибиз” -деп акылман элибиз бекеринен айтпаса керек. Эгерде коом туруктуу өнүгүүнү алдыга максат койсо, анда жаштарды турмушка тарбиялап, жаштардын ар тараптан өсүүсүн камсыз кылуу бул- биздин, мугалимдердин милдети. Баса, белгилеп айта кетчү нерсе,жаштар – коомдун бүгүнкү менен эртеңкинин кыймылдаткыч күчү. Жаштар- зор интеллектуалдык – потенциалдын алып баруучулары катары ойдогу жаңы идеяларды киргизүү б.а. жаңычылдыгы менен бөтөнчөлөнуп турат. Жаңы идеяларды ишке ашырууда бизге көмөкчү болгон жаштар менен жамаатыбыз толукталып жатат. Жаш адис “Жылдын мыкты мугалими -2019” сынагында “Гран- принин” ээси, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш мугалим, математика сабагынын адиси Айбекова Акжибек Айбековна жөнүндө айтпай кетүүгө болбойт. Өнүккөн технологиянын заманынан артта калбай, окуучулардын жан дилине илим- билим үрөнүн сээп, математика сабагынан билим берип, мектепте окуучуларды социалдык жактан коргоп, баланын карым- катнаш чөйрөсүнө көңүл бөлүп, өспүрүм, ата – энелер менен байланышты чыңдаган соцпедагог. Социалдык педагог катары жаш болсо да кесиптик өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында класс жетекчилер, предметтик мугалимдер, ар түрдүү үй- бүлөлөр менен тыгыз байланышта иш алып барат. Кесиптештеринин ишенимине ээ.

5.04.19-6.04.19 күнү Кара – Көл шаарынын жалпы мектептер арасында жыл сайын салтка айланган “ Жылдын мыкты мугалими-2019” сынагы болуп, жаш адис экендигине карабастан атаандаштарынан бардык тапшырмалары боюнча :”Мугалимдин педагогикалык ишмердүүлүгүн”, “2019-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” карата жазылган эссесин презентациялоодо бөтөнчөлөнүп, жеке хоббиси менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурду. Натыйжада Айбекова А.А. өзүнүн мугалимдик чеберчилиги, изденүүчүлүгү,жаңы идеяларды жарата билгендиги,сабагында жаңы ыкмаларды таап колдоно билгендиги менен атаандаштарынан өзгөчөлөндү. Математика сабагынан “ Орто маанилердин түрлөрү”- деген темада 6-“Г” классына жаңы технологияны пайдаланып, интерактивдүү доскада телефон аркылуу онлайн тесттерди иштетип,”Эң мыкты” сабак өттү. Мамлекеттик билим берүү стандартына жана предметтик стандартка ылайык окуучулар курчап турган дүйнөнү математикалык теориянын негизинде сыпаттап берүү ыкмаларын билип, билимдерин башка предметтерде жана күндөлүк турмушта рационалдуу пайдалануу көндүмдөрүнө ээ болушту. Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин диагностикалык, формативдик, суммативдик баалоо аркылуу аныктады. “Мугалим – билимдин булагы”- дейт Акжибек Айбековна.

Санариптештирүү иштеринин алкагында Өкмөт тарабынан негизги үч компоненттик приоритет белгиленген: электрондук мектеп,электрондук китеп,электрондук мугалим. Ошондуктан Айбекова А.А. балдардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн электрондук китеп,тренажер, сабактар дүйнөсү, тесттер аттуу санариптик ресурстарды колдонорун баяндап өттү. Бул ресурстардын ичинен онлайн- тесттик тапшырмаларды түзүү боюнча методикалык сунуштарын айтты. Окутуу менен тарбиялоо бири- бири менен тыгыз байланышта. Тарбиялык ишти алып баруу класс жетекчинин негизги милдети. Акжибек Айбековна 6-“В” классын жетектейт. Класстан тышкаркы кыймылдуу оюндар, конкурстар, спорттук мелдештер, предметтик акыл таймаштарды ар дайым уюштуруп турат. Ушул классы үчун электрондук журнал түзүп, ата – эне, окуучу, мугалим үч бурчтугун жакшыртууга өбөлгө түзгөн. Электрондук журнал мектеп, ата –эне үчүн өтө ыңгайлуу. Башкарууну да автоматташтырат. Электрондук журнал түзүү идеясы менен математика сабагынын мугалими Айбекова Акжибек Айбековна заманбап окуучуга билим жана тарбия берүү үчун заманбап мугалим болууга чакырат. Өздүк сайттарын ачып, сабактарын дүйнөгө жайылтып, ар бир сабагынын иштелмеси үчүн автордук укукка ээ болду. Жаш адис менин келечектеги кыялдарым :” Үйрөтүү гана эмес, үйрөнүүнү каалагандарды көбөйтүү,окуучулардын жетишкендиктерин жогорулатуу,окуучунун компетенттүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү, электрондук журнал түзүү боюнча кесиптештериме жардам берүү. Ар бир окуучу өз алдынча ар бир теманы изилдеп,уюлдук телефон аркылуу тест түзүп, мобилдик байланыш менен бири- бирин текшерип,жардамдашып, тест банкын түзүү, интернет аркылуу ал банк менен каалаган учурда иштөө”- дейт. Мугалим окуп турганда гана мугалим катары жашайт.

06.02.2020 07:07


Рекомендуем курсы ПК и ПП