Просмотр содержимого документа
«21-февраль слайд сабак»
Президент 2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деген жарлыкка кол койду
- 21-ФЕВРАЛЬ: Эне тилдин эл аралык күнү
- 21-февраль - Эл аралык эне тил күнү. ЮНЕСКО эл аралык уюмунун генералдык конференциясы 1999-жылы 17-ноябрда бул күндү эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгилеген. 2000-жылдан тарта белгиленип келет. https://www.super.kg/kabar/news/263623/
Алтын эреже: 1.Мен активдүүмүн 2. Мен жакшы окуймун 3.Эч кимге жолтоо болбойм 4.Менин колумдан баары келет 5.Көп нерсе билгим келет
Тема: «Бөлөк элдин султаны болгуча, өз элиндин ултаны бол!» Сабактын максаты: Окуучулардын Ата Мекенге болгон сүйүүсүн козгоо. Эр өз журтун коргоого даяр болууга тарбиялоо.Атуулдук сезимин ойготуу.
Эли жерин коргогон
Душман келсе коркпогон
Мылтык алып колуна
Душманга коздой октогон
Эгер силер 23-февраль военный жаатындагылардын майрамы деп ойлосоңор чоң жаңылышасыңар. 23-февраль – бул Ата-Мекенди коргоо күнү! Ар бир кыргыз эр азаматы мейли ал офицерби, программистпи, милиционерби, фермерби, илимпозбу – ал коргоочу! 23-февраль – бул Ата-Мекенди коргоо, өз үйүн коргоо! 23-февраль – чыныгы эр азаматтын күнү!
23-февраль куну – Ата Мекенди коргоочулардын күнүн белгилеп келебиз. 1918-жылы дал ушул күнү Кызыл Гвардия отряды Германиянын аскерлерин Псков жана Нарва аймагынан алгачкы жолу жеңип алган. Ошол мезгилден тарта 23-февраль – “Кызыл Армиянын туулган күнү” деп аталып калган. Ал эми 1922-жылы бул дата расмий түрдө Кызыл Армиянын күнү деп жарыяланган. Кийин СССР маалында 23-февраль – Советтик Армиянын жана аскер деңиз флотунун күнү деп жыл сайын белгилене баштаган. Советтер Союзу тарагандан кийин атуулдарын Мекенди сүйүүсүн арттыруу жана патриоттук сезимди чыңдоо , жаш ɵсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында: Кыргызстанда бул дата 2003-жылдан тартып расмий тʏрдɵ жалпы элдик майрам катары киргизилген.
Элиңди чындап сүйө бил, Эл үчүн оттой күйө бил Ата-Журт уулу дегенди Акылга дайым түйө жүр.
Сүйүүнүн куту элиңде, Сүйүүнүн куту жериңде. Шуулдап басып баратсан, Ушул сөз турсун демиңде
Викторина 1 .Кыргыз Республикасынын туусу качан кабыл алынган? A) 1992-ж 3-март B)1993-ж 2-март C) 1995-ж 6-март D) 1999-ж 8-март 2. Кыргыз Республикасынын герби качан бекитилген? A) 1995-ж 15-январь B) 1997-ж 14-март C) 1994-ж 14-январь D) 1996-ж 14-декабрь 3. Кыргыз Республикабыздын гимни качан бекитилген? A) 1900-ж 18-январь B) 1890-ж 16-апрель C) 2016-ж 18-декабрь D) 1992-ж 18-декабрь 4. Кайсы жылдан бери 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнү деп белгиленип келе жатат? A) 2007-жылдан B) 2012-жылдан C) 2003-жыдан D) 1992-жылдан 5. Кайсы жылы Кызыл Гвардия отряды Германиянын аскерлерин Псков жана Нарва аймагынан кууп чыккак A) 1916-ж 21-февраль B) 2006-ж 21-февраль C) 1918-ж 23-февраль D) 2019-ж 21-март
Ата журт – бул ата-эне, үй бүлө, анан да ачык асман. Демек Ата-Журттун коргоочусу болуу – ардактуу жана жооптуу. Ошондуктан ар бирибиз үчүн өтө ыйык болгон ар-намыс, антка бек туруу, Мекенди сүйө билүү деген түшүнүктөрдү муундан-муунга ата мурасы катары өткөрүп келет. Ар бир жаран үчүн Ата-Журттун кызыкчылыгын коргоодон өткөн ыйык жана акыйкат милдет жок.