Просмотр содержимого документа
«1-сентябрь Билим күнү»
Е. Кожомкулов атындагы орто мектеби 9-класс Мугалим:Үркүнчиева Жумабүбү
Сабактын темасы: 1-сентябрь Билим күнү
Жагымдуу маанай
Сабактын максаты: - окуучуларга билимдин кадыр-баркын сездирүү, терең билим алуу аркылуу көптөгөн жакшы ийгиликтерге жетишүүгө, түрдүү өнөрлөргө ээ болууга мүмкүн экендигин түшүндүрүү; - татыктуу билим алуу менен Ата Мекенибизге кызмат кылган, эли-журттун керегине жараган инсандардан болууга тарбиялоо .
Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат. - Билимдүүнүн түнү - күн, билимсиздин күнү - түн .
Жусуп Балсагын «Кут алчу билим» Айткым келди, о акылман, сөз жайын, - Окуу, билим пайдасынан баштайын. Окуу - түндө алдыңдагы шам чырак, Билим алсаң маңдай ачык жаркырап. Окуу, билим көп нерсеге жеткирет, Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт. Сокур дешет билимсизди - жөн дебе, Окуу гана жарык чачат дүйнөгө.
" Мен үчүн китеп алтын тактыдан да кымбат". В.Шекспир
- Китеп - билим булагы, билим - өнөр чырагы. – - Китепсиз билим жок, билимсиз өмүр жок. - Ким көп окуса, ал көптү билет. - Китеп - мүлк, оокат, нан, Китеп окубаган адам ал - наадан.
"Китеп окуган адам эч нерсе окубаган адамдан алда канча жогору турат". В.Г.Белинский
Китеп - менин тунук таза булагым, Китеп - менин өчпөс жарык чырагым. Көптү окуп, көптү билип китептен, Мекениме талбай кызмат кыламын. Китепти сүй, баркын бил, Китептин көп акылы. Ким китепке дос болсо, Ал ошонун жакыны. Билим кени - китеп, Тарбия кени - мектеп. Ким китепти көп окуса, Ал көптү билет .
" Адамдар китеп окуганды таштаса, анда алар ой ойлонуудан да калат". Д. Дидро»
Сабакты жыйынтыктоо: Билимдүү-илимдүү, маданияттуу, өнөрлүү жаштардан болсоңор, өлкөбүздүн келечеги кең болот. Илим-билимдүү жаштар мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө, айыл чарба, өнөр жайын өнүктүрүүгө, элдин маданиятын гүлдөтүүгө, өзүлөрүнөн кийинки муундар үчүн ар тараптан эң мыкты шарттарды түзүүгө кам көрүшөт. Ошондуктан ар бир окуучу алтынга тете убактысын текке кетирбей, өз убагында көптү окуп, көптү билүүгө аракеттениши керек. Ошондой эле билимди максаттуу алып, аны өз турмушунда практикада колдонуп, өзүнө да, элге да, мекенге да пайдасын тийгизүү зарыл экендигин унутпашы керек.
Биз таажы вируска каршыбыз! Үйдө болгула!
Үйгө тапшырма: 1. "Билим гана адамды эркин жана бийик кылат". аттуу темада дилбаян жазып келүү;