СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

3-тема. Презентация

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«3-тема. Презентация»

Тема 3:  Курак жана педагогикалык психологиянын методдору

 ПЛАН:  1. Курак жана педагогикалык психологиянын методдору жөнүндө жалпы түшүнүк.  2.Психодиагностикалык методдор. (Байкоо, аңгеме, тест,эксперимент, социометрия)  3.Статистикалык материалдарды тазалоо, иштеп чыгуу методдо­ру жөнүндө түшүнүк.

 Курак жана педагогикалык психологиянын методдору жөнүндө жалпы түшүнүк.    Ар бир илим өзүнүн изилдөө предметине ылайык тигил же бул илимий методдорду тандап алат. Ушундай тандоо укугуна балдар психологиясы да ээ. Балдар психологиясынын методу ба­ланын өнүгүүсүн мүнөздөөчү фактыларды ачуу, аны айкындоо, изилдөө жолдорун табуу болуп саналат. Мындай информацияларды алып жүрүүчүлөргө ата-эне, мектеп, коомчулук кирет. Ар бир ата-эне, тарбиячылар, коомчулук, мугалимдер өзүнүн баласын багуу, окутуу жана тарбиялоо менен изилдөөчүлөрдү кызыктыруучу каалаган фактыларды айтып берүүгө мүмкүнчүлүктөрү жетет. Бирок бул фактылар да баланы мүнөздөөчү негиздүү, негизсиз жардамчы касиеттери бири-бирине аралашып кетет. Айрым фак­тылар алардын субьективдүү ой жүгүртүүлөрүнөн же эмоционалдык таасирлерден улам пайда болгон байкоолор болуусу ыктымал.

 Көп учурда айрым илимий фактылар саналуу гана обьектилерден алынып, массалык, социологиялык мүнөзгө ээ болбогондуктан, ага ишенүүгө болбойт. Ал эми ушундай статистикалык материалдардын илимий ишеничтүүлүгүн текшерүү үчүн илимий кызматкерлер илимий куралга муктаж .

Алдыга коюлган проблеманы чечүүдө психологиялыкизилдөө төмөнкүдөй этаптарды басып өтөт: - Даярдоо этабы Гипотеза, маселелерди, максаттарды коюу үчүн алгач проблема менен таанышып чыгуу;   - Изилдөө этабы – түрдүү методдордун жардамы менен керектөө фактыларды топтоо;   - Алынган фактылардын закон ченемдүүлүктөрүн табуу үчүн сандык жана сапаттык ылгоону, иштөөнү жүргүзүү.

Алдыга коюлган проблеманы чечүүдө психологиялыкизилдөө төмөнкүдөй этаптарды басып өтөт:

- Даярдоо этабы Гипотеза, маселелерди, максаттарды коюу үчүн алгач проблема менен таанышып чыгуу;

- Изилдөө этабы – түрдүү методдордун жардамы менен керектөө фактыларды топтоо;

- Алынган фактылардын закон ченемдүүлүктөрүн табуу үчүн сандык жана сапаттык ылгоону, иштөөнү жүргүзүү.

Психодиагностикалык методдор (байкоо, аңгеме, тест, эксперимент, социометрия ж. б.)    «Метод» деген түшүнүктүн өзү ар түрдүү ой жорууларды пай­да кылгандыктан, окумуштуулардын бардыгын ынандыра турган психологиялык методдордун классификациясы жок. С. Л. Рубинштейн экспериментти, байкоону негизги методдор деп, ал эми иш-аракеттин жыйынтыгын изилдөө, аңгеме, анкета, тест, генетикалык методдорду жардамчы методдор катары эсептеген. С. Л. Лурия структуралык анализ, эксперименталдык-генетикалык, эксперименталдык-патологиялык методдорду негизги деп, ал эми, тест, психикалык процесстерди сан жана сапаттык жактан тазалоого мүмкүндүк берүүчү методдорду жардамчы методдорго киргизген.

Төртүнчү топту интерпретациялоо (түшүнүктөрдөн, тексттердин маанисин ачуу, түшүндүрүү) методу түзөт. Мында алынган акыркы илимий фактылардын, жыйьтнтыктардын маанисин ачуу, түшүндүрүү иштери ишке ашат. Биринчи топко - салыштырма, лонгитюддуу жана комплекстүү салыштырма методдору кирет. Бул топтогу салыштырма ме­тоду балдар психологиясында «жаштык метод», «туурасынан кесүү» (поперечных срөз) деген ат менен белгилүү. Лонгитюддук метод бир эле индивидди узак мөзгилге чейин изилдөөнү билдирет. Комплекстүү изилдөөдө түрдүү илимдердин өкүлдөрү бирдикте бир программада иштешет . үчүнчү топту жыйналган материалдарды статистикалык жактан иштеп чыгуу, тазалоо методдору түзөт. Бул методдор илимии информацияларды сандык, сапаттык анализдөөдөн өткөзүшөт. Ананьев Б. Г. «О методах современной психологии» деген макаласында психодиагностикалык методдорду 4 топко бөлөт Экинчи топ илимий фактыларды эмпирикалык жол менен табуучу,байкоо, өзүн-өзү баалоо, эксперимент, психодиагностикалык (тест, анкета, суроо жооп, аңгеме) методдорун өз ичине камтыйт.

Төртүнчү топту интерпретациялоо (түшүнүктөрдөн, тексттердин маанисин ачуу, түшүндүрүү) методу түзөт. Мында алынган акыркы илимий фактылардын, жыйьтнтыктардын маанисин ачуу, түшүндүрүү иштери ишке ашат.

Биринчи топко - салыштырма, лонгитюддуу жана комплекстүү салыштырма методдору кирет. Бул топтогу салыштырма ме­тоду балдар психологиясында «жаштык метод», «туурасынан кесүү» (поперечных срөз) деген ат менен белгилүү. Лонгитюддук метод бир эле индивидди узак мөзгилге чейин изилдөөнү билдирет. Комплекстүү изилдөөдө түрдүү илимдердин өкүлдөрү бирдикте бир программада иштешет .

үчүнчү топту жыйналган материалдарды статистикалык жактан иштеп чыгуу, тазалоо методдору түзөт. Бул методдор илимии информацияларды сандык, сапаттык анализдөөдөн өткөзүшөт.

Ананьев Б. Г. «О методах современной психологии» деген макаласында психодиагностикалык методдорду 4 топко бөлөт

Экинчи топ илимий фактыларды эмпирикалык жол менен табуучу,байкоо, өзүн-өзү баалоо, эксперимент, психодиагностикалык (тест, анкета, суроо жооп, аңгеме) методдорун өз ичине камтыйт.

Байкоо методу.  Байкоо методу түрдүү, чыныгы, эркин ситуацияларда личносттун жүрүш-турушун, кабыл алуу аракеттерин максаттуу үйрөнөт.Байкоо - башка методдорго караганда өзүнүн жөнөкөйлүгү менен кеңири тараган методдордун бири.  Байкоо эффективдүү болуусу үчүн бала өзүн үйрөнүп, изилдөө жүргүзүлүп жатканын сөзбөөсү зарыл. Ушул себептен байкоону көп учурда бала көнүп калган шартта же шек санабаган киши аркылуу жүргүзүү негиздүү. Көп учурда баланы чочутпоо үчүн жашыруун байкоого өтүшөт. Ал үчүн баланын иш-аракети жүрүп жаткан аянтчага жакын терөзеси бар экинчи аянтчаны атайын даярдайт. Жашыруун байкоодо телевизорду жана башка техникалык каражаттардын колдонулушу мүмкүн. Балада көрүнгөн түрдүү психикалык өзгөрүүлөрдү туура талдоо үчүнизилдөөчү бирбарак кагаз алып, аны экиге бөлүп, биринчи жарымына көзүнө көрүнгөн фактыларды жазуу аракетинде болот. Ал эми кагаздын экинчи жарымына ал фактыларды түшүндүрүү, чечмелөө, тактоо аракети жазылат.

 Байкоо тандалган, үзгүлтүктүү же үзгүлтүксүз жүргүзүлүүсү мүмкүн. -үзгүлтүксүз байкоо узак убакытка чейин бир ба­ланын же топтун үстүнөн такай жүргүзүлөт. /згүлтүксүз байкоо көп учурда күндөлүк формасында жүрөт. Күндөлүктө атайын илимий кызматкер гана жүргүзбөстөн, ата-энелер да жүргүзүүсү мүмкүн.  /згүлтүктүү байкоо чектелген убакытта баланын жүрүш-турушунунбирбөлүгүнүн үстүнөн жүргүзүлөт. Байкоочу менен байкалуучулардын ортосундагы байланышка жараша байкоо байланышсыз (мугалимдин окуучулардын үстүнөн байкоо жүргүзүп жатканын окуучулар биринчи күндөн баштап билишет), байланыштуу - мында экспериментатор окуучуларга экскурсия, кружок, консультация өткөзүү менен өзүнө керектүү илимий фактыларды топтойт.

  Байкоо методунун жөнөкөйлүгү менен бирге анын жетишпеген жактары да бар. Байкоодо өтө көп информацияларды топтоого мүмкүндүк алган менен, анын ички закон, ченемдүүлүгүн табуу, статистикалык' ишеничтүүлүгүнө ишенүү кыйын, Статистикалык материалдардын ички закон ченемдүүлүгүн табуунун илимий кызматкерлерден көп тапкычтыкты илимий, педагогикалык, психологиялык тажрыйбаны талап кылат.

 Суроо методу.   Бул метод эки негизги формада. Оозеки (баарлашуу же суроо жооп (интервью), жазуу (анкета) жүзүндө жүргүзүлөт.  а) Баарлашуу методу. Баарлашуу (интервью) методу байкоо методуна караганда бир багыттуу келет. Мында изилдөөчү өзүнүн койгон максатына жараша алгач атайын суроолордун тобун түзөт. Суроолордон алынган жоопторду кагазга өзү же окуучулар түшүрүшөт. Баарлашууда изилдөөчү өзүнүн гана даярдаган суроолоруна жооп албастан, баладагы психикалык процесстердин жүрүү темпин, реакцияларын жана башка личносттук касиеттерди да регистрациялоого мүмкүндүк алат. Баарлашуу стандарттуу (бериле турган суроо алгач толук даярдалат), стандартталбаган (бериле турган суроо ситуацияга карай пайда болот) болушу мүмкүн. Баарлашууда ишеничтүү толук, күткөн илимий информациянын алынышы изилдөөчү менен изилденүүчүнүн ортосундагымамилеге жараша болот.

б) Анкета методу . Анкетада изилдөөчү алгач такталган гипотезага таянып, суроолордун тобун түзөт. Бул суроолор көп массадагы адамдарды өз ичине алат, массалык ин­формацияларды топтоого мүмкүндүк берет. Жазуу(анкета) мето­дунун жетишпеген жери изилдөөчү изилденүүчүнүн реакциясын ж.б. психикалык касиеттерин байкоо мүмкүндүгүнөн ажырайт,

                              Анкета методу түрдүү курактагы балдар үчүн эффективдүү бо­ло бербейт. Төрт жашка чейинки балдар өз оюн жазуу түрүндө бере албагандыктан, анкета методу спецификалык, чектелген, би­рок жеткиликтүү деңгээлде колдонулат. Мында изилдөөчү изилдөөгө керектүү материалдарды алгач даярдап, баланы кысылбай турган жерге отургузуп, изилдөөчү обьекттерди (көлөмүн, түсүн ж.б.) көрсөтүп, аны оозеки баалоосун өтүнөт. Төрт жаштан кийин аңгеме сөз жүзүндө жүрүп, жооптору толук сүйлөм аркылуу түзүлүп калат.  Баарлашуу жана анкета методдорунда изилденүүчүлөргө су­роо берилгендиктен,бири-биринен ажыратуу кыйынчылык туудурат. Бирок анкетада суроого окуучулар жооп жазышат, анкета алган киши катышпаса да болот, ал эми баарлашууда суроо-жооп көбүнчө оозеки жүрөт. Изилдөөчү жана изилденүүчүлөр тыгыз байланышта турушат.

Тест методу .  Тест - сыноо, текшерүү деп которулат. Тест баш­ка психологиялык методдорго караганда атайын түзүлгөн психодиагностикалык метод болуп саналат. Тестте изилдүүчү өзүнөн алдына койгон максатына, гипотезасына карап, обьекти изилдей турган суроолордун тобун түзөт.  Тестти өндүрүшкө киргизүүдөн мурун, анын практикада колдонуу мүмкүнчүлүгүн, андан алынган жооптор бардык кырдаалдарда туура болорун көп массадагы изилденүүчүлөрдө текшерилип, эксперттердин оюн жыйынтыктаган соң, өндүрүшкө киргизилет. Ошондуктан тест методунан алынган илимий фактылар ишеничтүү, туура болот. Тест кандай кырдаалда, шартта өткөзүлсө да, обьективдүү информацияларды бере алат.  Тест методунан алынган фактылар чындыкка дал келиши үчүн, биринчиден, тест изилденүүчүдөгү тигил же бул касиеттердин жашашын же жашабоосун аныктоосу зарыл. Экинчиден, изилденүүчүдө тигил же бул психологиялык касиеттердин көрүнүшүнө, пайда болуусуна бирдей шарт түзүлүүсүн талап кылат. үчүнчүдөн, алынган информациялар туура интерпретациялануусу зарыл.

Эксперимент методу.   Эксперимент методу - баладагы психикалык кубулуштардын активдүү, эркин жүрүшүн камсыз кылуучу, атайын шартта өтүүчү метод.  Эксперимент методунун бир өзгөчөлүгү коюлган максатты ишке ашыруу үчүн изилдөөчү изилденүүчүнүн үстүнөн активдүү иш жүргүзөт. Башкача айтканда, баланын жашоо шартын, иш-аракетин изилдөөчү кызыктыра-тургандай өзгөртүп, аны түрдүү кыймылдарды жасоого мажбурлоосу мүмкүн. Бирок, байкоо жүргүзүлүүчү жай бала чочулабагандай, жасалмалуулугун көрсөтпөгөндөй абалда болуусу зарыл.

 Ушундай талаптардан улам эксперимент лабораториялык жана чыныгы болуп экиге бөлүнөт:  - Чыныгы экспериментте  обьект өзү жашаган көнүмүш чөйрөдөн ажыратылбай жүргүзүлөт.  - Лабораториялык экспериментте  экспериментатор байкалуучу изилденүүчү обьекттин үстүнөн активдүү аракет жасайт. Керектүү жерлерин же эксперимент кайтадан толук кайталоо мүмкүндүгүнө ээ болот. Мындай кайталоо эксперименттин тактыгын, ишеничтүүлүгүн жогорулатат .

Лабораториялык экспериментте түрдүү аппаратуралар кеңирн колдонулат. Бирок психологиялык аппаратураларда адамдын чектелген гана психикалык өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө мүмкүндүк берет.  М и с а л ы:  адамдын мотордук, перцептивдик, мнемоникалык, интеллектуалдык жана эрктик касиеттери үйрөнүлөт. Көп учурда баланын кабыл алуу ылдамдыгын, көңүл буруусун, эстеги түрдүү ассоциялык көрүнүштөрдү психикалык кубулуштарды, абалдарды,касиеттерди аппаратурасыз атайынтүзүлгөн сандардын, сөздөрдүн ж. б. каражаттардын жардамы менен изилдейт. Муну бланкалык метод деп атоого болот.

Социометрия методу .   Социометрия - кыргызчалаганда «жолдоштуктун деңгээлин аныктоо» деп которулат. Социометрия баланын коллективдин ичиндеги статусун, жолдоштору менен болгон мамилесин, авторитетин жана коллективдин ички закон ченемдүүлүктөрүн изилдейт.  Социометрия методунда баланын жаштык өзгөчөлүгүнө жараша суроолор түзүлөт. Жазуу түрүндө өз оюн али бере албаган балдарда социометриялык метод оюн катары (туулган күн менен куттуктоо. белектерди бөлүштүрүү) жүргүзүлөт.  Социометрия методунун башка методдордон айырмасы окуучуларга берилүүчү суроолор өтө жөнөкөй, окуучуларда чочуу сезимин пайда кылбаган мүнөздө түзүлөт. Андан алынган информациялар коллективдин ошол учурдагы ички динамикасын, механизмин так чагылдырат.

 Баалоо (эксперт) методу.    Баалоо методу суроонунбир туру. Мында башка методдор менен алынган статистикалык материалдардын чындыгын текшерүү үчүн жогорку квалификациялуу эксперттерди топтоо менен изилдөөдөн алынган фактылардын чын­дыгын алардын ойлору менен толуктоо.     Эгиз балдар методу.  Бул методду 1875-жылы Ф. Гальтон сунуш кылган. Бир уруктуу эгиз балдарды эксперименттин, байкоонун шартында бири-бири менен салыштыруу аркылуу алардагы акылы, жөндөмдүүлүгү ж.б. эсепке алып тукум куучулук фондусунун бири-бирине окшоштугун, ага окуунун, тарбиянын, чөйрөнүн тийгизген таасирин анын натыйжасында өзгөрүүлөрдүн мүнөзүн изилдөөнү максат кылып коет .