СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Киришүү. Азыркы учурда түрдүү тармактардан жаңы маалымат технологиялардын тездик менен өнүгүүсүн байкоого болот. Билим берүү тармагында да мезгилдин өтүшү менен окутуунун жаңы маалымат технологиялары кеңири колдонулуп жатат 2.
Окутуу процессинде окуучулардын билимдерин тест аркылуу кадимки телефондун жардамында ZIP Grade деп аталган тиркемени колдонуп тез жана натыйжалуу текшерүүгө болот.
Тест эки түргө бөлүнөт. Тесттин биринчи түрү керектүү материалды эске түшүрүп аны толуктоого берилет. Экинчи түрү жоопторду тандоого карата берилет.Тесттин биринчи түрүндө берилген сүйлөмдөрдөгү же мисал жана маселелердеги калтырылган жерлерин толуктоо. Бул жумушчу дептерлерди түзүүдө пайдаланылат.
Экинчи тандоого карата берилген тесттер төмөндөгү түрлөргө бөлүнөт: альтернативдик, туура келүүчүлүк боюнча тандоо жана көптүктө тандоо.
Альтернативдик тест - бул берилген тапшырмалардагы эки жооптун бирөөнү тандоо.
Туура келүүчүлүк боюнча тандоо тестинде бир нече көнүгүүлөр жана алардын туура бир нече жооптору берилет. Ал көнүгүүлөрдү окуучу чыгарып, берилген жоопторду тандайт жана табат.
Көптүктө тандоо тестинде бир гана көнүгүү жана ал көнүгүүнүн бир нече жооптору берилет. Арасында бир туура жооп, калган жооптор окуучулардын эсептөө учурунда, же теорияны билбестиктен кетирген, же байкабастан кетирүүгө мүмкүн болгон каталардын болушунун ыктымалдуулугуна карата туура эмес болот 1.
ZIP Grade тиркемесинин негизги максаты жооп баракчалары аркылуу алынган тесттик тапшырмалардын жоопторун телефондун жардамында сканерлөө жолу менен текшерүү болуп саналат. Жогоруда аталган тиркеменин жардамында тестти текшерүү үчүн төмөнкүдөй кадамдарды жасоо керек:
1-кадам (жооп баракчаларын даярдоо). Интернет браузердин жардамында
Жооп баракчасын даярдоо үчүн жеке кабинеттен жооп баракчалары(листы ответов) бөлүгүнө кирип (сүрөт 2), бул жерден суроонун санына жараша 20, 50 жана 100 суроого ыңгайлашкан жооп баракчаларын PDF жана PNG форматтарында көчүрүп алууга болот.
сүрөт 2.
Жооп баракчаларын даярдоонун этабы жооп баракчаларын түрдүү форматтарда принтердин жардамында кагаз бетине чыгаруу менен аяктайт (сүрөт 3 а), б), в)).
а) б) в )
сүрөт 3.
Эскертүү: жооп баракчаларынын структурасын, жооптордун санын, жазуулардын тилин ж.б. өзгөртүп даярдоого болот.
2-кадам (телефонго тикемени көчүрүү).
Телефондун плей маркет ( Play Market) же эпстор ( App Store) тиркемесинен зип грейд сөзүн жазуу менен тикеме көчүрүлөт.
Тиркеменин ички түзүлүшүн төмөнкүдөй мүнөздөөгө болот (сүрөт 4.).
Сүрөт 4.
3-кадам (ачкычтарды белгилөө). Бул кадамды аткаруу үчүн төмөнкү аракеттерди аткаруу керек:
≫Тиркеменин викториналар бөлүгүнө кирүү (Quizzes)
≫жаңы викторина бөлүгүн тандоо (new quiz)
≫тесттин аталышын жазуу (Quiz name)
≫суроолордун санын белгилөө (select sheet)
≫датаны белгилөө(date) тиешелүү классты тандоо (classes new class) ачкычтарын белгилөө(edit key) (сүрөт 5).
Сүрөт 5.
4-кадам (тестти санерлөө). Бул кадамды аткаруу үчүн викторина бөлүгүнөн баракчаларды сканерлөө (scan papers) функциясын басуу керек (сүрөт 6.).
Сүрөт 6.
Алынган тесттин жыйынтыгында тиркеме боюнча статистикалык маалыматтарды көрүүгө, анализдөөгө жана аларды электрондук почтага, соц.тармактарга ж.б. түрдүү форматтарда жиберүүгө болот (сүрөт 7).
Сүрөт 7.
Корутунду.
ZIP Grade тиркемесинин артыкчылыктары катары төмөнкүлөрдү атоого болот:
Колдонулган адабияттар:
© 2021, Эрматали уулу Баяман ... 370