СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Илгери-илгери өткөн заманда бир шаарда өзгөчө акылдуу,баамчыл бпла болгон экен.Ал бала акылдуу болуп,ар дайым ойлонуп иш кылган,көргөн билгендерин терең аңдаган,зээндүү бала эле.
Бир жолу башка жактан келген бир кишиге жолугат.Ал киши көптөн бери төөсүн таппай,көп жол жүрүп келе жаткан болот.Жок дегенде ушул бала көрдү бекен?-деп баладан төөнүн ээси сурайт
-Балам,көптөн бери бир төөмдү жоготуп издеп жүрөм.Силер жактан өтүп калса,көрүп калган жериң жөкпу?-деп сөз баштайт
- Ал төөңүздүн арткы буттарынын бири аксак эмес беле?
-Ооба,ооба дал ошондой.Төөмдүн арткы бир буту ооручу эле.
-Төөдө куржунга салынган буудай жок беле?
-Ооба ошондой,бар болчу.Төөнүн куржунунда буудай бар болчу.Ошону менен кошо жоготкон элем.
-Төөнүн өңү ак беле?
-Ооба,өңү ак болчу.Демек.,балам,сен менин төөмдү көргөн турбайсынбы.
-Жок,байке,мен силердин төөңүздү көргөн жерим жок.Баланын бул жобуна таң калган киши андан кайра сурайт.
-Балам,сен менин төөмдү көрбөсөң,анан төөнүн аксак экенин,курдунунда буудай бар экенин,төөнүн өңүн кандай билесин?
Ошондо бала мындай деп жооп берген экен:
-Мен сиздин төөңүзда көргөн жокмун.Мен кайсы бир төөнүн жалгыз келип жыгачка кашынып,күйкөнгөнүн анын изинен көрдүм.Ал жердеги изди карасам төөнүн изи экен.Төөнүн бир бүтү жерге тийбептир.Төө аксап баскан экен.Төө кашынган жерде бир аз буудай төгүлүпбүр.Андагы куржун жыгачка илинип тешилген экен.Анан ал төө сүйкөнгөн жыгачта төөнүн жүндөрү турат.Анын өңү агыш экен.Төөнүн баскан изине көңүл бурсак,ал батыш тарапка багыт алыптыр,-деген экен.
Кичинекей баланын мындай акылына, анын баамчылдыгына баа берип,киши аябай таң калып,ыраазы болгон экен.
© 2020, Эгембердиева Жылдыз Эркинбайева 361