СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

1916-жылдагы которулуш

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«1916-жылдагы которулуш»









ДОКЛАД











Тема: 1916-ЖЫЛДАГЫ

УЛУТТУК-БОШТОНДУК КӨТӨРҮЛҮШ.



















1916-ЖЫЛДАГЫ УЛУТТУК-БОШТОНДУК КӨТӨРҮЛҮШ.

Түркстанды орусташтыруу колониялык-улутчул саясаттын негизи катары XX к. башында мурдагыдан да күч алган. Буга 1911-ж. 31-октябрындагы чөлкөмдүн генерал-губернаторунун областтык аскер губернаторлорго: «Жергиликтуу эл бизди келечектеги орус дыйкандарынын ишин жасай турган материал катары кызыктырат, ошондуктан аларга бүт орустарды сыйлоону канына сиңдирүу керек, эгерде кимде-ким баш ийгиси келбесе жеринен ажырап, жакырчылыктан өлөт же Россия алар менен кош айтышат», деген көрсөтмөсү күбө. Көтөрүлүштүн негизги себептеринин бири орус дыйкандарынын көп санда көчүп келүүсү жана аларды отурукташтырууда кыргыздарга карата зомбулуктун күчөшү болгон. Келгин дыйкандар кыргыздарды адам катары көрбөй, суунун башын ээлеп алышып, кыргыздарга суу бербей, аларды жерлерин таштап кетүүгө аргасыз кылышкан. Падышачылык бийлик жергиликтүү элдин каршылыгын алдын алып Түркстандагы куралдуу күчтөрдөн тышкары келгин дыйкандарды да куралдандыра баштаган. 1916-ж. көтөрүлүштүн алдында Жети-Суу областындагы келгин дыйкандардын 43 проценти куралданган. Демек, кары-картан, бала-чакадан башка курал алып жүрүүгө жараган келгиндер толук куралданган эле. Өз жери үчүн күрөшкөн кыргыздарды атып салуу адаттагы көрүнүш болуп калган.   1914-ж. башталган дүйнөлүк биринчи согуш, согушка Россиянын катышуусу, ансыз деле эзилип, кыйналып турган колониялык элдин башына түптөн мүшкүл болгон. Кыргыздар да жалпы элге түшкөн кыйынчылыктан четте калбастан согушка акча, кийим-кече, атчан аскерлер үчүн кыргыз жылкыларын жөнөтүп турган. 1916-ж. 25-июнундагы Падышанын Түркстандын элдеринен аскердик курактагы (19дан 43кө чейинки) эркектерди согуштук коргонуу жумуштарына алуу жөнүндөгү указы, ансыз да падышачылыктын эзүүсүнө, кемсинтүүлөрүнө, жеринен ажырагандыгына аран чыдаган элди биротоло дүрбөткөн. Падышанын жогорудагы буйругу боюнча Түркстандын Сыр-Дарыя областы 60 мин, Самарканд областы 32,5, Фергана областы 51,3, Жети-Суу областы 43 мин кишини жөнөтүүгө милдеттендирилген. Мурдатан эле колониялык эзүүнүн запкысы жангаа баткан эл эми колго курал алып, ачыктан-ачык боштондук күрөшкө көтөрүлүүгө аргасыз болгон. Көтөрүлүш 1916-ж. 4-июлда Самарканд областынын Кожент шаарында башталып, тез арада Сыр-Дарыя, Фергана областтарына тараган. Фергана областындагы июль айындагы көтөрүлүшкө кыргыздар активдүү катышкан. Анжиян уездинин калкы чечкиндүү аракеттер менен падышанын указын аткаруудан ачык эле баш тартышып, атайын түзүлгөн тизмелерди жок кылышкан. Бийлик өкүлдөрүнө, падыша чиновниктерине кол салышкан. Көтөрүлүшкө Кокон, Наманган уезддериндеги тоолук кыргыздар да активдүү катышышкан. Наманган уездиндеги көтөрүлүшкө Таласбай Алыбаев жетекчилик кылган. Боштондук кыймылы Кетмен-Төбөгө, Чаткалга, ТогузТоро өрөөндөрүнө тараган. Ош уездиндеги көтөрүлүш Сулайман тоосунун этегиндеги 10 мнндей адам катышкан жыйын менен июлдун башында башталган. Өзгөндөгү көтөрүлүш да курч мүнөздө өткөн. Август айына карата Кыргызстандын түштүгүнүн көпчүлүк бөлүгү көтөрүлүшкө тартылган. Кыргызстандын түндүгүндогү кетөрүлүш Түркстандын башка чөлкөмдөрүндөгү толкундоолордон айырмаланып, өтө курч мүнөздө болгон. Бул жакта элдик кыймыл мыкты куралданган падыша аскерлери менен куралдуу кагылышуу деңгээлинде өткөн. Көтөрүлүш июль айында башталып, августта күч алган. Түндүк Кыргызстанда алгачкылардан болуп куралдуу көтөрүлүшкө кеминдик кыргыздар чыгышкан. Бул көтөрүлүштүн жетекчиси катары манап Мөкүш Шабдан уулу хан көтөрүлгөн. Жергиликтүү элдин өз жериндеги феодалдык төбөлдөрдү хан көтөрүп өздөрүнө жетекчи кылышы элдин ан-сезимине сиңген салты менен байланыштуу болгон. Колониялык саясаттын азабын тарткан кыргыз элинин көпчүлүк төбөлдөрү кыйын кезеңде эл менен бирге болушкан. 8-августта Токмокко жанаша жашаган айылдардын калкы көтөрүлгөн. 9-августта Ыбрайым Төлв уулу жетектеген көтөрүлушчүлөрдүн чакан тобу Ысык-Көлгө бара жаткан аскерлердин жолун тороп, 178 мылтык жана 30 минден ашуун ок-дары жүктөлгөн арабаны колго түшүрүп алган. Ошол эле учурда Сарыбагыш жана Атаке болуштуктарында чыккан көтөрүлүшчүлөр Кеминдеги Новороссийское кыштагын, казак-орустардын Самсоновка стандиясын курчап турган. Август айынын орто ченинде көтөрүлүш Пишпек уездинин 12 болуштугун кучагына алат. Ысык-Көлдө, Таласта да көтөрүлүшчүлөр күч алат. Көтөрүлүшкө Тенир-Тоодогу кыргыздар да активдүү катышкан. Кочкор өрөөнү бул жактагы көтөрүлүштүн чордонуна айланат. Көтөрүлүшчүлөр болуш Канат Убуке уулун (Канат Абукин) хан көтөрүп, өздөрунүн башчысы кылып шайлашкан жана ага баш ийүүгө ант беришкен. Ал 30-40тай барданке, бинтон, кош ооз түтөтмө мылтык, негизинен шыргыйдан жасалган найза, айбалта менен куралданган 2-3 миндей аскери менен август айынын башында Кочкордон Шамшынын бели аркылуу Чүйгө аттанган. Канат хандын стратегиялык урушту так билген, саясий жетекчилик кыла турган билимдүү адамы болгон эмес. Канаттын аскерлери Чүйгө түшүп туш келген орус кыштактарына кыргын салган. Анын аскерлери адегенде эски Токмокту каратып, чоң Токмок шаарын 13-22-августта он күндөй камоого алган. Канат хан жетекчилик кылган көтөрүлүшчүлөр Алматы менен Ташкенден келген 1,6 миң падыша аскерлери менен беттешкен. Өтө начар куралданган кыргыз көтөрүшчүлөрү замбирек, мылтык менен куралданган регулярдуу аскер бөлүктөрү менен жан аябай салгылашып эрдиктердин үлгүлөрүн көрсөтүшкөн, алардын көпчүлүгү эркиндик үчүн баатырларча курман болушкан. Көл кылаасындагы көтөрүлүш да өтө курч мүнөздө өткөндүгү менен айырмаланган. Бул жактагы көтөрүлүш 5-августта башталып, 10-августта бүткүл Ысык-Көл ойдунун, Каркыраны кучагына алат. Каркырадагы көтөрүлуштө кыргыздар, казактар, уйгурлар жана дуңгандар ал жактагы 500дөн ашуун дүкөнчөлөрдү талкалашкан. 11-августта кыргыздар менен дунгандар биргелешип Караколго чабуул коюшкан. 13—14-августта көтөрүлүшкө Челпек, Бөрүбаш айылдарындагы сарт-калмактар да активдүү катышышкан. Көтөрүлүш башталаары менен эле анын Түркстанга тарашынан корккон падыша өкмөтү согушуп жаткан армиядан генерал А. Н. Куропаткинди чакыртып, аны Түркстандын генерал-губернаторлугуна дайындаган. 1916-ж. 17-июлунда Түркстанда согуштук абал жарыяланып, согуш министринин буйругу менен Түркстанга 11 батальон, 3,3 миң казак-орус жөнөтүлгөн. Алар 42 замбирек, 69 пулемет менен куралданган. Падыша өкмөтү Сыр-Дарыя, Самарканд, Фергана областтарындагы көтөрүлүштөрдү июль айынын аягында басып коюуга жетншкен. Жети-Суу областы жогорку областтардан келгин дыйкандардын көптүгү, ошого жараша жергиликтүү элдии келгиндер тарабынан көбүрөөк кордук көрүп, жер-суу маселесшшн өтө курчуп кеткендиги менен өзгөчөлөнүп турган. Жети-Сууда көтөрүлүш башка областтардагы козголоңдор басылып калганда башталгандыктан, орус төбөлдөрү Түркстандагы куралдуу күчтөрдүн баарын аталган областтагы көтөрүлүштү басууга жумшаган. Жалпысынан алганда, Жети-Суудагы көтөрүлүштү басуу үчүн Түркстан генерал-губернаторлугунуи аймагынан күчтүү куралданган 6530 аскер келген, алардын 1105 атчан аскерлер болгон. Кийинчерээк согуш министринин буйругу менен дүйнөлүк биринчи согушта согушуп жаткан аскерлерден 2 орус-казак полку, 240 атчан чалгынчылар, 16 замбирек жана 47 пулемет кошумча жөнөтүлгөн. Мындан тышкары келгин дыйкандардын 43 проценти буга чейин эле куралдандырылганын айтканбыз. 1916 ж. 15-августунда Жети-Суу областынын аскер-губернатору М. А. Фильбаум орус дыйкандарынан көтөрүлүшчүлөрдү басуу үчүн атчан жана жөө кошуундарды түзүү жөнүндө көрсөтмө берген. Түркстандын генерал-губернатору А. Н. Куропаткин көтөрүлүшчүлөрдү жазалоону женилдетүү үчүн 1916 ж. 12-августунда убактылуу аскер талаа сотторун түзүүгө буйрук берген. Айры, чалгы, найза, кылыч, союл, барданке, бараң, бир аз мылтык менен куралданып, чаржайыт көтөрүлгөн элди басып коюш, падыша аскерлери үчүн анчалык кыйынчылыкка турган эмес. Кыргызстандын ар кайсы чөлкөмүндө чыккан көтөрүлүштөрдү мыкты куралданып, согуш тактикасына үйрөнгөн казак-орустар өтө канкордук менен жазалап, кыйратып турган. Августтун аягында Пржевальскиден анча алыс эмес жерде көтөрүлушчүлөр менен жазалоочулардын ортосунда акыркы ири салгылашуу болгон. 21-августта бул жерде 4 миндей көтөрүлүшчү он, сол канат болуп душманга бир нече ирет чабуул коюшкан. Ал эми 28-августта Түптөгү салгылашууга 7 минден ашуун көтөрүлүшчүлөр катышкан. Сентябрь айында падыша аскерлери менен майда кагылышуулар гана болбосо, көтөрүлүш негизинен женилген. Падыша өкмөтү көтөрүлүшчүлөрдү аёосуз басууга, жергиликтүү элди кырып-жоюп, мал-мүлкүн тоноп, айылдарын өрттөөгө көрсөтмө берген. Келгин дыйкандарга көтөрүлүштүн натыйжасындагы чыгымдарын көтөрүлүшчүлөрдүн мал-мүлкү аркылуу толуктап алууга уруксат берген. Ал эми аскер-талаа соттору көтөрүлүшкө катышкандарды атууга өкүм чыгарышып, ошо замат өкүмдү аткарып турган. Жазалоочу отряд жана аларга жардам берген келгин дыйкандар көтөрүлүшчүлөрдү гана эмес, көтөрүлүшкө катышпаган тынч элди, кары-картан, жаш балдарды, аялдарды кыргынга учураткан. Мисалы, Беловодскидеги 500дөн ашуун кыргыздарды көтөрүлүшкө катыштыңар деп, сарайга камашып, эртеси баарын мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Ушундай эле окуя Ысык-Көлдүн башындагы Теплоключенка айылында болуп, 500дөй киши өлтүрүлүп, 100дөн ашык адамдын өлүгү Ак-Суу суусуна ыргытылган. Пржевальск шаарындагы жергиликтүү 700 дунгандан 6 гана киши тирүү калган. Тукум курут болуп кырылып калуудан чочулаган кыргыздар сентябрдын аягынан баштап, өз жерин таштап, баш маана издеп Кытайды көздөй үркүшкөн (качышкан). Жан далбаса кылып колуна тийген буюмдарын, талануудан калган малын айдап, азып-тозуп качкан кыргыздарды жазалоочу отряд менен келгин дыйкандардын кошуундары сая кууп жеткен жерден кырып, мал-мүлкүн талап жүрүп отурушкан. Үркүн кыш мезгилине туура келип, далай адамдар ак кар, көк муз баскан белдерден өтө албай кыргынга учураган. Жазалоочу отряддардан Чүй жана Ысык-Көл өрөөнүнүн элдери өзгөчө көп жапа чеккен. Ушул кыйын кезенде элин кыргындан сактап калуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жасаган элдик азаматтар болгон. Алсак, Чүй өрөөнүнөн чыккан болуш Дүр Сооронбай уулу, Ысык-Көлдүк белгилүү инсан Кыдыр аке, Суусамыр өрөөнүнөн Түркмөн бөлуш падыша бийлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өздөрүнө караштуу 400-500 түтүн элдерин Кытайга качырбай кармашып, жазалоодон, азап-тозоктон куткарып калышкан. Бирок кыргыз элинин көпчүлүгү жазалоочу аскерлеринин кыргынынан кутула алган эмес. Өлгөндөн аман калгандар Кытай жергесине баш калкалаган. Кытайлык маалыматтар боюнча Жети-Суу областынан эле Кытайга 332 миң адам качып барган. 1916-ж. көтөрүлүштө 200 миңге жакын кыргыздар өлүп, Түндүк Кыргызстандын калкы 41,4 процентке азайган. Бул аз келгенсип, падыша өкмөтү 1916-ж. октябрда Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көлдө калган кыргыздарды толук бойдон Тянь-Шанга көчүрүү жөнүндө чечим кабыл алган. 1916 ж. көтөрүлүш Кыргызстандагы ири улуттук-боштондук кыймыл болуу менен кыргыз элинин коомдук-саясий турмушундагы эң маанилүү окуялардан болгон. Көтөрүлүшкө кыргыздардан тышкары жергиликтүү элдердин өкүлдөрү катышкан. Көтөрүлүш жеңилип, өтө мыкаачылык жол менен басылганына карабастан Түркстан чөлкөмүндөгү колониялык бийликти кыйла бошоңдоткон. Эл эркиндги үчүн күрөштүн болуп көрбөгөндөй тажрыйбасына ээ болгон. Кыргыз элинин ата-бабадан мураска калган жерине толук ээ болууну, эркиндикти, теңдикти энсеген бул күрөшү Кыргызстан тарыхынын маанилүү барагы катары бааланат.
Начало формы

Конец формы

Көтөрүлүш өбөлгөлөрү жана шылтоосу

Падышылык Орусиянын өзүнө көз каранды болгон элдерге жүргүзгөн колониялык эзүүсү Биринчи дүйнөлүк согушка карай жогорку чегине жеткен. Мындай эзүүгө чыдабаган колониялык элдер, анын ичинде орустар “Орто Азия”деп атап алган, мурдагы Түркстан аймагындагы бардык калктар орустарга каршы нааразычылыктарын билдире башташкан.

Орусия империясынын мурдагы коргоо министри, генерал-губернатор А.Н.Куропаткиндин аскердик-тылдык кара жумушка Түркстандагы дыйкан калктарга карганда, көчмөн элдердин адамдары көбүрөөк пайызда чакырылсын деген чечими казактар менен кыргыздардын куралдуу көтөрүлүшкө чыгуусуна жол берген. Ошондуктан элдик толкун эң жогорку чегине жеткен аймак катары Түштүк Казакстан жана Кыргызстанды атасак болот.

Өзгөчө жалпы эл катышкан массалык куралдуу көтөрүлүш Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл жана Нарын дубандарында болуп өткөн.

Чүйдөгү жашыруун жыйын

Мындай жыйындардын бири тууралуу 1916-жылкы көтөрүлүштун катышуучусу, 1880-жылы туулган, Чүй районундагы Карл Маркс атындагы колхоздун колхозчусу болгон Ырысаалы Солтонбеков эскерет.

Анын сөзүндө июнь айында Кочкор, Жумгал өрөөнүндөгү кыргыздардын эл башчылары орус өкүмөтүнө болгон элдик нааразычылыктарды талкуулоо үчүн чүйлүк манаптарга келип, жашыруун жыйын өткөргөндүктөрү баяндалат.

Алар Кочкордогу Азык болушунан: Сарыбай, Темирболот болушунан: Кара Осмонаалы, Токтосун. Абайылда болушунан: Карыпбай, Чаар Осмонаалы деген киши.

Жумгалдагы Курманкожо болушунан: Курман, Токтогон, Жумгал болушунан: Көкүмбайдын уулу Исмаил, Ибраим.

Кулжыгач болушунан: Эшимбеков, Зарбат Байзаков. Чаектен: Мырзабек.

Суусамыр болушунан: Түркмөн, Биялы болуп, Чүйгө келишкен.

Булардын бардыгы ал кездеги ошол аймактын болуштары эле.

Көтөрүлүш чыгаруу маселеси талкууга коюлду

Токмокко жашыруун чогулган манаптар падышалык орус өкмөтүнө болгон элдин нааразылыгы жөнүндө маселени талкуулашып, оруска каршы көтөрүлөбүзбү же кандай кылабыз? деген ойду ортого салышкан.

Жыйналган элге орусча сабаты бар Дүр менен Мамбетаалы орустардын күчтөрү жөнүндө маалымат беришип, мамлекеттик аскерге каршы чыгуу, элдин кырылышына алып келет деген пикирди колдошкон.

Жыйналышта орус администрациясына тилмеч болгон Мамбетаалы Мураталиевдин орустар тууралуу алардын көптүгү уйдун түгүндөй болсо, кыргыздар уйдун маңдайындагы кашкасында болуп кала тургандыгын айтып, андан кийин 1914-жылы тутанган герман-орус согушу жөнүндө сүйлөйт.

Мамбетаалы: “Алар Австрияны бүт талкалады” деп, орустар колдонгон куралдары тууралуу: «Беш атары көз жеткен жерди алып түшөт, пулемёту минутуна 76 ок чыгарат, адамды таарып кетет, аны жылдырып атат, маш казак-орустан ону гана кыргызды талкалайт. Мына менин билгеним ушул,” — деп айтат

Буларга каршы Шабдандын уулу Мөкүш баштаган бир тобу чыгып, алар “эл менен бирге көтөрүлүшкө чыгалы” деген пикирде турушат.

Жумгалдык манап Курман Лепесов Мөкүшкө кошулуп, аларды Чүйдү таштап, Кочкорго көчкүлө дейт.

Акыры жашыруун жыйынга чогулгандар бир чечимге келе албай, “тагдырдан көрдүк” деп, таң ата тарагандыктары эскерилет.

Тымызын маалымат алмашуу

Бул ойду ишке ашырыш үчүн жергиликтүү кыргыз манаптары бири-бири менен жашыруун байланышып турган.

Мисалы, Б.Солтоноев: “Чүйдөгү атактуу Шабдандын баласы Исамидин Нарынга Бугубай деген жигитин жашыруун жиберип, Касымаалыдан кабар алды”, - деп жазат

Бул жердеги Мамбет уулу Касымаалы ажы - Нарындын күн батыш аймагындагы элди башкарган, атактуу Ниязбектин сегиз бегинин бири, Ормон хандын бир тууган иниси Шатендин тукуму болгон.

Мындай байланыштар Ысык-Көл, Нарын кыргыздарынын, ошондой эле казактардын жергиликтүү башчыларынын арасында да жүрүп турган.

Көтөрүлүш окуяларынын жадыбалы

Падышалык архивдик документтердеги маалыматка карасак, кыргыз жериндеги куралдуу көтөрүлүш төмөнкүчө башталган:

6-августта Пишпек (Бишкек) үйөзүнүн Атаке болушундагы кеминдик кыргыздар менен ошол эле үйөздөгү Ботбай болушунун казактары жана кыргыздары көтөрүлөт.

7-августта Токмоктун айланасындагы кыргыздар жана Пишпек үйөзүндөгү Сарыбагыш болушунун кыргыздары козголот.

9-августта Каракече, Жумгал, Курманкожо, Кочкор, Абайылда жана Ысык-Көлдүн айрым болуштуктарында козголоң башталат.

10-августта Жамансарт, Түлөберди, Бакы, Талдыбулак болуштарындагы жана Олуя-Ата үйөзүндөгү Карабалта болушунун кыргыздарынын көтөрүлүшү башталат.

11-августта жалпы Ысык-Көл кыргыздары менен Пржевальск үйөзүндөгү Мариинск кыштагындагы дунгандар көтөрүлүшкөн

Куралдуу көтөрүлүштүн бардык аймактарда дээрлик бир кылка башталышы, аны баштоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана уюштурган адамдардын болгондугун көргөзүп турат.

Көтөрүлүштө расмий “хан” көтөрүлгөн жетекчилердин жалпы саны жети болгон.

1. Кеминде - Мөкүш Шабданов

2.Кочкордун күн батышы жана Токмокто – Канат Ыбыке уулу

3. Кочкордун күн чыгышында – Тезекбай Түлкү уулу

4. Жумгалдын чыгышында – Көкүмбай Чыны уулу

5. Нарындын түндүк аймагында – Байзак Мырза уулу

6. Ысык-Көлдүн тескейинде – Баатыркан Ырайымбеков

7. Ысык-Көлдүн күнгөйүндө – Баатыркан Ногоевдор көтөрүлүшкө хан шайланышкан.

Чыккынчылар оторчулар тарабынан сыйлыкка арзыган

Көтөрүлгөн элдин арасында жүрүп, аларга каршы чыккан жана аларды кырып-жоюуда орус баскынчыларына кызмат кылган, саткын кыргыз манаптарын орус бийлиги көз жаздымда калтырган эмес.

Көтөрүлүш аёосуз басылгандан кийин, т.а. 1916-жылдын 3-ноябрында полковник В.П.Колоссовский, кыргыздарды кырууда орустарга жардам көрсөткөн 10 кыргыз манабын сыйлыкка көрсөтөн.

Архивдик документтеги алардын тизмеси:

1. Казы Чокин -- Эсенгул болуштугу, Ат-Башы участогу – Владимир тасмасындагы чоң күмүш медаль;

2. Касен Каныбеков -- Кара-Булак болуштугу, Токмок участ. - Анна тасмасындагы чоң күмүш медаль;

3. Иткара Ырысбеков -- о.э. – Станислав тасмасындагы кичи күмүш медаль;

4. Осмон Данаев -- о.э. – 2-даражадагы сый халат;

5. Исхак Курманов -- Курманкожо бол., (Жумгал), Токмокск. участ. - Милициянын хорунжий чини, эгер ал болбосо Владимир тасмасындагы таза күмүш медаль;

6. Түмөнбай -- Он-Арча бол., (Нарын) – 2-даражадагы сый халат;

7. Байсерин -- Ат-Башы участ. - 2-даражадагы сый халат;

8. Курман Лепесов -- Курманкожо бол., (Жумгал), Токмокск. участ. - Владимир тасмасындагы чоң күмүш медаль;

9. Султангазы Касымбеков (Касымбек Баатаевдин уулу) -- Чоро бол., Ат-Башы участ. – Моюнга салуучу Владимир тасмасындагы чоң күмүш медаль;

10. Зарбат Байзаков (Байзактын уулу) -- Кара-Кече бол., (Жумгал) – Моюнга салуучу Анен тасмасындагы чоң күмүш медаль.

Жогоруда көрсөтүлгөн 1916-жылкы кыргыз элинин боштондук күрөшүнүн жетекчилери бүгүнкү күнгө чейин татыктуу бааларын ала элек.

Алардын ар бирин кыргыздын мекенчил жарандары жатка билиш керек.

Алардын иштери Ата-Мекенди сүйүүнүн чексиз үлгүсү катары кызмат кылат




Булак: http://students.com.kg/?p=470