СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Т үштүк Европа Түштүк Европага Жер ортолук деңиздиң жээгинде жайгашкан өлкөлөр кирет. Пиреней жарым аралындагы Португалия, Испания, Андорра, Гибралтар,Аппенин жарым аралындагы: Италия, Ватикан,Сан-Марина о.э.Балкан жарым аралындагы : Греция, Хорватия, Черногория,Сербия, Албания, Словения, Босния жана Герцоговина, Македония жана Мальта Түштүк Европанын жалпы аянты 1,1 млн.км2,калкынын саны 120 млндон ашык.Батыш Европадагы өнөр жай үлүшү-18% жакын.Бул субрегиондогу өнүккөн Италиядан башка өлкөлөрдүн көбү (Испания,Португалия, Греция) өнүгүүнүн орточо деңгээлине жетишкен.Испанияда,Италияда-кара жана түстүү металлургия машина куруунун ар кандай тармактары,химия,тамак-аш өнөр жайлары өнүккөн. Жер Ортолук деңиздин климаты жүзүм, цитрус, күрүч, пахта,тамеки, олив,жемиш, жашылча өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Бардык Түштүк Европанын өлкөлөрүндө субтропиктик Жер ортолук деңиздик климат өкүм сүрөт,жайкысын +240с, кышкысын +8, жылдык жаан-чачын 1500 ммге жакын. Бардык Түштүк Европа дайыма көгөрүп туруучу катуу жалбырактуу бадалдуу токойлор зонасында жайгашкан. Калкынын саны 164 млн киши, Гигант өлкөлөр Италия 60 млн. Киши, Испания 46 млн киши, карлик өлкөлөр Сан-Марина,Андорра, Ватикан-калкы 836 киши жыштыгы 1891 \киши км2 аянты 0,44км2 Этникалык составы боюнча: - роман эли(португалдыктар, испандыктар, италиялыктар) -славян эли: ( сербдер,хорваттар) -иллирий эли( албандыктар, -гректер Дини да ар түрдүү: Батыш бөлүгундө католиктер, чыгышында православие дини.Албания жана Косоводо илам дини жана Босния жана Герцоговинада мусулмандар көп. Урбанизация деңгээли: Греция 59% Испания-91% Италия-72% Мальта-89%Португалия 48%Сан-Марина48% Табигый өсүш көпчүлүк өлкөлөрүндө анча жогору эмес картайгандар көп Чарбасы: Тоо кен иштетүү өнөр жайы, дыйканчылык, тоонун жайыт катары мал чарбачылыгы. Машина, жеңил өнөр жайынын текстил чыгаруу,жүзүмчүлүк жана цитрус өстүрүү. Туризм жакшы өнүккөн.Испания Европада Франциядан кийинки экинчи орунда. Туризмден башка айыл чарба негизги тармагы болуп эсептелет. Жүзүм,зойтунга бай. Жогорку көрсөткүчтөгү дан жана буурчак о.э жашылча жемиш өстүрүү. ИДП боюнча Италия 2трлн доллар жылына киреше түшөт,андан кийин Испания 1,7 трлн. доллар Өнөр жай Италиянын негизги тармагы улуттук кирешенин 40%и, анда 40% эмгек ресурсу эмгектенет, бирок отунду импорттошот.Энергетика ташылып келинген кокс,көмүр,нефтиден жана өзүнүн газы,гидроресурсу чыгарат.ТЭЦ,ГЭС, Борбордук Италияда геотермалдык электростанция о.э.АЭС курулган. Италияда кара металлургия толугу менен ташылып келет. Ири комбинаттар Таранто портунда о.э Генуя,Неаполдо. Кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары ири машина куруучу заводдордо Милан жана Туринде курулган. Машина куруу өнөр жайы негизинен жеңил автомобиль куруу концерн “Фиат” –Турин жана анын тегерегинде жайгашкан.Жаңы автомобиль заводдору Италиянын түштүгүндө Неаполь жана Палермодо бар.Калган “Феррари”,”Мозерати”, “Ланчо” түндүгүндө Милан, Турин,Больцано,Моденада курулган.Италия мотороллердин мекени чоң спроско ээ.Кеме куруунун 90%не чейин “Италконтиерри” компаниясына таандык Адриатика деңизинде Монфольконе, Триест, Венецияда, Анконада. Лигурия деңизинде-Генуя,Специя,Ливорнодо, түштүгүндө кеме куруу-Неаполь,Таранто, Мессина,Палермодо курулган. Электротехникалык приборлорду курууда жакшы жетишкен- Миланда, түштүккө карай Неаполь жана Бариге жылды. Нефтехимиялык өнөр жай түндүгүндө Милан, Мантуя,Равенна,Феррарада, негизги нефтехимия борбору Терни шаарында, түштүк талияда бир нече комбинаттар курулган-Приоло, Джела,Неаполь Кальяри,Порто Торресте. Италиянын текстиль өнөр жайы кездемелерди жана жипти пахтадан,жүндөн, жибектен, джуттан, зыгырдан жана химиялык булаларды о.э ар түрдүү трикотаж чыгарат. Пахтадан кездеме түндүгүндө Ломбардия,Пьемонтто, жүн өнөр жайынын негизи Тоскана жана Пьемонт, Венецияда; Жибек өнөр жайы Комо жана Тревизодо жайгашкан. Тамак –аш өнөр жайы негизги ролду ойнойт негизи ун-акшак Неапольдо белгилүү “италиян макарондорун” чыгаруу боюнча дүйнөдө биринчи орунда. Падан түздүгүндө бир нече кант заводдору жайгашкан,алар жергиликтүү кант кызылчасын иштетишет. Сүт өнөр жайы негизинен Италиянын түндүгүндө өнүккөн. Автомобиль транспортунун үлүшү жогору жүк ташуу обороту 75% туура келет,негизги жолдор жыштыгы түндүгүндө, түштүгүндө азыраак. Кеме жолдору ички жана тышкы жүк ташуу боюнча Италиянын жээгинде 144 порт жайгашкан. Италиянын айыл чарбасы ИДП улуттук кирешесинин 10% түзөт. Экономикалык активдүү калктын 14% эмгектенет. Италиянын айыл чарбасынын жогорку продуктивдүүлүгү түндүгүндө өзгөчө Падан түздүгүндө механизацияланган жана минералдык жер семирткичтерди колдонууга жетишкен. Айыл чарбасынын негизги тармагы дыйканчылыктын 50% тен ашык дан өсүмдүктөрүн өстүрүшөт. Түшүмдүү жерлерде дан эгиндери менен жүгөрү түндүк региондорунда эгишет.Алпы тоолорунун капталдарында жана өрөөндөрүндө сулу жана рожь эгилет. Чет өлкөлүк Еропа боюнча күрүч өстүрүү боюнча биринчи орунда.Негизги жашылча району- Компания. Италияны Европанын негизги бакчасы деп аташат-алма,алмурут,персик,инжир. Түштүгүндө грек жаңгагы,миндаль,фундук таралган. Цитрус өсүмдүктөрү боюнча алдыда түштүгүндөгү Сицилияда өзгөчө көп өстүрүлөт. Негизги ролду айыл чарбада традициялык жүзүм өстүрүлөт.Жүзүм жыйноо боюнча Франция менен дүйнөлүк атаандаштыкта 90% жүзүмдөн вино жасалат. Жүзүм талаалары бардык аянттарда эгилген.Италиянын мүнөздүү пейзаждарын жүзүм талаалары түзөт.Зойтун жыйноо боюнча Испаниядан кийинки экинчи орунда.Дүйнөдөгү зойтун майынын 30% берет.
© 2020, Зарнаева Назгуль Жакшылыковна 2015