СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

1 Windows Application түрүндөгү эң жөнөкөй программа түзүү

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«1 Windows Application түрүндөгү эң жөнөкөй программа түзүү»

Windows Application түрүндөгү эң жөнөкөй программа түзүү

Г
рафикалык колдонуучу интерфейстүү эң жөнөкөй программаны түзүүнү карайбыз. Алгач терезелүү программанын (Windows Application) долбоорун (проектисин) түзүү керек. VS чөйрөсүнүн негизги менюсунанFile - New - Project тизмесин тандайбыз (1-сүрөт).


1-сүрөт. - Visual Studio .NET чөйрөсүндө Windows Application долбоорун түзүү, 1-кадам.

Пайда болгон терезеде программанын тибин - Visual C# Projects -Windows Application, долбоордун жайгаша турган дарегин (жолун) жана долбоордун аталышын көрсөтүүбүз зарыл (2-сүрөт).


2-сүрөт. - Visual Studio .NET чөйрөсүндө Windows Application долбоорун түзүү, 2-кадам

"OK" кнопкасын баскандан кийин автоматтык түрдө түзүлгөн форма чагылдырылган формалардын редакторунун терезеси пайда болот (3-сүрөт). "Solution Explorer" терезеси типтердин библиотекасына шилтемелердин тизмесин жана түзүлгөн чечимдин (solution) файлдарынын дарагын өзүнө камтыйт. Башкалар менен бирге эле бул тизмеде System.Windows.Forms библиотекасына да шилтеме бар. Ал ошол эле аталыштар мейкиндигинде аныкталган.



3-сүрөт. –Формалардын редакторунун терезеси

Автоматтык түрдө түзүлгөн программанын шаблонун көрүү үчүн "Solution Explorer" терезесинин инструменттер панелинен "View Code" кнопкасын басуу керек. Бул шаблон тиешелүү программанын коду менен алмашышы зарыл.

Эң жөнөкөй терезелүү тиркемени (программаны) түзүү үчүн System.Windows.Forms аталыштар мейкиндигинен минимум эки классы керектелет:

  1. Тиркемени башкаруу үчүн арналган Application классы;

  2. Форманы баяндоочу Form классы.

Терезелүү тиркемени түзүү үчүн эки милдеттүү талап бар:

  1. System.Windows.Forms.Form классынан туунду классты аныктоо;

  2. Main методунда System.Windows.Forms.Form классынан туунду болгон класстын экземплярын параметр катары берүү менен System.Windows.Forms.Application классынын Run статикалык методун чакыруу.

Мисал:

namespace MyWinApp

{

using System;

using System.Windows.Forms;


public class MainForm : Form

{

// тиркемени жүктөйбүз

public static int Main(string[] args)

{

Application.Run(new MainForm());

return 0;

}

}

}

Программаны жүктөөдөн кийин 4-сүрөттөгүдөй форма пайда болот.

4-сүрөт. - Биринчи форма


Билдирүүлөрдү чыгаруу  

Графикалык интерфейстүү тиркемелерде билдирүүлөрдү чыгаруу үчүн System.Windows.Forms.MessageBox классы колдонулат. Бул класста Show статикалык методу ишке ашырылган:

public static DialogResult Show(string);

public static DialogResult Show(string, string);

мында enum DialogResult –тизме (перечисление) тиби жана анын элементтери диалогдук терезенин (формалардын) жумушунун жыйынтыгын мүнөздөйт. Бул тизменин элементтери төмөндөгүлөр: Abort, Cancel, Ignore, No, None, OK, Retry, Yes.


Мисал:

MessageBox.Show("Билдирүү", "Аталышы");

Бул методду чакырууда 5-сүрөттө көрсөтүлгөндөй диалогдук терезе чагылдырылат.


5-сүрөт. – Билдирүү чыгаруучу терезе


Окуяларды иштетүү

Колдонуучунун иш аракетинен улам, мисалы клавиатуранын же чычкандын баскычтарын басуудан, же кээ бир программа аркылуу, мисалы файлды көчүрүүнүн бүтүүсүнөн улам чакырылган кандайдыр бир иш аракет окуя (event) деп аталат.

C# тилинде окуялар менен иштөө "жарыялоочу - жазылуучу" моделине дал келет. Анткени кандайдыр бир класс окуяны “жарыялайт”, ал эми башка бир класстар бул окуяга "жазыла" алышат. Жазылуучу-класс окуя пайда болгондо чакырылуучу методду ишке ашыруусу керек. Мындай метод окуяны иштеткич (event handler) деп аталат.

Окуя өзүн жарыялаган класстын касиети болуп саналат.Терезелүү тиркемени түзүү учурунда төмөнкүлөр жетиштүү:

  1. Окуяга жазылуу. Синтаксиси:

объекти-жарыялоочуунун-аты.окуя+=new EventHandler (иштеткичтин-аты);

  1. Окуяны иштеткичти реализациялоо (ишке ашыруу):

private void иштеткичтин-аты (object sender, EventArgs e) {}

Окуяны иштеткич маани кайтарбоосу керек жана эки параметрди кабыл алуусу зарыл:

    1. Окуянын булагы - System.Object классынын объектиси;

    2. Окуя жөнүндө маалыматты өзүнө камтыган-EventArgs классынын экземпляры же берилгенден пайда болгон каалаган класстын объектиси.

Мисалы, System.Windows.Forms.Form классы формага чычкандын кнопкасын басууда пайда болгон Click окуясын өзүнө камтыйт. Форманын чычкандын кнопкасын басуусуна реакция кылуу үчүн берилген окуяга иштеткич түзүү керек. Ал үчүн класстын кандайдыр бир методунда (колдонуучу тарабынан аныкталган) окуяга жазылуу зарыл жана окуянын иштеткичин ишке ашыруу керек:

public class MainForm : System.Windows.Forms.Form

{ …

public MainForm()

{ // форма өзүнүн менчик окуясына жазылып атат

this.Click += new EventHandler(MainForm_Click);

}

private void MainForm_Click(object sender, EventArgs e)

{

MessageBox.Show("Формага чыкылдатуу");

}}

Башкаруу элементтеринин класстары Иерархиясы


6-сүрөт. – Башкаруу элементтеринин класстарынын иерархиясынын диаграммасы.

6-сүрөттө тик бурчтук менен абстрактуу класстар көрсөтүлгөн.