СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

MATLAB колдонмо пакети боюнча маалымат

Нажмите, чтобы узнать подробности

  1. MATLAB колдонмо пакети боюнча кыскача маалымат.

MATLAB (кыс. англ. Сөзү «Matrix Laboratory») — техникалык маселелерди чыгаруу үчүн колдонмо программалык пакет. Бул пакетти миллиондогон инженерлер жана илимий кызматкерлер колдонушат жана көптөгөн заманбап Linux, macOS, Solaris, Windows операциондук системаларында иштейт 1.

Тип

математическое ПО[d]

Түзүүчүлөр

The MathWorks[1] и Клив Б. Молер[2]

Жазылган тили

Си, C++, Фортран и Java

Операциондук система

Microsoft Windows[3], macOS[3] и GNU/Linux[d][3]

1-чыгарылыш

1984

Соңку версиясы

R2020b

Окулуучу файлдын форматтары

Файл MATLAB-M[d], Hierarchical Data Format[4], MAT[d], MAT-file, Level 4[d], MAT-file, Level 5, version 6[d], MAT-file, Level 5, version 7[d], MAT-file, Level 5, version 7.3[d] и BigTIFF[d]

Түзүлүүчү файлдын форматтары

Файл MATLAB-M[d] и Hierarchical Data Format[5]

Сайт

mathworks.com/pro…

MATLAB программасын ишке киргизип ачуу менен жумушчу стол пайда болот. Бул жумушчу стол төмөнкү негизги панелдерден турат (сүрөт 1.)

  1. Command Window,
  2. Workspace и Current,
  3. Directory.

Сүрөт 1. MATLAB программасынын жумушчу столу

MATLAB программасы менен иштөөдө математикалык символдордун командаларда берилиши

  1. Арифметикалык амалдар. MATLAB программасында арифметикалык амалдар төмөнкү символдордун жардамында киргизилет.
  1. c = a+b; % кошуу
  2. c = a-b; % кемитүү
  3. c = a*b; % көбөйтүү
  4. c = a/b; % бөлүү

Мисалы:

А) 345+878

Б) 3782-878

В) 8877*7485

Г) 783881/4

Чыгаруу: Программанын команда берүү терезесине жогоруда келтирилген символдордун жардамында чыгарылуучу мисалды жазып “Shift + Enter” баскычтардын комбинациясын басуу менен мисалды чыгарууга болот (сүрөт 2 ).

Мында:>>” символу жаңы сапчанын башталышын билдирет.

А) >>345+878

ans = 1223

Б) >>3782-878

ans = 2904

В) >>8877*7485

ans = 66444345

Г) >>783881/4

ans = 1.9597e+05

сүрөт 2. MATLAB программасында арифметикалык амалдардын аткарылышы.

  1. Элементардык функциялар. MATLAB программасында элементардык функцялар төмөнкү символдордун жардамында киргизилет (1-таблица).

Функциянын аталышы

Командада символдук жазылышы

1

Тригонометриялык

cos(), cot(), csc(), sec(), sin(), tan()

2

Тескери тригонометриялык

acos(), acot(), acsc(), asec(), asin(), atan(),

atan2()

3

Гиперболалык

cosh(), coth(), csch(), sech(), sinh(), tanh()

4

Тескери гиперболалык

acosh(), acoth(), acsch(), asech(), asinh(),

atanh()

5

Экспонента, логарифмалык, тамыр

exp(), log(), log2(), log10(), sqrt()

6

ЭЧЖБ

gcd()

7

ЭКЖБ

lcm()

8

Сандын модулу

abs()

9

Сандын белгиси

sign()

10

Бөлүүдөн чыккан калдык

rem()

Мисалы:

А) cos(66)

Б) cos(776)

В) ЭЧЖБ(87, 77)

Г) ЭЧЖБ(679, 6768)

Д) ЭЧЖБ(86,172)

Е) ЭКЖБ(65 788)

Ё) ЭКЖБ(76286,67387837)

Ж) ЭКЖБ(74,776)

З) -67

И) 878

К) -(76)+(-54446-(-56656565667))

Чыгаруу: Программанын команда берүү терезесине жогоруда келтирилген символдордун жардамында чыгарылуучу мисалды жазып “Shift + Enter” баскычтардын комбинациясын басуу менен мисалды чыгарууга болот (сүрөт 3 ).

А) >> cos(66)

ans = -0.9996

Б) >> cos(776)

ans = -0.9996

сүрөт 3.

В) >> gcd (87,77)

ans = 1

Г) >> gcd(679, 6768)

ans = 1

Д) >> gcd(86,172)

ans = 86

сүрөт 4.

Е) >>lcm(65 788)

ans = 51220

Ё) >> lcm(76286,67387837)

ans = 5.1407 e+12

Ж) >> lcm(74,776)

ans = 28712

сүрөт 5

З) >>abs(-67) ans = 67

И) >> abs (878)

ans = 878

К) >> abs (-(76)+(-54446-(-56656565667)))

ans = 5.6657 e+10

сүрөт 6.

Категория: Математика
13.05.2021 16:32


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!