1-май-Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин майрамы! Сценарий
Алып баруучу: Сыдырым согуп салкын жел, Суйкайып сулуу тан атты. Атыр жел бетти аймалап, Ала Тоо башын саймалап, Алтын кун нурун таратты. Бактылуу чыгып унунор, Бузулгус болсун уйунор. Ага, ини, эже, синди, карындаш, Кутмандуу болсун , кунунор!
-----------Саламатсыздарбы, кымбаттуу Сумсар айылыбыздын тургундары, кадырман элим! Сиздерди бугунку 1-май Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин куну менен чын журоктон куттуктайбыз!
Кызыл тазыл гул алып, Кыздай суйкум буралып. Кабагы ачык жадырап, Жашыл кийип кубанып . Коркко бай, козго шай, Келди мына –Сулуу май!
Желбиреп желге байрагы,
Жергемде майдын майрамы!
Шанкылдап куусу комуздун,
Жаш кары жапырт жайдары!
Беришип десте гулдорду, Артылат шаны майрамдын.
Майрамдайт бугун дуйно эли. Тынчтыктын когучкондору,
Май! Тынчтык! Эмгек! Достук!-деп Жер шарын тынбай айлансын!
Жанырып чыгат ундору.
Кулку ырынан балдардын
Жаркыраган улуу эмгек майрамы 1-Май куну жергебизге ар дайым тынчтыктын жана ынтымактын нурун чачып, калкыбыз адал эмгегигинен баар таап, байгерчилик заман орноп, олкобуздо эгемендиктин туусу туболукко желбирей берсин! Эмгек майрамыныздар менен , кымбаттуу Сумсар айылыбыздын тургундары! Сиздерге чын ден соолук, бакыт -таалай, бакубат турмуш, ишиниздерге албан-албан ийгиликтерди каалап кетмекчимин.
-------------Анда , бугунку 1-май эмгекчилердин тилектештигине, биримдигине арналган майрамдык салтанатты ачып беруу учун созду Сумсар айыл аймагынын башчысы Рысбеков Айткул Саттаровичке берилет.
1.номер(ыр)
Алып баруучу: _Бийик турган ар кандай байлыктардан,
Билим гана дуйнону багындырган.
Аалымдары коп болсо кайсы жерде,
Ал олколор онугуп бутка турган.
_____Кийинки куттуктоо учун созду Сумсар жобб мектебинин директору Сатыбалдыева К.А.га берилет.
2.номер(бий)
Алтынды сансыз кылып тапкан эмгек,
Адамды адам кылып баккан эмгек.
Турдонтуп албан-албан жердин бетин,
Килемди, бачайыны жапкан эмгек.
Аткарып калети жок турмуш шертигн,
Берметти безелентип тапкан эмгек.
_________Кезектеги куттуктоо учун созду Сумсар оорууканасынын жалпы дарыгерлер тобунун жетекчиси Кундузалы Кошалиевичке берилет.
_Ден соолук деп дайыма журосунор,
Элге тийип силердин керегинер.
Тун болсо да жугуруп келесинер,
Текшерип дарынарды бересинер.
Дердендеп суйунуп биз калабыз,
Дем берет, жакшына берген кенешинер!
Силердин ак халаттай тилегинер,
Адам учун согуп турат журогунор!
3.номер (ыр)
Мекеним мейкин, кундун нуру тогулгон,
Тоолору бийик , буркут учуп жол жургон.
Жарышып жазда, курошуп куздо,
Элибиз эмгек менен эрденип кулгон!
________Сумсар балдар бакчасынын жетекчиси Кошокова Гульмира Айылчиевнага берилет.
4.номер(бий)
Жемишти жер бетине сепкен эмгек,
Гулдотуп берекесин токкон эмгек.
Балкылдап кок денизде кулумсуроп,
Кучактап кундун нуру опкон эмгек.
Козголбой ичин сылап жон жаткандын,
Чубалтып ичегисин тепкен эмгек.
5.номер (бий)
Музыкалык бул мектеп,
Мурунтан элге таанымал.
Айтылуу бул мектепте ,
Ар турдуу онор баары бар.
_____Куттуктоо созду Сумсар корком онор мектебинин директору Эдильбаев Камбаралы агайга берилет.
6.номер(ыр)
Жалпыны жадыратып берген эмгек,
Жер сырын бир казанга терген эмгек.
Жаныртып куу турмушту башка турго,
Эскини энтелетип керген эмгек.
Шакылдап тумондогон кайрат менен,
Душманын как журокко челген эмгек.
Сумсар айылдык кенешинин депутаттарынын торогасы Курмантаев Нурдин Туралиевичке берилет.
7. номер (бий)
Эмгекчи эл. Эл ичинде башчылар,
Кай бирин карт, кай бирин жашсынар,
Ыйман менен , ызат менен, иш менен,
Бир женден кол , бир жакадан баш чыгар!
8.номер.(бий)
9 номер Массовый танец «Я,ты,он,она!»
Таалайы артык эл, жерим,
Тынчтыктын соккон журогу.
Уккула, тынчтык кабарын,
Мекеним, тынчтык тиреги!
Тан жели сылап ойготуп,
Элибиз чыгат эмгекке.
Эмгеги менен ар куну,
Тынчтыкка кубат бермекке.
Эмгектен жердин озгорулсун келбети,
Бирдиктуу кучтон жаркырасын жер бети.
Олкобуз оссун, онуксун,
Курууга, нур заманды – элдин милдети.
Эркиндик жыргал турмушта,
Эпкиндуу иштеп эмгек кыл!
___Жашасын, Тынчтык! Урааа!
___Жашасын , Сумсар айылыбыздын эмгекчилери! Урааа!
____Жашасын, Эгемендуу Кыргызстан! Ураааа!
___Жашасын ,Достук! Урааа!
____Жашасын 1-Май! Ураа! Ураа! Ураа!
Жашасын, биздин ак халатчандар! Ураа!
Жашасын, Билим кени Сумсар орто мектеби! Урааа!
Анда, бугунку 1-май эмгекчилердин тилектештигинин, биримдигинин кунуно карата майрамдык салтанатты жабык деп жарыялаймын! Ар бириниздердин уйунуздорго тынчтык амандык каалайм, биздин кымбатту окуучуларыбызга кааларым, окууларынарда чон –чон ийгиликтерге жетишип, эли жерибиздин керегине жараган патриот уул-кыздардан болуп жетилуунорго тилектешмин жана коомубузду эмгекчил кучторунун катарын толуктайсынар деп умуттомун!
Дагы бир жолу май майрамыныздар менен!
Сумсар орто мектебинин организатору : Куниева Тажигуль Анарбаевна