СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мектепке чейинки балдарды тарбиялоодо оюндун ролу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тема: Мектепке чейинки балдарды тарбиялоодо жана өнүктүүрүдө оюндун ролу.

Баланы тарбиялооүй- бүлөөдөн башталат жана мектепке чейинки билим беруу уюмдарында улантылат. Балдарды өнүктүрүүдө жана тарбиялоодо оюндун ролу чоң, ал мектепке чейинки куракта жетектөөчү ишмердүүлүк болуп саналат. Швецариялык психолог жана философ Жан Пиаже “Оюн озүнүн табияты боюнча табигый балага таандык активдүүлүк, анын алкагында ал дүйнөнү тааныйт”-деп айткан.

Бала үчүн оюн өзүн жана дүйнө таануунун жолу.Бала оюндун натыйжасында табигый жол менен акыл-эс жагынан да,эмоционалдык жактан да,физикалык жактан да өнүгөт. Оюндун жардамы менен алган бардык тарбия анын андан аркы жашоосунда өмүр бою өздөштүрүлүп калат.Эгер балдар оюнчуктардан ажыраган болсо же оюндан чектелсе,алардын ой-жүгүртүүсү жай өнүгөт.Оюнчуктар жана оюндар элестетүү, ой жүгүртүү, үн чыгарып сүйлөөнү өнүктүрүүдө жардам берет.

Советтик педагог В.А. Сухомлинский:оюн- бул баланын жан дүйнөсүнө курчап турган чөйрө жөнүндөгү түшүнүктөрдүн, элестетүүлөрдүн жандуу агымы кирип турган чон жарык терезе деп айткан.

Мектепке чейинки балалык баланы инсан катары калыптандырууда кыска жана негизги мезгил. Бул жылдарда курчап турган дүйнө жөнүндөгү алгачкы билимдерин ала алат, балада адамдарга, эмгекке болгон белгилүү мамиле калыптана баштайт, туура жүрүм-турум көндүмдөрү жана жөндөму иштелип чыгат, мүнөзү калыптанат.

Оюндун тарбиялык мааниси тарбиячынын кесиптик чеберчилигинен, балдардын психологиясын билүүсүнөн, балдардын жаш жана жекече өзгөчөлүктөрүн билүүсүнөн, балдардын бири-бирине болгон мамилесине туура методикалык жетекчилик кылуусунан, кандай гана оюн болбосун так уюштуруусунан жана өткөрүүсүнөн көз каранды болот. Оюн процессинде баланын ички дүйнөсү жана физикалык жактан өнүгүшү, анын көнүл буруусу, эске тутуусу, элестетүүсү, тапкычтыгы, тартиби, шамдагайлыгы өнүгөт, кыйынчылыктарды жеңүүгө үйрөнүшөт.

Балдар бакчаларында балдарды өнүктүрүүдө жана тарбиялоодо оюн негизги каражат катары пайдаланылат. Баланын алгачкы бакчага келген күнүнөн баштап баланын жаңы шартка көнүгүп кетүүсүндө оюндун мааниси зор. Окумуштуулардын көптөгөн изилдөөсү көрсөткөндөй жаңы келген бала жаңы шартка көнүп кетүүдө стреске кабылат, себеби анын өсүүсүнүн социалдык чөйрөсү өнүгөт. Дайыма апасы, бир туугандары, жакын адамдары жанында, үй атмосферасына көнүп калган.

Эгерде ушул стреске кабылуучу факторлорду азайтуу үчүн шарт түзбөсөк анын кесепетинен баланын эмоционалдык бузулушу же психофизикалык өнүгүүсүндө артта калуу болушу мүмкүн. Баланын жаңы шартка адаптациялык мезгили жеңилирээк өтүшүнүн маанилүү шаттарынын бири бул жакшы уюшулган оюндар болуп эсептелет. Ушул максатты ишке ашыруу үчүн балдардын оюн ишмердүүлүгүн уюштурууда төмөнкүлөргө көнүл буруу керек.

-Баардык балдарды оюнга камтуу, мында ар бир бала өзүнөкөнүл буруудан четте калбагандыгын сезет.

-Өтө узакка созулбаган уюштуруу оюндарды уюштуруу.

Тажрыйбалар көрсөткөндөй балада айрыкча эрте менен ата-энесинен ажыраган мезгилде коркуу пайда болот. Бул жагдайдан чыгуу үчүн кабыл алууда театралдык оюндарды колдонсо болот.

Мисалы: Балдарды күндөокуган жомокторундагы каарман тосуп алат. Анын атынан бала менен баарлашып эмоционалдык тосмодон өтүүсүнөжардамдашса болот. Ошондой эле чогуу ойноого манжа оюндары, кыймылдуу оюндарды уюштуруу зарыл. Бул оюндар балдарды өздөрүнө тез тартат, ыйлап жаткан бала да балдарга кошулуп чогуу кол чаап, буттарын токулдатып, оң эмоционалдык көңүлү түзүлөт.

Мисалы: “Күн” деген оюнду уюштурса болот. Бул оюнда балдар башкалардан психологиялык колдоо алууга, өздөрүн сүйүктүү, керектүү, ийгиликтүү сезүүгө жетишет. Оюнду минтип баштаса болот:

-Карагылачы, биздин Медер муздап калыптыр, келгиле “Күн” деген оюнду онду ойноп Медерди чогуу жылытабыз. Балдар тегерек турушат, ортодо аталган бала турат. Ар бир бала бирден түстүүкарандаш алып, муздаган балага бирден “жылуу” (мен сени жакшы көрөм) сөз айтып колуна берет. Бала рахмат айтып, ар бир баланы тиктөөсүнө жетишүү керек.

Оюндун функциясы.

Оюн мектепке чейинки балалыктын ар кандай жактарын козгойт. Оюндун негизги функцияларын бөлүп караса болот, алар балдардын өнүгүүсүнө тийгизген таасири жана мааниси канчалык зор экендигин түшүнүүгө жардам берет.

  1. Окутуучу функция.

Оюн тарбиянын жана окутуунун айкын милдеттерин чечүүгөмүмкүнчүлүк берет, алар белгилүү программалык материалды жана ойноочулар аны көздөгөн эрежени өздөштүрүүгө багытталган.

  1. Кызыктыруучу функция.

Оюн эмоционалдык оң тонусту жогорулатууга түрткү болот кыймыл активдүүлүгүн өнүктүрүүгө, баланы күтүлбөгөн жана ачык сезимдер менен байытат, чоң адамдар жана бала, бала менен баланын ортосундагы эмоционалдык карым катнашты куруу үчүн жагымдуу шарт түзөт.

  1. Коммуникативдүү функция.

Оюн балада курдаштары менен билимдерди, билгичтиктери менен бөлүшүү, алар менен сүйлөшүү жана достук карым катнаш түзүү керектөөсүн өнүктүрөт.

  1. Өнүктүрүүчү функция.

Оюн балдардын тубаса жөндөмдүүлүгүн ачууга жана өнүктүрүүгө түрткү болот.

  1. Релаксациялык функция.

Балдардын эмоционалдык жана дене күчүн кайра калыбына келтирүүдөн турат.

  1. Психологиялык функция.

Оюн баланын өздүк керектөөсүн канааттандырууга өзүн реализациялоого, фантазиясынын ачылышына түрткү болот.

  1. Тарбиялык функция.

Оюн тарбиячыга балдардын жекече жөндөмдүүлүгүн, өзгөчөлүгүн ачууга, мүнөзүндөгү каалабаган жактарын түздөөгө жардам берет.

Оюн көп кырдуу түшүнүк. Ал сабакты жана эс алууну, көнүл ачууну жана тамашаны, күлкүнү жана сооротууну, тең тайлашууну жана көнүгүүнү билдирет. Ар түрдүү оюндардын түрлөрү аркылуу бала негизги билимди, өзүн- өзү алып жүрүүнүн башка формаларын жана адеп ахлактык ченемдерин алат.

Дал оюн балага өзүнүн “мен” дегенин пайда кылууга жардам берет, анын өзүн-өзү реализациалоосуна жана чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө түрткү берет, баарлашуу жана көйгөйлөрдү чечүү тажрыйбасын өркүндөтүүгө, социалдык тажрыйбага ээ болууга мүмкүнчүлүк берет. Оюн аркылуу балдар көйгөйлөрдү чечүүгө чырсыз макулдашат, башкалардын ойлорун сыйлоого, коллективде өзүнө ишенүүгө мүмкүнчүлүк берген стандарттык эмес чечимдерди табууга үйрөнүшөт.

Оюн- жашоонун күзгүсү. Балдарда жакшы сезимдерди пайда кылуучу жана жакшы иш аракеттерди жасоочу оюндарды уюштурууга жардамдашууга тарбиячыга жогорку деңгээлде чыгармачылык керек. Оюн- бул балдардын акылын өстүрүүдө эң негизги каражат болот. Балдар бакчасындагы кызыктуу оюндар балдарда көңүлдүү жана куунак маанай жаратат, алдардын жашоосундагы керектөөсүн толук канааттандырат. Бала кызыктуу оюндан ажыраса жакшы шартта жашаса да, жакшы тамактанса да баары бир начар өнүгөт жана көңүлү суз болот.

Н.К.Крупская биринчи жолу педагогикада оюндун эмгек менен байланышы жөнүндөгү суроону койгон. Анын ою боюнча оюн балдарды эмгекке даярдайт.А.С Макаренко бул ойду өнүктүргөн. Ал “Жакшы оюн-жакшы эмгекке окшош, аларды ойдун күчү, жумушчу аракет, чыгармачыл сүйүнүч, жоопкерчилик сезим бириктирет”

06.02.2020 14:14


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!