Саламатсыңарбы менин сүйүктүү окуучуларым.
Саламатсыңарбы балдар.
Химия мугалими Тайырбек кызы Динара
Химия сабагынан ачык сабак
10-класс.
Жаңы тема: Кир кетирүүчү каражаттар.Самындар.
Бүгүнкү сабакта...
- Самын-жогорку малекулалуу карбон кислоталарынын туздары,кир кетирүүчү каражаттар жөнүндө окуп үйрөнөбүз.
- Кир кетирүүчү каражаттардын түрлөрүн,келип чыгуу тарыхын үйрөнөбүз.
- Формулалар менен иштөөнү уйрөнөбүз.
Самын-адамдын жашоосундагы эң зарыл каражаттардын бири.
Өткөн заманда Мисир падышасы көп меймандарга салтанаттуу той берет.
Ашканада иштеген бир кызматкер байкоосуздан жаңы сызгырылган койдун майын очок астындагы күлгө төгүп алат.
Падышанын жазалоосунан үрөйү учкан ашпозчу төгүлгөн майды дароо күлгө аралаштырып,бир нече кыш жасап коет.
Бул тиги май аралашкан күлдүн касиети болсо керек деп ойлонот.
Андан соң колун жууганда анын ушунчалык таза жуулганына өзү да таң калат.
Кийин колу кирдеген сайын ошол кыш менен жууп көрөт да ырас эле май аралашкан күлдүн тазартуучу касиети бар экендигине ынанат.
Өзү менен чогуу иштегендерге да тиги кыштан пайдалануу үчүн белекке берет.Алар да колдору демейдегиден тазара түшкөндүгүн байкашат.
Ошондон кийин ашкана кызматкерлери да бети-колун майлыктарды жууп туруу үчүн ал кыштарды пайдалана башташат.
- Падыша очок башында иштеген кызматкерлеринин өңү-башы өзүнүкүнөн да таза экендигин көрүп таң калат да,сүрүштүрүп жүрүп бул сырдын түйүнүнчечет.
Кызматкерлерге мындай нерседен өзүнө да жасап берүүнү буюрат.
Кызматкерлер падыша пайдаланууга ынгайлуураак болсун деп койдун майы менен күлдү абдан аралаштырып,чакан-чакан кыш калыбына келтирип,шамалга кургатат.Анан падыша муну пайдаланаар алдында сууга чылап туруңуз деп кеңеш айтат.
Ошондон көп узабай мындай кыштар Мисирден Римге,Францияга,Англияга жана башка өлкөлөргө тарайт.
Бирок ошол кездеги адамдар койдун майы менен аралашкан күл колу-бетти кандайча тазартаарын өздөрү да билишкен эмес.
Кийинчерээк окумуштуулар изилдеп,бул сырдын түйүнүн чечишип,күлдө натрий гидроксиди бар экендигин,ал эми койдун майы эритүү,жумшартуучу касиетке ээ экендигин аныкташкан.
Дүйнөдөгү эң биринчи самын жасоочу завод XIII-кылымда Англияда курулган.
Алар сууну кайнатып ага өсүмдүк күлүн кошуп майды эритүү менен самынга окшош затты алган.
- Египедде б.з.ч. 2000 жыл мурда эле дайыма самын менен жуунушкан.
- Кээ бир жерде абдан жакшы кир кетирүүчү каражатты жаратылыш өзү да тартуу кылган.
- Самын дарагын самын катары пайдаланышкан.
- Самын дарактын кабыгына сууну куюп идишке чогултуп алышкан,бул учурда абдан көбүктөнүп кирди кетирген жана терини дүүлүктүргөн эмес.
Самын дарагы.
Самын латынча «сапо» Римдеги САПО тоосунун пайда болушу менен байланыштуу.
- Адамдар кудайга сыйынып мал союшуп,от жагышкан жаныбарлардын майы күйгөн өсүмдүктөрдүн күлү менен аралашып жамгыр менен кошо агып сууга кошулган.
- Ошол агын суу жээгинде кир жууган адамдар тоодон агып түшкөн сууга кирдин бат кеткендигин байкаган.
Биринчи жолу самын Римде өндүрүлүп алынган.
- 13-кылымда Италияда массалык түрдө самын өндүрүү башталган,андан кийин Францияда жыттуу самындар өндүрүлүп алынган.
- Европада жана АКШ да самын тынымсыз 1930-жылдары суу жана буунун жардамы менен гидролиздөө аркылуу жасай башташкан.(гидролиз бул гидро-суу,лизис-эритемин).
1808-жылы Мишель Эжен Шеврель жеңил өнөр-жайларынын ээлеринин суранычы менен самындын курамын тактаган.
- Жыйынтыгында самын-натрий туздары менен карбон кислоталарынын аралашмасы экендиги аныкталган.
- NaOH
М.И.Шеврель.
1903-жылы немец окумуштуусу дарыкананын ээси Шварцков шампунь өндүрүп алган.
Шампунь Индияда өскөн чампо гүлүнүн майын чачка сүйкөп,пайдаланышкан,мына ошол чампо гүлүнүн атынан алынган.
- Самын жасоодо негизги сырье мал жана өсүмдүк майлары,синтетикалык май кислоталары,жегичтер эсептелет.
- Самын майлардын щелочтуу гидролизинин негизинде алынат.
- Самын эритмесинде дайыма аз өлчөмдө жегич бар,ал кир жууганда жүн жана жибек жипти жеп жиберет,ошондуктан жүн жана жибек кездемени синтетикалык каражат менен жууган туура.
1930-1950-жылдары синтетикалык жол менен кир кетирүүчү каражаттар алына баштады.
Кир кетирүүчү каражаттар.
Самын
C17H35COOK
Суюк самын
C 17 H 35 Na
Синтетикалык кир кетирүүчү каражаттар
Самын
Катуу самын
Самын сууда эрүүчү жогорку малекулалуу карбон кислоталарынын натрий жана калий туздары
Самын көбүктү пайда кылат.
Щелоч майларга жабышкан кирди кетирет,ал эми карбон кислотасы суу менен кошулуп көбүрөт,көбүкчөлөр кирдин бөлүкчөлөрүн өзүнө тартып алат.
Эгерде суу шор болсо,самын көбүрбөйт,себеби эрибей турган кальций магний туздары пайда болуп,кир кетирүүчү касиети төмөндөйт.
C 17 H 35 Na+CaCl 2 =(C 17 H 35 COO) 2 Ca+2NaCL
Кальций стеараты
Натрий стеараты
Катуу сууга жууганда көбүк эмес чөкмө пайда болот.
Кадимки натрий жана калий самындарынан синтетикалык кир кетирүүчү каражаттардын артыкчылыгы шор сууда деле кир кетиргич касиетин жоготпостон кир кетиргич боюнча кала берет.
Гидролиз реакциясы .
Самындардын колдонулушу.
ТКАНДАРДЫ ЖУУГАНДА
ТКАНДЫ БОЕГОНДО
КЕМЕЛЕРДИН СЫРТКЫ КАТМАРЫН САКТООДО
САМЫН
КАУЧУК ЖАНА ЧАЙЫРЛАРДЫ АЛУУДА
ОЛИФ,ЛАКТАРДЫ,БОЕКТОРДУ АЛУУДА
СУУ ӨТКӨРБӨӨЧҮ ТКАНДЫ,КАГАЗДЫ АЛУУДА