СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
No641. Тик буртуктун туурасы узунунан 4 см ге кичине жана аянты 60см2 ка барабар болсо, анын периметрин тапкыла.
Чыгаруу: Тик буртуктун узуну х см болсун. Анда туурасы (х-4) см болот. Маселенин шарты боюнча
Х•(х-4)=60, же х2-4х-60=0
теңдемесине ээ болобуз. Бул теңдеменин тамырлары х1=-6, х2=10 сандары болушат. Бирок х1=-6 болушу мүмкүн эмес. Демек, тик буртуктун узуну 10 см, туурасы 10-4=6см болот. Тик бурчтуктун периметри Р=2•(10+6)=32(см) маанисине барабар.
No643. Квадрат формасындагы картон барагынын жазылыгы 3 см болгон тилкени кесип алгандан кийин, калган тик бурчтуктун аянты 70см2 болду. Квадраттын жагын тапкыла.
Чыгаруу: Квадрат формасындагы картондун жагы х см болсун. Квадрат формасындагы картон барагынын жазылыгы 3см болгон тилкени кесип алгандан кийин калган тик бурчтуктун аянты 70см2 болгондуктан, ал тик бурчтуктун узуну х см, туурасы (х-3)см болот жана х(х-3) =70 кеңешмеси алынат. Бул квадраттын теңдеменин тамырлары х1=-7, х2=10 маанилери болот. Бирок х=-7 болушу мүмкүн эмес. Демек, берилген квадраттын жагы 10 см ге барабар.
No647. Моторлуу кайык дарыянын агымы менен 28,5 км, ал эми дарыянын агымына каршы 22,5км жүрүп, бардык жолду 8 саатта өттү. Кайыктын акпай турган суудагы ылдамдыгы 7 км/саат болсо, дарыянын агымынын ылдамдыгын тапкыла.
Чыгаруу: Дарыянын агымынын ылдамдыгы х км/саат болсун. Моторлуу кайык дарыянын агымы менен 28,5км жүрүп, ал жолго 28,5/(7+х)саат убакыт короткон, ал эми дарыянын агымына каршы 22,5км жүрүп, ага 22,5/(7-х) саат убакыт кетирген. Маселенин шарты боюнча бардык жолго 8саат убакыт сарпталган, ошондуктан
[28,5/(7+х) ]+[22,5/(7-х)]=8
теңдемеси алынат. Бөлчөктөрдөн кутулуп алабыз.
28,5(7-х)+22,5(7+х)=8(49-х2),
8х2-6х-35=0
D=1156, х1=-7/4 х2=2,5.
Терс сан жооп болушу мүмкүн эмес. Мындан дарыянын агымынын ылдамдыгы 2,5км/саат экендиги келип чыгат.
© 2020, Якубова Дамира Жаббаровна 2553