СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

1 План мероприятий 532 _ЖУ (2)

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«1 План мероприятий 532 _ЖУ (2)»

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигинин

2024-жылдын “____”____________ №______ буйругу менен


БЕКИТИЛДИ



Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 532 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” токтомун ишке ашыруу боюнча иш-чараларынын планы

Иш-чаралар

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуулар

1

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 532 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” токтомун аткаруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү

2024-жыл, сентябрь

ММТКБББ башчысы

Б.С. Козуев

2

Мектеп ашпозчуларынын жана кызматкерлеринин квалификациялык талаптарын балдардын тамак-аш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен сертификациялоо боюнча окутуу программасын, мектеп ашпозчуларынын жана кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана квалификациялык талаптарын иштеп чыгуу

2024-жыл, сентябрь

ММТКБББ башчысы Б.С.Козуев

И.Раззаков атындагы КМТУда Кыргызстандын окуу жайларынын ашпозчуларын жана ашкана кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо боюнча Республикалык компетенция борбору

3

Жалпы билим берүү уюмдарынын тамак-аш блокторунун коомдук тамактануу жаатында кесиптик билими жок кызматкерлерин окутуу же сертификациялоону жүргүзүү үчүн кесиптик лицейлеринин тизмесин бекитүү

2024-жыл, сентябрь

БКБББ башчысы

Мамырова Г.Дж.

4

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 532 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” токтомун аткаруу боюнча мектеп тамак-ашы боюнча жооптуу адистери, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана ашкана кызматкерлери арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

2024-жыл,

сентябрь-октябрь

ММТКБББ башчысы Б.С.Козуев

Аймактык билим берүү органдары

5

Онлайн курстарды өткөрүү жана системалык башкаруу үчүн бирдиктүү электрондук платформасын иштеп чыгуу

2024-жыл,

сентябрь-октябрь

БКБББ башчысы

Мамырова Г.Дж.

6

Жалпы билим берүү уюмдарындагы мектеп ашпозчуларынын жана кызматкерлеринин базасын түзүү

2024-жыл, сентябрь

ММТКБББ башчысы Б.С.Козуев

Аймактык билим берүү органдары

7

Бардык деңгээлдердеги тамак-ашты башкаруу системалары үчүн инновациялык технологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү (Food Service Management Systems)

2024-жыл,

сентябрь-октябрь

ММТКБББ башчысы Б.С.Козуев

Аймактык билим берүү органдарынын, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери

8

Жалпы билим берүү уюмдарынын тамак-аш блокторунун коомдук тамактануу жаатындагы кызматкерлердин адистиги боюнча мониторинг жүргүзүү

Жыл бою

ММТКБББ башчысы Б.С.Козуев

Аймактык билим берүү органдары

9

Жалпы билим берүү уюмдарынын тамак-аш блокторунун коомдук тамактануу жаатында кесиптик билими жок кызматкерлерин окутуу жана сертификациядан өткөрүүнү камсыздоо

2024-жылдын октябрь айынан 2025-жылдын декабрь айына чейин

Аймактык билим берүү органдарынын, жалпы билим берүү уюмдарынын, кесиптик лицейлердин жетекчилери, И.Раззаков атындагы КМТУда Кыргызстандын окуу жайларынын ашпозчуларын жана ашкана кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо боюнча Республикалык компетенция борбору

10

Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын ашканаларына сертификациядан өткөн кызматкерлерди кабыл алууну камсыздоо жана ага зарыл болгон шарттарды түзүү

Жыл бою

Аймактык билим берүү органдарынын, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери

11

Жалпы билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып баруу (инфраструктура, жабдуу, кадр ж.б.)

2024-жылдын октябрь айынан 2025-жылдын декабрь айына чейин

Аймактык билим берүү органдарынын, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу менен)

12

Ар бир айдын 15-числосуна чейин жалпы билим берүү уюмдарынын тамак-аш блокторунун коомдук тамактануу жаатында кесиптик билими жок кызматкерлерин сертификациялоо боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тапшыруу

2024-жылдын октябрь айынан 2025-жылдын декабрь айына чейин

Аймактык билим берүү органдарынын жетекчилери