«4-нү бүтүрдүк, көп нерсени түшүндүк- кош бол, башталгыч класс» деп аталган майрамдык кеченин сценарийи.
Мугалимдин сөзү менен башталат.
Саламатсыздарбы бүгүнкү майрамдык кеченин коноктору, урматтуу ата-энелер, кымбаттуу эжекелер. Сиздерди май айындагы майрамдар менен ошондой эле келе жаткан акңыркы коңгуроо майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Баардыңыздарга бекем ден- соолук, үй бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгиликтерди каалоо менен бирге «4-нү бүтүрдүк, көп нерсени түшүндүк- кош бол, башталгыч класс» аттуу кечебизге көңүлүңүздөрдү бурабыз.
-Бүгүн бизде чоң майрам. 4 жыл мурда эле ата-энесинин колунан бекем кармап, коркок коендой колдорунга гүл көтөрүп, мектеп босогосун жаңыдан аттаган мотурайган бөбөктөр мына минтип бойго жетишип, окуу, илим-билимден кабардар болушуп, китеп сырын үйрөнүп, жаратылыштын сырлары менен таанышып, таалим-тарбия алышып, келишкен улан-кыздарга зыңкыйган окуучуларга айланышып, ал гана эмес мына минтип, башталгыч классты бүтүрүшүп, аны менен коштошуп отурушат.
« Балалыктын күнү суу менен демекчи » , биздин күнүбүз мотурайган жаш балдар менен эмеспи, бүгүнкү кеченин себепкерлери болгон 4 “ Б ”- классынын окуучуларына кезекти берели.
Окуучулар:
Беребиз салам баарыбыз
Ата-эне кабыл алыңыз
Арналат биздин эл үчұн
Аракет, эмгек, жаныбыз
Алгалап заман, арыштап кадам
Ушул жерде отурган
Атам жана апам, агай жана эжейлерге
4 “Б”-классынын атынан жалындуу ысык салам.
Видео слайд көргөзүлөт.
1 )Декломациялар
1 Актан
Колубузга гүл алып
Коркуп элден уялып
Апабызга корголоп
Келгеним менин эсимде
2 Сырга
Тамга үйрөтүп, сурап бат
Акыл ойду кубаттап
Билимине сугарган
Эже-агайга ырахмат
3 Данияр
Эч нерсени биле элек
Өзүбүзда гүл элек
Мектеп бизди жетселтти
Тарбиясын күбөлөп
4 Адеми
Балапандай элеңдеп
Баспай үйгө кетем деп
Келген элек мектепке
Коштоп бизди эчен кеп
5 Дайыр
Башты бурсак арт жака
Төрт жыл өтүп кетиптир
Ачып көздү жумганча
Май айыда келиптир
6 Жазеля
Биз 1-класста
Алиппеге достоштук
Тамгаларды шар окуп
Майрам кылып коштоштук
7 Жоомарт
Экинчи класс болгондо
Эстүү боло баштадык
Сөзүн угуп эжейдин
Көп жорукту таштадык
8 Даниэл
Биз 3-класста
Теңдемени чыгардык
Көп орундуу сандарды
Өздөштүрүп, кубандык
9 Аэлита
4-класс болгондо
Кадимкидей токтолдум
Коомдук иштен бир калбай
“ 5 “ менен ынак дос болдум
10 Медина
Ушул төрт жыл ичинде
Жетиштик көп билимге
Аздыр- көптүр үлгүрдүк
Аалам сырын билгенге
11 Арууке
Саналуу ушул мезгилде
Китеп менен достоштук
Бир өмүргө кыйышпас
Ажырагыс дос болдук
12 Исабек
Бардык сабак түрлөрүн
Тереңдетип түшүндүк
4 б-классты биз
Эң мыкты деп бүтүрдүк
2) Хор «Биринчи мугалимим»
Мотурайган балдарым,
Күчүңөрдү сынайлы
Төрт жыл окуп үзүрлүү
Үйрөндүңөр далайды
Математикага кезек берели
Жакшылап көңүл бөлөлү
Мороженное оюну
3) Флешмоб бийи балдардын аткаруусунда
Эне тилин билбеген
Эси жогун аныктайт
Эне тилин сүйбөгөн
Элин сүйүп жарытпайт демекчи математикадан эсеп чыгарууну, жадыбалды үйрөнгөн болсоңор кыргыз тилинен эмнелерди үйрөндүңөр? Анда эмесе кыргыз тил сабагына баралы.
Сөз түркүмдөрүн тап
4) Талыкпай билим алгыла
Жашоонун жайын тапкыла
Анда эмесе бий бийлеп
Көңүлдү бир аз ачкыла
Вальс кыздардын аткаруусунда
5) Ырдын, бийдин жарык, бүркөө жагы бар
Жамгыры бар, мөндүрү бар, кары бар
Телегейи тегиз келсе улуу сөз
Адабий окуу китебинде баардыгынын баары бар
Сөз кезеги адабий окуу китебинде
Жомоктон үзүндү «Бакыт издеген бала»
6)Мен силерге бир суроо берейин.
Баарынан ким сулуу деп ойлойсуңар?
Жашоо берген баарына асмандагы күн сулуу КУДУРЕТ
Мемиреп уктап жаткан ай жылдыздуу күн сулуу Т.ЭМИР
Кубулжута сайраган бактагы булбул сулуу ЧЫНГЫЗ
Кызыл-тазыл буралган атыр-жыттуу гүл сулуу КЕРЕМЕТ
Баарын баккан жер сулуу АЛБИНА
Анда эмесе мен ыр окуп берейин, байкагылачы ким сулуу?
Булбул куштай алыс жакка кетпеген
Уйкусун сен деп бөлгөн түндөсү.
Бизге күйүп, бизди дайым эстеген
Энекебиз сулуу болуп жүрбөсүн.
Анда эмесе ата-энелер жөнүндө ырларга көңүл буралы.
Апам менин мөл булагым, кубат берген жаныма АЙНАЗИК
Мээримине сүйүүсүнө эркелеймин дайыма
Атам барда өз ордунда бардык иштер жайында
Күнү-түнү тыным албай бизге көрөт камылга
Эне барда кышта күнүң жаркыган
Сүйкүмдүү жүзү тээ көктөгү ай сымал
Эне барда көңүл да тынч дүйнө тынч
Энекелер жаз жыттанып аңкыган
Ыр. Нурайым Акылбекова «Апа» Сарыбекова Аелина, Чодошова Аэлиталардын аткаруусунда
7) Сулууланып, шаңданат
Көздөрүнөн шам жанат
Сулуу кыздар бийлесе
Көргөн адам таң калат
Бий кыздардын аткаруусунда
8) Хор «Кош бол, башталгыч класс»
Наристелер жазылбаган ак барак
Нени айтсаң так ошону аткарат
Саяпкери, мүнүшкөрү келишсе
Шумкар болуп тулпар болуп талпынат
Талыкпай окуп ар дайым
Таалайыңар өссүн күн сайын
Жаркыраган балалык
Эсиңерде болсун ар дайым. Силерге дайыма ачык асман, ачык көңүл, бактылуу балалык каалайм
Ак жол менин бүтүрүүчүлөрүм. Мен силер менен сыймыктанам.