СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

№2_лекция_башкаруу_деңгээли_б-ча

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«№2_лекция_башкаруу_деңгээли_б-ча»

Тема: Локалдык тармактын классификацияланышы


Локалдык тармакты бир нече багытта классификациялоого болот. Локалдык тармакты башкаруу деңгээли боюнча төмөнкүдөй классификацияланышын карайлы.

Жумушчу группалардын локалдык тармагы- бул бир операциондук системанын башкаруусунда иштеген жеке компьютерлердин тобун бириктирет. Жумушчу группалардын тармагынан файлдык сервердин, печаттооноо серверинин, факс-сервердин милдетин аткаруучу атайын серверлер ажыратылышы мүмкүн.

Бөлүмдөрдүн локалдык тармагы – бул ишкананын бир бөлүмүндө (кадрлар бөлүмү, бухгалтерия, маркетинг бөлүмү) иштеген компьютерлердин тобу. Бөлүмдөрдүн локалдык тармагында жүздөгөн компьютерлер иштеп алардын арасынан программалар-тиркемелерине, берилгендер базасына, лазердик принтерлерге, модемдерге арналган бир нече серверлер ажыратылышы мүмкүн. Мындай тармак бир тармактык технологияда иштеп максимум эки операциондук системанын башкаруусунда иштеши мүмкүн. Территориялык жактан бир имараттын ичинде жайгашышы мүмкүн.

Кампустардын тармагы- (campus- “студенттик шаарча” деген аталыштан алынган). Мындай тармактын негизги кызматы бир нече майда тармактарды бириктирүү б.а. жумушчу группалардын, бөлүмдөрдүн тармактарынын өз ара байланышын уюштуруп, ишкананын берилгендер базасына жетүүгө жана кымбат баалуу ресурстарды жалпы пайдаланууга мүмкүндүк берүү. Кампустардын тармагы белгилүү территорияны камтып, бир нече түрдүү тармактарды бириктриши мүмкүн. Интернет глобалдык тармагынын ресурсун кампустардын тармагы колдонбойт.

Корпоративдик тармак-ишкананын жана корпорациянын бардык масштабдагы тармагы. Корпоративдик тармактар бир ишкананын бардык территориядагы (региондор, шаарлар, континенттердеги) көп сандагы компьютерлерин тармакка бириктирет. Колдонуучулар миңдеп, серверлер жүздөп саналышы мүмкүн. Аралыктагы локалдык тармактарды бириктирүү үчүн түрдүү телекоммуникациялык каражаттарды, телефондук каналдар, радиоканалдар, спутниктик байланыштарды колдонушу мүмкүн.

Өзүнчө коммуникациялык түзүлүштөрдүн кымбаттыгы, коргонуунун кыйындыгы дүйнөлүк тармак интернет ресурсун колдонуу муктаждыгын берет. Ошондуктан территория мааниге ээ эмес.

Локалдык эсептөөчү тармакты аткарган кызматы боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүүгө болот.

  1. Эсептөөчү- эсептөө иштерин артыкчылыгы менен аткаруучу;

  2. Маалыматтык эсептөөчү- эсептөөчү операциялардан сырткары, колдонуучуну маалымат менен камсыз кылууну ишке ашыруучу;

  3. Маалыматтык-негизинен колдонуучуларды маалыматтык камсыздоо ишин (документтерди түзүү жана жасалгалоо, колдонуучуга сурамжылоо маалыматын, керектүү болгон маалыматты жеткирүү) аткаруучу;

  4. Маалыматтык издөөчү- колдонуучунун издеген тематикасы боюнча тармактык сактоочу булактардан издеп камсыз кылуу;

  5. Маалыматтык кеңеш берүүчү- учурдагы организациялык, техникалык жана технологиялык маалыматты кайра иштетип, колдонуучуга туура чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүүчү жыйынтык маалыматты иштеп чыгуу.

  6. Маалыматтык башкаруучу- учурдагы техникалык жана технологиялык маалыматты кайра иштетип, башкарылуучу системага берилгендер базасында автоматтык түрдө таасир берүүчү жыйынтыктоочу маалыматты иштеп чыгуу.

Тармакка туташкан компьютерлердин саны боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүүгө болот.

  1. Кичинекей- 10-15 компьютерге чейин;

  2. Орточо -50 компьютерге чейин;

  3. Чоң- 50 компьютерден жогору;



Теманы бышыктоочу суроолор:


  1. Бир операциондук системанын башкаруусунда иштеген жеке компьютерлердин тобу кандай аталат?

  2. Жумушчу группалардын, бөлүмдөрдүн тармактарынын өз ара байланышын уюштуруп, ишкананын берилгендер базасына жетүүгө жана кымбат баалуу ресурстарды жалпы пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү тармак кайсы?

  3. Мындай локалдык тармакта жүздөгөн компьютерлер иштеп алардын арасынан программалар-тиркемелерине, берилгендер базасына, лазердик принтерлерге, модемдерге арналган бир нече серверлер ажыратылышы мүмкүн. Ал кайсы тармак?

  4. Эсептөө иштерин артыкчылыгы менен аткарган тармактарды эмне деп атайбыз?

  5. Бир тармактык технологияда иштеп, максимум эки операциондук системанын башкаруусунда иштеген тармак кандай аталат?

  6. Интернет глобалдык тармагынын ресурсун колдонбостон туруп тургузулган тармак кандайча аталат?

  7. Эсептөөчү операциялардан сырткары, колдонуучуну маалымат менен камсыз кылууну ишке ашыруучу тармак кандай аталат?

  8. Мындай тармактарда колдонуучулар миңдеп, серверлер жүздөп саналышы мүмкүн. Аралыктагы локалдык тармактарды бириктирүү үчүн түрдүү телекоммуникациялык каражаттарды, телефондук каналдар, радиоканалдар, спутниктик байланыштарды колдонуу менен тургузулган тармак? Колдонуучуларды маалыматтык камсыздоо ишин аткарган тармак кандай аталат?

  9. Кандай тармактарды маалыматтык башкаруучу тармак дейбиз?


Теманы бышыктоочу тесттик суроолор:

  1. Бир операциондук системанын башкаруусунда иштеген жана компьютерлердин арасынан файлдык сервердин, печаттоо серверинин, факс-сервердин функциясын аткарууга арналагн серверлер ажыратылган компьютерлердин тармагы ... д.а.

А) жумушчу группалардын локалдык тармагы

Б)бөлүмдөрдүн локалдык тармагы

В)Кампустардын тармагы


2. Ишкананын бир бөлүмүн камтыган бир тармактык технологияда иштеген, максимум эки операциондук системанын башкаруусунда иштеген компьютерлердин тармагы .... д.а.

А) жумушчу группалардын локалдык тармагы

Б)бөлүмдөрдүн локалдык тармагы

В)кампустардын тармагы


3. Бир нече майда тармактарды бириктирген, ишкананын берилгендер базасына жана баасы кымбат ресурстарды жалпы колдонууга мүмкүндүк берген, интернет ресурсун колдонбогон компьютерлердин тармагы .... д.а.

А) жумушчу группалардын локалдык тармагы

Б)бөлүмдөрдүн локалдык тармагы

В)кампустардын тармагы


4. Ишканын баардык масштабдагы тармактарын камтыган, интернет ресурсун колдонгон компьютерлердин тармагы ... д.а.

А) жумушчу группалардын локалдык тармагы

Б)корпоративдик тармак

В)кампустардын тармагы