Просмотр содержимого документа
«1-сентябрь БИЛИМ КУНУН»
Сабактын темасы:
Санарип технологиялары адамдын турмушунда.
Сабактын максаты: 1. Санарип технологиялары жөнүндө билишет. 2. Санарип технологиялары жана алардын турмушта колдонулушун айрымалашып, пайдалуу жана зыяндуу жактарын салыштырышат. 3. Убакытты туура пайдаланууга, технологиялардын пайдалуу жактарын колдонууга көнүгүшөт.
2019 – жыл « Өлкөнү санариптештирүү жана региондорду өнүктүрүү жылы»
Санариптештирүү – бул маалыматты аналогдук жол менен берүүдөн санариптик жол менен берүүгө өтүү.
Санарип технологияларын эмне үчүн колдонобуз?
- жашаган жерине карабастан соодасын өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр (интернет – соода );
- электрондук төлөмдөрдүн жана мобилдик банкингдин өнүгүүсү: аймактарга банктык тейлөөлөрдүн санын жогорулатуу керек:
- өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн активдүү алдыга жылдыруу жана жер – жерлерде аймактык туризмди өнүктүрүүгө түрткү болуучу социалдык түйүндөр аркылуу интернет – брондоону кеңири колдонуу;
- кичине жана орто бизнестин субъектилерине консультациялык, маалыматтык жана башка колдоолорду көрсөтүү;
- дистанттык билим берүү. Жашаган жеринде эле билим алуу мүмкүнчүлүгү. Ден соолугу чектелген адамдардын билим алуууга мүмкүнчүлүгүнүн жеткиликтүүлүгү.
Санарип технологияларын жашообузга киргизүүдө ар бирибизди кандай коркунуч күтүшү мүмкүн?
– адамдарды компьютерге алмаштыруу, жумуш орундарынын кыскарышы;
– акча каражаттарын уурдоо;
– жеке маалыматтарды уурдоо;
– хакерлердин иш- аракети;
– террористтик уюмдарга жана ар түрдүү секталарга адамдарды тартуу үчүн интернетти колдонуу
– жалган маалыматты таратуу (“фейк маалыматтары”);
– компьютердик вирустардын ж.б. айынан маалыматтарды жоготуу.
1. Интернетте эмне кылууга болот?
2. Интернетте эмне кылууга болбойт?
3. Интернетте иштөөдө кандай эрежелерди колдоном?
Балдар аймактарды өнүктүрүүнүн негизги багыттарына жана алардын келечектеги өнүгүүсүнө силердин кошо турган салымынар.