Просмотр содержимого документа
«1-чейрекке карата 5-6-класстарга тест»
Информатика тест 5-класс
1.Төмөнкү ичинен кайсынысы техникалык коопсуздук эрежесине кирет.
А) информатика сабагы боюнча коопсуздук
Б) информация мазмунун билүү керек
В) иш ордуна башка нерсе койбоо керек
Г) тест жазууда маалымат билүү керек
2.Объекттин сапаттык мүнөзү кайсы вариантта көрсөтүлгөн?
А) туурасы Б) табигый В) жасалма Г) түсү
3.Объект канчага бөлүнөт?
А) 4 Б) 2 В) 3 Г) 5
4.Ар кандай маанилерге ээ болгон жана объекттин кандайдыр бир касиетин мүнөздөгөн чоңдугу же белгиси эмне деп аталат?
А) параметр Б) сигнал В) физика Г) компьютер
5.Математика илими көбүнчө объекттин кайсы параметрлерин изилдейт?
А) белги Б) сандык В) жасалма Г) сапаттык
6.Аталышка ээ болгон жана бир бүтүн нерсе катары узак убакытка компьютердин эс-тутумунда сакталуучу информация эмне деп аталат?
А) файл Б) китеп В) диск Г) кагаз
7.Графикалык – сүрөт камтыган файлдар; алардын узартылыштары кайсылар?
А) txt, doc, rtf Б) wav, mid, mp3 В) bmp, jpg, gif Г) com, exe
8. «Адам-компьютер» системасынын объекттеринин ортосундагы өз ара
байланышты камсыздоочу каражаттар эмне деп аталат.
А) башкаруучу Б) колдонуучу В) аткаруучу Г) интерфейс
9.Курчап турган реалдуулуктун (предмет, процесс, кубулуш) адам тарабынан бир бүтүн катары кабыл алына турган каалагандай бөлүгү эмне деп аталат.
А) объект Б) система В) маалымат Г) файл
Информатика тест 6-класс
1.Төмөнкү ичинен кайсынысы техникалык коопсуздук эрежесине кирет.
А) информатика сабагы боюнча коопсуздук
Б) информация мазмунун билүү керек
В) экранга жана монитордун арткы жагына тийбеш керек
Г) тест жазууда маалымат билүү керек
2.Компьютердин борбордук түзүлүшү кайсы.
А) процессор Б) принтер В) катуу диск Г) мышка
3.Көздөгөн максатка жетүүгө же коюлган маселени чечүүгө багытталган аракеттердин ырааттуулугун ишке ашыруу үчүн аткаруучуга берилген так жана түшүнүктүү буйрук (көрсөтмө, план) эмне деп аталат.
А) программа Б) маалымат В) алгоритм Г) монитор
4.Алгоритм термини биздин замандын кайсы жылдары пайда болгон?
А) 789- 855-жылдары В) 787- 850-жылдары
Б) 784- 857-жылдары Г) 777- 847-жылдары
5.Алгоритм термини кайсы тилден алынган?
А) грек Б) араб В) немец Г) латын