Темасы:16-17 жаштагы балдардын жаш озгочолуктору жана аларды тарбиялоонун озгочолугу
Чогулуштун максаты:
Ата-энелердин балдардын оспурум курагындагы озгочолуктору тууралуу билимин кенейтуу жана оспурум балдар менен баарлашуудагы кыйынчылыктардан кантип чыгууга жардам беруу;
Ата-энелерге колдоо иретинде жаш оспурумдор менен оз ара байланышты туура аныктоого, психологиялык-педагогикалык жардамдарды ишке ашырууга боло турган практикалык сунуштарды беруу
Откоруу формасы:семинар-практикум.
Планы:
Кирушуу болугу
Лекция: Оспурумдордун курактык озгочулуктору
Конугуу: «Койгойлуу абалды чегуу»
Психологдун кенештери.Ата-энелер учун эскертме
Тест: «Сиз кандай ата энесиз?»
Жыйынтыктоо
Чогулуштун журушу:
Киришуу болугу (5мун)
Мугалим: Саламатсыздарбы,урматтуу ата-энелер! Бугун сиздер менен «15-16 жаштагы балдардын жаш озгочолуктору жана аларды тарбиялоонун озгочолугу» аттуу тематикалык чогулушун баштайбыз.
Оспурум курак деген эмне?
Бул куракта кандай койгойлор болушу мумкун жана кыйын абалдан кантип чыгабыз?
Бардык ата-энелер эртедир же кечтир, баласы эрезеге жеткен мезгилде озуно суроо берет. Биз бугунку чогулушта томонку суроолорду талкуулайбыз:
Оспурум курактын озгочолугу;
Ата-энелер оздорунун чоноюп калган балдарынын ортосундагы чыр чатактуу абалдарды кантип алып журуусу тууралуу.
Мен биздин чогулушту адегенде ангемеден баштасам:
Ата-энелер жана балдар тууралуу ангеме
Бир убакта акылманга бир киши келиптир:
-Сен акылмансын.Мага жардам бер, мен жаман болуп жатам.
Менин кызым мени тушунбойт. Мени менен суйлошпойт.Эмне ага баш, кулак, тил берилди эле? Ал ырайымсыз. Журогу барбы?-деп айтат.
Акылмын айтат:
-Сен уйго барганда, кызындын суротун тартып, ага унчукпай берип кой-дейт.
Эртеси, акылманга, ачууланган адам кирип барып, кыйкырып жиберет:
-Эмне учун сиз мага кечээ, келесоолук жорукту кылганга кенеш бердиниз?
Жаман болчу, эми андан да жаман болду. Ал, аябай жини келип, мага суротту кайтарып берди.
-Сага эмне деп жооп берди?-деп сурайт акылман.
-Сен мага суротту эмне алып келдин?
Эмне сагакузгу жетишпейби?-деди кызым.
Жыйынтыктоо:
Биздин балдар-бул биздин-чондордун кузгусу.Эгерде, биздин оспурумдордо бирдемелер башкача болуп жаткан болсо, анда биз, чондор, эмнени туура эмес кылып жатабыз-деп ойлонушубуз керек.
2.Лекция:
«Оспурумдордун курактык озгочулуктору»(5мун)
Ар бир курак озунчо жакшы.Ощол эле убакта, ар бир курактын озунчо озгочулугу, кыйынчылыгы болот.Оспурум курак ото узак убактыны камтыган, физикалык озгоруулор менен муноздолгон учур. Бул убакытта инсандын тез-тез осушу байкалат, бул анын экинчи торолуусу.
Психологиялык создуктон:
Оспурум курак-балалык чак менен бойго жеткен чактын ортосу (11-12ден 16-17ге чейин), ал томонкулор менен муноздолот:балдарын озгоруусу жыныстык жактын жетилуусу жана чон турмушка кируусу.
Оспурум курактын психологиялык озгочулугу «оспурум комплекси»деп аталат.Аларга томонкулор таагдык:
Озунун келбетине башка адамдардын баалашына сезгизтиги;
Маанайы бат-бат эле озгорушу: бир нерсеге озгочо конул буруусу же кайдыгер болуу;уялчаактын же ыгы жок ачык-айрым болуу;башкалар тарабынан баалагысы келуу менен коз карандысыздыгын корсотуу; авторитеттер, жалпы кабыл алынган эрежелер жана идеалдар менен курошуу.
Эмоционалдык туруксуздуктун чеги 13-15 жашында келет. Окумуштуулардын айтымында, «туура»курак деп, балдар ата-энелерин уккан мезгилди айтышат, бул 10-11 жашка чейин уланат. 7-10 жашында жаш бала чондорду туурайт, ага тенелет.13 тон 15 жашка чейинки оспурум курактагылар таптакыр башкача.
Оспурум курак-инсан болуп калыптануусундагы озгочо жана эн маанилуу курак. Оспурумдун денесинде жаныча курулуу башталат.
Оспурум куракта журок-кан тамыр системаларынын осушу туура келбегендиктен, кээ бир оспурумдордо баш айлануу, журоктун согуусу, баш оору, алсыздык, чарчоо ж.б.ооруулар байкалат.
Оспурум куракка кыжырдануу, туталанып, которунку кызуулануу муноздуу, бул энергиянын жана активдуулуктун бири-бири менен кошулуп, озун-озун токтото албай калган учурда, кээ бир керек эмес кылык-жорукка, тартиптин бузулушуна, укук бузууларга жана кылмышка алып барышы мумкун.
Бирок оспурум курак-кандайдыр бир мумкунчулугу чектелген курак эмес. Тескерисинче , активдуу жашоодогу энергиянын кайнап турган курагы.
Ошол эле убакытта, оспурумдордон импульсивдуулук ачык корунот, бул ичиндеги кандайдыр кыжырдануунун бир белгиси бар экендиги байкалып турат.
Импульсивдуулук деген эмне?
Импульсивдуулук деген-бул адамдын журум-турумунун озгочолугу:тышкы таасирлерге же эмоцияларга алынып ойлонбой эле биринчи оюна эмне келсе, ошонун негизинде иш-аракеттерди баштап жиберет.
Бойго жеттим деген сезим-бул оспурум курактын бир озгочолугу.
Бала чонойду деп качан айтат?Бала турмушка даяр болгондо, коомдогу чон адамдардын катарына кирип, алар менен тен жашап кеткенде.
Оспурумдордун сырткы корунушундо эч нерсе байкалбай: Ошол эле мектепте окуйт, ошол эле уй-булодо жашайт.Бирок уй-булодо балага «кичине баладай»мамиле кылат.
Оспурум чон турмушка толук кандуу кошула албайт, бирок, ага аракет кылат жана чондордой эле укуктарды талап кылат. Азырынча ал эч нерсе озгорто албайт,бирок, сырттан чондорду туурайт.
Ушунун айынан «чондорго жетуудогу» туура эмес тушунук пайда болот: тамеки тартуу; кочодогу отуруш,шаарга баруу(«Мен да озумдун турмушума озум ээмин» деген сырткы корунуш)жана башкалар.
Оспурумдун сырткы келбети-бул дагы чыр-чатактын булагы .Журум-туруму, кыялы, тышкы келбети озгоро баштайт.Кечээ эле эркин, туз басып жургон бала, колун чонтогуно салып жана тукурунуп баштайт.Жаны создор пайда боло баштайт.
Кыз ощунун кийим кечесин жана чач жасалгасын кочодо жана журналдарда коргон мисалдарга салыштырып баштайт, анын пикири апасынын пикирине туура келбей тургандыгын айтуу менен башталат. Оспурум тышкы келбети жана уй-булодогу пикир келишпестиктердин жана чыр-чатактын булагы болуп саналат.Балага керектуу модалуу кийим- кечелер, анын баалары ата-энелерди канааттандырбайт.Оспурум озун уникалдуу инсан катары баалайт, ошол эле убакта курдаштарынан озгочолонгонго аракет кылат.
Оз алдынча болууга умтулуу
Оспурумдо озунун позициясы бар экендиги байкала баштайт.Ал озун чон адамдар катары сезет жана ага кылган мамиле да чон адамдарга кылган мамиледей болушун каалайт.Ошол эле мезгилде ал уялбай эле,милдетти озуна азыраак алууга, бирок, кобуроок укукту алууга талап кыла баштайт.Оспурум бир нерсеге жооп берууну каалабайт, оз созуно да жооп бербейт.Оз алдынча болууга умтулат, ошол эле убакта козомолдоону жана жардам берууну жактырбай коюшу ыктымал.Копчулук учурда оспурумдордон «Мен баарын билем » деген созду угууга болот.Ушул мезгилде ата-энелер оздорунун балдарын кылган кылык-жоругуна жооп берууго уйротушу керек. «Окунучтуусу, мындай оз алдынчалуулук»-ата-энелер менен бул курактагы балдардын ортосундагы чыр-чатактардын негизги булагы.
Бул мезгилде балдарга озу курактуулар менен байланыштар ото маанилуу.Биринчи кезекте оспурум озунун курдаштарынан турмуш тууралуу болгон билимди алат.Оспурум кайсы топко тиешелуу болсо, ошол топтун мучолорунун ал тууралуу ою маанилуу болот.Белгилуу бир топко тиешелуулугу, ал учун озуно ишенимдуулукко алып келет.
Оспурумдун инсан катары осушуно курдаштары менен байланышуусу озгочо таасирленет.
Кандай гана оспурум болбосун дос жонундо кыялданат. Озуно ишенгендей эле, досуна да эч нерсеге карабай «100»пайызга ишенууго, берилгендик менен анын ишеничтуу болушун каалайт.
Оспурум досто окшоштук, оз ара тушунуучулук, кабыл алуу болушун издейт.Достук оз ара тушунуукеректоолорун канааттандырат.Оспурум ошол жыныстыгы, социалдык статусу бар, ошондой эле жондомдуулугу бар болгон достор ар турдуу коз караштагы достор менен достошууга аракет кылат.Достук тандоо мунозуно ээ, чыккынчылыкты кечирбейт.Достук мамилелер озгочо муноздомолорду камтыйт, бир жагынан жалгыз берилген дос тууралуу, экинчи жагынан досторду тез-тез алмаштырып туруу.
Чыр-чатакка барбоо учун оспурумдор менен баарлашууда чондор эмне кылуусу керек?
Баланыздын оройчулугуна чыдоо албетте кыйын.Мындайда сокку берууго жана ордуна келтирууго аракет кыласын.Бирок, бул пайда алып келеби?Биз чондор жакшы билебиз: бул мамилени начарлатат.Акылман болгула, озунордун баланарды оройлук ишке барууга туртпогуло.Буга томондогу журум турумдагы абалды эртелеп алдын алуу эрежеси жардам берет.
3.Конугуу: «Койгойлуу абалды чечуу» (5мунот)
Урматтуу ата-энелер!Биз азыр тарбиядан практикалык иштерге отобуз.Ар бириниздер биздин оспурум балдар менен болуп жаткан койгойлорду жакшы билесиздер. Азыр биз сиздер менен бул койгойлорду чечуу боюнча оз тажрыйбаларыбыз менен болушуп кетебиз.
Ата-энелер 2-3 топко болунот.
Тапшырма: Ар бир топ оспурум курактын озгочолугу тууралуу окуя даярдайт.Экинчи топ койгойду чечуу боюнча оздорунун варианттарын сунуштайт.Андан сон биринчи топ оздорунун варианттарын айтышат.
Мисалы:Талкуу учун абал:
Баланыз же кызыныз сиз менен базарга барды.Максат: кышкы куртка сатып алуу.Баланыз же кызыныздын тандоосу сиз менен дал келбеди.Жыйынтыгында сиздин баланыз «Эмне сатып алсан ошону ал, муну мен бары бир кийбейм»деп айтты.
Топтун сунушу:
1.Куртканы сатып алууго шашпоо;
2.Оспурумду тынч жерге алып баруу; мисалы,кафеге олтуруп, анын ачуусун басуу;
3.Оспурумдун айтканын угуу жана озунуздун аргументтеринизди сунуштоо жана чогуу тынчтык жолу менен кабыл алуу.
Жыйынтыктоо:Жаш оспурумдор менен кандай гана чыр-чатактуу абал болбосун, чондор оздорунун жоопкерчилигин сезе билиш керек, оспурум курактагы психологиялык озгочолукторду эске тутуу.
Оспурум менен баарлашуу тууралуу психологдун кенеши
Балага эркиндик бергиле.Акырын ойго келиниз, сиздин баланыз чоноюп калды жана алдынызда алып кала албайсыз, аны укпоо озунуздун камкордугунуздан чыгарып жиберуу;
Баарынан да ата-энелердин оспурумго болгон акыл-насааты аларды нааразы кылат.Баарлашуунун стилин озгортунуз, баа беруудо алыс болунуз.Тушунунуз:бала озунун коз карашын билдирууго жана жеке корутунду чыгарууга укуктуу;
Компромиске барыныз.Жанжал менен эч ким эч нерсени далилдеп берген эмес.Бул жерде женгендер болбойт.Ата-эне менен оспурум терс эмоцияларга алдырганда, бири-бирин тушунуу жоголот;
Ким акылдуу болсо, ошол эпке келет.Жалын тез очот, эгер сиз ага отун таштабасыныз, жанжалды токтотууда, кимдир бироо унчукпай калуусу керек.Оспурумго караганда чон адамдар мындайды оной кылат.анткени оспурумдун психикасы жетише элек.Эсинизге туйунуз:оз баланыздын устунон женишке жетишуу,сизге аброй алып келбейт.
Ызалантуу керек эмес.Жанжалды токтотуп эшикти катуу жабып жиберуу менен баланын конулун оорутуп алууга аракет кылбаныз.Кыйын абалдан татыктуу чыгып кетууну бала сизден уйронот.
Катуу жана ыраттуу болунуз.Балдар кыйын психологдор.Алар чондордун кучсуздугун укмуштуудай билишет.Ошондуктан, сиздин элдешууго баруунуздун даяр экендигин, кызыныз же баланыз ата-эненин авторитети туруктуу экенин билиши керек.Эгерде чондор оспурумго жеке женилдигин, туталанууну, ырааттуу эместигин корсотсо, анда алардан жакшы журум-турумду кутпой эле койсоболот.
4.Психологдун кенештери.
Урматтуу ата-энелер,мен сиздерге «Сиз кандай ата-энесиз?» деген тестти сунуштаймын.
Сиздер тестке озунуздордун жеке каалоонуздар боюнча катыша аласыздар. Бирок, мен тестке баарыныздар катышат деп ойлоймун,анткени сиздерге кызык болушу керек, кандай ата-эне экениниздер тууралуу.Бул тест сиздер учун гана откорулуп жатат,ошондуктан бардык суроолорго ак ниетиниздер менен жооп бергенге аракет кылыныздар.
Азыр мен суйломдорду окуймун жана балдардын санын айтамын.Эгерде сиздер бул суйломдорду тез-тез колдонсонуздар, анда озунуздорго балл коёсуздар,эгерде колдонбосонуздар анда бал койбойсуздар.
5.Тест «Сиз кандай ата-энесиз?» (5 мунот)
Сага канча жолу кайталаш керек? (2 балл)
Мага кенеш берчи (1 балл)
Билбейм, сенсиз эмне кылат элем (1 балл)
Сен кимден ушундай болуп торолдун эле! (2 балл)
Сенин кандай жакшы досторун бар! (1 балл)
Кана, сен кимге окшошсун? (2 балл)
Мен сенин жашында…(2 балл)
Сен менин таянычым жана жардамчымсын! (1 балл)
Сенин эмне болгон досторун бар! (2 балл)
Сен эмнелер жонундо ойлойсун?(2 балл)
Сен менин акылдуумсун! (1 балл)
Балам (кызым) сен кантип ойлойсун? (1 балл)
Бардыгынын балдары балдардай, а сен...(2 балл)
Сен менин тапкычымсын! (1 балл)
Бардык балдарды эсептеп чыгыныз.
Ошентип сиз 5-7 балл алган болсонуз, анда сиз оспурумду сыйлаган болосуз, сиздин мамилениз анын инсан болушуна туртку берет.
8-10 чейин балл, оспурум менен сиздин мамилениз кыйын абалда экенин муноздойт, анын койгойун билбегенди онугуусундогу жетишпегендикке куноону оспурумдун озуно оодаргандык.
11 балл жана андан ойдо, сиз оспурум менен баарлашууда ырааттуу эмессиз. Анын осушуно кокус жагдайлар таасир этиши мумкун.Бул жонундо ойлонуш керек!
Сиздердин активдуу болгондугунуздар учун рахмат!
6.Жыйынтыктоо (5 мунот).
Бала оспурум болуп чоноюп бараткан мезгилде, ал ган учун эмес, чондор учун да кыйын, анткени алар менен бирге аракеттенебиз.Мындай учурда кыйынчылыкка кабылышыбыз тан калыштуу эмес.Оспурум курактан отуу убагында оспурумдор специфизикалык кыйынчылыктарга дуушар болушу мумкун.
Бугун оспурумго айта турган негизги соз: «Мен сени жакшы кором, биз жанындабыз, биргебиз, биз баарын чогуу женип чыгабыз»
Активдуу катышып бергениниздер учун баарыныздарга чон рахмат.Биддин жолугушуубуз сиздерге маанилуу болду деп ойлоймун.