СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

23-апрель китеп куну

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«23-апрель китеп куну»



№91 мектеп гимназиясы







23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп күнү











Бишкек-2022







  1. Саламдашуу

  2. Хор

  3. Доклад (китептин келип чыгуу тарыхы боюнча)

  4. Ырлар

  5. Бий

  6. Инценировка (китепти сактоо жана даңазалоо)

  7. Китеп жөнүндө кызыктуу окуялар

  8. Кызыктуу оюн (мугалимдерге)

  9. Бий

  10. Китепти өтүнүчү

  11. Жыйынтыктоо



Кеченин максаты:

Билим берүүчүлүк: 1) Окуучуларга китеп өтө пайдалуу экендигин жана китепке этияттык менен мамле жасоого өзгөчө жакшы карап китепти сүйүүгө тарбиялоо.

Өнүктүрүүчүлүк: 2)Окуучулар китеп эң пайдалуу буюм экендигин билишет.Китепти окуу адамдын аң сезимин өстүрөт,ой жүгүртүүсүн сөз байлыгын өстүрөт.

Тарбия берүүчүлүк: 3)Окуучулар китептерин тыштап жакшы тутууга аяр мамиле жасап окууганга тарбияланышат.

Кеченин жүрүшү:

1. Мугалим : Саламатсыздарбы урматтуу агай эжейлер жана окуучулар. Бүгун 23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата “Китеп-билим булагы, билим-өнөр чырагы” деген темада иш чарабызды ачык деп жарыялайбыз.



2. “Китеп”

Билбегенди билгизген,

Мээге сезим киргизген.

Ак булуттун үстүндө,



Айга жакын жүргүзгөн.

Китеп - менин акылым,

Китеп - менин жакыным.

Турмуш сырын үйрөткөн,

Көркөм, чечен сүйлөткөн.

Көкөлөтүп көңүлдү,

Табиятты бийлеткен.

Китеп - менин акылым,

Китеп - менин жакыным.

Эл достугун сактаган,

Эрк, таалайды мактаган.

Согуш өртүн өчүрүп,

Бейкуттукту жактаган.

Китеп - менин акылым,

Китеп - менин жакыным. Аалы Токомбаев



3. Китептин келип чыгуу тарыхы (доклад)

Китептин качан пайда болгондугу туралуу так маалымат жок.Кагазды ойлоп тапканга чейин китеп жазуу өтө оор болгон .Египеттиктер ташка чегип жазышкан бир нече жумалап аскага асылып ташка чегип жазуу өтө оор болгон .Кетирген катасы үчүн кулдун башы алынчу .Ал кезде бир тамганы эмес бир сөздү түшүндүргөн .Бул ыкма азыр деле кытайда колдонулат.Ассирияда ылайдан китеп жасашкан жумшак ылайга учтуу таякча менен жазып, анан аны отко кактап кургатышкан.Бул аны алып жүрүү үчүн өтө ыңгайсыз болгон . Кийинчерээк кой ,эчки, музоонун терилерин ийлеп териден пергамент жасап, ошого жаза башташкан .Кагаз жасап чыгаруу да оңой болбогон.Бамбуктун сабагы ,дарактын кабыгы, кара курайды майдалап аки ташка аралаштырып, аны суткалап кайнатып ,андан чайырдын боткосу пайда болгон .Аны майда торчолордон өткөрүү менен жуп жука кагазды жаратышкан.1564-жылы Россияда төл башы китеп болуп Апостол аттуу китеп басылып чыккан.Андан



кийин И.Федоров орустун биринчи -алиппесин түзгөн.Ошентип китеп басып чыгуу пайда болгон.

Ал эми китеп күнүнүн келип чыгышы кайрылсак, ЮНЕСКО уюмунун Генералдык Конференциясы китеп жана автордук укукту урматтоо максатында 23-апрелди белгилөө жөрөлгөсүн иштеп чыккан. Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2002-жылдын 1-апрелиндеги токтому менен Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө шартын кабыл алган.



4. 1-окуучу

Китеп деген акылман,

Жакшылыкка чакырган.

Окуучуга кеңешчи,

Жакын досу эмеспи.

2-окуучу

Китеп менин тунук таза булагым,

Китеп менин өчпөс жарык чырагым.

Көптү окуп, көптү билип китептен,

Мекениме талбай кызмат кыламын.

3-окуучу

Китеп бизге чын жолдош,

Китеп бизге анык дос.

Пайдаланып китептен,

Акылга акыл кош.

4-окуучу

Өмүрдүн жан шергиг жакшы китеп,

Жаш жүрөк жалындаган жолун тактап.

Китепте не кааласаң баары бар,

Эрикпей окуп чыксаң таамай издеп.







5-окуучу

Акылга жакшы китеп акыл салаар,

Кыялдын жаман жагын тартып алар.

Өзүңдү өзүңө айтпай кайра жасап,

Сен ачкан колдоруңа канааттанар



6-окуучу

Сүттүй тунук тилеги,

Деңиздей кең талабы.

Көктөй тунук акыйкат,

Анын ар бир барагы.



7-окуучу

Жакшы китеп окусаң көп нерсени билерсиң,

Каарман менен бир кетип күлсө кошо күлөрсүң.

Канат бүтүп көктө учуп көк деңизде сүзөсүң,

Желмогузду кубалап жер алдына түшөсүң.



5. Эки китептин маеги.

Кыргыз тил: Саламатсыңбы математика. Абалың кандай?

Математика: Мен жакшымын, а сенчи?

Кыргыз тили: Менин абалым начар бир тартиби начар балага туш келип калып, менин баркымды билбей туш келди ыргытып, кир колдору менен кармап, окубай сүрөттөрүмдү көрүп, барактай берет.

Математика: Мен сенден анча эле жакшы экенмин. Бир жакшы окуган кыз алып аябай жакшы караган. Мен да ошондой жаман балдарга туш келип, калбасам экен деп корком.

Китептер: Балдар биздин баркыбызды билгиле көп окугула, таза кармагыла биз силерге билим беребиз.





Китепти сактоо жана даңазалоо.

1-окуучу

1.Жасалат китеп канча эмгек менен,

Бир жыл жасайт эгерде аны билсен.

Китепти көп окууган адам гана ,

Айга да жете алат билим менен.



2-окуучу

2.Окуйлу окуйлучу китепти биз,

Окуган кандай жакшы окуйлу биз.

Эгерде окубасак биз китепти,

Жете албайбыз бийиктикке эч кимибиз.



3-окуучу

3.Замандаш кел китепти сактайлычы,

Китептин улуулугун даңктайлычы.

Жулуп алып барагын айрып салбай,

Китепти көп –көп окуп барктайлычы.



4-окуучу

4.Досторум биз китепти таза сактап окуйлучу,

Анткени китеп бизге билим берет.

Китепти таза сактап көп окусак,

Китеп деген билимге жол ачып берет.





5-окуучу

5.Сүттүй тунук тилеги,

Деңиздей кең талабы.

Көктөй тунук акыйкат,

Анын ар бир барагы.

6-окуучу

7.Ошондуктан баркын бил,

Кирдебесин бир чети.

Сыя төгүп булгабай,

Жакшы сакта китепти.



6. Бий

7. Китеп жөнүндө кызыктуу окуялар

1. М. Горький төрт миң сөздү бир минута ылдамдыкта окуган.

2. Сталин күнүнө эң аз дегенде 400 барак китеп окуучу.

3. Т. Эдисон 2-3 сапты дароо бирге окуп,ар бир бетиндеги тексти эстеп калчу. Ал ыкылас коюп, ойду бир жерге топтогонду үйрөнгөн

4. Ыкчам окуганда караганда жай окуганда көз тез чарчайт.

5. Адамдардын 95% өтө жай окушат - минутасына 180–220 сөз окушат.

6. Бир саат окугандан кийин 57 мүнөткө келгенде адамдын көзү чарчай баштайт, ага чейин тынч гана абалда болот.

7. Бальзак жарым саатта эки жүз барак окуган.

8. Китеп окуганда көздөр ар кайсы тамгаларды карап жатып,ар түрдүү элестерди көрөт. Бирок, аларды мээ бир сүрөткө бириктирет.

9. Орточо китеп окуу тажрыйбасы бар адам китеп окуганда 12-16 сабына келгенде бир тыныгуу жасайт, ыкчам окугандар 2-4 сапта бир тыныгат.

10. Адам китеп окуп жатканда көздөрү ар тарапты карай берет.





Табышмактар

1. 1.Өзү сүйлөбөйт бирок кишиге акыл үйрөтөт.(китеп)

2.Өзү кичине колума чакан,кайда барсам колума ала барам.Отура калып ичин ачам ,баатырларга аралашам .Аябаган кызыкка батам , аягына жеткинче шашам. (китеп)

3. Ичин тамгасыз койгон
Китеп дейин десем,
Он эки беттүү, тамгасыз, жолдон
Оңой нерсени окуучум ойлон.( дептер)



9. Китептин кеңеши өтүнүчү.(ыр)

1-окуучу

1.Мукабамды ачканда

Таза болсун колдоруң

Бетиме кир жугузуп

Уят кылып койбогун



2-окуучу

2.Барагымды ачканда

Таза сакта дайыма

Сен тилимди албасаң

Келгим келбейт жанына.



3-окуучу

3.Тамак ичип жатканда

Окуба мени кармаба

Булгап менин бетимди

Бербе тытчу балага





4-окуучу

4.Көрүнгөн жерге ыргытып

Таштап койсоң тарынам

Ардактасан ар дайым

Окуса деп сагынам.



5-окуучу

5.Окуп жүрсөң сыйласан

Мен да сени сыйлаймын

Арбын берип билимди

Дос деп дайым сени сыйлаймын



Китепканачынын сөзү:

Урматтуу мугалимдер жана окуучулар мына баарыңыздар күбө болдуңуздар китеп жөнүндө көптөгөн жакшы сөздөр,ырлар айтылды.Албетте китеп көзүңдү ачат дүйнөнү кооздукту ,сулуулукту,улуулукту таанытат “Китеп билим булагы , билим- өнөр чырагы” деген макал бекеринен айтылбаган чыгар. Илим –билим, дасыккан адистик ,көркөм дүйнө аркылуу өз максатына жетүүгө болот.Китеп биздин байлыгыбыз аны булгабай ,кордобой кийинки келечек муундарга мурас катары калтырышыбыз керек.Китептин баркын билүү ,аны көздүн карегиндей сактоо ар бир атуулдун милдети,биздин милдетибиз .Китеп жөнүндө улуу акын таасирдүү педагог Жусуп Баласагын мындай деген : “Инсандын жетилүүсүндөгү билимдин китептин ролун жогору баалап Билимсиз адам бактылуу боло албайт, инсандын зоболосун билим көтөрөт. Билим адамдын куту,ийгилиги,бактысы”-деген мына ошондуктан китепти көздүн карегиндей таза сактап көп көп окуп келечекте улуу инсандардан билимдүү адамдардан болушуңарга мен чын жүрөктөн тилектешмин.

Алып баруучу:

Эмесе ушуну менен 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган кечебиз соңуна чыкты көңүл бурганыңыздарга ырахмат.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!